18-бөлүм.
- Билбейм.
- Сени билет деди.
-Ким?
- Жайнагүл.
- Мм... Сырды ачыкка чыгарыптыр да. Түшүнөм тигинин кыйбас курбусу да.
- Окуя Жайнагүл айткандай болду беле? Сиз мага эмнеге келдиңиз? Чындыкты билет турбайсызбы.
- Бышыктап коёюн дедим.
- Бышыктадыныз.
- Рахмат балам, жакшылыгың үчүн.
- Кайсы жакшылыкты айтасыз?
- Неберемди сактап калган.
- Аксакал, анда мен баланы сактап калайын деген эмесмин. Мында өз кызыкчылыгым болгон.
- Ошентсе деле Заремага жакшы ниетте жардам берипсин, ошонун арты менен неберем аман калыптыр.
- Уулунуздун өлүмүнө себепкер болгонумду унутуп калгансызбы?
- Ал эми башка кеп. Мен башында эле сенин күнөөлүү эмес экенине ишенгем. - дале болсо ишенген бойдонсузбу? Экспертизанын жыйынтыгы боюнча уулунузга тийген ок менин
мылтыгымдан атылыптыр го.
- Аны териштирип жатабыз. Жана айттым го жаны жагдайлар ачылды деп.
- Аныныз жакшы экен. Аксакал дагы бир жолу кайталап коёюн мен уулунузга ок аткан эмесмин.
- Айттым го күнөөлүү экенине ишенбейм деп. Зарема торосо баласын өзүмө каттата берейинби? Каршы эмессинби?
-Зарема деген неменин атын мага угузбаныз. Ичиндегисин өзүнө кошуп эмне кылсаныз ошо кылыныз. Эч
кандай кызыкчылыгым жок. Башыма күн түшкөндө карыган ата-энемди таштап салып келе бергени аз келгенсип, бир басып келип абалымды сураганга жараган жок.
- Кире албай койгон окшойт. ЗАГсынар жок турбайбы.
- Өзү кире албаса ата-энемди алып келип жолукту руп койсо болот эле да.
- Аны билбейм. Боюнда бар немени да аяш керек го
- Зареманы сиз эле аяй бериниз.
-Ооба. Антпеске аргам жок. Анткени мага бала керек. Ал жаманбы, жакшыбы менин тукумумду алып жүрөт да.
- Бирок, унутпаңыз. Зарема мен сыяктуу эле Касендин өлүмүнө себепкер болгондордон.
- Эми ал деле сен сыяктуу эле мындай болуп кете рин билген эмес да.
- Баарына анын текбердиги күнөөлүү. Касенден боюна болгондон кийин сырактап мага тие качпаганында мындай балээге кабылбайт элек.
- Аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы... Уулум, мен бара берейин эми. Касенимден туяк калганына жүрөгүм жеңилдей түштү. Аны өлтүргөндөр сөзсүз жазаланышы керек. Күнөөң жок болсо бошоносун. Неберемди сактап калганын үчүн деле соттолбошун керек.
-Мага ишенип коюнуз уулунузду аткан эмесмин. Бул анын душмандарынын кылдат жасаган иши. Ошон учун муну жакшылап изилдетиниз.
- Жана айттым го, иште жылыш бар, жаны жагдайлар ачылды деп,
- Аныныз жакшы экен.
- Болуптур анда, мен бара берейин.
- Жакшы барыныз, - деп Надырдын сунган колун бекем кысып бурулуп чыга беринде кайра кайрылды: - Бир аз токтой турасызбы. Менин сизде бир өтүнүчүм бар.
- Кандай өтүнүч?
Зареманын боюндагы бала Касендики экенин элге жарыялабай коё турасызбы.
- Эмне үчүн?
