17-бөлүм.
Надыр ички бир сезиминде Уландын уулунун иши боюнча күнөөлүү болуусун каалаган эмес, анын ак экени аныкталышын тилеген. (Анын үстүнө Улан өзүнүн Касениндей болуп бир үйдүн жалгыз баласы экен. Алардын кызы да жок имиш. Өзүнүн бир эмес эки кызы турат. Кудайга шүгүр. Ошондой болгон сон шегин күчөтүп турган Дуага согуш ачып, акыркы күчү не салса дагы женип чыгып, өчүн алмак, кеги канып өзүнө-өзү ыраазы болуп, күйүтү бөксөрмөк. Эми ал карышкырдын бул ишке тиешеси жок болуп чыккандан кийин карапайым бир мергенчини каматып, абактан көзүн тазалаткан өч алууга алымсынбай калчудай. Бирок башка күнөөсүз бирөөнү жазалаган Кудайга деле жакпаган иш да. Дуа өткөндөгү Касен аралашкан каралардын өз ара таасир талашуусунан кийин «уулумдун башынан бир тал чач түшсө каралар дүйнөсүн сапырып жиберем» деген өзүнүн эскертүүсүнөн сон тынчып калды эле го. Демек аларга катылып кереги жок. Андан коро тагдырдын башка салганы ушул деп тынчышы керек.
Ушундай чалды-куйду ойлордо түйшөлүп, бир жагынан Зареманын күтүүсүз жаңылыгы дендароо абалга калтырган күндөрдүн биринде кеңсесинде отурса үстүнө Касендин айдоочусу Эсен кирди. Уулу каза болгондо эле иштен кеткен ал баягы өзү чакырып суракка
алгандан бери көрүнбөгөн. - Надыр ата, демдүү-күүлүү, сак-саламат турасызбы, - деп жаш болсо да ал кадимки айылдыктарча колун кош колдой кармап жароокер учурашты.
- Келе гой. Кудайга шүгүр жакшы элемин. Өзүн кандай жүрөсүң? - деп саламга жараша жылуу маанайда кабыл алды эле Эсен сөздү эмнеден баштарын билбегендей тайсалдай
туруп калды. - Отура кой. Эмне жумуштап келдиң эле? - олуттуу сөзү бар экенин боолголоп суроо узатты.
- Мен кечээ жансакчы Шерикти көрдүм...
- Анан?
- Надыр ата, ал аябай тынып алыптыр.
- Кандайча тыныптыр?
- Жолтандабас тээп жүрөт...
- Тепсе эмне экен?
- Неме... Мурда анын жаман «Аудиси» эле бар болчу. Батирде турчу.
- Анан кантип Жолтандабас тебет?
- Мен да ошого таң калып атам.
- Балким бирөөлөрдүкүдүр?
- Билбейм. Бирок үстү-башын да ондоп алыптыр.
- Түшүнүктүү. Балким жакшы жумушка орношкондур.
- Жакшы жумушка орношсо деле эки айдын ичинде Жип ала албайт болчу да.
- Ымм-даа! Ошондой дечи... Мында бир кеп бар экен анда, - деп ойлоно түшкөн Надыр, уулу окко учар күнү ошол арадан өзүлөрүнөн бөлөктөрдү көргөн көрбөгөнүн сураса айдоочу менен төрага түз жол турса жаман жолго салган казактарды дароо эле эстегенин, ал эми жансакчы Шерик аларды унутуп калгандай түр көргөзгөнүн эстеди. Шеги дароо күчөп Эсенге суроолорду үстөкө-босток узатты: - Эсен эстеп көрсөң, силер Нарынга баратканда Шерик кол телефон менен сүйлөштү беле? Балким ажатканага көбүрөк баргандыр? Же өзүнчө окчундай көп баскандыр?
- Нарынга баратканда Касен байке алдынкы орунга отурган эмес, Шерик отуруп барган. Телефон менен сүйлөшкөнүн байкаган эмесмин, аны улам кыңкылдатып, ойноп жаткансып баскылаганын байкагам. Бир-эки жолу ажатканага барып келип, ичи ооруп атканын айткан.
- Ии түшүнүктүү... Эсен, сага чон рахмат. Мага жакшы маалымат айттың. Мен муну текшерип көрөм. Сен азырынча бара бер. Баары жайгарылгандан кийин жумуш таап берем.
