Адаш мындай күтүлбөгөн жаңылыкка ишенип-ишенбей кубанып да, чоочун баланын тагдырын моюнуна алуудан чочулап да далдырады. Матайга айтууга батынбады. Алгач өзүм ишенимдүү болоюн деди. Былкылдап бирде оң көзү тартса бирде сол көзү тартат. Сүйүнүчкө, жалаң сүйүнүчкө, деп манжаларын өөп көзүнө тийгизип жатты. Ал, түнү бою кыялданып, жакшы тилектерди тиленип кирпик какпай таң атырды. Эртең менен күйөөсүнө айтты эле ал кубанычтан жарыла жаздап кубаттады. Экөө бекем бир бүтүмгө келип, Жаркынга айтышты. Ошентип балага ороо-чулгоо алып, жооптошкон убакта Матай менен Адаш түшкө жакын ишиндеги Анарага келишти. Ал баланын кийимин алып, азыр алып чыгам деген бойдон ичкери кирип кетти. Күтүп олтуруп наристесин алып кетүүгө келген ар кандай бактылуу адамдарды көрүп олтурушту. Мындагы он эки адам бактылуу бир ымыркайды күтүшүүдө. Эки куда, кудагыйлардын биринчи неберелери окшойт. «Өкүлата -өз ата»— деп айтып аткандарына караганда араларында өкүлата-өкүлапасы да бар окшойт. Мен шампанымды ачайын десе, жок мен силерди куттуктайын деп айтор бири-биринен аша март болуп жатышты. Баланын атасы жаш жигит мурдун көтөрө өзүн арстан сезип, -«эртерээк чыкпайбы, бачымыраак кыймылдасаңар»— деп баланы ороп чыгара турган айымдарга бир барып, шампан менен бир-бирин куттуктап жатышкан ата-энелерине барып, -«болду эми калганын үйдөн уланткыла»— деп башкарган болот. Гүл көтөргөн аяштарына да бирдемелерди айтып мактанып жаткансыды. Жаш атанын досторунун биринин колунда сүрөткө тарткан апараты, биринде видеокамера. Бах, мындай сыйды ким гана каалабасын, деп Адаш ойлуу олтурду. Мындайды болтуралбаган мен, бир гана мен күнөөлүүмүн деп ызаланды. Матай өзүн алар менен чогу жүргөндөй бактылуулар күлсө кошо күлүп, алар менен өзүн да бактылуу сезип олтурду. Ал түгүл жаш ата алар жакты караганда, Матай колун бекем кысып куттуктагысы келдиби ордунан тура калды. Жигит башка тарапка басып кетти. Балким ал жаш атаны куттуктап өзү да мактангысы келгендир. Эмне деп мактанмак? Тааныбаган бир аялдын баласын күтүп жатам демекпи? Же өз уулум деп калп айтмакпы, жаныңдагы кимиң десе эмне демек? Аңгыча наркы эшиктен кабагы бүркөө, кимдир бирөөдөн корккондой өңү кубара Анара эже шаша чыгып:
— Азыр алып кете тургула, калган шартты эртең сүйлөшөбүз. Тезинен көздөн далдоо кеткиле, силерди Жаркын аркылуу табам. Азырынча эч кимге билгизбей тургула,— деп кайрадан ичкери кирип кетти.
Матай менен Адаш кубанычтары койнуна батпай дароо такси жалдаган боюнча үйүнө жөнөштү. Адаш машинага олтураар менен терезелерди жаптырып салды. Апрель айынын орто чениндеги күндүн аябай ысып турган кези эле. Айдоочуга жакпаса да терин аарчый, баланы карап унчукпай, үп машинесин айдап баратты. Адаш өз энеси менен кайыненесин көз алдына келтирип, сыймыктана: мен да силердей эне болдум. Барганыбызда кайненем уулума батасын берип, бизди кечирээр дегени менен ичинен өзүнчө бушайман. Алда неден корккондой чочулагандай. «Капырай мен эмне сүйүнүчкө бөлөнө албай жатам» деген түпөйүл ойдо кетүүдө. Бул наристе бизге кут болуп, ынтымак, кереметтердин нурун чачкан, бизди бактылуу кылган бала болсун,— деп күбүрөнүп олтурду. Бир нерсени эстей койгондой Адаш баланын бетине жакындай калып шыбырап жатты:
-Баса, уулум таарынба! Бүгүн сени элдей кылып алып кете албасак да, мындан аркысын элден өйдө кылабыз деп— күлүп койду. Машинанын алдыңкы орундугуна олтурган Матай улам артына кайрыла карап, эч нерсе менен иши жок, мемиреп уктап жаткан наристени карап жылмаят.
