3- БӨЛҮМҮ...
Ал эки барак кагазды Саматтын алдына таштады.
Кыдырбаевдин начальниктин наамына жазылган арызы экен. Мырзабек камерага кирип жөндөн-жөн эле тепкиленип, атып салам деп опузалаганын жазыптыр. Беш-алты неменин колдору жүрөт күбө катары.Самат барактарды начальниктин алдына таштады:
-Бандиттердин куурчагына айланган экенбиз да-Сен эмне деп былжырап жатасың, ыя?
-Милийса эмей эле куурчак болуп калганыбызды айтам-Ким куурчак?!
-Мен! - деди Самат ордунан туруп, - анан Сиз дагы!
Начальниктин ачуулана айкыра токто дегенин укпай кабинеттен чыгып кете берди. "Мырзабектин түбүнө жеткени калышкан экен" деди ичинде.
Жигиттеринин Мырзабекке кол салганы билинип, аларды угронун начальниги бирди көрсөтөм деп жатканын уккан Болуш түз эле милийса начальнигине телефон чалды.
-Токон, кандай саламатпы?
-Саламат. Ии чалыпсың, - деди Токон Болушту үнүнөн таанып.
-Телефондон эле айта берсем болобу?
-Болот. Айтып эле жүрбөдүң беле. Мени тыңшап өлалбай жүрүшүптүрбү, эмне?-Самат дегениң менин жигиттериме "жүк артып" жатыптыр го, кой деп кое аласыңбы?
-Арта албайт, - деди начальник, - ал суу мурун жигиттериңе айтып кой, "угронун начальниги кыйнап, сабаганынан мойунга алганбыз" дешсин. Ошону жаздырып мага бердирип кой.
-Рахмат! Мага башка сөзүң жокпу?
-Айтпай эле койойун дедим эле. Өзүң сурап калбадыңбы, алтынчы күнү кайненемдин жетимиш жылдыгы болот. Менден үмтөтө берген немелер...
-Түшүндүм, - деди Болуш, - тигинин сөзүн бүтүртпөй, - кечинде үйүңө барат. Болуптур.
Болот үйүнө кеч келди. Начальник эмеспи, ишинде көп кармалат. Ал келгенче Болуш жиберген жигит короодо жүрүп чыйрыгып да кетти. Болоттун аялы килейген үйдүн бир бөлмөсүнө киргизип, эч болбоду дегенде бир пияла чай ичирбеди. Дарбаза каккан жигитке эшик ачып күйөөсү азыр келерин айтып үйгө кирип кеткен бойдон дайны жок. Болуштун жигити килейген короодо наркы-терки басат, үйдүн бир терезесинин түбүнө коюлган орундукка отуруп тамеки тартат. Бул жерге которулуп келгени жыл айлана элек болсо да ушул шаардагы килейген үйлөрдүн бирин сатып алган начальниктин байлыгына суктанат. Короонун төр жагындагы оозу ачык гаражда жапжаңы "Ауди" машинасы турат. А да суктандырат жигитти. "Мунун баарын кайдан табат?" деп ичинде ойлонуп коет. Болуш берип жиберген миң долларды ой учугу кылып ойлобойт. Ушундай жүзүкара акчалар заңгыраган үй менен зымылдаган машина таап берип жатканына мээси жетпегендей. ..Тээ бир кыйла убакыттан кийин начальник кирди короого. Жигит ордунан туруп утурлай басып салам берди:
-Саламатсызбы?
-Саламат. Ии, кел.
-Болуш жиберди эле..
Аа, кир үйгө.
-Жо, ушул жерден эле кетейин, - деп жигит резина менен туура арчындалган долларды сунду. Бул миң доллар болчу. Болот аны алып курткасынын чөнтөгүнө салды:
-Жүрү, нан ооз тийип чык.
Милийса начальниги минтип айтып жатса бандитте каршылык жок эмеспи, баштай баскан Болоттун артынан кирди. Болот чечинип, жигитке төркү үйдөгү дивандан орун көрсөттү. Бат эле стол үстү жайнап, Болот өз колу менен арактан эки рюмкага куйду:
-Ке, алып жиберели.
Келген жигит ичкиликти кээде гана өтө кыйбас адамдары менен иччү. Азыр ичпейм деген жок, тартты. Чай ичилди. Рюмкалар үч-төрт иреттен кайталанды. Начальник деле көп ичпейт. Негедир бүгүн ичкиси келип турду. Жана облначальник менен бир топ сырлар айтылып дурус маектешкени, анан да куртка чөнтөгүнөн алып шым чөнтөгүнө салган доллардын демиби, жакшы ичти. Арак дегениң бу начальник, бу бандит деп бөлүп отурбайт эмеспи, экөөнү бирдей кызытты.
Болоттун жакшы мамилеси жигитти ачык-айрым сүйлөтүп турду. Бир маалда айтыбатпайбы:
-Болот байке, килейген үйүңүз ичи толо кымбат оокат экен, сонун машинеңиз бар экен, борбордо да заңгыраган үйүңүз, анан төрт бөлмөлүү квартираңыз бар дейт. Кыйын киши экенсиз, - деп.
Ушул сөздү уккан Болот селт эткендей болду. Маңдайында бандит отурбай эле тергөөчү отургандай сезилди. Тергөөчү болгондо да генпрокуратурадан келгендей. Башын чулгуп алды:
-Эй жигит, бир аз көңүл көтөрдүк окшойт, эми эс алалы. Эртең иш көп. Кана, оомийин!
Жыргап отурган жигит эмне болуп кеткенин түшүнө албай айласыз ордунан туруп, сыртка басты:
-Жакшы калыңыз.
