6- БӨЛҮМҮ...
Болот Болуштун өтүнүчү боюнча бул ишти жалпыга чуу кылбай тымызын изилдетмей болуп, өзү аябай ишенген оперлерден башында көзүнүн кареги менен тең айланчу орунбасарын чектеп атайын топ түздү. Алар бат эле келип Болуштун үйүндө үч-төрт сааттай кылмышкер изин издеп алектеништи. Алар кеткенден кийин Болуш Киргизге өзү ишенген дагы эки жигитин кошуп сүйлөшүп буйрукту катуу берди:
-Бул айбандарды жерден чукусаңар да табасыңар, таппайт экенсиңер, муну кылган силер деп эсептейм, калганын өзүңөр билесиңер, түшүндүңөрбү? !
-Түшүндүк, - деп Киргиз үчөө үчүн жооп берди...
***
Мырзабек атасынын үйүндө бир жумага жүрүп калды. Атасы, иниси үчөөнө тийген жерге буудай, картошка айдалган. Өмүрүндө аралап көрбөгөн жерин көрүп, сугарышып келмек. Барганда эки күндөй кезиккен айылдаштарынан уялгансып жүрдү "ишинен айдалып, айласы кеткенде жер тытканы келген да деп ойлоп жатышат го. Мен эмес падыша деле тактан кулайт тура..." деген ою өзүн колдоп, ошого таянгандай уялбай да калгансыды. Күн ысыгынан азыр эле күйүп кетчүдөй бүрүшкөн эгин менен картошканы жайылган сууга канып, бат эле өңүнө чыгып кулпура түшкөн керемет көрүнүшкө суктанды. Бир ажайып, сонун нерседен куржалак калып келгенинен арман кылды. Керемет тура, суу сугарганың. Өмүр бою жер иштетип жүргөнсүп, бүт дили ошого түбөлүк берилип калгансып талаадан кеткиси жок, айлынан да... Шаардагы бүлөсү болбосо өмүр бою эч кайда чыкмак эмес ошол киндик каны тамган айылынан, эгин жайкалган талаасынан. Башынан эле кылмышкерлерди кынына киргизем деп кыйынсынбай, дыйкан болуп кеткенде эмне... Касиеттүү жер Мырзабекти өзүнө тартып турду ушинтип.
Айлынан айласыз кетип шаардагы үйүнө келип сагынган балдарын жаңы эле өөп-жыттап жатты эле, коңгуроо басылды. Эшикти ачса милийсанын угросунда иштеген бир жигит турат, үйгө киргизди. Учурашып, жигит дароо эле суроого өттү:
-Мырзабек байке, мурдагы күнү кайда элеңиз?
-Эмне болду?
-Билишибиз керек.
Эчен-эчен кагып сала жаздаган Мырзабек өзүн токтотуп жообун берди:
-Айылда жүрдүм, мына азыр эле кирдим үйгө.
-Канча күн болдуңуз?
-Алты күн го...
-Күнү-түнү айылда болдуңузбу?
-Анан кайда болмок элем?! -Бу саам Мырзабек ачуулана кетти да: -Эй, мен сага эмне күнөөкөрмүнбү, ыя?! Айтсаң ачыгын айтпайсыңбы, келген жөнүңдүн, мен сага эмне пешкамынбы, ыя?!
Бу жигит Мырзабектин сырын мыкты билет эле, чочуй кетип, элеңдей түштү:
-Мени жаман көрбөңүз. Тапшырмам ушундай болчу. Сиздин бул күндөрү, бөтөнчө мурдагы түнү кайда жүргөнүңүздү аныктап келүүгө тапшырма алгам.
-Себеп?
-Аны кийин угарсыз. -Жигит бу жерден кеткенче шашты.
