Адаш аларды карап: Өзүнүн чачыбыз коюу, тармал өссүн, бойубуз узун болсун деп жамгырда бийлеп, жылаңайлак ары-бери чуркаганына күлүп, балалыгын эстеп бир улутунуп алды. Үйдүн дал үстү жагынан тарс этип, күн күркүрөдү эле Адаш чочуп, бир силкинип алып, аларга берилген бөлмөгө чуркап кирди. Чагылган күлдүр-калдыр деген бойдон тоо жакка өтүп кеткендей болду. -Ох-ий, ичикий -деп үшкүрүнүп, көп өтпөй Матай да келди. Анын чачы, кирпигинен бери тып-тып этип жаандын тамчылары салаңдап түшүп жатты. Аны менен салкын аба, кара топурактын жыты кошо кирди.
Ошентип, Адаш менен Матай үч күн бою өздөрүн бейишке келгендей элестешип, сыйлуу конок болуп, араңдан зорго кайтышты.
Адаш кафедеги жумушунан чыгып, соодага өттү. Арзыбаган акчага Дордойдун дүңүнөн байпактарды апкелип, Ош базарында сатат. Окуу эмес, эртеден кечке базардын ысык суугуна чыдап жүрүп, күнүмдүк оокаттарын араң табышат.
Убакыт болсо зымырап өтүп жатат. Аларга катарлаш соода кылган аял бат эле оңолуп, иши жакшы жүрө баштагандай. Бир күнү ал аял Адашка:
— Адаш, ар нерсени жасаардан мурда, жол ачтырып алыш керек. Олтурган ордуңду да колунан келген адамдарга тазалаттырып, аластатып алсаң, соодаң жакшы болуп, үй, машине дегенге бат эле жетесиңер,— деп, кызыктырып койду.
Адаш «машинесине ыраазы элем, бир үйгө жетсек эле арманым жок болчу, ошентсе да багыбызга Акак эже туш болуп калбадыбы, болбосо канча орустун көзүн карап, үйүн тазалап, актайт элем» деген ойго чөмүлүп, «Матайды кетирбей турсам, жол ачтырып келмек экенбиз» деп улутунду.
«Кендирди кескен турмуш жагдайы какаганды муштаган дегендей улам жакадан алып азапка салып турду. Былтыркы дунгандардын тоноосуна кабылбаганда саал ирденип калат элек. Матайдын жооштугу болду да. Жайды жайлай дунгандардын талаасында эшектей иштеп, акысын алаарда бир КАМАЗ дарбызын жолдон кулатып алган үчүн, өлөөрүнө карабай тепки жеп, иштеген акысын ээси бербей, КАМАЗды оңдотом деп коркутканынан эптеп жыйган үйдөгү азыноолак акчабызды кошо берип, араң кутулганыбызчы. Жан деген кыйын болот экен, тапанча такаганда болгон акчасын берип кала бербедиби. Ошондон кийин алсыраган бечарам баарына кошкөңүл боло түштү. Өз жеринде качкын кейпин кийип, өз мекенинен куулуп келгендердин малайы болуп, таягын жегениңе арданасың, намыстанасың. Акчасына манчыркап, тоотпой, кысым көргөзгөнүнө күйөсүң. Өлкөбүздө жүзгө жакын улуттар жашаса алардын паралаган акчасына кызыгып, чоң кызматтарга кое беришет. Бири аким, бири депутат, начальник... Ошого ыраазы болушпай, өлкөбүздү гүлдөтөлү анын келечегине кам көрөлү деп ойлогон өз жок. Карапайым кыргыз кыйналганын, минтип үйү жок темселеп, башка өлкөлөргө кул болуп кеткендери кимди ойлонтуп койду дейсиң. Ырыстуунун баарын сатып өз келечектери эле эмес, тукумдан тукумга жеткидей байлык кубалап жатышат» деген ызалуу ой менен кимгедир жинденген Адаш ордун жыйнаштырып үйүнө жөнөдү.
