Жаз быйыл демейдегиден эрте чыкты. Көчөлөр жылт-жулт этип жылжып аккан ылай сууларга толуп, эзилген баткактан басыш кыйын. Көпкөк асманда каалгып учкан ак булуттар түйдөктөшүп, чөөт — көлчүктөрдөн чагылышып жатты. Үйлөрдүн чатырынан тамчылар шорголоп, тынымсыз жыбыттап агат. Чымчыктардын тили чыгып, эрте жаздын келишин кубаттап ырдап жатышкандай. Көчөдө элдер да көп. Көлөкөдө эрибей калган карлар да борпоң тартып, жылуулуктан жыбылжый эрип баштаган. Жол жээгинен жылуу буу көтөрүлүп, аба жер жыттанып турду. Куушкан, байлоодогу иттердин үргөнү да көбөйгөн маал. Матай жазгы жумуштардын кайсынысынан баштаарын ойлонуп, күнөстөп эшик алдындагы тактайда олтурган. Анын жалгыз олтурганын терезеден көргөн эне, айнекти черткилеп өзүнө чакырып алды.
Матайдын энеси акыры ыңгайы келип турганда көңүлүн көптөн бери өйүп жүргөн сөздөрүн айтайын деп чечти. Уулуна астейдил карап, келини Адаштан орой бөлүп, көңүлүн калтырбайын дегендей аяр сөз баштады:
— Кагылайын уулум, сен деп атаң экөөбүз көзүңдү карап жүрсөк, сенин кылганың бул. Адашты жаман адам дебейм, бирок ушинтип төрдөн көрүбүз жакын турганда небере жытын искебей, өзүң артыңа туяк таштабай өтмөк белең? Ушуну жакшылап ойлонсоң. Көрүнбөгөн доктуруңар калган жок. Адаштын төркүндөрүн чакырып, көңүлүн калтырбай узатып коюп, башкага үйлөнүп, балалуу болсоңчу.
Баласы кыртышы сүйбөй, чорт кесе сүйлөндү.
— Апа, менин жашоомо киришпегиле дебедим беле. Башка аял менен балалуу болсом да мен бактылуу боло албайм. Ошол, сиз айткан доктурлардын баары менин үмүтүмдү үздүрбөй «болот, балаңар болот» дегенин угуп туруп, жанымдан жакшы көргөн жарым менен ажыраша албайм.
Мындай жооптон энеси кагынып, итиреңдеп кетти.
— Жаныңдан жакшы көрсөң анда менден да кеч. Мен сага жаман айтып жатамбы?
— Башка неберелериңер бар го, мага тийишпегиле— уулу амалы куруй аста жооп кайтарды.
— Сен кандай олуя болуп кеттиң эле, сага сүйлөбөгөндөй эмне болуптур, мен сүйлөбөгөндө ким сүйлөйт, тапкан экенсиң. Сен кетире албасаң, мен кетирем. «Баламдын башын куу баш өткөрбөй жолуңа түш» дейм. Бүгүн айта албасам...
Сырттан кирген ак жоолук, кызыл халатчан, бакыракай, бото көз, кырдач мурун оймок ооз, акжуумал сулуу Адаш апасы менен Матайды ыйлуу көзү менен тиктеп:
— Апа, далай жолу Матайга айтып келем, Сиздин айтканыңыз туура. Буга чейинкиңизге ыраазымын, мен кетем, кетем...
Энеси минтип оңдой берди болгонуна кым дей түшүп:
— Кете турган болсоң Матайдын башын айлантпай эле изиңди суутуп кете бербейт белең.— деди кектүү.
— Апа, апа токточу, ал кетсе мен да кетем.— уулу сөзгө кыпчылды.
Баласынын мындай кескиндигинен энеси адатынча албууттанып кетти. Анын ушундайы бар эле, бирөө каршы чыкты дегиче бүттү, өзүн кармай албай ачууга алдырып жиберет.
