Жубайлар Жаркын берген дарек менен барышса Анара батирин тапшырып Казахстанга иштегени кеткенин угушту. Колунан бала көргөн жокпуз дешти кошуналары. Ошондогу экөөнүн абалын, тарткан азапты сөз менен айтып, адам баласынын сезимине жеткирүү кыйын. Эки көзүнөн ажыраган азиздей карайлашып, айлана каран түнгө айланып, каңырыктары түтөп отуруп калышты. Эмне, Анара өзгө бирөөнүн баласын соодалап, акча кууган айлакер беле! Дал ошондой! Матай өзүн эркексинип карманганы менен үйгө келгенде келинчегин кучактап өксүп-өксүп ыйлап алды. Антпегенде кантсин, күйүтү ичин эзип турса! Бир күн болсо да ууздай таза баланы колуна алып аталык мээрим төгүп, эт жүрөгүн эзилтип эркелетпеди беле, кийинки жашоосун ага арнап келечегин элестетип, бар дүйнөсү байыбады беле. Баланы эркелетип эзилгенин көргөн Адаш да андан баланы талашпай тим коюп, мен эркелеткенге алдыда көп күн бар, мейли, өз баласындай тутунган атасынын чери жазыла берсин дебеди беле, каран күн. Кыргыздын өңдүү-түстүү, келишкен келиндери да ушундай адам чегинен чыккан жолго түшүшкөнбү, атаганат. Акча, акча бизди адам сапатынан кетирген сен болдуңбу. Же ыймандын куруганыбы? Мен берген акчага ичи чыкпай нааразы болгон окшойт, кантейин... Жок болсо не кылам. Аяйт белем?! Мындай душмандыкты кумурскалар да бири-бирине жасабаса керек.
Эртеси Жаркын келип, Матай менен Адаштын шишиген көздөрүн тик карай албай:
— Эжеке, байке, ортого түшө калам деп силерге жаман көрүнүп калдым. Жумушум бүткөнүнө карабай, бөлүм башчы «бүгүн келип эмгек книжкасын алып кетет» дегенинен Анараны зарыгып күттүм. Жолукканда эле:
— Бөлүм башчыга айтып, абийириңди кетирем, баарын уктум, тиги баланы башка көбүрөөк акча берген адамга сатып жиберген турбайсызбы, баласынан баш тарткан жаш энесине беш миң сом берип оозун жаап коюптурсуз, алган акчаңыз жетээр, тигилердин акчасын бериңиз. Мен алар менен кошуна жашайм, алыс жол жүргөн жатыптырсыз, балдарыңыз барына карабай каргайм дедим.
Ал:
— Кайсы бала, эмне болгон бала, эмне акча, сенин балаң беле, же сен төрөдүң беле, кайсы акча, сен мага акча бердиң беле, сенин эмне айткандарыңа түшүнбөй турам. Бар, полуңду жууп өз ишиңди билгин, бирөөгө кур жалаа жаап, соттолуп кетпе. Элдин баары мен эмес, далили жок чанжыр сөздөрүңө чыдап угуп турган, деп, кайра мага аңкылдап чыгып кетти. Өтө ишенчээктик кылыптырбыз. Чын эле далилдей да албайт экенбиз. Күнөө менде, силердин ага берген акчаңарды төлөп берейин.— деди Жаркын күйпөлөктөп.
— Жаркын, биз акчага деле кейибей баланы өлтүрүп алган экенбиз деп кайгыга батып жатканбыз. Мейли, эми, андай акчалуу адамдарга барса жакшы чоңоюп, эр жетилер. Аман болсун,— деди Матай көңүлү чөгүп.
Алардын бул сөзү Адаштын жүрөк жулүнүн тепчип өткөндөй ызаланды. Чай ичилип жатканда анча сөз болбой эле Анаранын шүмшүктүгүн айтып тарашты. Уйкулары келбей, алар айлуу түндө көчөдө басып жүрүштү. Көз жеткис кара асманда жукарып калган ай калкыйт. Көчөдөгү лампочканын тегерегинде бурганактай чарк айланып көпөлөктөр, майда чымын чиркейлер жабалактайт. Жемпирин желбегей жамынган Адаш анда санда үшкүрүнүп коюп, ойлуу. Түндөп Анара баланы уурдап качып баратса, кармап алсак деген ой Адашка келген эле. Эртеси Матай жумушуна жөнөдү. Жаркырап аткан таңды тосуп баратса да, ал үчүн жер жүзү караңгы болчу. Баары кунарсыз, көрксүз. Кең дүйнө тардай сезилип, эч жерге батпай жүрдү. Эл уктабай эле базар тегеректеп жүргөндөй таң эрте каршы-терши көр оокат кубалап тызылдашат. Бир саат кечирээк чыккан Адаш «кудай мени катуу жазалаганы калган окшойт. Сага буюрган баланы жоготтуң, эми өмүр бою зар кылам дегени го» деген ой менен ачуу көз жашка бетин жууп, илең-салаң теңселип, жумушуна келди.
