Он жыл кечигиптирмин, аттиң...
Турмуш курганыма 10 жыл болду 2 балам бар. Эч качан жолдошумдун бутун жууган эмесмин. Кечээ бир группада бир пост окуп калдым. 300 аял күйөөсүнүн буттарын жууганын жазышкан. Кечке чейин окудум, ар кандай комментарийлер. Жолдошум жумуштан келип дайым душка кирип чыгат, бирок бут жууш... Мен муну сынап көрмөкчү болдум. Жолдошум жумуштан келди, жуунду тамактандык. Балдар уктады. Жолдошум диванда отурган эле. Идишке жылуу суу куюп алып келдим. Эрим таңыркап турат бутун сууга өзүм салдым. Тынчтыкпы, апасы, бутум жыттанып атабы. Жок атасы, жуугум келди дедим. Жолдошум күлүп турду. Жуудум самындап. Тырмактарын алдым, маникюр кылдым, крем сүйкөп бердим. Жолдошумдун эки көзү менде. Таң калбаңыз, аялдар жууш керек – дедим. Өзүмдү жеңил сездим. Жолдошум маңдайымдан өөп, дуба кылды. Көздөрүндө жаш толгондой эле. Бир күндө мамиле өзгөрдү. Өзгөчө мээрим пайда болду. Эртең менен жумушка кетип жаткан. Күзөтүп коюп жатып жолдошумдун көздөрүнөн кубанычты көрдүм.
Ушул убакка чейин бул жөнөкөй нерсени жасабаганыма өкүндүм.
Он жылга кечигиптирмин.
Альхамдулиллах!
Бул мага сабак болду.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 20
Таягын дале жейм
Согушун дале угам ......сыйды билбегендер дагы бар дегим келет