Надыр ата, менден кам санабаңыз. Таксовать этип жакшы эле жашап жатам. Шерикти көргөнүмдү айтып койоюн деп эле кайрылгам.
- Рахмат, жакшы иш кылдын. Жакшы бара гой.
- Жакшы калыныз.
Мурда уулунун өлүмүн иликтегенинде Надыр чер токойду аралап жүргөндөй болсо, эми кандайдыр ачыкка чыккансыды, чубала турган түрмөктүн учу колуна тийгенсиди. Ал ошол эле күнү детектив агенттигине барды. Бул из кубарлардын жетекчиси менен сүйлөшүп, жансакчы Шерик тууралуу маалыматтарды топтоону, анын байланыштарын, илик-чатыштарын, уулу Касен өлгөндөн кийинки иш-аракеттерин майда-чүйдөсүнө чейин билип берүүнү буюртмалады. Аракеттерин ушуну менен эле чектебей бийликтеги таасирдүү байланыштары аркылуу уюлдук байланыштын жетекчилигине чыгып, жансакчы Шериктин Касен окко учкан күндүн ары жак бери жагында чалгандарын иликтеп берүүсүн өтүнүп, бул кызматы үчүн жакшы акы төлөп берерин айтып, кадырын салды. Мындай иш үчүн уюлдук байланыш компаниясы акы албаганы менен ички иштер министрлигинин уруксат кагазы керек экен, бул талапты дагы дароо эле министрдин орун басары креслосунда отурган өкүл баласынын жардамы менен ишке ашырды. Алматыдан чыгып келген октордун экспертизалык кагазынын жасалма эместигин текшерип берүүлөрү үчүн кайра эле казак ички иштер министрлигине өтүнүч жөнөт турду. Айтор Надыр Мамбеталиев ыкчам аракеттерге барып, иликтөөлөрү ийгиликтүү болушу үчүн ийкемдүү иштерди өкүл баласы Аскаттын жардамы менен ото кылдаттык менен жасады. Андыктан бул иштеги чындыктын айкындалышына убакыттын өтүшү гана жетишпей турду.
Жайнагул жакшы көргөн курбусунун ак никелүү күйөөсү абакка отурары менен карыган ата-энесин таштап келе бергенине, анын азабына чындап күйбөгөнүнө, бөтөн адамдан бетер мамиле кылганына, шаарга келгени бир да жолу жолугуп койбогонуна ичи чыкпай жүрдү эле, эми чыккынчылык кылгансып баласы андан эмес экенин жарыялай айтып жаман жорукка барганына ого бетер жини келди, ушундан улам да жанагинтип жардам берүүдөн баш тартты. Буга жараша Зареманын таржымалын жакшы билген күйөөсү да анын бул кылыгын итчилик катары көрүп, мындай чыкканында эле сөктү:
- Бул досун ит экен го! Эми карабайсынбы Касен өлгөндөн кийин бул жакка жетип келип, анын байлыктарына ээ болгусу келип жатканын. Өзүн канатына калкалап калган адамды сатып. Ушинтип койсо эле Надыр Мамбеталиев ишенип баласын өзүнө каттата калат дейсинби! Ал деген кезинде өлкөнүн бир бучкагын чойгон локтөрдүн бири да. Керек болсо баласын кабыл алмак тургай уулунун өлүмүнө себепкер болгон аял катары Заремандын атын уккусу келбейт.
- Балким курсагындагы бала чын эле Касендикидир. Айы боюнча эсептей келгенде деле ошого барып атат. Зарема өзү айткандай эртели-кеч ачыкка чыкчу чындыкты айтып атат окшойт. Жардам берип деле койсом болмок окшойт. Ал байкуштун бул шаарда менден бөлөк ишенген кишиси жок эмеспи, курбусуна жан тарта сүйлөдү Жайнагүл. - Мунун байкуш болбой калсын! Акча менен бийликке жетиш үчүн баарына барат. Андан көрө мындан алыс бол. Ээрчибей коюп туура кылдын. Надыр
Мамбеталиев экөөңдү тең сөгүп туруп кубалап чыкмак. Көрөсүн, айтты айтпады дээрсин, ал Заремаңды боюндагысы уулунан болсо да кабыл албайт. Ким эле баласынын өлүмүнө себепкер болгон аялды кечирсин.