Бирөөлөр менен сүйлөшүүгө көңүлү чаппайт, эптеп иштемиш болуп жүрүп, кеч киргенде болбогон шылтоо айтып бир жумага уруксат алып үйүнө келди. Түпсүз өкүт, санаасынан алаксыгысы келет, бирок кантип.
Үйүндө калган Адаш кечке жалгыз төшөгүнөн турбай жатты. Матай экөө жаңы келишкенде эптеп сатып келген буюмдарын жайгаштырып койгондо, үч-төрт киши айлангыс кичине бөлмөсүнүн ичи кадимки үйдөй болуп көңүлүн көтөрсө, эми кунарсыз тартып көңүлүн чөгөрөт. Акыры күйөөсү келээр маал болгондо аны аяп, илээлей туруп тамак жасады. Кечинде күйөөсү бир жумага суранып келгенин айтып Ысык-Көлгө барып эс алып келбейлиби деп калды. Бул сунуш күтүүсүз болсо да Адаш «мейли, аз болсо да алаксып келеличи» деген ойдо күйөөсүнө каршылык кылган жок.
Эртеси базардан керектүүлөрүн алып, түш оой көл тарапка жөнөштү.
Токумдай булуту жок, көпкөк асманды карап, машинанын айнегине башын жөлөп, Адаштын ачуу жашы тыпылдап тамып жатты. «Баласы өлгөн киши өзөгүн өрт алган менен тең болот» деп Жээренче чечендин айтканы эсине түштү. Чынында эле ошондой экен. Бир күндүк бакма баласына адам ушунча күйүнсө өз баласына күйүп кетүү ырас экен. Айланага көңүлсүз серп сала, уясына кызара батып бараткан күндү карап: Мына, жарык күн да караңгы түнгө алмашат, эртеси кайрадан жаркырап күн чыгат, а менин түнүм күнгө алмашпады деген акылына баш ийбес ойлор акылын келемиштей аёосуз кемирип жатты. Машина менен тең жарыша бараткансыган алгачкы жылдыз да Адаштын арманын туюп-билип анын ачуу кусасына, жалгысыраганына ортоктош болуп көлгө жеткенчекти көздөрү менен сүйлөшүп баратты. Берген суроолорунун эч бирине жооп алалбады. Жооп бербесең, боор ооруп жандабай калгын, ээрчибегин, карабайм сени деп жылдызга да туталанды. Сол тарапта ай да кечки кызыл булутту аралап, жарыша сүзүп бараткан экен, ага назар буруп эми ал менен сүйлөшмөкчү болду эле Матай оюн бөлүп :
— Кычыраган кыштан кийин жадырап жаз келээрин унутпайлы, Адаш, турмушубуздун башында эле мүдүрүлбөй, ташыркабай, башты көтөрүп чыдай туралы,— деп калды, анын ой-санаасын туюп жаткандай. Адаш унчукпады. Эч аралжы боло албаса да санаадан чыга албады. Машинадагы магнитофондун муңдуу ырлары да жүрөгүн мыжып салгандай болду. Бишкек менен Көлдүн ортосу Адаш үчүн созулуп кеткендей, акыры болжогон Кара-ой айылына да келип жетишти. Телефон менен айтылгандыктан Матайдын аскердеги досу үй-бүлөсү менен уктабай күтүп жатышыптыр.
Аманчылык ал жайдан соң узун бойлуу, кара тору, коңкогой мурун, манчалары ийрейип-муйруйуп, өмүр бою кара жумуш менен кармашып келаткан ачык, шатыраган, ак көңүл Акжалга тамашалай түнкү конокторду кабыл алып, кам көрүп кирди.
Анын келинчеги, Адеп жолдошуна окшобогон, бою пасыраак, аксаргыл, жылчык көздүү, жылдыздуу, көп ачылып сүйлөбөгөн ичинен тап, оор мүнөздүү экен.
Адеп, үч кызы менен түн ортосунда барган конокторду кабагым-кашым дебей меймандостук менен тосуп алышты. Акжалга кыздарын жаңсап баржалаңдай:
— Эркек төрө десем болбой, мына, өзүңөр көргөндөй жалаң кыздар жана менмин,— деп тез эле камыр-жумур болуп кетишти.