— Кетмектен кет, катынсыз жашай албасаң жогол. Сенин да башыңды айлантып бүткөн го. Бизди таштап кетсең атаң экөөбүз эки дүйнөдө ыраазы болбойбуз.
Матай айтылган сөзгө кулак кагып койбой коңшу бөлмөгө чыгып, кийимдерин шашыла чогултуп, сумкаларга бурдай салыштыра кетти. Артынан кирип көзүнүн жашын көлдөтүп турган Адашты кучактап:
— Жаным, болдучу. Биз балалуу болобуз. Сөзсүз. Кичине кыйынчылыкка чыдайлы.— деди муңкана.
— Мурда эле сезгем, ушундай сөздү бир күнү угаарымды билгем,— деди Адаш солуктап.
— Апамдын мага жини келип кетти окшойт, жай эле сүйлөшүп отурганбыз...
— Чындыктын эмнесине чычалайын, апам туура айтты. Эми токтой албайм.
— Экөөбүз чогуу кетебиз. Сен төрөбөй жатканыңа мен да күнөөлүмүн.
— Жаманаттыга калба, аялынын аркасынан кетти дедирбе.
— Дешсе дешсин.
Кийимдерин салыштырып бүткөн Адаш сабыры суз чыгып баратып кайненесине:
— Апа, жакшы туруңуз,— деп шашыла чыгып кетти.
Эт жүрөгү ансыз да эзилип, «келин кирбей турса эмне, жиним менен ачуу сөздөр айтылып кетти, келиниме өзүнчө айтсам болмок экен. Эми биротоло ийигис кылып алдым окшойт, ыйбалуу, жакшы келин эле, ачуу-таттууга бирге чыдап бүлө да болуп калган...»деп, кемпирдин көздөрүнө жаш тегеренди. Келининин жалгыз кеткенин көрүп, баласынын үйүндө калганына кубангандай тура калып терезеден сыртка карады. Ийинине асынган сумкасынын оозунан балбалактап чубалган көйнөктөрүн бурдай салып, келинчегинин артынан шашыла курткасын кийип, бараткан баласын көргөндө жүрөгү болк этип, «неберелүү болом деп, уулуман айрылдым окшойт, аттиң, балама караганда келиним «жакшы тур» деди. Ушунчалык кайрымсыз баланы тарбияладым беле, анын жарасын терең сыйрып салдымбы” деген сыяктуу жообу жок суроолор менен баласынын караанын тиктеген эне бир кылчаяр деген үмүттө карааны үзүлгөнчө күттү. Жок, уулу келинчегинин артынан жете берип кучактап өөп, көзүнүн жашын алаканы менен сүртүп, кете берди. Армандуу эне калыбынан жазбай көпкө отурду. Эми канчага чейин ушу, үмүтү үзүлгөн терезеден кетпей, кылчайбай кетишкен кош караандын кайтып келээрин карап отурат, ким билсин. Бишкектин батыш тарабындагы бир сааттык алыс айылдан Ош базарына келип, кире бергенде эле “үч миң сомдон жаш үй-бүлөгө, эки айын алдын-ала төлөө менен батир берилет” деген радио жаңырыкты угуп, Матай дароо ал жакка жөнөдү. Оңдой берди болгонуна кубана Адашты колунан жетелеп алды. Кудум бала бакчага уйкусу канбай, энеси күч менен алып бараткан баладай шишип чыккан көздөрүн колу менен далдаалай Адаштын эч нерсеге көңүлү жок, баскысы келбейт. “Баламдын башын куу баш өткөрбөй, жолуңа түш” деген кайненесинин сөздөрү кулагына жаңыра берди. Матайдын колун силкип жиберип, калың элдин арасына качып кирип, адаштырып кетсемби. Ошол, ачуу сөздөрдү уккучакты мурдатан эле кетип калбай ал жерде эмне жүрдүм?! Эмне, мен өтө өзүмчүлмүнбү? Балким булар менден кантип кутулаарын билишпей энеси экөө калп эле урушкан болуп жүрбөсүн? Матай кантип эле мен үчүн ата-энесин биротоло кыйып, таштап кетсин? Ар күнү бир маал кайненем: “ата-эне, бир тууган табылбайт, аял жолдо, бала белде деп кулагына куюп олтурчу эмес беле” деген санаасын бөлүп:
— Адаш, жүрү,— деп, Матай күнөөлүү кишидей колунан акырын кармай кайдадыр ээрчитип баратты. Алар батир берээр аялды ээрчип Жаш гвардия бульварында жайгашкан үйгө келишти. Ошондо гана Адаш эсин жыйып чакан үйгө кожойкеси дарбазасын ачканча көз чаптырды. Короосу таза, оңго бурула бергенде катар жайгашкан төрт эшиктин четкисин ачып ээси көргөзө баштады:
— Мына, силердин бөлмөңөр. Матай, мага нааразы болбойсуңар. Керебет койгом. Эки кишилик столу да бар.
