7- БӨЛҮМҮ...
Үч күндөн кийин Мырзабектин аялы жерге коюлду. Айылда атайын өлүм-житимге жылкы байлаган тилеги ташка тийгендер бар экен. Ошолордун балканактай эки бээси союлду. Элге бирөөнүн өлүмү баары бир көрүнбөйбү, жылкы үч эли чыгыптыр, дурус коюлду сөзү менен этке дындыя тоюп басып кетишет экен...
Кабар угушары менен жетип келген Самат да, Мырзабек менен илгери милийсада чогуу окуп кийин бизнеске өтүп, ал иши дурус жүрүп жаткан досу Бакыт да Мырзабектен бир кадам калбай жанында жүрүшөт.
Мырзабек ушул үч күндүн ичинде баягы өткүр жүрүмү кол менен алгандай жоголуп делдиреген бир сөлөкөткө айланды. Көңүл айткандарды тыңшаганы менен бирине да көңүл токтото албайт. Уулун алдына алып боз үй жөлөнө отурат. Дембе-дем тамекисин тартат.
Сөөк коюлгандан кийин улам бир топтошкондор келип "жүрү үйгө кирели" деп көңүл айтып, арагын ачмак болгондордун бирине макул болбоду, жалдырап жер тиктеп, кез-кези жаак эттер түйүлүп, тиш кычырайт...
Аялынын элеси аянычтуу болуп көз алдынан кетпейт. Анын өлүмүнө өзүн күнөөлөйт. Аялы менен эзилишкен, урушуп-талашкан күндөр биринин артынан экинчиси эске түшөт. Дилинде жакшы көрчү аялын. Бирок ал сезими көбүнчө жашырын калчу. Экиленип, алеп-жалеп эркелеткенден куру болчу Мырзабек. Аялын аябай эле жакшы көрөрүн эми, андан айрылгандан кийин даана, кайткыс түшүндү. Күнү-түнү бөпөлөп эркелетип, жебегенди жедирип, кийбегенди кийгизе албаганына, ошону дегеле тилек кылбай келгенине өзүн жектеди. Бир капталы эңшерилип, кайткыс кеткен аялы мына-мына боз үйдөн чыга калчудай селт этип алат. Көңүлү муздайт, муз болот көңүлү. Анан аялын өлүмгө түрткөндөрдүн даана дарегин билбесе да аларды ит өлүмү кыларын ойлойт. Ошого демденет азга. Өмүрүн сайса да таап чыгат, жердин жети кабатына кирип кетишсе да табат аларды. Анан көрүп алышсын... Кеги ичине батпай денеси калтырап кетет. Кайрадан түйүлөт жаак эттери, алдындагы баласын этин оорута бооруна кысат, ээ бербеген көз жашын элге көрсөтпөй акырын сүртөт... Капасы, бугу ичине батпай мына-мына жарылчудай чыңалат, бирде жүрөгү согуудан калчудай сезилсе, бирде дүкүлдөй согуп кабынан чыгып кетчүдөй болот, өзүн-өзү жектейт, оңбогондой жектейт түгөйүн сактап калбаганы үчүн... Кайдан ойлоду ушундай болот деп, кайдан ойломок... Ушул азыр машийне айдатып түптүз барып экөөнү тең тырайта атып салсачы. Антүү колунан келет. Бирок эми энесинен айрылган чийедей эки баласынын көргөн күну не болмок? Өзүн туу тутуп, балабыздын өмүрүн берсе дурус чыкты деп ичтеринен компойо жүргөн ата-энеси кантти? Агасына таяна жүргөн жалгыз иниси азапта калганын... Ушуларды ойлоп кайгысы жанын сыздатып турган Мырзабек ойу ойрон. Бу жарыкчылык ага көрүнбөйт, баары-баары караңгы түн жамынгандай, агарган шоола жок. Күйүтү күйгүзүп, арманы ашып, бар-жогу билинбеген тирүү өлүк болуп турду... Курч жигит эле курчу кайтты, кайраты майтарылгандай эле...