Аны узатып коюп балдарын эркелетип аялы менен наркы-беркиден сүйлөшкөн болот, бирок жанагы жигиттин эмне себептен келгенине баш катырат. Сөзсүз, бир кылмышка байланыштуу сураштырып жатат дечи, бирок эмне болгон кылмыш: өлтүрүүбү, тонообу же уурулукпу. Өзүн шек санагандардын тизмесине киргенине жини келет. А да болсо Болоттун демилгесинен чыккан болуш керек. Болоттун антишинин себеби бар эле.
Болот жаңы эле начальник болуп келгенде шаардагы криминалдар жөнүндө экөө сүйлөшүп жатып Болотко айткан эле:
-Болуш деген бар. Азырынча ага жакшы кирише элекпиз. Анын түрмөдөн башка жерде жашоого акысы жок. Чынын айтсам кээде элдин каны менен чогулган дүнүйөсүн өрттөп жибергим келет, закон жолун күтүп отурбай эле... -деп.
Бирок Мырзабек бул жөнүндө небак унуткан. Болуштун үйүн ойрондоп кеткенин да билбейт. Тек гана Болот бир кылмышка аралаштыргысы келип жатканына бөркүндөй ишенет.
Болуш үйүн ойрондоп кеткенин кабарлап телефон чалгандан кийин Болот ким болду экен деген суроого баш катырып отуруп, биринчилерден болуп шек алганы Мырзабек болду. Анын баягы "дүнүйөсүн өрттөп жиберсе" деген кыжырдануусун эстеди. Опертопту жетектеп кеткен орунбасары Болуштун үйүнөн кайтып келип өз байкоосун Болотко айтып бергенде анын Мырзабектен шегалганы ого бетер күчөдү. Анткени, үйоокаттын ышпалдасын чыгарган жөнөкөй неме эмес, профессионал экени анык болду. Колдун изи турсун буттун даана изи жок. Үй оокаттан эч нерсе албаптыр. Бул өч алуу, келекелөө, шылдыңдоо эле. Жок дегенде акчадан да албаптыр...
Эртеси билинди, Мырзабек ал күнү шаарда болгон эмес. Анан ким?
Дагы бир өтө шектүүнү Болуш өзү айтты Болотко. Бу шаардын каймагын калпыган жалгыз эле Болуш эмес да. Майда-барат топтор да бар. Мына ошолордун биринин анабашы Марс деген неме жигиттери менен Болушка төлөп турчу бир фирмага барып, ага караштуу кафеден тамактанып, коньягына чейин ичип, анан ага үстөк дагы акча талап кылганда фирма ээси дароо Болушка телефон чалып чоң чатакка айланып кете жаздаган. Болуштун тобунун азырынча күчтүү экенин билген Марс аргасыз моюн сунган эле. Кетип баратып дал Болуштун өзүнө айткан: "Көрөбүз, кезек келгенде..." деп. "Кезегин келтирдиби" Марс. А балким айласыз төлөп жүргөндөрдүн бири уюштурдубу?
Милиция да, Болуштун өз жигиттери да издөөнү катуу жүргүзүштү. Эми Болуштун үйүн алаамат кылып кеткенин бүт шаар билип, ошонун кеби эриктирбей жатты...
Бир жумадан кийин баягы талкаланган, кескиленген буюм-теримдердин баары килейген КАМазга жүктөлүп шаар четиндеги акыр-чикирге төгүлдү.
Ошондон кийин келди Болуштун аялы. Аңгыраган үйүн көрүп оозу ачылды, жүрөгү жарыла жаздады, боздоп-боздоп үн созуп, кылар айласы жок шалдайып отуруп калды... "Мен болсом, мени кошо кескилемек экен, кудай сактаптыр... " дегенди ойлоп, кайра демденди, соо калганына сүйүндү. Оокат эмне, табылат да дегенге токтоп тобо келтирди...