— Болот эжеке. Ырахмат. Мына акчаңыз.
— Матай, эгер жаман көрбөсөңөр эртең экөөң тең паспортторуңардын көчүрмөлөрүн мага бергиле. Ар кандай адам келет. Көңүлүм көп калды. Акчаларын таштабай, мен эки саатка жок болсом көчүп кеткендер көп, ошондуктан алдынала акчасын алып, документтеринин көчүрмөлөрүн алып коем, туура түшүнгүлө. Качан оокаттарыңарды көчүрүп келесиңер?
— Мм... биздин болгон оокатыбыз азырынча ушул эле, ата-энеге таарынган кишиде оокат жок болот экен, эже. Биз эртең базардан сатып алабыз.— Матай күнөөлүү унчукту.
— Келинчегиң капа болуп турганынан бир нерсе болгонун билгем. Базардан сатып албай эле тигине, эшикте бир палас илинип турат, эски, бирок жуугам, ошону апкелип жерге салып алгыла.
— Ырахмат эже.
Матай, жаңы эле таанышкан Акак эженин артынан кошо чыгып, бажырайган гүлдөрү өңүнөн али кетпеген паласты апкелип бөлмөгө салды. Бул, алардын алгачкы оокаты эле.
Адаш дагы эле баягы ойлорунан чыга албай жер карап суз телмирет. Жаман түш көрүп жаткандай. Матай анын көңүлүн жубатып бир нерсе айтайын деп, батынбайт. Кагып жибереби же дагы ыйлап кирбесин деп жазганды. Не кыларын билбей бөлмөнүн ичине көз жүгүрткөн болду. Аңгыча сырткы эшик такылдаганынан ачса, Акак эже экен.
— Эртең акчаңарды кетирбей эле мына, жапжаңы жууркан, асты-үстү менен, тиги керебетим деле жакшы, жылуу-жумшак, өзүм жатчумун, балам жаңы керебет алып берип чыгарганыма эки күн болду. Силерге буйруганын кара. Бул төшөк алдыңарга, жукарааак капталган. Мына шейшептер. Булар да жаңы. Азыр салынгыла да кийин акчалуу болгондо ордун тургузуп койгула. Айылдан жаңы келсеңер... кыйналып каласыңар. Андан көрө урушпай, талашпай жашагыла,— деп, шакылыктап акыры чыгып кетти. Бул, толугунан келген, бою пас, кара тору, көгүш көз, кырктардагы ачык-айрым аял ак көңүл көрүнөт. Жугумдуу экен, экөөнө тең жагып калды. Бирок, негедир Адаш андан Матайды кызгана түштү.
Ал болсо эч нерседен капарсыз:
— Адаш, ишибиз оңолот. Жөн эле, радиоузелден таанышып келген эженин мамилесин көрдүңбү, кабагыңды аччы.— деп жайдарыланды.