- Башка тойгон ким бар дейсин. Зарема боюндагысынын Касенден экенин далилдечү болсо Мамбеталиевдер уулу кайра тирилип келгендей эле сүйүнүшөт. Анын устуно алардын Касенден башка эркек баласы жок эле да.
- Ошону билип досун жанталашып жатат да. А кокус далилдей албай калсачы? Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки ачка калат болот го. Мындай кылганын укса Улан деле бетине түкүрөт. Сен аны ээрчибе. Мындай неме жакшылыкты билбейт. Бүгүнкү сага жалдыраганын эртен эле ташы өйдө кулаганда унутуп коёт.
Жардам берейин деген жокмун. Зарема кыйын кыз, ал өз көйгөйлөрүн өзү эле чеччүлөрдөн...
Анткен менен Жайнагүл түткөн жок. Ак конул жаны жаштык студенттик күндөрдү бирге өткөрүп, кыйын учурларда чогуу жүргөн курбусун кыйбай бир жума өткөндөн кийин эле телефон чалды, албаганында атайын үйүнө барды эле ачпады. Досу катуу таарынып калганын түшүнүп, оңою менен жазылбасын билип, бир жума өтө кайра чалды эле дале болсо албады. Үйүнө барып дагы жолу болбоду. Азыр өзүн көргүсү келбей жатканын, бирок убакыт өтө кичинеден жибиирин, жалгыздыктан зеригерин ойлогон Жайнагүл аны жайына коюп, бир айдай убакыт өткөн кийин кайра барды. Бул жолу эшик ачылып, эки курбу тиктеше түшүштү. Башында кыйынчылыгы бар Зарема эреркей түшүп, жакшы көргөн курбусуна бой уруп, төшүнө жүзүн басып букулдап ыйлап жиберди.
- Жайнаш! Мага Мамбеталиев ишенген жок. Уулунун өлүмүн менден көрүп, кабыл алган жок. Сен болбогондо уулум өлбөйт болчу дейт. Небереси жөнүндө уккусу да келбеди, - деди Зарема ичкери кирип, Жайнагул суу бергенден кийин гана кичине өзүнө келип.
- Бала жөнүндө чындап эле уккусу келбей койдубу? - Жок. Касенден экенине ишенбей койду. Эч кандай анализдериң менен экспертизаларынды укпайм дейт. Эгер менин неберем болсо дал Касендей жигит кылып чонойтуп, дал өзүнө окшоштуруп ээрчитип кел, анан ишенем дейт. Ага чейин ким бар, ким жок. Эми эмне кылам? Уландан жок, же Касенден жок. Эми элдин бетин кантип карайм?
- Ал алгачкы ачуусу менен эле айтып алса керек. Мамбеталиевдер эркек балага зар. Эртен эле акылына жеткенде артындан издеп келбесе мага кел. Аларга эмне эле тансык болуп атасың? Үйүн үстүндө, ашың астында, эптеп көз жарып, торолтуп алсан врачтык кесибин бар, кор болбой жашап кетесиң.
- Жайнаш, мен баламдын жалгыз бой эненин үйүн до эмес, толук кандуу үй-бүлөдө, чоң ата, чоң энелеринин тарбиясында чоңойсо дейм.
- Уландын ата-энеси турбайбы, жакшы тарбия алсын десен бер да ошолорго. Алар баланды алаканга салып бөпөлөп алышат.
- Жок, мен уулумдун өз чон аталары тарбиялап, шаарда өссө дейм.
- Мамбеталиев өз тукуму экенине ишенбей жатса, кабыл албаса эмне кылабыз эми...
- Ишендириш керек аларды.
- Кантип?
- Ал үчүн уулум эр жетип, зынкыйган жигит болушу керек экен. Ал учур келгенде булардын эмне кереги бар мага.
- Мамбеталиевке кошо барбаганым үчүн кечирип кой. Ойлонуп көрсөм сеники деле туура экен. Телефон чалсам албадын, үйүнө да эки жолу келдим.
- Эч нерсе эмес. Сени ээрчитип барганда деле нерсе өзгөрмөк эмес экен. Өзүң кандай жүрөсүң?
- Жакшы. Каалайсыңбы Зарем, Мамбеталиев менен өзүм сүйлөшүп көрөйүн.
- Эмне деп сүйлөшмөк элең?