«Соода жолун окутса эле байып кетет экен» дегенге кызыгып калды. Эртеси базар аралап, чоң кол чатырчанын астында, токойдогу козу карындардай кыдырата тизилип алган көзү ачыктарды көздөй бет алып, кайра кандайдыр бир күч тоскоол болгондой, өзүнчө кыжалаат боло аралай басты. Ар кандай ойлор. «Эгер көзү ачыктар сенин өмүрүң кыска экен деп койсо эмне болот. Үйгө жетип керез-мурасымды айта баштаймбы? А балким күйөөңдүн сенден башка дагы бир шуркуясы бар десе эмне кылдым? Көзү ачыктар айтты деп, жылаан чакпай, жылкы теппей ажырашамбы? Жок, андай болушу мүмкүн эмес»— деп үнүн чыгарып айтып жибергенин өзү байкай калып, уялганынан эки жагын каранып алып басыгын ылдамдатты. Кайдагы жаман ойлор тооруйт да турат, мен алардан төлгө эмес, соода кылууга жолумду ачып бер деп суранганга баратам да. Бул чоң деле күнөө эместир. Мына! Ар бир көзү ачыктарда мен сыяктуу эле адамдар олтурат. Тигил курсактуу чоң киши сыртынан караганда бир мекеменин жетекчисиндей көрүнөт. Балким анын жакшы турмушуна ушул жердеги көзү ачыктардын таасири тийип жаткандыр. Ооба, ал ошол үчүн мында келди да» деп, өзүн жубатып баратты.
Көзү ачыктардын бири ак жоолук, ак көйнөк кийсе, бири заманга жараша ылайыктап кийинип, ал түгүл көзүн, оозун боенуп да алгандары бар экен. Бир эркек көзү ачыгы башына ак такыя, үстүнө ак узун көйнөк, ак шым кийип, бутунда кепич маасысы бар болсо, бири жөнөкөй эле күнүмдүк кийими менен олтурат. Баарынын алдыларындагы кичинекей үстөлчөдө бир кочуш нобуя, арча, аарылардын балы, жылаандын кабыгы, камчы, куштун канаты, карышкырдын тарамышы, көз мончок, бычак, карта, дептерин коюп коюшкан экен. Бул жерде кыргыз эле көзү ачык эмес, цыган, орус, казак, өзбектери да эмгектенишет экен. Буларды аралай кимисине токтоп төлгө салдырарын билбей баса берди. Туура, так айта турган төлгөчү тапсам деп издеп жүрдү. Алар да Адашты карап, чоң кыз кел, мен туура айтам десе, бири мен кудайга жакыныраакмын дегендей тесмесин кармап, алда ким менен сүйлөшкөндөй, оозун кыбыратып жатты. Тигинде бирөөсү камчы менен өз жонун чапкылап, чык, чык деп камчысын чаң жуккандай силкип тазаланып жаткандай. Чоңураак кол
чатырчанын ылдый жагын тегерете көшөгөлөнтүп алган кай бири айнек менен, кай бири түзсүз клеенка менен жаап алгандары Адашка жакты. Эмнегедир күнөө иш кылгандай төлгө салдыргандан тартынып, бул жерде олтурганымды тааныштарым көрсө уят го дегендей эки жагын каранып, кооптонду. Эгер буларга жолукпасам, анда бул жерде эмне турам. Же мени бирөө мажбурлап алып келгенсип, кетенчиктейм да. «Мынча келген соң соода жолумду ачтырып, келечегимди сурап, төлгө салдырайын», деп чечкиндүү кадам шилтеди. Кол чатырдын ичиндеги жашы алтымышка таяп калган энени көрүп, көптү көргөн эне алдабас деп кагазга жазып илип койгон жазууга үңүлдү. «Көзү ачык Жумашова Үрүл Кайназаровна. Алла Таала берген касиеттери менен төлгө салат. Оорууларды аяктырат. Кайтарма окуйт. Дем салат. Жол ачат. Алла Таала шыфасын берсин» деп жазып алыптыр. Кудайдын сүйгөн пендесимин деп жазган соң жөн адам эместир деп Адаш токтоп, ага карап калды.Кел, кызым, кир, мына бул тактайга олтур,— деп, колун жаңдай көшөгөнү жаап алды.