Адаш болсо акыры чыдамы түгөндүбү, күйөөсүн кучактай буулуга ыйлап жиберди. Чогулуп кеткен ызасын чыгарды көрүнөт. Же чын эле жакшылыктын жышаанына эреркеп кеттиби... бир аздан соң керебетке барып жатып калды. Матай Адаштын чачынан эркелете аяр сылап, көпкө олтурду. Бир маалда келинчегинин көзү илингенин байкап, сыртынан кулпу салып базарга жөнөдү. Жөн калтырса Адашы таптырбай качып кетчүдөй сезилди.
Матай базар аралап күнүмдүк жашоого керектелүүчү тамак-аш, самын-сумун алды да, “Акак эже чоң керекке жараптыр жанымдагы акчам жууркан эмес, тамагыма араң жарады “ деп, кудуңдап үйүнө шашыла жөнөдү.
Адаш көзүн ачса Матай жок, сыртка чыккысы келип эшикти түртсө бек экен. Мени кетип калат деп бекитсе керек. Кой, муну да кыйнабайын, ал айткандай балким чын эле ишибиз оңолуп кетээр. Жакшы төлгө кылганына мен бут тоспоюн, укпай турган сөз беле. Кайыненем деле мени аяп, баласы менен сүйлөшүп жаткан го. Андай катуу айткысы келсе эртең менен эле кыйкырып, сөзүн айтмак. Матайды жоготуп албайын, кең далылуу, узун бойлуу, ичке көздүүлөрдүн жана каранын сулуусу деп чын жүрөгүнөн ынаткан күйөөсүнүн келбетин жылуу сезим менен көз алдына элестетип, анын ак көңүл, ишенчээк мүнөзүнө жүрөгү жылыды. Эң негизгиси, мени сүйгөн күйөөмдү кыйнабайын деп керебетинде үшүп, бүрүшө, сулк жата берди. Түркүн ой кыялын аралап, балалуу болуп алып кайненесине ак шейшепке оролгон бала менен баргысы келет. Бир убакта эшиктин шарактап ачыла баштаганынан улам билмексенге салып уктамыш болуп калды. Калдалаңдап эки колуна көтөргөн баштыктарын үйдүн бурчуна коюп, курткасын чечип, Адаштын бетинен өбө :
— Адашка, тур тамак камын көрөлү.— деди жайдары үн менен Матай.
Өзү сатып келген кичине плиткасын токко сайып, текшерип көрүп, чай койду. Буга чейин эч жумуш кылбаган күйөөсүнүн баштык көтөргөнү, чай койгону Адашка эрөөн көрүндү.
Акырын ордунан туруп барып, күйөөсүн аео сезим менен карап алып, тамак камын көрүп кирди. Күүгүм кире баштаганда, коңшу эшиктер кылдырап ачылып, жымжырттыкты бузган кобур-собур үндөр чыга баштады. Матай менен Адаш коңшу эшиктер да өздөрүнө окшогон үйсүз адамдар үчүн убактылуу жай экенин түшүнүштү. Акакты чакырып алып көпкө, сүйлөшүп отурушту. Акактын сөзүнөн беш-алты жыл мурун күйөөсү автокырсыгынан кайтыш болуп, улуу баласы Москвадан келип, өткөн жайда ушу төрт бөлмөнү салып бергенин айтты.
Акак таң эрте Матайды ээрчитип барып, таанышынын дүкөнүнө жүк ташыгыч кылып орноштуруп койду. Адаш кечке үйдө күйөөсүнүн келишин күтүп болгону тамак менен алек.
Эки күн өттү. Акак киргенинен ага чай берип, чыгаралбай жаткан букту чыгарып, күйүтүн айтып алды.
— Матай менен жети жылдан бери жашап, балалуу боло албадык. Анын айынан акыры минтип...— деп, жашый олтуруп аз болсо да армандуу тагдырын ортого салды.
Акак тунжурай олтуруп укту да:
— Матай доктурларга көрүнгөн жокпу, балким айып анын өзүнөн болбосун?— деди.