***
Мырзабектин иниси келди бир күнү. Сарсанаа болуп келиптир. Көрсө, эки милийса барып "Мырзабектин келгени чынбы, бул жерде эмне кылып жүрдү" деп атасы экөөнөн да, кошуна-колоңдон да сураштыра кетиптир. Бир балээге кабылбады бекен деп кооптонгон атасы уулун жиберген тура. Мырзабек Болуштун үйүндөгү окуяны кечээ эле уккан, ошону айтып берди. Өзүнөн шек санап жатканын да айтты. "Атам жөн эле сарсанаа боло бербесин, айтып кой" деп Мырзабек инисин дароо артка жөнөттү бир чыны чай ичирбей, нан оозтийгизип. ..
Экинчи ирет Мырзабекке милийсадан келишкен жок. Болуштун үйүн талкалап кеткен айың сөз сейрек эскериле баштаган.
Айылына биринчи барып келгенден жыйырма күнчө өткөндө Мырзабек дагы кетти айылына, бу жолу да атасы менен инисине талаачылыгына жардам берип үч-төрт күн жүрүп келмек. Айылга келгенден эки күн өтүп, үчүнчү күнү түш маалында ата-энеси, иниси болуп тамактанып отурушса шаардагы бир кошуна жигит карп-күрп кирип келип эле Мырзабекти сыртка чакырып кетти. Бат эле өңү-башы купкуу болгон Мырзабек үйгө кайра кирип таза кийимин кийинди да эмне болуп кетти дешип эстери оогон үйдөгүлөргө "бир зарыл жумуш чыгып калды" дегенди араң айтып сыртта күткөн жигиттин машинасына түштү...
Аялы эки баласы менен сыртта топтошкон адамдардын арасында жүрөт. Көздөрү тоодой шишик. Дале көз жашы кургай элек. Мырзабек түз эле аялына жетип кучактай ага гана угуза айтты: "Эчтеке болбойт, мага аман калганыңар эсеп, башкасын таап берем". Анан эки баласын эки колуна көтөрүп алмак-салмак өөп эркелетти. Түндө бирөөлөр эшикти талкалап кирип аялын балдары менен сыртка айдап чыгып алеки саатта төркү бөлмө менен уктоочу бөлмөсүн өрттөп жибериптир. Кошуналар кабар берип, өрт өчүргүчтөр келгенче эки бөлмөдөгү оокат түгөлү менен өрттөнүп кетиптир. Пол да, эшик-терезелер да өрттөлгөн. Мырзабек канчалык заарканганы менен үйүнө кирди. Мындайды ким көрүптүр. Бүт күйүк. Бөлмөлөрдө өрт өчүргүчтөрдүн эксперттери да, милийсадан да адамдар жүрөт. Алардын баары эле Мырзабекти тааныйт. Кырсык ушуну менен чыгып кетсин дегенден айтышат. Бир жигит сурады:
-Мырзабек, шектенген адамыңыз барбы?
Мырзабек туталанып турат эле, орой жооп берди:
-Бар! Силер өрттөдүңөр! -Жигиттин алласы оозунан түшүп, делдирей калды да, эптеп сүйлөгөн болду:
-Сиз эмне... Сиз... Ошол кантип болсун...
Мырзабек башка эч нерсе айткан жок, сыртка чыгып аялын, балдарын ээрчитип ошол эле жерде жүргөн жана кабар айтып барган жигиттин үйүнө келишти. Ал астыңкы кабатта жашачу.
Үйгө киргенден кийин үй ээсинин аялы жаналы калбай колдо бар тамактан коюп, чай берди. Унчугушпай чай ичишти. Чайдан соң үй ээлери Мырзабектердин үйдө эркин эс ала берүүсүн айтып, иштери менен бир жакка кетишти.
