5-Бөлүмү...
Мырзабектин атасы туура он күндөн кийин келди. Бу жолу кичүү уулун ээрчите келиптир.
Кайната келип, келин кураштырып колдо бар тамагын жасап, ал ичилип бүткөндө Мырзабектин атасы айтып турду:
-Мырза, бу иниң экөөбүз кеңешип туруп сага бир машине мингизели деп сүйлөштүк, - кичүү уулуна кайрылды, - кана алып чыкчы. -Кичүү уулу ийинге асынма сумкасын алып келип, ичинен беш-алты таңгак акча алып чыгып, Мырзабектин астына койду.
-Бу эмне кылганың, ата?! -деди Мырзабек шаштысы кете. Сөзүн эмне деп улантарын билбей калды эле, атасы улантты сөздү:
-Эмне кылганым болсун. Бир машина минип алсын дедим. Жоро-жолдошторуңдун баары минип жүрсө. Мин да сен деле...
-Минбейм, -деди Мырзабек дале эмне айтарын билбей, - жинди болдумбу ушул жашка келип, сага машине алдырып.
-Мен эмес, мобул алперип жатат, мен аз эле коштум, - деди атасы жандалбас кылып, -жеткиче шашып сүйүнүп келсе...
Ишинен деги кетти. Чүнчүп жаман болбосун. Машийне алперейин, аны минип аржак, бержакка айдап, кичине көңүлү көтөрүлсүн, башка иш тапса пайдасы деле тийбейби деп чечкен ата бээсин тайы менен, анан саап турган уюн былтыркы торпогуна, байлап жүргөн эки коюн кошо сатып, кичүү уулуна өзү арнап берген бээсин кулунуна кошуп саттырып, туура элүү миң сом кылып алып келген эмеспи. Акчаны кайдан таптың деп Мырзабек баары бир айттырмай болуп кыйнаганда айтып жатпайбы.
Мырзабек машина албайм деп, атасы аласың дейт. Анан далайда барып Мырзабек атасын жеңчү сөздү айтты:
-Эгер машина алсак милийсада иштеп жөн жүргөн эмес экен. Тазасынып жүргөнү менен бу жеткен шүмшүк турбайбы. Милийсадан кетери менен жеп-ичкен акчасына машине минди дебейби. Сен эмне ошентип айтсын дейсиңби, ыя ата?
Бул сөз атасын ойлонтуп таштады да, бир аздан кийин:
-Сеники да туурадыр, балам, -деген сөздү айттырды.
Жанатан бери экөөнүн сөзүнө күбө болгон Мырзабектин аялы менен иниси "алса эле болмок" деп ичтеринен өкүттө калышты...
Атасы Мырзабекти далайга көндүрүп жатып он миң сом таштап кетти...
Болот өзүнө баш бербеген Мырзабек, Саматтан кутулганы менен өчү канбай калгандай болду. Экөө тең алдына келип чөгөлөп, боздоп берсе өчү канар беле, болбосо экөөнү тең өмүр бою майып болуп, жалаң арзыбаган пенсияга жашап кор болуп өткөнүн көрсө же таптакыр эле жок кылып жиберсечи... ошондо канмак өчү. Жандүйнөсү жалаң гана жамандыкка толгон неме баягы облначальник "аларды жөн кой, ишинен айдалганы оңой сокку эмес" деп айтканда ырас эле деп аз күн тынчый калганы менен кийин жек көрүүсү кайра козголгон.
Бир күнү Болуш өзү келип, өз колу менен тутам доллар тапшырып, кечинде саунага чакырып "баары болот" деп кетти.
Болот жумушунда түн киргенче отуруп, милийсадан анча алыс жерде күт деген Болуштун машинесине отуруп, саунага келишти. Болуш Болотту саунага чакырганда башка эч кимди кошпойт. Сыртта гана кайтарган жигиттери дагы бир машинада зарыгышат. А турсун сауна ээси да көрбөйт Болотту. Дүйүм тамакка толгон стол даярдалат, бу шаардан оголе алыс дагы бир шаардан үч-төрт кыз алдырат. Ушунун баары Болоттун шарты. Милийса начальниги саунада шапар тээп жүрөт деген сөздөн алыс болоюн дегени бу. Бирок ошентип дуулдап жүргөнүн бу шаарда далай адам билет...