- Бул менин ата-энеме катуу тиет. Алар Зареманын боюнда бар экени билингенден бери абдан кубанып жүрүштү эле. Бала менден эмес экени билинчү болсо атамдын жүрөгү кармап калышы мүмкүн. Алардын менден башка баласы жок болгондуктан аябай неберелүү болгусу келишкен, бирок мурунку аялым төрөй албай койгондо кетирип, Заремага үйлөнгөм. Эми мен камалып, Зареманын боюндагы бала меники эмес экени билинчү болсо эмне болот билбейм.
- Түшүнүктүү.
-Ошон үчүн мен бул жактан чыгып, үйлөнүп, балалуу болгуча бул сырды атамдар билбей коё турса жакшы болот эле. Сиз баланы өзүңүзгө каттата бериңиз, бирок Касенден калган туяк экенин жарыялабай коё турунуз. Ушуну Заремага да айтып койсоңуз жакшы болот эле.
-Мен сени жакшы түшүндүм, анткени ата-энендикине окшош тагдыр менин да башымда турбайбы. Сен го тирүүсүн, балалуу болуу мүмкүнчүлүгүн дагы бар. Мен ушул чүрпөнү тукумумдун уландысы, баламдан калган аманат катары кармап калышым керек. Ошент-се да сенин өтүнүчүндү аткарууга аракет кылам. Ал Тургай аялыма айтпай сыр катары сактап, Зарема менен Жайнагүлгө да эч кимге айтпоосун эскертем.
- Рахмат сизге. Бул жакшылыгынызды унутпайм. - Болуптур анда жакшы кал.
Надыр кеңсесине келери менен катчы кыздан Жай- нагулдун номурун алып, телефон чалып, абакка кирип Уланга жолукканын, сүйлөшкөнүнүн болгонун болгондой айтып берди. Ошондой эле Уландын өтүнүчүн орундатып, Касенден Зареманын боюнда калганын эч
кимге айтпай сыр кылып сактай турууну өтүндү. Бул туура кадам экенин билдирген Жайнагул убадасын бергенде, Зареманы көз жаргыча жакшы кароосун өтүнүп, ал төрөгөндө өзү барып чыгарып, балага өз аты-жөнүн ыроолорун, бирок мындай кыларын курбусуна айтпай туруусун, муну ал жакшы белек катары кабыл алышы керек экенин билдирди, ага чейин колу бошобосун, бирдеме болсо телефон чалуусун айтты.
Бир жумадан кийин детективдик агенттиктин жетекчиси Надырга телефон чалып буюртмасы орундалганын билдирди. Бир аздан кийин бардык иштерин жыйыштырып салып жетип барган Надыр анын каби нетинде жансакчы Шериктин жеке турмушу, жакындары, байланыштары, Касендин өлүмүнө чейинки, ал курман болгондон кийинки жашоосу тууралуу маалы маттар менен таанышып отурду.
Карапайым адамдын үй-бүлөсүндө төрөлгөн Шерик бала кезинен эле спорттун кармаш-мушташ өнөрүнө жакын чоноюптур. Өзгөчө эркин күрөш менен көп машыгып, өспүрүмдөр арасында облустун чемпиону болуптур. Окууну аяктаганда дене тарбия институтун да окуптур. Бул учурда да мелдештерге көп катышканы менен дарамети чектелүү болсо керек көп деле ийгилик жарата албаптыр. Окууну аяктаганда дене тарбия мугалими кесиби алымсындырбай табиятына жакын жан сакчылык адистигин өздөштүрүп, беш жылча бийлик төбөлдөрү менен ийгиликтүү ишкерлерди кайтарыптыр. Бул убакта ар кайсы батирде көчуп-конуп жашап, ыңкылаптан кийин жер басып алуучулардын шары менен кичи конуштан жер тилкесине ээ болуп, эки бөлмөлүү чакан уйду топурак сокмодон тургузуп, азыркы убакка чейин жашап атыптыр.