«Ох, ырас жаап койду, эми мени эч ким байкабайт» деп, көпкө басып жүрүп талыкшыган буттарын сунуп, тактайга эс алып олтуруп калды. Көзү ачык жүзаарчыдай кылып кесип алган ак кийиздин үстүнө бир кочуш нобуясын чачып:
— Атың ким? Атаңдын аты ким? Эмне жылында туулгансың? Алла Таааладан эмне сурайсың?— деген суроолорун жаадырды.
Адаш тартына жооп берди да:
— Төлгөңүзгө эмне түшсө айта бериңиз. Баса канча сом беришим керек?— деди бул жерден тезирээк кетсем деген ойдо.
— Жүз.
Эне чачкан нобуяларын үч топко бөлүп, аларды дагы үчтөн бөлө баштады. Өзүнчө кимдир бирөө менен сүйлөшкөндөй ийи, ийи деп колун кармап, алаканынан бир нерсе издегендей, кайра туруп сөөмөйү менен аны чийгилеп, анан билегинен тамырынын согушун санай баштады.
— Эми мени жакшылап ук. Таза кандуу ак сөөктөрдүн тукумунан экенсиң. Чоң атаң же тай жагыңда кыргызчылык бар экен. Ошол касиет сага келиптир. Сен мойнуңа алышың керек. Асмандан кут бешенеңе түшкөнүн билесиңби?
Адаш таң калганынан не дээрин билбей, үнсүз эки ийнин куушурду. Жан дүйнөсүнө бүлүк түшүп, не сүйүнөөрүн же кейирин билбей турду. Асмандан кут дегени жакшыдыр. Ал эми кыргызчылыкты мойнуңа ал дегени кандай болду экен. Мындай сөздү эч кимден уккан эмес.
— Кээде коркосуң, артыңда киши жүргөндөй болот. Түшүңдө аян көрөсүң. Колдоочуң бар. Ат-арбактар менен сүйлөшүшүң керек. Тапкан акчаң өзүңө жукпайт. Жолуң торолуу. Сени көрө албаган бир аял дуба таштаган. Үйүңдү да дубадан тазалат. Акчадан кыйналып жүрөсүң. Ден соолугуң да жакшы эмес. Кызым, ушунча кыйынчылыкка кантип чыдап жүрөсүң? Менин да сендей кызым бар. Кааласаң дубаңды жандырып, жолуңду ачып, ден соолугуңду карап, кыргызчылыгыңа жардам берем. Акчаны да окутпасаң, сага акча токтобойт деди.
Төлгөчүнүн оозун карап, Адаш уюп калды. Аял өзүнө тартып сүйлөгөндө, энелик мээримин төгүп, кызым, айланайын дегенде өз энесине эркелегендей астына жатып, чачынан сылаттыргысы, эркелегиси келди. Көз алдына жаркылдаган, мээримдүү апасы келе түштү. Апасы Адаш он беш жашка чыкканда төрөттөн кайтыш болгон эле. Ал да:
— «Кызым, айланайын жалгызым, карыганда төрөйм деп, сени да кыйнамак болдум. Энесиз, турмуштун оор соккуларына кантип чыдаар экенсиң»,— деп көзүнө жаш кылгырган эле. Адаш апасын эстегенде акыркы ушул сөзү, кабатырланган ошол элесин элестетчү. «Туптуура айтты. Коркоктугум бар. Түшүмө да маркум апам бат-бат кире берет. Акча да жукпайт. Баламдын башын айлантып кое бербейт деп балким кайненем дубаласа дубалагандыр. Матай акча көп таап, жакшы кызматта иштебегенден кийин, дубалап менден тартып ала турган аял деле, душманым деле жок го, же аны билбей жүрөмүнбү. Дубаны жандырбаса иши оңолбой, ал түгүл дубалап кишини өлтүрүп койсо да болот экен деп укту элем. Ал тукум кууп кете берет дегени да чын болду бекен. Эгер ошонусу чын болсо анда энелер дубалатпайт.
Кантип эле өз укум тукумун куруткусу келсин. Жок кайненем да эмес». деген ойго кетти. Анын күйөөң жокпу деген суроосуна да жооп бербей үнсүз мелтиреп олтура берди. Экинчи жолу кайталап сураганында гана бар деп жооп берди.
— Жок, кызым менин төлгөмдө никең жок болуп түшүп жатат.