Адаттагысындай эле Болот бу саам да көңүлдүү эле, тамагыңдын түрү жайнап турса, ага кошумча ичкилик түрү менен төрт кыздын көзү жайнаса... Суусуна бир сыйрадан дене эс алдырып, тамагы менен ичкилигине курсак толтуруп, кыздарына кумар кандырып шайма-шай болгон кезде Болот менен Болуш кыздардан оолактай экөө эки креслого отуруп аздап сүйлөшө кетишти. Сөздөн сөз чыгып Мырзабек менен Саматтын кебине өтүштү. Алар иштеп жүргөндө начальнигин кыкка теңебесин небак уккан Болуш:
-Ал экөөнү "жакшылап" узата албай калдың окшойт, э, -деди тигинин жарасына тийип.
-Кеч болгон жок. -Болоттун кабагы карыш салаңдай түштү дароо. -Каалаган убагымда каалаганымды жасап салуу колдон келет, алар ким экен?!
-Жардамдын кереги жокпу?
Болот азга ойлоно түшүп, анан жооп берди:
-Кандай жардам?
-Сен кандай десең.
Болот дагы ойлонду да, мыйыгынан жылмайды:
-Сен ошол жардамыңды жасап көрчү, анан аныңдын кандай экенин айтайын, макулсуңбу?
-Макулмун, -деди Болуш, айласыздан. Тигинт, минт дегенди күткөн неме азга шагы сына түшкөндөй болду.
Бу күнү Болот таңга жуук келди үйүнө...
Мырзабектин ишсиз жатканына эки айдын жүзү болду. Баягы атасы берген анан өзүндөгү иштен кеткенде алган анча-мынча акча кошулуп ошону менен күнүмдүк жашоо өтүп жатат. Бу акча түгөнгөндө бүлөмдү эмне менен багам деген санаа Мырзабекте жок. Миллиондоп белендеп койгондой коймаарек тартат. Белендеп койгону да чын болчу өз оюнда. Ал акчалар Болуш менен Болот сыяктууларда катылуу, каалаган күнү барып алат. Заманаң бөрү болсо бөрү бол дегениң Мырзабектин дилине небактан орногон, небагың жыл чамасы го сыягы. Бирөөлөрдө катылган ал акчаларды берчи деп барып алмак беле, аны алып бере турган тапанчасы даяр болуп турат. Ушундай жолго түшмөк болгон Мырзабек. Бу жол жаман жол, наадандыкка, айбандыкка алпарчу жол, бирок бул жолго ал өзү түшүп жаткан жок, ошол жолдо жүргөндөр чакырып жатат, жан койбой чакырып жатпайбы. Аларды ошол арам жолдон тосоюн деген ниети, аракети бар эле, аны ишке ашырышпайт экен, заң-закүнү болуп туруп ишке ашпачу нерсе экен ал бир. Эми ошол наадандардын жолу менен ийиндеше басып, аларга көрбөгөндү көргөзөт, күтпөгөндү көргөзөт. Өлүм менен боздогон көз жаштын кандай болорун көрсөтөт, өңгөлөргө ошолорду апкелип жаткандар. Бирөөнүн жанын сууруп, өлтүргөнүн өлтүрүп, өлтүрбөгөнүн чала өлүк кылса, жүрөгүнүн сары суусун алгандардын беш-алтоосуна көргүлүктү көрсөтсө аз эмес. Жок дегенде ошол беш-алты айбандан кутулат жалпы журт. Бу дүйнөгө келбей эле койсом эмне деп заркакшатпаса элеби өзү билген зөөкүрлөрдү. .. Ушундай чечимге келген Мырзабек. Маселе ал ишин качан, кимден баштоодо калган... Кызыгың кур, ушул ойду Самат да ойлоп, дилинде аны бышырып жүргөн. Баса, Мырзабекти камаганда, анан ооруканада жатканда Самат менен Мырзабек ушул ойлорунун четин чыгарышып, биракта ачык айта алышпай ичине катышкан...