Бирок бир айдан бери анын бул үйүнүн жанына чоң тамдын курулушу түшүп, күжүлдөй иштеген эки курулуш бригадасы бышкан кыш менен дубалын тургузуп бүтүп калыптыр. Ушул эле учурда дайыма коомдук унаа менен жүргөн Шерик өзүнүн өп-чап жашоосун билгендерди тан калтырып бир заматта алкынта жолтандабас минип чыга келиптир. Мындай оңбогондой акчанын башын жеген курулушту жүргүзүү, мен деген байлар гана тепкен автоунаага ээ болуу жансакчынын айлыгы менен жашаган карапайым кишинин баласынын колунан келиши кенч таап алгандай эле кеп болчу.
Шериктин аралашкан чөйрөсүн иликтей келгенде албетте тутунган кесиби менен өсүп чыккан кыртышына жараша турмуштагы алыш-бериш катышы көбүнчө (туугандары менен кайын журтун эсептебегенде) спорт дүйнөсүнө кандайдыр тиешеси бар кишилер болуп чыкты. Буларды бирден карап элегенде Шерик менен туугандык байланышы бар, спорт дүйнөсүнөн чыгып то- пурагы бир жерден алынган, майда бейбаштыгы үчүн жаштайынан түрмөгө түшүп, каралар дүйнөсү менен аралашып, милийсанын каттоосунда турган, кадимки Дуанын ишенимдүү жигиттеринин бири, бетинде чоң калы бардан улам Карабет каймана аттуу Калыбек деген жигит шектүү болуп чыкты. Анын Шерик менен тез-тезден жолугушкан ынактыгы болбосо да, тууган- дардын той-торопосунда кезиккен жакшы катышы бар экен. Шериктин Дуа менен байланышы ушул Карабет аркылуу болгонун боолгологон Надыр бул шектенүүсүн бышыкташ үчүн уюлдук байланыш операторуна берген буюртмасынын аткарылышын күттү. Эки күндөн кийин Касен окко учкан күндүн ары-берисинде Шериктин чалышкан телефон номурларынын тизмеси келгенин билдирип окул баласы Аскат чалды. Ошол замат жетип барган Надыр бул документ менен өкүл баласынын кабинетинде таанышып отурду. Жакындарынын телефондору такталган ал тизме боюнча демейде аялы, улуу кызы жана жумуш боюнча Касен менен гана көбүрөөк чалышкан Шерик эртен Нарынга чыгып кетебиз деген күнү түнкү ондон он мүнөт өткөндө бейтааныш телефонго өзү бир чалып азырак сүйлөшүптүр, кайра бир саат отпой андан чалууну кабыл алып, он мүнөтчө маектешиптир. Кайра эртеси тан атпай алиги телефонго кайра чалыптыр. Мындан сон аялы менен бир жолу чалышкан соң түшкө чейин эч ким менен байланышпаптыр, анткен менен телефонуна 9.20да «Чыктынарбы?» деген билдирүү келип «Чыктык» деп жооп бериптир, 10.20да «Каяктасыңар?» «Токмокто- буз», 12.50де <<Каяктасыңар?» «Нарындабыз», 14.05те «жеттик», 14.45 «келе бергиле», 15.15те «ылдамдагыла» деген кыска билдирүүлөрдү телефон номуру жанагыдан башка кимдир бирөө менен жазышыптыр. Бул жазышуулардын ортосунда алиги телефонго эки жолу чалыптыр. Алардын бири окуя болчу жерге отуз чакырым калганда жүргүзүлүп, бир мүнөтчө созулуптур. Демек ал Ак-Талаага чыгышары билинери менен кимдир бирөөгө чалган, кайра бир саат өткөн сон жасала турган аракетти тактап, эртеси жетер жеткиче аны менен байланышып, каякта бара жаткандарын билдирип жүрүп отурган. Касендин өлүмү боюнча шерикти күнөөлөөгө мындан өткөн далил жок болчу. Анткен менен өкүл баласы болуп кенешип, Шерикти кармоого ашыкпай Алматыдан келчү экспертизалык тастыктама кагаздын