— Күйөөм бар. Күбөлүгүбүз да бар.
— Молдо алып келип, нике кыйдырдыңар беле?
— Билбейм. Эсимде жок. Анын эми кандай кажети бар? Андан көрө жардам бериңиз,— деп сөздүн нугун башка жакка бурду.— Эне, чын эле жолдошум экөөбүз тең жакшы жумуш таппай аябай кыйналып кеттик. Бир жерден арзаныраак алып, кайра үстүнө анча мынча үстөк кошуп керели кечке какыйып базарда соода кылам. Аныбыз сиз айткандай батирге төлөгөнгө, оокатыбызга араң жетет. Акча жолубузду ачып бериңизчи.
-Кызым, сен азыр кудайдын чоң сыноосунда турасың. Эгер жакшы жүрсөң, сыноолорго сабыр, акыл-эс менен туура кабыл алсаң, анда сени өзүң сурангандан үч эсе көп балага да, байлыкка да, бакытка да жетесиң. Көп адамдын сообуна каласың. Керек болсо дүйнө жүзүнө атагың кетет.
-А, эмне кылсам, сыноодон бат кутулам да, жанагыларга кантип батыраак жетем.
-Ашыкпа, убагы келет, ошондо көрөсүң деди.
Көзү ачык Адашты арбап алгандай болуп, анын жанынан кеткиси келбеди.
Ошентип көзү ачык сууга, шекерге дем салып берди. Ага жүрөк сырын, арман черин айтып берип жеңилдеп алды. Үйлөрүнө аялды жети күн алып келип, үйгө дем салдырып, ал айткандай дубадан тазалаттырышты. Тумар жазып берип, моюндарына тумар тагынышты. Сырткы каалгага аттын такасын кагып берди. Кечкисин шам жагып, күйүп жаткан шамга жалынып, таңды тосушту. Орус мүнөз Матай да аябай ишенип, аялдын ар бир айтканын жасашты. Үмүт деген кыйын экен, даба болуп кетеби деп ишеним артып жети мазар да кыдырышты. Биринде тоодон агып жаткан шаркыратма сууга сыйынышса, биринде чынар терекке сыйынышты. Баатырлардын мүрзөсүнө түнөп, кээде тоодогу мазар делген чоң таштын түбүнө түнөшөт. Аял экөөнөн башка да он чакты шакирттери менен түнкүсүн жар салат. Түнү менен жарда олтуруп, эртеси базарда үргүлөп жүрүштү. Жарда олтурганда камчы менен чаап, жин-шайтандардан тазалап жатты. Ыйласаң да, кубансаң да баари бир жашоо өтө берет экен. «Кыргызчылыгың жетилип калды» деп аял Адашты өзүнө шакирт кылып, колуна камчы, тесме карматып оорулуу адамдарды укалата баштады. Бир күнү бир аялдын оорусун укалаган болбойт экенин кайдан билет, Энеси укала дегенинен укалап, оорусун күчөтүп жиберишти. Катуу кыйналып, доктурга барса алар «туура эмес дарылаган үчүн сотко бергиле» деген экен. Ошондон кийин ал көзү ачыкка барганын койду. Оруулуу аялдын күйөсү «сотко берем» деп коркутпаганда балким Адаш да Ош базарында көзү ачыкмын деп төлгө салып олтурат беле. Ким билет. Бирок өзүн бир топ жеңил сезип калды. Жетпеген турмуштун айынан таптакыр башка, жаңы дүйнөгө киргендей болду.