Мырзабек аялынан болгон окуяны сурашка оозу барбай аны аяп отурат, эки баласы кызыга көрүп жаткан телевизорду тиктеген болот. Аялы дале бышактап ыйы басылбай жатат. Мырзабектин көзүн тике карай албай көзүн ала качат. Баарына күнөөлүү өзү болуп жаткансыйт. Оңдой берди болуп эки баласы жүрөктөрү түшпөптүр. Бака-шака сүйлөшүп телевизордон көргөндөрүн талкуулап жатышат. Мырзабек аялын улам жооткотуп, кыса кучактай саамайынан сылайт, жакшы сөз арнайт. Аялы азга тынчыганы менен кайра эле көз жаштан чыгарат кайгысын...
Мырзабектин аялы керээли кечке ыйын баскан жок. Балдарынын улам бирин бооруна кысып болкулдайт. "Болду эми, үй өрттөнмөктөн кыйрап калсын, эртең эле таап алабыз баарын. Минтип ыйлай берсең, жинди болуп каласың, токтот ыйыңды" деген Мырзабектен көзүн ала качат, аны тике карай албайт. Үйдү өзү өрттөп жибергендей. ..
Үй ээсинин аялы Мырзабектердин алды-артына түшүп жаны калбайт, күрүчүн басып, столго салат-палатын жайнатты. Күйөөсү столго арак койду. Төртөө тең ичишти. "Кырсык ушуну менен чыгып кетсин" дешти. Айда-жылда туш-туштан кыйнатып жатып жүз граммга жетпеген арак иччү Мырзабектин аялы бу жолу эркектер менен тең ичти. Эки бөтөлкө түгөнгөнчө куйганды калтырган жок.
Тамак ичилип бүткөндөн кийин Мырзабек үй ээсинин машинесин айдатып алып атасыныкына барып келмей болуп кетти. Уулунун жоо куугандай кетип калганына эне-ата санааркап жатса керек.
Мырзабек аларга үйү өрттөнүп кеткенин айткан жок, далайга сүйлөшүп, атасы болбой салдырган эттен жеп түн ортосу небак оогондо кайра тартышты.
Келишсе үй ээси, аялы дагы беш-алты кошуна сыртта жүрүшүптүр. Мырзабектер токтоор менен үй ээсинин аялы:
-Жеңемди доктурга алып кетти, жаман болуп жатат, - деди ыйлап жиберчүдөй буулугуп.
-Эмне болду?! - Мырзабекте жан жок, жүрөгү куушурула денеси дүр этти.
-Билбейм, оозунан көбүк чыгып... эсин жоготуп...
-Ата! - үчүнчү класста окуган уулу Мырзабекке жабышты бышактап алган. -Мамам момуну эчкимге көрсөтпөй атаңа бер деген, - деп атасынын кулагына бышактай шыбырап бир бүктөм кагаз сунду.
Мырзабек баарын таштап үйгө жүгүрө кирди да кагаздын бүктөмүн жазып колу калтырай окуду. "Мырзабек мени кечирип кой. Үйдү өрттөгөндөр адегенде мени мазакташты. Ошондон кийин сенин бетиңди кантип карайм. Балдарды жакшы кара. Тигилерди тап. Сак болуп жүр, суранам. Мени жектебе" деп жазылган. Мырзабек бир бакырып алды. Ошол бакырыктан үй асты-үстүн боло жаздады бейм.
-Эмне болуп кетти, Мырзаке?! -Арттан келген үй ээси жигит жүрөгү түштү. -Мырзаке, эмне болду?!
Мырзакесинин жообу жок эле. Өңалеттен кетип диванга шалак олтуруп, жаактары түйүлдү, тиши кычырагандай болду. Азыр анын кебетеси ого бетер коркунучтуу эле.
-Кеттик!-деди жигитке.
Ооруканага келишти. Элеңдеген бир врач кетенчиктей берип үзүл-кесил коркунучтуу кабарын айтты:
-Жеңе кетип калды...
Мырзабек бу кабарды элес албагандай үн катпай кайра артка басты. Көзү көр болгондой туш келди басты. Кошуна жигит колтуктайт..#өлүм
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7