Самат ишинен бошонору менен дароо Бишкекке көчүп кеткен. Бул шаарга ошол жактан которулуп келген эмеспи. Кайнатасы менен өз атасы кошумчалап сатып беришкен эки бөлмө квартирасы бар болчу. Самат да Мырзабектей эле эртең эмне кылып жашайм деген эзме суроодон алыс болчу. Анын миллиондорун да бирөөлөр "камдап" койгон эмеспи...
Мырзабек коңгуроо басканда Самат үйдө болчу. Аялы кайсы бир эларалык делген уюмда иштей баштаган, дурус табат акчаны. Ал ишинде болчу. Самат эшикти ача берип маңдайында турган Мырзабекти көз ирмем таңкала карап, анан кучактай кармап, койо берсечи далайга, сүйүнгөнүн айтпа! Мырзабек да досун көргөнүнө, анын үйдө экенине жетине албай маңдайы жарылат. Бири-биринин аманчылыгын, жашоосун кезеги жок сурашып бүтө алышпайт. Бат эле столго болгон тамак келип, чайга киришти. Ансыз кантип болсун, бир бөтөлкө ачылып стакандар кагышты. Бири-бирин ойда сагынып калышкан экен, тарабай жатат сагынычтары. Сөздөн сөз уланып отуруп, эми эмне оокат кыласыңга өтүштү.
-Ачка калмак белек, - деди Мырзабек, -бир өмүргө жетчү акчаны камдап койгом.
-Мен дагы, -деди Самат, -сеники бир эле өмүргө жетсе меники төрт-беш өмүргө жетет сеникин кошкондо.
-Бирөөлөргө каттырып койгонсуң го? - Мырзабек күлдү.
-Көп адамга... адамга дегенимди кара, айбандарга каттыргам. А сенчи?
-Сеникиндей айбандар менде жок бекен, а балким менде сеникинен эки эсе көптүр.
-Билгем, -деди Самат бу жолу олуттуу сүйлөп, - сага айтсамбы, айтпасамбы деп жүрдүм эле...
-Мен дагы.
Саматтын аялы келгенче эки дос өздөрүнөн башка жан адам билгис сөздөрүн ачык сүйлөштү, экөө дагы да бир бүтүмгө биригип антташты, илгерки бабалардай. ..
Болуш бу шаар менен облустун кримавторитети. Университеттин экономика факультетине кирип, аны туура он эки жылда бүтүп чыкты. Үчүнчү курста акчасы түгөнүп, эч кимге баш бербеген курсагы курулдап турган күндөрдүн биринде жалгыз бөрү болуп, түн ортосунда көчөгө чыгып, меймандап аракка чыланып келаткан атасындай болгон адамды жаткыра коюп, тонойм деп ошол тоноп жаткан учурунда патрулдун колуна түшүп калганда милийса министрлигинде иштеген жездеси эптеп сууруп чыкты эле, аз өтпөй дагы түштү. Бу жолу караңгы кире элек кыштын кеч күүгүмүндө бир аялдын норка тумагын башынан жула качып, түз эле наркы көчөдө келаткан үч милийсанын бет маңдайынан чыгыбатпайбы. Милийсага жолдуусун кантесиң. Бу ирет жездеси куткара албай калды. Анткени аял да, анын күйөөсү да барандуу кызматтарда иштеп, барандуу прокурор менен үймө-үй катышат тура. Болуш соттолуп кетти. Түрмөдөн чыккандан кийин жыл айланып кайра окууга кирип баягы жездесинин жардамы менен окуусун сырттан бүттү. Ошондон бери ушул шаарда. Адегенде бу шаардын авторитетине кол бала кызматын кылып жүрдү. Тайманбаган мүнөзү бар неме бат эле анын оң колуна айланды. Качан тиги авторитети түрмөгө түшүп, ал жактан кандайдыр бир себептер менен өлгөндөн кийин өзү такка отурган...