-Ушул көчө менен айдай бериңиз. Тигил бурулуштан оңго!— деп колун жаңсай айдоочуга жол көргөзүп жатып, дагы бир кылчайып наристени карап алды. Батирге жакын токтогон машинеден Матай атып чыга үйдүн кулпун ачканга шашты. Балким ага баланы үшүтүп же күн өткөздүрүп албайын деген ой келгендир. Адаш өзүн токтоо кармап, энелик жоопкерчилик менен баланы аяр кучактай, ошол эле учурда кимдир бирөөгө мактангысы келгендей жанындагы батирлерди карап алды. Эч бир тирүү жан көрүнбөйт. Айланадагы тынчтыкты бузган артка кайрылып жаткан таксинин үнү гана. Эшикти жадырап ачып, бала көтөргөн келинчегин күтө калды эле, алар менен бирге күтүүсүз ак көгүчкөн үйгө кошо учуп кирди. Жубайлар үйдү айлана учуп жүргөн аппапак көгүчкөнгө таңкала да, суктана да карап калышты.
— Адаш, кармап берейин, өз колуң менен эркиндикке учурчу,_ деп Матай көгүчкөндү кармамак болду. Колуна сүлгү алып, жаш баладай көгүчкөн кубалаган жолдошун кубаттаган Адаш алгач боору эзиле күлгөнү менен акыры жандалбастай, жардам сурагандай уулу экөөнүн төбөсүндө чарк айланып учуп жүргөн көгүчкөнгө боору ооруп кетти. Күлкүсүн токтото коюп, чуркап барып эшикти ачып жиберди. Көгүчкөн эмне максат менен учуп келгенин билгизе албай асманга бийик учуп жок болду.
— Каап, картайсам керек, кармай албай койдум,— деп Матай кичинекей кызыл эт баланы колуна алган менен олдоксондонуп, коркуп, демин ичине ката жарым сааттай жалдырап олтурду. Баланы жыттаганда апасы эсине түштү. Ооба, бул апамдын жыты. Апама эмне таарынып жүрөм. Балада сөз менен жеткизе алгыс, өзүнө тарткан чоң күч бар тура. Энем, балам, бул назик жыт, сагыныч. Ох, түшүнө албайм деп сезими менен сүйлөшөт. Көзүн ирмебей качан ойгонот дегендей жалдырайт. Ошондо Матайдын жүзүндө жаштык да, сүйүү да, аталык мээрими да төгүлүп турганын Адаш көрүп, «өз канынан жаралса такыр эле эзилип калмак окшойт» деп улутунуп алды. — Ики, колунун кичинекейин, тырмагынын узунун кара. Ой, колу эмнеге кара? Адаш карасаң, алаканында жазуу бар экен. Бул арапча «Алла» деген сөзгө окшош экен. Эстесең, баягы, сен үйрөнгөн досумдун машинесинде да ушундай сөз жазылып турчу эмес беле.
— Койсоңчу тамашаңды. Кана? Ээ тобо, чын эле «Алла» деп жазылып турат ко! Энеси өчпөй турган кылып бирдеме менен жазып койгон чыгар. Мейли, жүрө берсин, киринткенде кетип калат.
— Мына, мына көзүн ачты. Адаш бери кара, эми оозун ачты, курсагы ачты окшойт. Кел, сен баланы ала тур. Мен бөтөлкө, сүт сатып келейин,— деп камкорлонгондо жолдошуна ыраазы боло, Адаш аны бетинен ысык өптү.
— Матай, баланын кыркы өткөнчө эч кимге айтпай туралы, торолсун,— деп Адаш кимдир-бирөөдөн кызганып кетти.— Баланы колума алып, жыттагыласам эмчегим зыркырап кетти. Ичим эзилип кетип жатат.
Матайдын мурду, көзү, кашы, сарылыгы, оозу болсо мага окшош экен деди ичинен. Башка эле бир аялдын баласына ушунчалык эзилип жатам, өз балам болгондо кандай болмокмун деп ойлоп алып чочуп өзүн-өзү жекире баштады... Бул эмне деген ой. Уят, дагы эч ким укпаганы жакшы болду. Колуна барак калем алган Матай Адаштын оюн ырас бөлүп жиберди. Эмизчү бөтөлкө, сүт, айран шым деп жаздым, дагы эмне керек?
— Алтыным, жаңы төрөлгөн балдардын кургак сүтүн ал, кийим да керек. Жолдо катар уулубузга ысым ойлоно кел,— деген аялынын сөздөрүнүн аягын угуп-укпай Матай чуркаган бойдон кетти.
Бала багып көрбөгөн немелер сүт берүүнүн эрежесин окуп, даярдап беришти. Бала таң атканча жакшы уктагандай болду. Ыйлабай эле жатты. Түшкө жакындап калганда Жаркын менен Анара келди.
— Балаңар кандай түнөдү?