Касен экөөң жүргөнүңдү, кандай себептен улам
баш кошо албай калганынардан бери бүт айтып берем.
- Баары бир ишенбейт. Кагып коюшу да мүмкүн. Зарем! Мен таптым! бир ойдон улам Жайнагүл кыйкырып жиберди.
- Оозуна май! Эмнени таптын? - бир жакшылыктын жышаанын сезгендей Зарема курбусуна жал-жал карады.
Мамбеталиевди ишендирчу кишини.
-Ким ал?
-Улан.
- Кайсы Улан?
- Кайсы Улан болмок эле, сенин Уланың.
- Ал камакта да.
- Ошол камакта отурганы оңтойлуу болуп турат. - Ага эмне боюмда өзүнөн эмес Касенден экенин айтышыбыз керекпи? Койсоңчу Жайнаш камакта камалып отурган немеден муну жашырыш керек болуп атса кайра...
- Ал билет.
-Эмнени?
- Сенин боюндагы бала өзүнөн эмес экенин.
- Кандайча билет?
- Мен айткам.
- Эмне? Сен балам өзүнөн эмес экенин ага качан айта койдун эле?
- Эбак эле. Силер үйлөнө электе.
- Биз үйлөнө электеби?
-Ооба.
- Кандайча?
- Угуп тур анда. Ушунча болгондон кийин силердин үйлөнүшүңөргө өзүм себепкер болгонумдан бери айтып берейин.
-Үйлөнүшүбүзгө да сен себепкер болдун беле? Койсоңчу Улан экөөбүз капысынан жолугуп калгандан кийин мурунку сүйүүлөрүбүз козголуп кетип баш кош-подук беле.
- Эски сүйүүңөр козголгонун билбейм, бирок сага анда Улан кокусунан жолуккан эмес. Ал мага капысынан жолугуп, экөөбүз эски тааныш катары сүйлөшүп отуруп калып, анан мен ошондогу айласыз абалынды айтып, жардам берүүсүн сурагам. Аялын кетирип башкасын издеп жүргөн ал эки-үч күндөй ойлонгон соң макул болуп, анан сага кокусунан жолугумуш этип, колунду сураган.
- Ошондо Уланды сен жиберген экенсиң да.
- Ооба. Иштеген жериндин дарегин берип өзүм жөнөткөм.
- Сен эмне ошондо Касенден боюмда бар экенин да айттың беле?
- Ооба. Айтып эскертсем, баланды өз баласындай көрүп багып аларын, анын да себеби бар экенин айтып макул болгон. Мен таң калып калгам.
-Эмнеге анткенин билбейт экенсиң да. Улан боюм- да бар экенин укканда эмнеге кубанган жок десе. Эмнеге салкын мамиле кылат деп жүрсөм кеп сенде турбайбы. Мени ага алдамчы кылыпсың да... Мунунарды билгенде мен Уланга тийбейт болчумун...
- Антпеске аргам жок болчу. Үй-бүлөсү бар экени билингенден кийин Касендин зордугу ашынып, андан
боюна бүтүп калган сенин айлан кетип калган. Баладан кандайдыр жол менен кутулууну ойлоп аткансын. Улан жолукпаганда ага деле бармаксың.
- Ооба. Боюмда бар экенин билип туруп мага үйлөнгөн Уланга таңмын.
- Себеби бар экенин айткан. Бирок такып сурабай
эле коюумду суранган. Эмнеси болсо да эч нерсеге карабай сага үйлөнүп, өзүңдү да, баланды да сактап калган. - Эми болсо ал жакшылыгынын азабын тартып түрмөдө отурат дечи.
- Ооба. Мындай болуп кетерин эч ким билген эмес да. Кап десен, Мамбеталиевдер баланды кабыл алса небересин бир кезде Улан сактап калганын айтпайт белек. Ошондо Уланды кечиришер беле?
Койсоңчу, туула элек небересин сактап калганы үчүн баласын өлтүргөн кишини ким кечирет. - Сен Уландын
Касенди өлтүргөнүнө ишенесиңби? - Атайылабаса да кокусунан өлтүрүп алды окшойт. Билбейм ай, жанында болбогондон кийин... Сен баламдын Касенден болгонун Мамбеталиевке Уландан кантип айттырганы атасын?