— Матайдын ден соолугу жакшы. Мен көрүнгөн доктурларым ден-соолугуң жакшы, күтө тур, төрөйсүң эле дешет. Оозуңарга май! Ошондой болсо кана! дейм. Төрөөрүмө ишенем, биринчи курста окуп жүргөндө боюмдагы баланы алдырбаганда быйыл тогузга чыгып калмак эле. Эл эмне дейт деп кур намыска алдырып, анан калса Матай да чечкиндүү болуп, апасына үйлөнөм деп айта албай жүрүп албадыбы? Ошондо жаштык кылыптырмын да. Азыркы акылым ошол учурда болсо, Матайдан чечкиндүүрөгүн издеп же акыры тиеримди билгенде ата-энесине өзүм эле барып, силерге келин болом деп олтуруп алсам минтип баланын азабын тартып саргара куу баш болуп күтүп олтурбайт элем. Анда жокчулугуна деле кайыл элем. Биринчи курста үйлөнгөнүбүз уят деп үчүнчү курста баш коштук. Андан кандай майнап чыкты. Тескерисинче, баары тескерисинен кетти. Окуубуздун акыларын төлөй албай жылына кийинки жылга калтыра берип мына, тогуз жылдан бери карт студент болуп келатабыз. Матай көчөдө ойноп жаткан кичине балдарды көрсө жалдырап карап, аларга чөнтөгүндөгү жарыбаган бир аз, нанга деген да акчасын кантип сунуп жибергенин өзү да билбей калат. Мени карап , балмуздак жегиси келгендей көрүнүп кетти деп актанат. А мен эмне деп айта алам. Аны көргөндө каңырыгым түтөп, жүрөгүмдү бирөө сыйрып салгандай болуп кетет. Өзүнүн баласы болсо көчөдөгү бирөөнүн балдарын караар беле? Аттиң, атаны баладан, ата-энесинен ажыраткандай өзүмдү күнөөлүү сезе берем.
— Адаш, сен көп кейибе, азыр медицина өнүккөн. Бир-эки жыл күт, эч айла кетпесе, жасалма бойго бүтүрүү деген чыкпадыбы, ошону жасатып көргүлө.
— Ал кандай эжеке?— келин чындап кызыга түштү.
— Азыр менин тааныш доктурум Казакстанга иштеп кеткен, келгенде дайнын билип, анан сага айтам. Болбогон нерсеге ыйлайсың, кейийсиң да. Андан көрө жумуш таап, акча топтогула. Догдурга бериш керек...
Ошентип экөө үчүн шаардагы акча табуу деген жанталашкан жашоо башталды. Адаш бир кафеге идиш жуугуч болуп ишке орношту.
Бир аз тыйын бөлүп, чогултумуш болгондору менен, күнүмдүк түйшүктөн анча ашпайт. Анүстүнө, элден чыгып калбай кошуналар менен майрам, кичине той-пой боло калганда чай ичишип, сырдакана болуп калышат. Матай менен Адаштын балалуу болбой жүргөндөрү баарына маалым болду.
Жаздын бозомук тарткан жылуу мезгили. Берекелүү жамгыр далай жолу жаап өтүп, көк чөптөрдү жыбыратып чыгарып койду. Жамгырдан кийин аба тазарып, күндүн нуру көрүнүп, жапжашыл суу жалбырактар тазарып, жаңы болуп сергектелип турду. Адаш короодогу ак, сары, кызыл эрте жаздагы гүлдөрдөн терип келип, банкага салып жатты эле, каалга тыкылдап калды. Эшикти ачса кошуналары экен. Кошунасы Жаркын төрөтканада санитарка болуп иштечү. Акак экөө кирип келишип, төрөтканада жаш кыз жаңы төрөгөн баласынан баш тартып, албай жатат, Адаш, багып албайсыңарбы, эркек бала экен,— деп калды. Эртеси эле Жаркын Анара деген тааныш доктуру менен сүйлөшүп, баланы алганга аракет кылышмак.
Уландысы бар...
Урматтуу окурмандар ушул чыгарманы окудунуздар беле?окуган болсонуздар комментарий калтырыныздар ошого карап чыгарабыз...убара болбой
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 16