— Буга да тобо де досум. Кыз эмес кызыл этке зар болуп турабыз,— деп Матай оор үшкүрүндү.
Адаштын көзү жашка толо дасторкондун чекесин оңдогон болду. Бөлмөдө саамга оор жымжырттык орной түштү.
Үй ээлери бири-бирин шектүү карай онтойсуз абалдан кандай чыгаарын билбей элейе түшүштү. Анан Акжалга стаканды колуна ала:
— Кана досум, элге арзанчылык келип, Токтогул ГЭСибизден суу бөксөрбөсүн, свет, газыбыз өчпөй, элибизге, өз үй-бүлөсүнө ээ болгон, балдарына алы жеткен, элге тезек тердирбеген, Кыргызстанды жалпы үйгө айлантпаган, калыс, урук-тукумунан бери намыстуу кыргыз болгон ажо келсин, жерлерибизди бөлөккө бербейли, тилибиз менен дилибиз жоголбой, Ыйык көлүбүз соолубай, бийликке келген чоңдорубуз эл үчүн келген кредиттерди катпай, элге жумшап, митинг, көтөрүлүштөр токтолуп, элибиз жакшы жолго түшүп, ден соолугубуз чың, эл аман болсо, эл ичинде биз да аман болуп, эл көргөн бейпил турмушту көрөлү. Мунун баарын айтпай коюуга болбой калды. Балким ар бир кыргыз ушинтип тилек тиленсек кудайдын боору оорур. Кана, досум, ошол ой-тилектер ишке ашсын,— деп, оюн-чын аралаштыра күлдүрө сүйлөп жиберди,— Ак алып ийели. Баары мыйыктарынан жылмайышып, бөлмө ичи жумшара түштү. Сагынышкан эки дос черлери жазылганча мындан он чакты жыл мурда Казакстандын Байконур деген ракета учуучу шаарда аскердик кызматын өтөшкөндөрү, ошондогу кызыктуу окуялар жөнүндө сүйлөшүп жатышты. Адаш чарчаңкы, капалуу эле, сөзгө алаксыйын десе Адеп сөз сүйлөбөй мелтирейт, ошентип дасторкондун четинде олтура беришти.
— Деддердин өтүгүн тазалабай коюп, баргандын эртеси эле төртөөбүз катуу келтек жеп ошондон достошконбуз, аяш,— деди Акжалга Адашты да сөзгө аралашсын деген ой менен.
— Жалгыз кыргыз кылбай Матайга шерик болгонуңар жакшы болуптур.Тиги эки досуңар да кыргыздар беле?
— Ооба. Оштук балдар эле. Алардын дарегин теле аркылуу «Кайдасың» берүүсүнөн издетсекпи?
— Аларды таап, Байконурду чогуубуз менен бир көрүп келсек ээ. Түндө учкан ракеталарды казарманын чатырына чыгып алып, төртөөбүз суктана карап тураар элек,— деди Матай.
Экөөнүн кыялдануусу тээ алыска кеткенин байкаган Адаш:
— Адеп, таң атып калса да булардын сөзү түгөнчүдөй эмес. Бир аз кыйшайып эс алсакпы,— деп, китирейген көздөрү менен аяшына кайрылды.
— Жүргүлө, тиги бөлмөгө,— деп, келиндер чыгып кетишти.
Эртеси төртөө Рахат пансионатына келишти. Көлдү жээктей бош жер жок, баары эс алуучу жайларга толуп кетиптир.
Көп кабаттуу, эс алуучу бул жайды аябай кооздошуп, баардык ыңгайын ойлонушуруп салган экен. Тегерек-чекесинде бак дарактардын, сосна, арча, кайыңдын көптүгүнөн жайлоодогу арча жыттанган таза абада жүргөндөй сезимге батышты. Жалбырак, бутактары жерге салаалап, мажүрүм тал алдындагы олтургучту ысыктан калкалап турган экен. Ал жерге олтуруп айлананын, жаратылыштын сулуулугу кызып алган Акжалга менен Матайга сезилбесе да, Адаш көз чаптыра, кызыга карап жатты. Анын бул жерге алгачкы келиши эле. Алма багы, ар түркүн кооз гүлдөр, жапжашыл, тептегиз, тысырайта кыркылган чөптөр, фонтанында ар түркүн балыктары, аркы бетинен караганда күн нуруна чагылыша өзүнчө бир керемет дүйнөнү элестеттирет. Балдарга арналган оюндар аянты, ак мөңгүлүү тоо, чайыттай ачык, тунук көк асман айтор, карап олтуруп көзүң тойбойт.