- Жөн эле барып, эгер уга турган болсо, болгонун болгондой айтып түшүндүрөм. Эгер Улан болбосо сенин боюндагы алардын небереси түйүлдүгүндө эле жок болмоктугун айтам.
- Ишенет деп ойлойсунбу?
Мага ишенбеши мүмкүн. Бирок Уландан укса
ишенет.
- Эмне үчүн андай деп ойлойсуң?
- Биринчиден ал камакта отурат. Биз менен сүйлөшүп алган жок. Сен жолуга элексинби ага?
-Жок.
- Барып койсоң болмок. Мейли эми ага жолукпаганын да Мамбеталиевди ишендириш үчүн бизге оңтойлуу болуп турат. Эгер жолуккан болсоң сүйлөшүп алып алдап атышат деп ойломок. Экинчиден Улан сенин боюнда бар экенин, ал Касендики экенин билип туруп үйлөнгөнүн мойнуна алса Мамбеталиев ишенбей койбойт
- Туура акыл экен. Бирок Мамбеталиевдерге боюмдагы бала Касендики экенин айтканымды билсе Улан мени эч качан кечирбейт.
- Мындай кадамга өзүн бошотуш үчүн барганыбызды айтабыз.
- Ушуну Улан угат дейсинби. Ал мындай кылганымды билери менен чыккынчылык катары эсептеп, жолукчу болсок сүйлөшпөй туруп, бетиме түкүрүп басып кетет.
- Сенин Уланда көңүлүң барбы?
- Меники болгону менен аныкы болбой жатпайбы. Буга чейин эле жашап кетерибизге ишенбей калгам. Анткени ортобузда эч кандай жакшы сезим калган жок. Ал ата-энесинин көңүлүн кыйбай жашап жүрсө, мен Касенден коркконумдан гана кетип кала албай жүрдүм. Анын үстүнө айылда мен үчүн эч кандай келечек жок болуп атпайбы.
- Анда кыйын болуп калыптыр. Улан бошонуп чыккан күндө да чогуу жашай албайт экенсиңер. Силердей ортолору сууган эрди-катындар балдар чүнчүбөсүн деп эле чогуу жашап жүрүшөт... Мейли эми болору болгондон кийин ажырашпаска арган жок. Мен Мамбеталиевке барып болгонун болгондой кылып айта берейинби?
- Мейли. Сен айткандай Мамбеталиев боюмдагы бала Касенден экенин Уландын өзүнөн укса ишенер дейм.
- Ишенбеске аргасы жок. Бирок Улан көктүгүнө салып чындыкты айтпай койсочу?
- Ошентиши да мүмкүн. Мамбеталиевке бул тууралуу эскертишиң керек. Ал өзү эстүү киши эмеспи ушунча болгондон кийин чындыкка жетмейин койбойт.
- Анда ушундай кылалы...
Ал күнү эки ынак курбу ортодогу таарынычтарды унутуп, көпкө чейин сүйлөшүп отурушту. Алар көбүнчө Мамбеталиевди ынандырыштын жолун издешти. Бул үчүн Зареманын боюндагы баланын Касендики экенин Уландын мойнуна алышы эң маанилүү эле. Ошондо гана баланын өз тукуму экенине Надыр ишенип, бул небересин түйүлдүк кезинде Зареманын атайылап түшүрүп салуусунан сактап калган Уландын жакшылыгын жогору баалап, катаал жазасын жумшартмак.
Жайнагүл Мамбеталиевдин кеңсесине эртеси эле эртең менен эрте келди, бирок катчы кыздан Надырдын түштөн кийин гана жумушунда болорун билген соң артка кайтууга туура келди. Түштөн кийин өзүнүн да жумушу болгондуктан келе албай эртеси эрте келип күтүп отурду. Надыр түшкө жакын аран келди. Жайнагүл аны менен кенен-кесир сүйлөшүш үчүн өзүнөн кийин келген уч кишиге кезегин берип, алар көп кармалбай чыккан соң Мамбеталиевдин кабинетинин босогосун аттады.
Ишкерлерче чыкчыя кийинип, олуттуу тартууга аракеттенсе да жайдары мүнөзү жарык кабагы менен болпойгон жүзүнөн байкалган айым босогодон көрүнуп, жылмая берип баш ийкей акырын учурашканда Надыр ордунан тура калып, саламга жараша алик алып, маңдайындагы орундукту көрсөтүп, отуруусун астейдил ишараттады:
- Келиниз, отуруңуз. Менде жумушуңуз бар беле? - Надыр Мамбеталиевич, мен уулунуз Касенге тие- шелүү иштер менен келдим.