жасалма эместиги боюнча билдирүүнү күтө турмай болушту. Беш күндөн кийин бул документ да колго тийип, анда «маркумдун денесинен табылган ок- тор шектүүнүн мылтыгынан атылган эмес» деген экс- пертизалык билдирүү Бишкекке келгенде тетирисинче ондолуп, маркумдун денесинен табылган октор шектүүнүн мылтыгынан атылган» болуп калганы тастыкталып, бул иштин бурмаланышына ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин да тиешеси бар экени белгилүү болду. Айтор житкен окту аткан ок табат болуп, эбептен себеп чыгып, айдоочунун Шериктин жолтандабас тээп жүргөнүн көрүп калышы бул кылмыш ишиндеги карангылыкка жарык түшүрүп, чаташкан аркандын учун чубап, сыр түйүнү чечиле баштады. Мындан улам уулу үчүн өч алуучу кездин ыңгайы келгени билинди. Бирок бул иликтөөлөр чындыктын бетин ачканы калганын билсе аксым күчтөр эми өзүнө эле эмес өкүл баласына да катуу сокку урарын түшүнүп, өтө ыкчам аракеттерге барбаса болбой турганын айтты эле ал кылмыш боюнча далилдер жетиштүү болгону менен алар Дуанын күнөөсүн түз көрсөтпөгөндүктөн аны камай албай турганын, эгер жансакчы Шерик күнөөсүн мойнуна алып көрсөтмө берсе кылмышты аткарган Карабетти кармап жоопко тартса болорун билдирди. Мындай кылганда негизги күнөөкөр, кылмышты буюртмалаган Дуа жазадан сырт калып, бери жактагы аны аткаруучу чабактар гана жоопко тартылмак. Мындайда Дуа ого бетер кексесине тартып, көмүскөдөн чыга калып атып кетмей, чаап кетмей ыкмаларына салып өзүнө, өкүл баласына ал тургай жакындарына чон коркунуч туулмак. Анткени жырткычты жарга такаса айласы кетип тик качырып, өзүңө асылат эмеспи. Ушуну ойлоп абайлаган Надыр Мамбеталиев кекселигине сала мындай коркунучка көп көңүл бурбай турган өкүл баласы Аскатты Дуаны биротоло жок кылууга көкүттү:
- Чечкиндүүлүктү көрсөтчү кез келди балам. Дуанын уулумду буюртмалаганы айкын болуп калды. Жалгыз уулумдун жанын алган ал канкор жазасыз калбашы керек. Ансыз деле бейкүнөө бирөө камакка түшүп, чыныгы кылмышкерлер эркиндикте сайрандап жүрүшөт.
Эгер ал күнөөсү аныкталганын билчү болсо экөөбүздү соо койбойт. Колундагы бийлигинден пайдаланып ушул иштин шары менен Дуаны жок кылбасан болбойт. Мен дагы өсөрүм эмес өлөрүм калганда өчүмдү алып көкшунум суусун. Бул канкорду үйүр тобу менен жок кылсан көптөрдүн сообуна калып, эл үчүн чон иш жасаган болосун. Болбосо ошол Дуа деген неме кудай болуп кетсе дагы өзүм тике качырам, колунан өлсөм да ала жатам, - деп сезимге алдыра эреркей сүйлөдү эле дайыма кайраттуу жүргөн өкүл атасынын мындай абалга түшкөнүн биринчи жолу көргөн Аскат бетме-бет отурган ордунан айланып жанына барып, далысынан кучактап өзү да өрөпкүй түшүп, көңүлүн жайгарганга аракеттенди:
- Ата, кам санабаңыз сиз каалагандай болот. Тике качырганыныз ушул да, кылмышты иликтөөгө көргөзгөн чоң жардамыңыз менен уулуңузду өлтүргөндөрдүн бети ачылды, калганы биздин жумуш, чайнап берген немени кантип жута албайлы. Күнөөлүүлөрдү жазалоону адамдык парзым да, кызматтык милдетим да талап кылат. Бул ишти көңүлүңүздөгүдөй кылып бүтүрүп, уулунуздун өчүн алып беребиз, кам санабай бара бериңиз.