Бирок өкүнүчтүүсү бул эс алуучу жай кыргыздардыкы эмес, Өзбекстандыкы экен.
— Өз көлүбүздүн тегерегин чет өлкөлүктөргө берип коюп, эми өзүбүз кирүү үчүн акча төлөйбүз,— деп Акжалга өкүттүү шыпшынып алды.
Көлгө да келишти. Көк мелжиген көл көйкөлүп чалкып жаткан экен. Көлдүн наркы четиндеги тоолор гана мунарыктап, тээ алыста түрмөктөлгөн коюу ак булуттар гана көрүнөт. Ал ак булуттардын ичинен бийиктиктен көл чыгып, Адашты көздөй агып келаткандай көрүндү. Таман алдынан келген ысык менен жагымдуу жымжырттыктан сезимдер эс алып, бүт денеңе таркап көңүлүңдү көкөлөтөт. Жыбырап куушкан майда толкундар күнгө чагылышып, көл бетине күмүш, алмаз чачып койгондой көз уялта жылтылдашат. Мындай «табийгаттын бизге берген белектеринен күнүмдүк көр оокаттын айынан куру калып жүргөн турбайбызбы» деген ой Матай менен Адашка бирдей келди. Касиеттүү, кереметтүү көлдүн толкундары жумшак шыбырттап учурашып жаткандай, «мени ээрчигин бул жакка бери келгиле» дегенсип сулуулук менен азгырат. Сууга кирсең жылуулугун, жагымдуулугун айтпа! Эки эле күн мурдакы капа эстеринен чыгып, оголе болбогондой. Матай менен Адаш ырахаттана, бири-бирине эркелей көпкө чабак урушту. Кумда күнгө какталып жаткан элдерди көрүп, кары-жашы деле, жаш баладай кум кармап, бир колунан экинчи колуна кум чуурутуп ойогондорун Адаш көп кезиктирди. Көл болсо токтоосуз, дайыма тентектенип кыймылда.
Ошентсе да, көл ырахаты канчалык таттуу болгон менен Адаш Кыйбасынын эсинен чыгарбай, ден соолугун суранып жатты. Адаш ар убак уулун ойлогондо кайненеси кошо эсине түшөт. Уулуна ат койгонго үлгүрбөй, сени эч кыйбайм, эч кимге кыйбайм деп ыйлай берип Кыйбасым деп атап алган эле. Көл жээкке келгендерине беш саат болуп, курсактары ачса да кетпей көгөрүп олтурушту. Батыш тараптан салкын илебин тартып, кара булут келатат. Булуттун астында канаттарын калдайтып, айры куйрук айланып жүрөт. Шамал боло баштады. Нары жактан асман үрөйдү учуруп түнөрүп, тоолор бирдемени күткөндөй тунжурап, тиги жакта боз чаң уюлгуду. Шамал көлдү да, эс алып жаткан элди да козгоду. Көлдүн үстүн майда толкун ойдолоп каптап, бир жакка шашкан сыяктуу жапырт көтөрүлүп, бүт бойдон умтула жүгүрөт. Жакын айылдагы үйлөр, тоолор, тээ-тетигиндеги пансионаттар баардыгы туман каптагандай күңгүрт, бозоруңку көрүндү. Баш чүмбөтү бар кленка кийген жээктеги кайык, кол чатырдын ээлери, элдерден кол чатырчаларын алып, жыйналып жатышты. Демек жаан көпкө созулат окшойт. Эс алуучулар да жыйналып, үйлөрүнө кетип баратышты. Аңгыча ирдүү, калың жаан төгүп кирди. Адаштар жыйналып жетишпей, суу болуп калышты. Сүлгүлөрүн башына жамына, суу болгон кийимдерине чалына чуркап бараткан, капыстан чак-челекейлери чыккан элдер. Жамгырдын суусун көтөрө албай, гүлдөр, чөптөр да жерге эңиштейт. Бат эле толо калган чөөттөрдү, жамгыр тынымсыз быдыр-будур кылып жана жыбыратып жатты. Адеп менен Адаш сөмтүрөп суу болуп, чыйрыгып үйгө келишсе эки кичинекей кызы жамгырга башын тосуп, жылаңайлак көлчүк кечип, жыргап ойноп жаткан экен. Адеп аларды көрүп, күйүп— быша урушуп, үйүнө алып кирди.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4