Бакыт досу үч күндөн кийин кетти, жанында Самат калды. Мырзабек Саматты жөлөк тутат. Бир жума өткөндө а да кетмей болду. Ошол эртең кетем деген түнү Мырзабек менен Самат ээн бөлмөдө отуруп, анан салынган төшөккө жамбаштай жатып, экөө гана сүйлөшчү сөздү сүйлөшүштү.
Мырзабек үйүн өрттөп кеткенин, аялы зордукталганын, ал айбанчылыктарды кимдер уюштурганын Саматка айтты, жашырбады. Аялы ошол мазактоого чыдабай бир кочуш дарыны бир жутуп өлгөнүн да айтты.
Мырзабектин калтырай айтылган сөзү Саматты көз ирмемде башын жерге салдырып, ушунун баарына өзүн күнөөлүү сезди. Анткенинин себеби бар эле... Ошол жөнүндө азыр айтсабы, кечирим сурасабы? Ушинтип өзүнө өзү суроо берип, жооп таба албай, бир чечимге келалбай турду эле кандайдыр бир күч сөзүн түртүп жибергендей болду, эми эле катып турган сөзү айтылып кетти:
-Мырзабек, мени кечир! -Самат ордунан обдула Мырзабекти бекем кучактады. -Кечир мени, баарын баштаган мен турбаймынбы.
Мырзабек делдейип калды. Кайсы күнөөсү үчүн кечирим сурап жатат. Самат Мырзабектин башын көп катырган жок, айтып турду:
-Болуштун үйүндө мен болгом, Мырзабек.
Мырзабек бир селт этип алды. Эмне деп айтарын билбейт. Үйүнүн өрттөлүшү, аялынын өлүмү дал ошол Болуштун үйүнүн ойрондолушунун жообу болбодубу. Аны анык билет. Эпадам Самат ал ишти жасабаганда аялы азыр жанында отурбайт беле... Ойун улантат Мырзабек. Бирок Самат мындай болуп кетерин кайдан билди. Ал эч качан Мырзабекке жамандык каалабайт эмеспи.
-Сенде күнөө жок, -деди Мырзабек, -сенде эмненин күнөөсү?.. -Анын бет алдына эки айбандын элеси тартылды - Болот менен Болуштун. Аларды айбан дечү ардайым.
-Мен камдана келгем, -деди Самат саамдан соң. Мага кой аларды, Мырзаке. Өзүм эле табам алардын эсебин. Самат Мырзабектин кимдерди ойлоп кыжыры оргуштап жатканын, мына азыр эле жетип барып аларга ит өлүмү кылгысы келип жатканын сезгендей айтты.
-Азыр эрте, -деди Мырзабек.
Ушуну менен бул маселе сүйлөшүлгөн жок...
Самат менен Бакыт Мырзабектин аялынын кыркын бергенде дагы келишти. Туура бир жумадай жүрүштү Мырзабектин жанында. Бакыт Мырзабекти койайга келтирбей капкара мрамордон эстелик жасаганга тапшырма берди.
Мырзабектин кайнатасы да, кайненеси да маңдайы жарылган дурус адамдар болчу. Кызынын өлүмү аларды биртоп чүнчүтүп таштады. Эми эки небересин алмак-салмак өөп жытташып кызынын жытын издеп жатышкандай. Булар кыз-күйөөсүнүн үйүнө көп катташа турган. Анча оокаттуу болбосо да бапыраган кенен немелер эле, тамак-аштарын тажабай ташышчу. Мырзабектин уулу да, мектепке быйыл бара турган кызы да "тайене-таяталап" жаны бирге эле.
Кызынын кыркы өткөн күнү кечте кайнене, кайната Мырзабектен да, куда-кудагыйынан да өтүнүп турушту, бу эки небере азырынча биздин колдо болсун, анан каалаган учуруңарда алып аларсыңар деп. Бу кепти уккан Мырзабек эне-атасын карайт, алар Мырзабекти карайт, ата-энеси өзү чечсин дегендей кылышат. Мырзабек ары ойлоп, бери ойлоп отуруп балдарын берүүгө макул болду. Мындан ары басчу жолунда балдарына көп көңүл бөлө албасын ойлоду. Энесине таштаса карыган немеге оорчундук келерин да ойлоду.