Болуштун бизнесмен деген аты бар, фирма ачып, анысы ушул шаардагы тамак-аш соодасынын көбүн жасайт. Кийин килейген ресторан сатып алды, эки май куйчу жай ачты, бизнесмен деген ат алды. Мына ушул "бизнесменге" калган бардык бизнесмендер "абадан дем алганы үчүн, Болуштун бар болгону үчүн" төлөп турушат. Төлөбөй моюн толгогондордун бири Бишкекке кеткен боюнча жок болду, дагы бири үй-жайы өрттөлгөндөн кийин бүлөсүн белгисиз жакка көчүрө качкан. Эми Болушка "жок" дегендер жок. Шаардын мэри, прокурору, соту да Болушка жарым ооз жаман сөзү жок. Акча деген жаман сөз айттырбайт!
Болуштун Бишкекте депутат досу бар эле. Акчасын мол коротуп, чоңдорду да, Болушту да колго алып, ушул аймактан депутат болгон. Мына ошол досу үчүнчү аял алып, эркек балалуу болуп чоң той бермек. Болуш аялын, мектепте онунчу класс окуган жалгыз уулун алып, той жемекке жөнөп кетти. Заңгыраган эки кабат үйүндө бар оокатын жасап конуп-түнөп жүрчү элүүлөрдөгү малайынын жанына эки жигитин калтырган...
Түн ортосу болуп калган убак эле. Эки жигит бир бөлмөдө телевизор көрүп, арактан аздап согуп коюп акчага карта ойноп, кээде чырдаша кетип энеңдилеп бири-бирине атырылып. Кара басып үй кайтарган эстеринен небак чыккан. Анын үстүнө Болуштун үйүнө даап ким келмек. Кароолчу кул короодогу үч бөлмөлүү үйдөгү бөлмөсүндө. Дарбазаны бышыктап жаап, короодо наркы-терки басып жүрүп, эми эле кирген. Кирип эле телевизор койуп, диванын көздөй басканда мышык сындуу кирген маскачан адам төбөдөн ары тапанчанын кундагы менен берип калды. Кароолчу үн чыгарганга үлгүрбөй, шалак жыгылды. Маскачан неме асынган сумкасындагы кир жайчу шпагат менен колу-бутун чырмай байлады. Эми чоң үйдү көздөй басты. Тор тартылган жарык терезеден ортосуна журнал столу коюлган креслолордо экөө отуруп карта ойноп жатышат. Алаамат келсе да иштери жок картага берилген. Сырткы эшик ичинен бекилген эмес, Болуштун үйүнөн жашынып, бекинмекпи. Маскачан терезеден жадабай карап турду биртопко. Бирмаалда эки жигиттин бири ордунан туруп бөлмөдөн чыгып кетти. Маскачан бир секирип үйдүн бурчун айлана келди. Сырткы эшик ачылып баягы жигит түз эле маскачан жашынган жакты көздөй басты, туалет ошол жакта болчу. Жигит туалеттин эшигин ача берип, жерге сулады. Маскачан арттан келип дагы эле тапанчанын сабы менен каракушка баскан эле. Маскачан сулк жаткан жигитти сүйөмөлөп, туалеттин тешигине отургузуп, чалкалата жөлөдү. Сумкасындагы шпагатты алып чыгып колун артка кайрый байлады, буту да чырмалды. Скотч менен оозу чапталды.