- Дуа кармалса өзүн айткандай күнөөсү так далилденбеген неме соттон утуп чыгат, түрмөгө түшсө да курорттогудай жашайт. Ошон үчүн кылмышка шектүүлөрдү кармоо операциясында ал жок кылынышы керек. Бул иште мен да четте карап тургум келбейт. Дуаны жок кылууга өзүм да катышкым келет. Анын көзүнө тике карап, ээгинен өйдө көтөрүп, айтчумду айтып, моокумум кангыча ур-токмокко алсам, кимге тийишкенин билет эле. Антмейин кегим канбайт. Тирүү калса күчөп бизге башка жолдор менен кол салышы мүмкүн, ошон үчүн аны биротоло жок кылышыбыз керек. Мындай адамдык сапаттан кеткен немелер бул жарык дүйнөдө жашоого татыксыз.
- Ата айткандарыныз жүйөлүү. Өзүңүз туура белгилегендей Дуанын бул ишке түздөн-түз тиешеси бар экени далилдене элек, далилденбейт да болушу керек. Анткени ал мындай кылмыштарды бирөөлөрдүн колу менен жасап көнгөн. Бул жерде да ушундай жагдай жаралып отурат. Ошон үчүн аракетибиз абдан кылдат жасалып, Дуаны бир сокку менен жайлап түшкүдөй болушубуз керек. Антпесек утулуп калабыз.
- Ооба, туура айтасың. Сен билесин да кандай кылышты. Жакшылап аракет кылчы, уулум. Дуа оңой жоо эмес, өзүн зыян тартып калбагыдай бол. Анан мага бул ишке катышууга уруксат бер.
- Макул. Дуаны жок кылуу операциясын өзүм уюштурам. Кааласаңыз акылынызды айтып жанымда болунуз. Бүгүн кеч болуп калды, бара бериниз. Эртең келсеңиз кеңешип ишти баштайбыз.
- Рахмат балам. Жакшы кал.
Ички иштер министрлигине Надыр эртеси эрте келди. Аскат бөлүмдөргө тиешелүү көрсөтмөлөрүн берип, кабыл алуусуна ар кандай маселелери менен келгендерди узаткыча күн чоң шашке болду. Башка кылар иши болбогондон кийин кабылдамасында зерикпей күтүп отурган өкүл атасын чакырып кеңешкиче өз оюн айтты:
- Дуаны жок кылууну жакшылап ойлонуштурдум. Биз жансакчы Шерикти кармап Дуа менен иштешкенин мойнуна алдырышыбыз керек. Ал Дуанын өзүнөн түздөн-түз көрсөтмө албагандан кийин иштешкен гана кишисин айтып, Дуаны оозанбай коюшу мүмкүн. Мындайда ал кайра эле эч нерсе билбеген кишидей болуп четте калат. Ошон үчүн жанагы буйрутманы аткарган Карабет деген немени кармоо учурунда каршылык көргөзгөн Дуа капысынан окко учушу керек. Бул оной иш эмес. Жансакчы Шериктин кармалганын билчу болсо Дуа эч ким менен кезикпей чээнге кирип кетиши мүмкүн. Бизге болсо Дуа менен Карабет жолугушкан учур керек. Ошондо гана Карабетти кармаганыбызды шылтоолоп каршылык көргөздү деп Дуаны жок кыла алабыз. Башчысын жайласак калган чабактары өзүнөн-өзү тарап жок болушат.