Ошол күндүн эртеси Мырзабек балдарын кайнатасыныкына жеткиришип, бир ыптасы эңшериле кайра тарткан. Андан кийин Самат, Бакыт үчөө эстеликтин, өрттөнгөн үйдүн түйшүгү менен дагы беш-алты күн жүрүшүп Бишкекке жол тартышты.
Өрттөнгөн үйдүн ремонту бүтөрү менен Мырзабектин иниси аны сатып жибермей болду. "Экинчи бул үйгө басып кирбейм, үйдү сага бердим, эмне кылсаң ошо кыл, кааласаң сатып жибер" деген Мырзабек инисине. Иниси ошондо эле айтты сатам деп...
Ошентип Мырзабек Бишкекке биротоло кетти, ошол жакта жашап иштемек болгон чечимин небак чыгарган, аялы тирүү кезинде эле.
Менин фирмамдын коопсуздук кызматын башкарып бер деген Бакыттын сунушуна көнгөн жок. Өз ичинде ага кандайдыр залакам тийбесин деди. Чогуу иштейли деген Саматка да макул болбоду. Анан Бакыттын жардамы менен машина койчу жайды кайтарчу алты кароолчунун чоңу болуп ишке өттү. Бул жай шаардын орто ченине жакын жайгашкан, күнүндө сексен-токсон, кай күнү жүз элүүгө чейин машине коюлат. Алты киши экиден болушуп бир суткадан кезекке турушат. Мырзабек болсо күндүзү, кээде түндөсү текшерип турат. Ар күнү бул жайдын кожоюну эртең менен келип машина койулгандын акчасын алып кетет. Отузга эми чыккан жаш жигит. Эчнерсе менен иши жоктой келет да, акчаны чөнтөккө салып кете берет. Мырзабектин деле түйшүгү жок. Гаражга кире бериш жерге салынган чымчыктын уясындай болгон тамдын бир бөлмөсүндө гезит же китеп окуп жатат, телевизор көрөт. Сырткы бөлмөдө кароолчулар.
Гараждын ээси жигит Мырзабекке эпилдей мамиле кылат, кожойун өзү эмес Мырзабек кожойундай. Бакыт катуу тапшырса керек. Анан да бу жигит Бакыттын фирмасында иштейт эмеспи.
Мырзабек Бишкекке келгендеги алгачкы күндөрү Саматтыкына жатып жүрүп, кийин бир бөлмөлүү квартирага чыккан, бардык шарты бар. "Кааласаң ушул үйдү сатып берем, сатпаса башкасын аларсың" деген Бакыт бир ирет. "Үйдү сенсиз эле алам" деген жооп уккан Бакыт...
Каман көңүлдөшү менен беш-алты саат анын квартирасында болуп кечке жуук сыртка чыкты. Дал үйдүн жанына токтоткон "Мерседесинин" эшигин ачып, шашпай рулга отуруп от алдырмай болуп маңдайын тиктей отуруп калды. Ачкыч буралган жок. Дал бет маңдайында айнекке сыртынан чапталган кагазды окуду: "Мен сага өлүм апкелем". Эки-үч сыйра окуп жиберди. Анан отурган жеринде эки жагын элеңдей карап, буржуйган моюндары тыяк-быякка араң бурулат. Азыр бирөө жетип келип тапанча менен басып-басып алчудай сезилип кетти. Эңкейе калып кайра түздөлдү. Жигиттери жанында жогуна кейиди. Эки-үчөө жанында жүрсө болбойт беле. Ар дайым жанында жүрчү немелерди бу көңүлдөшүнө келерде таштап кетет. "Эмнеге ошентем?" деп ойлонуп, сырткы чөнтөктөгү телефонун алып бирөөнө чалды тез келүүсүн айтып.
Ошондон он мүнөт өтпөй "Мерседестин" артына бир жип келип токтоп, андан эки жигит түштү да бири Каманга келип, терезеге эңкейди.
-Момуну бери ал, - деди Каман өкүм сүйлөп, - бол!