— Ырас эле, эжеке. Сизге аябай ыраазыбыз. Сүйүнчүнү даярдап койдук.
— Ырахмат, бул сизге,— деп, Матай далдалактап кубана Анарага акчаны сунду.
Акчаны санап, эмнегедир капысынан анын өңү кумсара түштү да:
— Баланы алып келчи көрөйүн,— деди.
Адаш көтөрүп келген баланын бетин ачып:
— Ай, баланы куураткансыңар го! Каранкүн, өлтүрүп кое жаздагансыңар го, бала багып көргөн эмессиңер го. Кайра төрөткананын реанимациясына алып жөнөгүлө. Дем алганы оордоп, бети көгөрүп чыккан тура. Тез такси чакыр,— деп баланы шашыла ороп кирди. Матай менен Адаш да корккондорунан тура догдурга жөнөштү.
— Эже, балким дүкөндүн сүтүнөн кыйналып калдыбы, же киринткенде суук жегизип койдумбу. Үйдү аябай эле ысытып Жаркын экөөбүз киринткенбиз.
— Билбейм.— деп кабагын чытып сүйлөшкүсү келбеди. Догдурга жеткенде гана баланы Адашка берип:— Силер көрүнбөй тургула, мен халатымды кийип келип өзүм алып кетем,— деп шаша бөлмөгө кирип кетти.
— Уулум кечирчи, сени оорутуп койдумбу. Сен айыксаң, зам-замдын-өлбөстүн суусун алып келип ичирем. Биз бактылуу болобуз. Уулум, көпөлөгүм менин деп ыйлап жатканда ак халатын кийип чыккан Анара баланы колунан жулуп кетти.
Матай да келинчегинин көз жашын аарчып, кейип турду. Эмчеги дагы бир ирет зыркырап ооруп кетти. Бул эмнеси? Же энелик сезим деген ушулбу. Бир чай кайнатым убакыттан кийин Анара чыгып, баланын жүрөгү чоң экенин, көпкө жашабасын, жооп күтпөй үйлөрүнө кете беришин айтты эле, так төбөсүнөн кан куйулгандай Адаш жерге шалак эте олтуруп калды. Матай экөө кандай чечим кабылдаарын билишпей жалдырай тиктеше түштү. Матай да туттугуп, сөз таба албай, көзү чакчайды.
— Наристени бул жерге кантип таштап кетем. Жок, ал эми менин уулум. Эч кимге бербейм. Эмнеге мында алып келдим. Акмакмын. Уулумду кайра алып чыкчы Матай, суранам. Булар мени алдап жатат, уулумду бергилери келбей жатат, алтыным Матай жардам берчи мага. Уулумду алып кетем,— деп Адаш акылдан айныгандай сүйлөнүп ыйлап жатты.
Кайра чыккан Анара өзөгү өрттөнүп турган шордууларды урушуп кирди:
— Балаңар жакшы болсо эртең кайра алып кетесиңер, бизде комиссия жүрөт, бул ишибизди билип калышса соттолуп кетебиз, баарыбыз. Үйүңөргө барып тургула дебедимби. Угуп калгылачы байболгурлар. Тим эле баладан көзүңөр катып, жетимишке чыккандай болосуңар да.
Матай колундагы баштыкты ачпастан Анаранын колуна карматты. — Бул менин уулумдун оокат, кийимдери. Жакшы карап, айыктырып бергиле. Мына бул телефонго чалсаңар биз менен байланышасыңар. Жок, эртең өзүм келем.
— Мени киргизип койгулачы, уулумду өзүм карайм.— Адаш жалооруп жиберди.
— Бала апараттын ичинде. Ага киргизишпейт. Киргениң менен эч пайда кыла албайсың ага,— деп Анара силкилдеп, кайрадан ооруканага шашып кирип кетти.
— Жүрү, Адаш бала бир аз дарылангандан кийин алып кетебиз.
— Жок, мен баламдын жанында болом. Ал меники, биздики.
— Адаш, алтыным, балабызды сөзсүз алып кетебиз. Азыр ага бир аз дарылануу керек. Анан баары жакшы болот.— Матай аргасыз аялынын көңүлүн жубатымыш эткен менен ичинен бала экөөнү тең аяп, ичи туз куйгандай ачышып турду. Алда неден үмүтөткөн жубайлардын буттары тушалып, кыйлага чейин күдөр үзбөй күтүп кыя басып кете албай турушту...
Бир күн эле мурдакы жакшылыктын шооласы жылт этип көрүнүп, кайрымсыз жоголгондой.
Матай экөө көптөн кийин ындындары өчүп, соксоюп үйгө келишти. Эми кечээ эле бейиш-үмүттүн очогу сезилген үйү караңгы үңкүрдөй сезилип турду. Жымжырт, дубалда илинген саат гана бир калыпта кургак тыкылдап өткөн убакыттын эсебин алат.