Маскачан эми үйгө кирди аярлай, шашпай басып. Баягы бөлмөдө калган жигит көзүн жуумп, креслосунда чалкалап кериле отурат. Өмүрүнүн бир сонун учурунбу же алдыда болчу жыргалынбы, айтор, көңүлүнө бир сонун нерсени элесинде чубап жаткандай... Башка бирди жеп, а да чырмала таңылып, оозу чапталды. Маскачан неме столдогу рюмканын бирин алып, арактан толтура куюп серпип жиберип,кайра куюп ичти. Анан бош калган креслого отуруп эс алгандай болду. Жана бирди тартты. Саатын карады, туптуура он эки жарым болуптур. Ордунан туруп бөлмөдөн бөлмөгө өтүп кыдырды, экинчи кабатка чыгып, эбегейсиз чоң залга кирди. Эмне деген гана оокат жок, жаңгактан жасалган стенка, кымбат диван, креслолор, дале болсо жаңгактан узун стол, жыйырмадай стул, кымбат фарфор, хрусталь вазалар, сувенирлер, телевизор, магнитофондор, картиналар, ... Маскачан ар кай жердеги вазаларды, стенка толгон хрусталдардын баарын жердеги көз жоосун алгандай килемдин үстүнө коюп, сумкасынан балка алып чыгып, шашпай бирден талкалады. Телевизор, магнитофондор быркырады. Андан соң бычак менен картиналар, килемдер тилинди, креслолор, диван, да бычактан абийири кетти. Эми башка бөлмөгө өттү, уктачу бөлмө го. Бу жерден да балка менен бычак жакшы иштеди. Эбегейсиз зор кроваттын баш жагына илинген пейзаждуу килейген картинаны алды эле, дубалдын чоң китеп бетиндей темир эшикчеси бар экен. Балка менен бир койгондо эле ачылып кетти. Кылдат тизилген доллар, миң сомдук, беш жүм сомдук акчалар. Оголе көп экен, санаган жок, кроваттын үстүнө коюп шашпай майдалап тытты, күлмайда кылды. Башка да кесилчүлөр кесилди, талкаланчулар талкаланды. Астыңкы этажга түшүп бычак, балка менен иштегенин улантты, такыр шашпады... Бүтүнүнөн жылыткыч батареялар эле калды көрүнөт.
Маскачан кайра үстүнкү кабаттагы залга келди. Тамтыгы жок тилинген Болуштун килейген портретин дубалга жөлөп, сумкасынан бир ак барак кагаз алып чыгып портреттин дал башына чаптады ала келген карандаш-клейи менен. Ак баракта компьютерде басылган "Мен сага өлүм апкелем" деген жазуу бар эле...
Маскачан колундагы мээлейин чечип маскасын шыпырды да терин сүрттү, өзүн жеңил, көңүлдүү сезди, опсуз оор жүктү жондон шыпыргандай болду...
Болуштун оң колу болуп жүргөн азан чакырылган аты Кыргызбай, бандиттер арасында "Киргиз" делип, кыргызча тилин алешем билген үчүн коюлган аты бар жигити бар эле. Кожоюндун үйүнө түш маал келди. Дарбаза кагып бир аз туруп, жооп болбогон соң бийик дубалга тырмышып эптеп чыгып короого секирип түштү. Жымжырт. Кароолчу жаткан үйдүн эшигин тартты эле, ачык экен, ичкери кирди. Кароолчу дивандын жанында жерде жатат. Колу-буту таңылуу, тыбырчылап бошонмокчу болот. Телевизордо бир кино болуп, үн жаңырат. Кароолчу небак эсине келген экен, колун бошотору менен сөгүнө башын мыкчыды:
-Ким?! -деди Киргиз кыжыры кайнап.
Жаны күйгөн кароолчу байкоостон орой жооп берди:
-Ким экенин мен кайдан билейин?!
Мындай оройлукту Болуштан башкадан укпаган Киргиздин каны кайнап кетти да, жаңы эле өйдө туруп бараткан немени көчүктөн ары бир тепти:
-Энеңдурайын эшек! Эй, сен эмне каракчысыңбы, ыя? Кароолго коюлдуң беле, же.. ыя, сука! - Киргиз бу шордууну жана бир жаза-буза тепти. -Беркилер кайда?!
Өз укугун, өз ордун кайра эстеген кароолчу:
-Билбейм... -деди өчүп бараткандай араң сүйлөп.
Киргиз чоң үйгө кирип жоо чапкандай кыйсыпыры түшкөн көрүнүшкө жаны куушурулду, айласы түгөнө жаздады. Бир бөлмөгө кирип таңылган жигитти чечти.
-Эшек! -деп аны да бир-эки тээп алды. -Берки кайда?!
-Билбейм, -деди башы чыдатпай коруган неме турган жеринен теңселип, -туалетке кеткен...