Акчага жолу ачылмак түгүл, күнүмдүк тапкан акчасынан да айрылышты. Аздап болуп турган соодасын токтотуп, эл дарылап, мазар кыдырып кеткен Адашта кайсы акча калмак. Окуу деген ордунан жылбай калды. Дагы Матайдын тапканы аз болсо да, жумушунан чыкпаганы дурус болуптур. Бүбүчүлүктөн пайда болбогондон кийин кайрадан базарга чыга баштады. Устатына да барбай калды. Ал да илгери үмүт болду да. Алдыда жакшы күндөр күтүп турат, баары биз ойлогондой болот деп, ошого каниет кылып жүрдү. Кечкисин китеп окуп, экөө тең өздөрүн алаксыта: «Жайсаң Үмөт уулу Айкөл Манасты», Байсалов Алымбектин »Улуу кыргыз ордо» китептерин окуп, Теңирчиликке ишенип, Улуу Көкө Теңир колдо деп кечкисин жылдыз чыкканда тилектерин тиленип суранышат. Бир күнү Матай жумушка барбай үйдө телевизор көрүп олтурган. Дарбазаны бирөө каккандай болду. Сыртка чыгып, эшигин ачып караса, эки жаш кыз турат. Матай аларды сын көз менен баштарынан аягына чейин сыдырып карап алды. Сулуу кыздарды көргөндө Матайдын сылыктанып, жасалма сүйлөп, өзүнө көңүл бурдурганды жакшы көргөн мүнөзү бар эле. Кыздар сылык учурашып, сумкаларынан китеп алып чыга баштады. Бекерчиликтен эригип олтурган Матай кыздар менен аңгемелешейин деп:
— Ичкери үйгө киргиле,— деди. Кыздар да каршы болбой үйгө кирип, диванга олтуруп калышты. Алардын максаты үгүт иштерин жүргүзүп Матайды өздөрүнө кошуп алуу. Бул динге чакырууда эркек адамдар менен сүйлөшүү жеңилирээк. Кыздарды сыйлап сөздөрүн аягына чейин укту. Аялдарга сөздүн башын баштаганда эле көпчүлүгү башымды оорутпай, кой айланайын, сенсиз деле өзүмдүн ишим чачтан көп деп каалганы тарс жаап алышат.
Матай шашалактап, чачылган гезиттерди иреттеп кыздардын эмне максат менен келгенин сурагандай эки кызды алмак— салмак карап калды.
— А, кечиресиз. Биздин беймал келип тынчыңызды алганыбыз үчүн дагы бир ирет кечирим сурайын. Менин атым Галя. Бул айым Гуля.— Угуп жүргөн, бул кыргыз кыздарынын баптистер чокундуруп коюп берген аты окшойт.— Сиздин ысмыңыз... Сизден бир суроо сурасак болобу?
— Матай.— деп башын ийкегилеп койду. Кыздар сүйүнгөндөй бири-бирин карашып, анан чийкил сары кызы:
— Ысмыңыздын ким болгонун билесизби?— деди сырдуу да, азгырыктуу да.
— Жок, билбейт экемин,— деди сөздүн жүйөөсүнө түшүнбөгөндөй.— Атам митирке аларда Атай деп жаз десе, митирке жазган орус кыз Матай деп жазып койгонун айтышкан.
— Анда сиз Теңир колдогон, кудайдын сүйгөн пендеси экенсиз. Атабыз Матай деген адамды көрүп, ага «Менин артымдан ээрчи»,— деп ээрчитип, ал түгүл бир дасторкондон даам татышкан. Демек сиздин атыңыз пайгамбардын атынан коюлган турбайбы. Мына бул китепти окусаңыз, ичинде Матай жөнүндө жазылган. Сиз кандай ойлойсуз: асман, жер, суу, от, тоолорду ким жаратты?— деп көзүн балбылдатып, кара тору сулууча келген кыз кара түстөгү Инжил-забур деген китепти Матайдын колуна кармата койду.
Берки сары кыз да сөзгө аралаша:
— Күн-түндү, ай-жылдызды, адамды жараткан кудай эмеспи. Ал «Ким силерди кабыл алса, ал Мени кабыл алган болот. Ким Мени кабыл алса, ал Мени жиберген Кудайды кабыл алган болот» деген. Жер жүзүндөгү элдин баары кудайга сыйынып, Теңирдин бар экендигине ишенишибиз керек. Бул туурасында сиздин оюңуз кандай?— деп кыздар Матайдан жооп күтүп калышты.
— Ооба, башыңа кыйынчылык келгенде, корккондо кудай сакта дейбиз да. Бирок Кудай жөнүндө кеңири түшүнүгүм деле жок,— деп абдаарып калды Матай. Ошентсем кыздар көбүрөөк олтурат деп да ойлоп кетти.
— Дененин чырагы көз. Эгерде көзүң таза болсо анда бүт денең жарык болот.