Бир саат үйдө Үйдө саналуу гана убакта болсо да наристенин жагымдуу жыты сиңип калыптыр. Мындай эч ылаажысыз оор акыбалга кабылышкан эмес эле. Экөө үнсүз дулдуюп эрте эле жатып алышты. Бирок кайдагы уйку. Сарсанаага түшкөн Адаш кайненесинин да уулун колунан жулдуруп, шалдайып, ачуу жашка бетин жууп, эртели кеч эрмеги санаа болуп калганын сезди. Уулубуз аягаар менен кайын журтка баралы. Кайненем да мен сыяктуу уулуна болгон сагынычын таратсын. Эне баланын айрылуусун эч кимге каалабайм деп ойлоду.
Эртеси доктурга барып Анарага жолугушса, ал, дагы эле апаратта. Кечинде келгиле деп караанын үзгөнчө шашты. Кечинде келишсе Анара жок экен. Канткенде эртеңки күндү күтүп тынч жүрө алышат. Бирок антпеске да амалдары жок эле. Кийинки күнү дагы барышты. Анарасы дагы жок. Үйгө келип коңшусу Жаркындан дайынын билели дешсе, ал:
— Мен бүгүн жумушта жок болчумун, эртең таң эрте барам, караштырайын,— деди.— Мындайын укпаган элем, эмне болду экен?..
Жубайлардын чыдамы түгөнө жаздап Жаркынды ээрчите таң атпай жөнөштү. Ал кирип эле кайра чыкты:
— Анара эже жумушта жок экен, телефону жооп бербейт. Баланы таппай койдум. Бир аз күтөлү, Анара эже жумушка келмек.— деген Жаркын кирип кеткен боюнча түшкө жакын чыкты.
— Ал жумуштан бошоп кетиптир. Үйүнүн дарегин алдым. Барып көргүлө, орто жерде мен уят болгон окшойм. Жок дегенде акчаңарды кайрып берсин. Бирок ал, ишинен документин ала элек экен. Мен бул жактан аны кайтарайын, силер үйүнө баргыла,— деди.
— Кантип эле адамдарды улам бирине сатып, оюнчук көрөт. Акмак, мындайларды атып салса да аздык кылат. Колума бир тийерсиң, муунтуп өлтүрөм,— деп Матай ызырынып баратты.
— Сабыр кылчы, балким баланын оорусу күчөп, башка доктурга алып кеткендир. Жаман айтпай күтө туралы. Өзүбүздүн балабыз болсо бирөөнүн колуна бир мүнөт да карматпас элек, кантели,— деп Адаш ачуулана өзүнчө күбүрөнүп келатты.— Оо жараткан, башка тилегимди кабыл кылбасаң да ушул уулумдун амандыгын көргөзө көр. Кай күнөөм үчүн жазаладың?! Калп айтпадым, уурулук кылбадым, ак жүрүп адал жашадым, бирөөнүн көңүлүн калтырбадым. Бул дүйнөдө күнөөсү жок адам болбостур. Балким күнөөм: кичинемде курбум Нурпери экөөбүз кумурскалардын уясына кызыгып, аларды чукулап ойноор элек. Кумурскалар эч тынбай, дайыма түйшүк тартып эмгектенишет. Аларды азыр ойлосом, адамдар сыяктуу эле турак-жайын салышып, тукум улашып, ынтымакта, чогуу өз уюгун багышат экен. Тегерек-чекесин тазалап, башка уруулардын кумурскаларынан, башка жоодон эр-азамат жоокерлери кашык каны калганча коргонуп, салгылашат. Алар да кышкы камын жаздан баштап көрүп, балдарына кам көрүшөт. Кээде адамдардын ошол, кумурскаларча да болбой кеткенибизге таңкалам, убайым тартам. Нурпери экөөбүз аларды кечке карап, булардын эс алганга убактылары жок, кел буларга жардам берели деп бирден кармап, бөтөлкөлөргө салып, оозун бекитип, эми уктагыла дээр элек. Жуунганга да убактылары жок деп уяларына суу куйчубуз. Кээде жеген тамактарыбыздан үзүп берээр элек. Кошунанын биз теңдүү баласы мени оюнга кошпойсуңар деп күнүгө биз ойноочу дөбөчөдөгү кумурскалардын уясын бир күнү өрттөп жиберген эле. Ал, ошол эле күнү капысынан эти ысып, дүйнөдөн кайткан. Айран таң калганбыз ошондо. Нурпери курбум башка жакка көчүп кеткен бойдон кабарлашпадык. Ай ким билсин, ошенткен менен чоң күнөө кылган адамдар деле телегейи тегиз балалуу-чакалуу жашап жатышпайбы.
Уландысы бар ...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3