- Коош, ал жөнүндө эмнелерди айтайын дедиң эле? Мен өткөн жумада уулунуз Касенден боюмда калган деп келип кеткен келиндин курбусу болом.
-Аа, бая кунку келиндинби? Ал экөөбүздүн сөзүбүз бүтпөдү беле...
- Менин да бул иш боюнча айтар сөзүм бар эле угуп коёсузбу?
- Мейли айт, кулагым сенде.
- Мен курбумду мактайын же жактайын деп келген жокмун. Анын күйөөсү Улан жөнүндө сүйлөшөйүн дегем.
- Мм... Улан жөнүндөбү. Угуп атам, айта бер.
- Сиз курбум Зареманын уулунуз Касенден боюнда бар экенине ишенбей жатасыз да туурабы?
Ишенген жокмун.
- Сизди түшүнөм. Анткени курулай сөздөн башка эч кандай далил көрсөтө элекпиз.
-Ооба.
- Бул баланын сиздин анык тукумунуз экенин тастыктачу бир киши бар.
-Ким ал?
- Уулунузду өлтүрдү деп күнөөлөнүп жаткан Улан Байѳмүров.
- Ыя де! Ал каяктан билет?
- Ага мен Зареманын боюнда Касендин баласы бар экенин экөө үйлөнө электен мурда эле айткам.
- Кандай, кандай? Түшүнбөдүм.
- Улан Заремага боюнда башкадан бар экенин билип туруп үйлөнгөн. - Чын элеби? Кайсы эркек ушундайга барат? Койсоңчу болбогон сөздү. Табышмактантпай бир четинен айтчы. - Зарема менин эң жакын курбум. Ал экөөбүз институтта беш-алты жыл бирге окуп, бир бөлмөдө жашаганбыз. Окуп жүргөндө Улан менен Зарема кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүштү. Бирок турмуш шарттарына жараша үйлөнө албай калышты. Окууну бүтө электе эле мен турмушка чыктым. Зарема болсо карьераны биринчи орунга коюп, турмушка чыгууга аракеттенбеди. Отузга чыкканында гана кеч болуп баратканын тушунду, бирок сүйлөшкөн жигити жок болчу. Ангыча озу
иштеген жаракат бөлүмүнө колу сынып, башы жарылып
түшкөн Касен менен мамиле түзүп, жүрө башташты. Касен Заремага эки бөлмөлүү батир белек кылып жашай баштады. Бирок уулунуз Зареманын үстүнө кирип жашап алганы аз келгенсип зордуктап койду, бир жумадай
эч жакка чыгарбай алып жатты. Зарема бул тагдырына аргасыз баш ийип калганында Касендин үй-бүлөсү,
башкача айтканда аялы, эки кызы бар экени билинди.
Уулунуз да муну тастыктап, өзүнөн кол үзмөкчү болгон
Зареманы урганга чейин барды. Көрсө Касендин аны токол кылам деген ою бар экен. Зарема катардагы бирөөлөрдөн болбогондон кийин катуу каршылык көрсөттү. Бирок көп өтпөй эле анын боюна болуп калганы
билинип, айласын таппай калды. Бул баланын жарыкка келишин ал каалабай алдырып салгысы келди, бирок
биринчи баланы аборт жасатуу тукумсуздукка алып келерин медик катары жакшы билгендиктен буга барган
жок, айла кеткенде менин каршылыгыма карабай дары ичип түшүрүп салгысы келип жүрдү. Ошондой күндөрдүн биринде мен кокусунан эле Уланга жолугуп калдым.
