#тагдыр
°Кабыл алуума жашы 70 ке жакындаган эне , давление боюнча кайрылып келип калды.
Тамырын кармап олтуруп , үй бүлөсү тууралуу суроолорду бере баштадым.
°Чалым барында жашоом жакшы эле.
4 кыз 1 уулум бар. 3 кызым Россияда ,бир кызым кошуна айылда ,уулум үйлүү жайлуу 5 баласы бар . Кыздарым келсе келиним турмак ,балам да жакшы кабыл албайт.
Кыздарым келсе келиним дудук болуп калат , ал тургай балам да ызырынат. Келинимдин туугандары келсе үйдө майрам.
Кыздарым акча которушат,келиним каалагандай сарптайт.
Кыздарым жалгыз уул деп ,тапканын көтөрүп унчукпай келип,унчукпай кетишет.
Таңым атпай ,күнүм батпай ,келиндин уу тилин угуп ,бир күндө бир чыны тамагын добушумду чыгарбай ичип ,баламдын өдөмү ( өктөмү) жоктугуна ичимден сызып өлө албай жүргөн чагым ,деп үшкүрүндү.
Ташбү сиңдим келиним угуп калбасын , кыштын күнү көмүрдү да өлчөп берет, балам эч нерсе менен иши жок.
Бир нерсе десем Энең деп , жаңжал салат деп унчукпаймын ,деп дары чөптөрдөн алып кетти.
° Сиздин жазган посттунузду окуп ,сизге көрүнгөнү келдим деп, кабыл алуума 50 жаштагы аял келди. Тамырын кармап көрсөм боорунда проблема бар экен.
Суроо жооп кылып көпкө сүйлөштүм. Оорусу капалангандан чыкканы дайын болду.
Кайненем мурда өткөн, кайнатам быйыл өттү дейт.
Өткөндөгү чыгымдын баарын көтөрдүк.
Дагы бир авсыным бар ,алар айылга конок.
Кайнатамдын үйүндө бир небереси жашайт.
Кыркы болоордо Россиядан келген 2 кайын сиңдим таза шоколад кой дасторконго, мындай көйнөк кыл бизге деп жаңжал салышты. АТАСЫ өлгөнүн билип келишти ,5 кг шоколад ала келишпейби ?
Менин медсестралык айлыгым ,студенттеримден ашпайт.
Кайнатамдын пенсиясын небереси алып жүргөн.
Күйөөм эч жерде иштебейт,ичет.
Үйгө пайда алып келбейт.
Кайын сиңдилерим сүйлөп жатса унчукпай отурат да , кыласың да деп коёт.
Алардын атасын мен көмүшүм керекпи деп ыйлайт.
Ташбү эже эч кимге айтпай эле коюң деп ыйлактайт.
Экөөсүнө тең жакшы сөзүмдү айтып жөнөттүм.
Ушул постту окугандар ,салыштыргылачы. Эки түрдүү кайын сиңди.
Бир түрдүү эркектер !
Ушул эки түрдүү көрүнүштөн кийин ушул постту жазуума туура келди.
ЭРКЕКМИН ДЕЙСИҢ ?!
Эмнеңе эркексин!
Энендин көңүлүн ала албасаң, эмнеңе эркексин аялыңды бага албасаң!
Эмнеңе эркексиң калыс сөздү сүйлөй албасаң!
Эшиктен эже карындашың келсе , төрүнө отургуза албасаң, өзүң иштебей аялың, сени балдарың менен кошо багып жатса, кайнаган казандан оокат ичип жатсаң ,калыс сүйлөп аялыңды коргой албасаң ЭМНЕҢЕ ЭРКЕКСИҢ !
Эркекмин деп баш көтөрүп жүргөндөр,ушул постту окугандар ,жок эмес араңарда ушундайлар да бар!
Кандай экенсиңер?
Катын алганга чейин , ЭНЕҢЕР жакшы ЭНЕ эле!
Катыным бери бол, Энем ары бол дебегиле !
Тирүүсүндө дубасын алгыла , бейишиңер колуңарда!
#Жылан тууйт сүтү жок,
Бекайрат эрдин шүтү ( эрки) жок#,- дегендей ,элдин санын көбөйтүп ,эркекмин деп жүргөн ЭРКЕКТЕР ! Ойлонгула !
Силерди көргөн уулуңар , үйлүү жайлуу болгондо энесин сыйлабайт.
Бирөөнүн эсебинен жашаганга өтөт.
Силерди көргөн кызыңар , түшкөн жеринде апасындай СТЕРВА болот да калат .
Энесин көрбөй ,билбей алып алгандар чоктой түшөт.
ЭРКЕКТЕР коомдо, үй бүлөдө өз ордунар, өз укугунар , өз милдеттерин, өз сый урматынар бар экенин биле жургулочу !
Ташбү Жамиловна.
Ар бир окуган адам постту бөлүшкүлө, кимдир бирөөнүн оң жолго түшүүсүнө сооп иш кылган болосуңар!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 15