- Туура ойлонуштурулган жакшы акыл экен. Ушул план боюнча аракеттене беришибиз керек. - Ооба. Мен бүгүндөн баштап Дуа менен Карабеттин артынан андуу коём. Ыкчам аракеттеги топту дайындап, экөө жолукканда капысынан барып басып калгандай кылам. Менимче Дуа бизге каршылык көргөзбөйт. Биринчиден күнөөсү далилденбегенден кийин өзүн көпкө кармоого укугубуз жок экенин билет, экинчиден укук коргоо органдарына баары бир алы жетпей турганын, каршылык көрсөтчү болсо жок кылынарын жакшы түшүнөт. Дуанын ушул убакка чейин түрмөгө түшпөй келгени бийлик жакта колдоосунун бардыгы, «кылмыштуу топ түздү, үйүндө мыйзамсыз курал кар мады» деген жөнөкөй күнөөнү мойнуна иле албай жатканыбыз. Кармаган күндө да жогору жактагы колдоочу сунун арты менен бошоп кетип жүрөт. Сиз айткандай Карабетти кармоону шылтоо кылып көзүн тазалабасак кутуруп кетти. Мен азыр айткан аракеттеримди кыла берем, качан иш бышып, операция аткарылчу учур келгенде сизге чалып коём. Келип каласыз да. - Макул. Дөөдөн өчүмдү алып берсең эки дүйнөдө тең ыраазы болот элем.
- Аракет кылабыз, ата...
Беш күндөн кийин Дуа баш болгон каралардын ана башчылары Бишкектин четиндеги бир айылда чогулуп, өз чөйрөсүндө жаралган айрым маселелер боюнча сүйлөшкүчө көңүл ачары тыңчылар аркылуу белгилүү болду. Ушул ыңгайдан пайдаланып алдыга койгон планды ишке ашырыш үчүн орун басар Аскат Асанбаев катуу даярдык көрдү. Ички иштер органдарында, ал тургай министрликтин өзүндө каралардын <<кулагы» бар экенин билген ал бул ишти ишенимдүү гана кишилерине тапшырды.
Жансакчы Шерикти эрте каматса шекшип калган Дуа сагына тартып, бейчеки кадамдарга барбай, ийининде ийрилип жаткан түлкүдөй болуп ачыкка чыкпай коймок. Андыктан каралардын чогулушу бүгүн өтөт деген күнү гана таң атпай Шерикти карматып келип өзү суракка алды. Ал башында жаны кармалган азоодон бетер так секирип, эч бир күнөөнү жанына жолотпой жатты эле, качан гана далилдерди алдына жайып, күнөөнү бетине койгондо жоошуй түшүп, айласы кеткен немедей отуруп берди. Суракка алуунун алдоо, опузалоо, анча-мынча күч колдонуу, органдар менен кызматташканы үчүн жазаны жумшартуу сыяктуу ыкмаларын колдонуу менен психологиялык кысым жасалганда уурунун көчүгү кууш болуп күнөөнү мойнуна алып, каралар менен кантип кызматташып, аларга Касенди өлтүрүүгө кандайча шарт түзүп бергенин токпөй-чачпай айтып берди. Ал Касен Нарынга чыгып кетишерин билдиргенде эле Карабетке чалып маалымат бериптир. Ал ошол замат Дуа менен байланышып, жагдайды түшүндүрүп, уруксат алгандан кийин туну бою кылдат даярданып, эртеси жанына мергенчилердин кадимки мылтыгы менен куралданган көзгө атарды алып, Касен көрсө шекшибеси үчүн аялын эки курбусу менен жер көргөзүп келебиз деп салып, көргөндөр турист деп ойлосун деп жолтандабаска казак номурун тагып, жолго чыгышыптыр. Жолдо-ката кол телефондон өз ара билдирүү жазышып, эбин таап чалышып жүрүп отуруп, окуя болгон жерге жеткенде озуп өтүп, кыяга чыга бергендеринде машинаны суусу кайнап кеткендей кылып токтотуп, байкоо салып турушуптур. Качан гана жолдон чыккан Касендер тоо этегине жетип, токойдун четине токтогондо көзгө атар мерген дүрбү орнотулган мергенчилик мылтыгын алып тоону капталдай басып кырга чыгып, карагайларга далдалана басып Касен менен Улан чарпышып жаткан тушка жетип жашынып туруптур. Качан гана Улан качып кетип, Касен токой аралай ылдый чуркап жакындаганда көзгө атар аны бир гана атып сулатып, өзү шашпай тоону капталдай басып машинага келип, жөнөп кетишиптир. Анын жаңы эле карабашыл кишинин жанын алганын жанындагы аялдар да шекшибептир. Кыскартып айтканда окуя ушундай өңүттө өнүгүп, бир адам жарык дүйнө менен кош айтышса, башкалар буюртманы так аткарып ийгиликке жетишиптир, бирок ак жеринен торго чалыныптыр, дагы бирөө эзелки душманынан өч алыптыр. Шерик болсо ошол кызматы үчүн Карабеттен убадаланган сыйлыгын ашыгы менен алыптыр. Анан көрбөгөндүн көргөнү курусун болуп, кылмыштын изи суугуча чыдап отура албай арам жол менен табылган акчага жолтандабас минип, үй сала калам деп минтип торго чалынып отурат.