Зарема сыяктуу эле менин да айлам кетип калгандыктан кандайдыр жардам болор бекен деген үмүттө ага
болгонун болгондой айтып бердим. Ал тургай Зареманын боюнда Касендин баласы бар экенин жашырбадым. Заремага болгон эски сүйүүсү сакталган окшойт
Улан буга кайдыгер калган жок. Жардам берем деп убада кылып, эки-үч күндөн кийин кайтып келип, Заремага
үйлөнөрүн билдирди. Мен андан мындай кадамды куткөн эмесмин, абдан таң калып Зареманын кош бойлуу экенин дагы эскерттим. Ал Зареманын баласын өзунукүндөй кылып багып аларын айтып болбоду. Заремага
жолуктуруп эле койсом бардыгын өзү жайгарарын, ал
тургай бул иш мен аркылуу болуп жатканын билдириштин кереги жоктугун, боюнда бар экенин жашырышыбыз керектигин туура көрдү. Мен курбума кыйын кырдаалдан чыгууга мүмкүнчүлүк жаралганын түшүнүп макул болуп, Зареманын ишинин дарегин бердим. Экөө ошентип кайрадан жолугушуп жүрө башташты, менин кенешим менен Зарема Касенден көргөн кордугун, бир- эки айдай чогуу жашагандарынан бери айтты, бир гана андан боюнда бар экенин жашырды. Улан да билмексен болуп койду. Ошентип экөө баш кошмой болушуп, Касенден корккондорунан эч кандай шаан-шөкөтсуз Нарынга жоноп кеттик. Бирок жолдон Касен кармап алып, Зареманы алып кетмей болгонунда Улан мылтык такап коркутуп, бир-эки жолу атып да жиберип, колуктусун алып калганын сиз билсениз керек.
- Мм... даа... Баары бир эле түшүнүксүз болуп жа- тат. Улан эмне үчүн Зареманын боюнда башкадан бар экенин билип туруп уйлонду? Же бул силердин мени ишендириш үчүн ойлоп тапкан амалынарбы? Андай оюнунар өтпөйт, билип койгула. Кайсы эркек боюнда бар аялга үйлөнөт. Эс акылы жайында эмес же бир аб-
дан эле айласы кеткен неме эле буга барбаса. - Эмне себептен Заремага үйлөнгөнүн ушул убакка чейин мен да түшүнбөй жүрөм. Бизге ишенбей жатса-ныз Уландын өзүнөн сураныз, боюнда бар аялга эмне
үчүн үйлөнгөнүн.
- Балким силер Улан менен өз ара сүйлөшүп алып бул баш оорутманы ойлоп тапкандырсынар.
Мен эмес Зарема да Улан менен сүйлөшмөк тургай эки айдан бери көрө элек. Ал экөөнүн нике күбөлугу жок болгондуктан органдар Зареманы Уланга жолуктурбай коюшту. Ошондой болгон күндө да Уланга мунун эмне кереги бар?
- Балким неберемди сактап калыптыр деген менин жакшы оюмду жараткысы келип жаткандыр...
- Улан камакта жатат. Ал Зареманын айылдан келе бергенин, сизге барганын билбейт. Билери менен муну чыккынчылык катары санап, Зареманы согот, жолукса бетине түкүрөт. Анткени башына кыйынчылык түшкөндө Зарема четке чыга бербедиби. - Мени эмне кыл дейсин анан? деп
Жайнагүлдүн кебине ынана түшкөн Надыр жоошуй сүйлөдү. - Уланга жолугуп Заремага кандайча үйлөнүп калганын сураныз. Анын айылдан келе бергенин, сизге жолукканынан бери айтып, курсагындагы бала жөнүндө сурасаныз Заремага жинденген неме дароо эле болгон чындыкты айтып берет болуш керек. эми Жайна-
- Айтпасачы?
- Эгер улан Зареманын боюндагы бала өзүнүкү эле экенин айтып ынабаса аны менден укканынызды билдириниз. Ошондо гана ал унчуга албайт. Анткени бул сырды экөөбүз гана билебиз.
- Мейли Улан менен сүйлөшүп көрөйүн. - Ошентиниз. Надыр Мамбеталиевич, уулунуз Касен олсо да Кудайдын буйругу менен артында туягы калып отурат. Анын өзүңүздүн тукумунуз экенине ишенип, кабыл алыныз. Кантип эле биз бирөөнүн баласын башкага таңуулайлык. Азыр деген медицина өнүккөн заман генин текшертсеңиз деле ал бала сиздики болуп чыгат. Андан көрө Заремага рахмат айтыныз. Ал бул сырды козгобой койсо жабылуу аяк жабылуу бойдон калып, неберениз Уландын баласы болмок.
- Балам, сенин атын ким?
- Жайнагүл.