— Эмне ичип, эмне жейбиз деп, жаныңар үчүн, эмне кийебиз деп денеңер үчүн түйшүк тартпагыла. Тамакка караганда жан, кийимге караганда дене кымбат эмеспи.
Анткени жалгыз Атабыз булардын баары үчүн түйшүк тартышат. Ал эми силердин ушунун баарына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет. Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгына ишенгиле, жана адилеттигин издегиле. Ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет делген,— деди сары кыз.
— Ооба баарыбыз бир Кудайга, Асмандагы Атага сыйынабыз. Теңириме жалаң гана мактоо жана жакшы алкоо, даңктоо сөздөрдү айтабыз,— деди кара торусу.
Эч динден кабары жок Матайды акырындык менен Кудай жөнүндө түшүндүрөбүз деген кыздар христиан ишенимине тартып жатышты. Башта христиан деген сөз айтылбагандан кийин Матай Теңирибиз, Кудай, Атабыз деп айтылган сөздөрдү бүт жан дили менен бериле угуп жатты. Албетте, кыздардын ажарына да суктана карап, көптөн бери эл менен аралашпай, эс дарты акча болуп, келген машинелерге жүк жүктөгөнү болбосо, мындай секелек кыздар менен баарлашуу кайда. Болгондо да өз үйүндө кыздардын олтурганына кубанып, убакытты өткөзүшкө, алардын үгүт ишине тоскоол болбой уга берди. Алар сөз майданына, кеп ааламына кирип кетишти.
— Анда сизге бул китептерди белекке берели. Бул кино тасмаларды да көрүңүз. Бул китептен сиз укмуштуудай даанышман сөздөрдү, эң бийик филасофияны окуп чыгып, ага ишеним менен жүрөгүңүздү толтурсаңыз ишиңиз илгерилеп, ден соолугуңуз сөзсүз жакшырып, көңүлүңүз тазара баштаганын сезгенден кийин албетте тууган, уруктарыңыздарды жакшы жакка чакыра баштайсыз,— деди кара тору Галя.
— Эгер колуңуз бош болсо эртең келиңиз. Дагы көп нерселерден кабардар болосуз.
Матай Галянын көздөрүн ирмей-ирмей сүйлөгөнүн карап, жактырып калды, делебеси козголду, көз ирмемде аны менен колтукташып баратканын элестетип кетти. Албетте аны көрүү үчүн болсо да барат. Галя да жалт-жалт карап Матайды өзүнө тартып жатты. Ал, кантип:
— Галя, телефон номуруңду таштап кетсең. Белектериңерге чоң ырахмат.— деп жибергенин өзү да сезбей калды.
— Албетте, сизди кайра көрөөрүмө өтө кубанычтамын. Эртең сиз биз жакка барыңыз. Болгон билимибизди акырындап сиз үчүн айтып берүүгө ынтызармын. Сиздин сылык, меймандостугуңуз бизди кайдыгер калтырбады. Атабыз сиздин жолуңузду ачып, жүрөгүңүздү тазартсын. Көрүшкөнчө кош болуңуз,— деп телефон номуру жана христиандардын жыйын залынын дареги жазылган баракчаны сунуп кыздар коштошуп үйдөн чыгып кетишти.
Кыздарды узатып, эшикти жаап алып, китепти бир дем менен окуп чыкты. Китепте Руху жакырлар, момундар, адилеттике ачыккандар, ырайымдар, жүрөгү таза адамдар, тынчтык орнотуучулар, чындык үчүн куугунтукталгандар – бардыгы бактылуу болот, анткени аларды Асман Падышачылыгы — Теңир сүйөт деп жазылыптыр. Ыйсанын осуяттарын окуду. Киши өлтүрбөө, душманыңды сүйүү, антты так аткаруу, кайыр— садага берүү, тобоо кылуу, кудайды даңктоо, жүрөккө ишенич байлыгын толтуруу, ата-энени сыйлоо, бир тууганыңа кечиримдүү болуу, байлык топтобоо жана башка көптөгөн үгүт-насааттарды окуду. Ыйсанын көптөгөн оорууларды айыктырганын ар кайсы шаарларды кыдырып, Теңир аталганын, Кудайдын соту жөнүндө окуду.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1