Ошол эле күнү түштөн кийин Аскат милициянын өзгөчө учурларда аракетке баруучу атайын тобун чогултуп, кармаш-мушташ өнөрү менен машыгып, ок атуучу куралдарды эптүү пайдалана билген, оттон, суудан кайра тартпаган бул отуздай курч жигитке алдыдагы жооптуу тапшырманы түшүндүрүп, каралар дүйнөсүнүн үлкөндөрүн кармоонун планы менен тааныштырып, ар биринин милдетин бөлүштүрдү, иш так жана чыгымсыз аткарылса жетекчилик тараптан акчалай сыйлыктар болорун убадалады. Көптөн бери мын
дай ары опурталдуу, ары жооптуу тапшырманы аткарбай зериге түшкөн жигиттер бул буйрукту көңүлдөнүү менен кабыл алышып, кандай душман болбосун чөгөлөтүүгө даяр экенин билдиришти. Аскат бул топту үчкө бөлдү. Биринчи беш жигитти не бар не жок деп каралар чогулган хансарайды сыртынан кайтарууга коюп, экинчи топко бөлүнгөн онун короого калтырып, эң тажрыйбалуу, күчтүү делген он беши менен үй ичине кирип, караларды кармамай болду.
Ошентип шайма-шай даярдыктагы ыкчам топ түшкөн автобус каралар чогулчу кыштакка жакын арадагы бак арасына жашынып, мерчемдүү учурду күтүп турду. Карангы коюуланып, көктө жылдыз жыбырап, элдин алды жата баштаганда чабуулга алынуучу үйдү акмалаган тынчылар каралар чогулуп бүткөнүн кабарлашты. Көчө автобусунан көп айырмаланбаган, мындан улам бирөөлөрдүн шегин да жаратпаган, бирок ичине милициянын өзгөчө тобу түшкөн унаа жай жылып караларды чогулткан үйгө жеткенде андан үч жигит атып чыгып, дарбаза сыртында турган эки кишини бир заматта жыга чабышып, эшикти ача салышканда куралдарын белендей кармаган ыкчам топтун жоокерлери короого жутуна кирип барышты.
- Кыймылдаба! Бул милиция! Колго түштүнөр! Багынгыла! деп үн күчөткүчтөн айтылган буйрук айлананы жаңыртканча болбой короодогу бирин-экин кишини жерге жыга коюп зыянсыздандырган экинчи топ тарабынан дароо үй курчалды, үчүнчү топтун жигиттери буйдамга келбей үйгө жутуна кирип барышып, бөлмөлөргө бөлүнө тинте карашып, бул күтүүсүздүктөн селейе туруп калган бери жакта кызмат кылып жүргөндөрдөн дасторкон боюнда отурган конокторго чейин каршылык кылынса атыларын катуу айта эскертип, курал такап кол көтөртүп, бери сүйрөп...
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6