Жигит Каман көрсөткөн кагазды айнектен сыйрып ага берди. Кагаз бүктөлүп чөнтөккө салынды. Каман машинадан түшүп жигитин "айда" деди да өзү арттагы жипке барып түштү. Мерседеси ушул азыр жарылчудай качты...
Каман борбор шаардын гана эмес бүтүндөй өлкөгө белгилүү авторитеттердин бири. Бирок анабашы эмес. Анабашынын жакындарынан. Бою орто болгону менен опсуз жоондугунан килейген неме болуп көрүнөт. Бука моюн деп ушундайларды айтышат. Кудайургандай балбан неме. Эч кандай спортко катышып көргөн неме эмес, балбандыгы жаратылышынан.
Камандын бүгүн түнү кезигишчү адамдары бар эле. Бири менен теңата болуп сүйлөшөт, бирине "мууздап салам" дегенин айтат. Бул куру сөз эмес. Мындан беш жыл мурун түрмөдө отуруп ашканадагы жүздөгөн зектердин көзүнчө "сен ким экенсиң" деп койгону үчүн бирөөнү ошол эле жерден ардайым белине көрүнөө эле кыстара жүрчү көз жоосун алгандай кооз бычагы менен тигини баса калып, мойнун шылып жиберген. Анда түрмөдөн эми-эми чыгам деп жаткан кези эле. Жылы кайра кошулду. Өтө эле аз кошулду, мууздалгандын артынан кууп алары жогунан, Камандын акча досторунун көптүгүнөн ошондой болду.
Түрмөдөн чыгып келгенден он күн өтпөй дале таламандын так түшүндө ипподромдо ат чабыш көрүп жатып дагы бир кунан чыкма бандиттин ичегисин чубалта сайган. Ал жигит кудайдын буйругу менен тирүү калды накта өлчү жараттан. Каман милийсада суралган болуп ыңжыңсыз ишин бүтүрдү. Тирүү калган бандит азыр өзү туулган районуна кетип Каманга "отчет" берип турат, акча жагынан.
Каман кээде ичкенде ошонун эч ким түшүнүп болбогон касиетинен улам өтө ак көңүл, шайыр болуп кетет. Аны ошол абалда биринчи көргөн адамга аябай аккөңүл, айкөл адамдай көрүнөт. А жаратылышы болсо таптакыр башка - ташбоор, ашачапкан өзүмчүл, анан да зөөкүр неме, өлкөнүн кримдүйнөсүндөгү "мен" дегендердин анабашынан, анан катуу чыгып келатышкан бир-эки жаш авторитеттен гана чочуйт...
Ошентип Каман бул түнү үйүнөн чыккан жок. Үч жигити да бу түнү кетишкен жок.
Каман телевизор тиктей калгандай жатат. Катар турган кичинекей столго коюлган тамак-аш менен ичкиликтердин четиндеги баягы кагазды улам-улам алып окуп кайра коет.
Мындай кагаз жөнүндө Болуштан уккан. Бирок анда көп деле элес берген эмес. Болуш дагы: "Энеңди урайын, козел, деле "мен сага өлүм апкелем" деп жазып кетиптир. Оорукчан неменин кылганы болуш керек, телевизор көрө берип мээси тегеренгендер толуп кетпедиби" деген. Каман болсо бул сөздү жөнсөз көргөн жок. Душмандарын бирден тизмектеди. Алардын ичинде бийликтин да, кримдүйнөнүн да заң-закүнүн уруп ойнобогон үч-төртөө бар. Азырынча Камандан жол талаша албай буккан карышкырдай турушат. Баары тең бир кезде Камандын ачуу сөзүн уккан немелер. Алардан башка да өзү ойлобогон канча душманы бар дейсиң... А балким чын эле кинолордон мээси айныган немелер жазып чаптап кеткендир. Ушуну окуп жүрөгү түшсүн деген чыгар. Эмне, көчөдө самсыган алкаштарга беш-он сом берип "бар чаптап кел" десе кудай деп жүгүрбөйбү. .. Ушинтип "мен сага өлүм апкелемди" элес албагансыйт, анан кайра эле жүрөгү түпөйүл...#өлүм
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12