Жайнагүл, мен башка чукак кишимин. Жалгыз уулумдан айрылып кайгыдан баш көтөрө албай жүрөм. Анан кантип уулумдан калган туякка кесир кылайын, кубанбайын. Болгону бул абдан күтүүсүз болгондуктан жана ишенбегендиктен өткөндө Заремага
жаман мамиле кылдым... Болуптур мен сен айткандай кылып, абакка кирип Улан менен сүйлөшүп көрөйүн. Ал мени ынандыра алса баланы кабыл алам, болбосо дагы көрө жатабыз. Сен телефон номурунду таштап кет, калганын ошондо сүйлөшөбүз.
- Рахмат Надыр Мамбеталиевич. Зарема жөн гана маркум уулуңуздун бир кездеги өзүнөн уулдуу болсом деген тилегин орундаткысы келет. Баласы өз атасынын аты-жөнүн алып, чоң ата, чоң энелеринин тарбиясын көрүп, татыктуу үй-бүлөдө чоңоюусун каалайт. Мындан
башка эч нерсенин кереги жок ага. Жакшы калыныз. - Жакшы бара гой. Телефон номуруну катчы кызга калтырып кет.
Надыр эртеси эле абак жайына келип, жетекчилигинен уруксат алып Уланга жолукту. Сакал-муруту
өсүп, мурдагыдан да жүдөп, арыктай түшкөнү чүңүрөйгөн көзүнөн билинген ал Мамбеталиев менен супсак учурашып, тайсалдоосу билинбеген суроолуу көз карашы менен тигилди.
Жигит, ал-жай кандай? - деди Надыр анын алдында өзүн негедир ыңгайсыз сезе.
- Аксакал камакта жаткандын ал-жайы кандай экенин өзүңүз жакшы билесиз да, кайдыгер жооп берди Улан. Анын бул маанайынан үмүтсүздүктү байкаган Надыр жооткотту:
- Менин иштеримди эмне үчүн сурабайсың? Буюрса жаны жагдайлар ачылып атат. Анын сага да жарыгы тийиши мүмкүн.
Кандай жаны жагдайлар? - кашы серпиле түшүп сураган жигиттин көзүнөн үмүттүн учкуну жана тү- шүп, каректери жанданды.
- Ал азырынча айтылбайт. Кийин билесин. Мен сага башка жумуш менен келдим.
- Эмне жумуш? - күтүүсүз сөзгө таң кала түшүп, суроолуу тигилди жигит.
- Сенин колуктуң Зарема келип кетти мага...
- Эмне! Зарема келип кеттиби? - чочуп кетти
жигит. - Эмне жумушу бар экен?
- Боюндагы бала Касенден экенин айтты .
- Ыя! Эмне дейсиз? - деп уккан кулагына ишенбеген Улан ордунан тура калып сөгүнүп жиберди. -Шуркуя!.. Ал ушуну кылмак! Баччагардын катыны!
- Сабыр эт. Ал бир кезде неберемди алдырып саларында сактап калганынды да айтты. - Былжырайт! Касенден кутулгандан кийин ээ-эркин
жойлой баштаптыр да канчык. Ошого да ишенесизби? - Ишенбеске арга жок. Күбөлөрү менен далилдери бар экен.
- Ичиндегини Касендин баласы кыла калып анын байлыктарына ээ болгусу келип жатат да. Жок дегенде уулунуздун топурагы сууп, менин ишим бир жаңсыл болгуча чыдап күтө турбайт беле. Эмнеге бир да жолу келип кетпеди десе. Өз камын көрүп жүргөн тура. Мен деле бул жерде түбөлүк отурбайм. Чыгармын бир күнү, ошондо көрөм. Чылаадан чыгарганымды унутту да! - деп мандайында эч ким жоктон бетер Надырды көзгө илбей жини менен буркан-шаркан түшө сүйлөнө берди жигит.
- Айтчы Улан. Зареманын айткандарында чындык барбы?
- Ошого да ишенесизби! Ал былжырайт! - ачуусуна алдырган жигит кайра эле опурулду. - Өлбөсөк акыры кездешербиз!..
- Анда ага ишенбей эле койоюнбу?
- Өзүңүз билиңиз. Мага эми баары бир.
- Улан ачууга алдырбай сабыр этип менин суроомо так жооп берип койчу. Зареманын боюндагы бала Касендикиби?
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2