Киргиз сыртка чыгып түз эле туалетке барды. Мындай мазактоону ким көрүптүр, колу-буту таңылган экинчи жигит тешикте отурат. Киргиз жийиркене кетип артынан теңселе келген биринчи жигитке бурк этти:
-Бар, бошотпойсуңбу, тиги чычалбай жаткан суканы!
Киргиз кайра үйгө кирип бүт бөлмөлөрдү кыдырды. Жүзү курусун, бандит башы менен мындай балээни кайдан көрүптүр!
Болуштун тилинген портретине жакын келип эңкейе калып, "Мен сага өлүм апкелем" деген жазууну окуду. Ал жазылган кагазды айрыган жок. Эч нерсеге тийбеш керек, милийса текшерсе орду-ордунда болсо бир из-илинчек табылат да деп ойлоп койгон.
Киргиз короого чыгып тамеки тартып биртопко наркы-терки басты. Анан чөнтөк телефонун алып Болушка чалды... Үнү дирилдей чыкты...
***
Болуш кечээ жакшы тойлоп бүгүн тамак да, арак да кускусун келтирип Бишкектеги үйлөрүнүн биринде жаткан. Киргизден жаман кабар угуп телефондон аны оозго алгыс сөздөр менен ойда ашатып анан дароо кийинди. Баласы менен аялын кийин келерсиңер деп ар дайым даяр турчу шоопуру менен өзүн кайтарган бир жигитин каарый шаштырып, Бишкектен түш оой жөнөп кетти...
Орточо жүргөндө алты-жети сааттык жолду төрт жарым саатта басышты.
Болуштун буйругу менен Киргиз милийса да чакырган эмес, төртөө тең каккан казыктай күтүп жатышкан. Болуш эки жигитинин коштоосунда короого кирип келгенде төртөө тең өлүм кирип келип мына-мына жанын алчудай коркуп кетишти. Болуш аларды карап да койгон жок, түз эле үйгө кирип бөлмөдөн бөлмөгө өттү. Калчылдаган жигиттери артында. Болуш портретине чапталган кагазды айрып алды. Окуду. Келген жини денесин жарып жиберчүдөй, муун-жүүнү бар экени сезилбейт.
-Энеңди гана!.. деп бир бакырып алды. Ал сөз кимге багышталганын билбейт эле. Минтип баарын талкалап, кескилеп кеткен немени кескилеп салгысы келет, жок, бир ирет эмес миң сан ирет кескилегиси бар. Бирок, кимди? Уктоочу бөлмөгө кирип керебет додо кесилген долларды, акчаны көрүп керебеттин четине шалак отурду.
Кошо кирген беркилерге бакырды:
-Чыккыла! Сукалар!
Тигилер жым-жым жоголушту. Болуш көпкө отурду. Башын мыкчыды, туталанды, кимдендир аша чапкан ачуусун чыгаргысы келет. Үй кайтарып кеткен үчөөнү Киргизге кошуп туруп атып салса табаасы канар беле... Ошол ойу жеңип баратып кайра тартты... Муну жасагандар оңой немелер эмес экенин ойлоду. Далай немелердин элесин тартып жиберди көз алдына... Тапса өз колу менен мууздайт. Жок, дароо эле мууздабайт, кулак-мурдун кескилеп, анан гана шашпай мууздайт. Мыкаачы болуп турду Болуш ушул тапта. Аялы өмүр бою жыйнаган көроокатынан бир түндө ажыраганы аз келгенсип, акчаларын майдалай тытып, портретин тилип "Мен сага өлүм апкелем!" дегени намысына жан чыдагыс тийди. Азырынча ал эскертүү сөздөн корккон жок, элес алган жок. Кыжыры чектен ашып бу жарык дүйнөнү асты-үстүн кылып жибергиси келип турду...
Ошол отурган жеринде жарым сааттай эзилди. Ушул окуя өмүрүндөгү эң чоң сокку, кемсинтүү болчу, аябай чоң кордук эле. Эч нерсе албай жалаң гана талкалап, кескилеп кеткени чоң душмандын кылганы болчу.
Чөнтөк телефонун алып Болотко чалды, аманчылык сураганга шайы келбей түз эле болгон окуядан баштады...#өлүм
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8