-Болуптур... -деди Болот ооз учунан. Узатып чыкпады. "Бу жигит анткен менен кызык сөз айтты, -деди ичинде, -Бишкектеги үйлөрүмө чейин билет экен. Демек, ал жөнүндө сүйлөшүшкөн, бул элдин баары билет деген сөз. Бир көзүң экинчисине жоо болуп турган заманда башка күн түшсө..." Болот чөнтөгүндөгү долларды шарт сууруп короого чыкты да ун-пун сактачу складга кирип улам бир жерди дааналап жатып катты. Мурун минтчү эмес. Министрликтеги коопсуздук кызматынын же прокуратуранын кызматкерлери мына-мына кирип келип аңтарып-теңтерип, каткан долларды сууруп чыкчудай болот. Элеңдей басып дарбаза бекитти. Үйгө кирди. Аялы небак жатып алган эле, аны ойготту:
-Эй, баягы акчалар кайда?
Уйкудан чала ойгонгон аялы чочуп кетти:
-Эмне болуп кетти, ыя?
-Эчтеке болгон жок, акча кайда дейм?
-Кайда болмок эле, турат ордунда.
-Апкел.
-Өзүң эле албайт белең, уйкуну бузбай.
-Эй, уйкуңду урганым жок, бар апкел! - Аялы кайра уктап калса өзү жалгыз калып, жардамсыз калса бирөөлөр кармап кетчүдөй корккон неме аялын тургузду. Анысы тултуңдап, жулкулдай туруп көп бөлмөнүн биринен чоң таңгак акчаны алып келди. Анда долларың да, сомуң да бар чоң сумма болчу.
Болот акчаны алып, жанагы складга кирип кетчү жердин ыгын келтире албай кайра чыкты. Бираз короодо туруп, анан үйдүн чатырына чыгып үй жылытчу батареяларга кетчү суу куюлган килейген темир бочкеге чулганган эски-уску кийиздердин арасына катты да, кайра түштү. Санаасы тынчыгансып калды.
-Тезинен машинени сатып жиберейин, -деп чечти, - машина аялына катталган, ошондой болсо да... Бишкектеги килейген үйү болсо аялынын сиңдисине катталган, коркунуч жок. Бирок аны да саттырып, акчасын ошол балдызынын атынан бир ишенимдүү банкка салыш керек. Же дагы бир аз топтоп туруп чет өлкөлөрдөгү банктарга салсабы. Президенттен министр, губернаторго чейин салып жатышат го. А турсун милийсадагы кээ бир генералдардын чет өлкөдө акча эсеби бар деп жүрүшпөйбү. .. Ушундай ойлор менен бирге бир далайга олтурган Болот көпкө жатты. Арам акча тынч уктатпайт деп көп укса да өз башына биринчи жолу келгенине саресеп салган жок, азабын тартып турду, аздап...
Самат Мырзабекти сабап кеткендердин маселесин эмне кылабыз деп начальникке дагы кирди.
Болот аны акшыя тиктеп кабыл алды да сөзүн баштаганда эле бөлүп таштады:
-Сен зордук менен моюнга алдырган турбайсыңбы, ыя? Эмне милийсаны дагы да жаманатты кылганың барбы, энеңди урайын акмак! Ме, мобуларды оку. Кабинетиңе барып оку!
Самат мындай сөгүүнү көп жылдан бери уга элек эле, укса милийсага кирген алгачкы жылдары уккан. Жашы отуздан небак өтүп жакында эле майордук жылдыз тагынып турган немеге "энеңди" дегенди угуш өтө эле оор көрүнбөйбү, эмне жооп кыларын билбей туттуга түштү. Тумшуктан ары бир берип, деле ушундан көрөйүн деп барып өзүн араң токтотту. Анткен күндө азабын тартарын дароо ойлоно калды. Тил кайрыган да жок, кагаздарды бырыштыра апчый кармап эшикти тарс жаап чыгып кетти. Кабинетине барып муун-жүүнүн токтотуп бир аз отуруп, удаасы менен эки ирет тамекисин тартып анан кагаздарды жазып окуп кирди. Кыдырбаев менен анын шериктеринин арыздарында түрүшумдук жалганы жайнайт. Аны жаздырган билимдүү адам көрүнөт. Самат Кыдырбаевдикинен башкасын окуган да жок. Столунун суурмасын ачып арыздарды салды. Ордунан турбай чайкайнам отурду да, анан бир чечимге келгендей ордунан шарт туруп сыртка жөнөдү. Түз эле Мырзабекке. А кезде Мырзабек алданемедей тыңып, эшикке кирип-чыгып калган. Бирок докдурлардын айтуусунда көп баспаш керек, мээси катуу чайкалган эмеспи. Самат киргенде Мырзабек керебетинде жатып ушуга чейин толук окубай уят болгонсуп жүргөн "Манастын" килейген томдугун окуп жаткан.
-Салоомалейкум, Мырзаке!
-Алекисалам. Кел, кел.
-Бу килейген китептен коркпой кантип окуп жатасың, ыя? Мен мындай китепти окугандан эмес, колго кармагандан корком.
-А сен коркпо, - деди Мырзабек жылмайып, - Манастан да коркчу беле кыргыз баласы. Бабабыз да.
-"Манасты" анткен жокмун, чоң китепти окугандан корком деп жатам.
-Муну окусаң, мындан кийин коркпой каласың, - деди Мырзабек, -бүгүн түнү бүтөм, анан сага берем. Окуп чык.
-Азыр аны окуганга убакыт жок. Жанагы Болот деген козел менен бир иштеген адам кантип китеп окусун.
-Сен эмне мектептен окуган жок белең, "Манас" деген окурманды патриоттуулукка, баатырлыкка тарбиялайт дегенди. Муну окуп чыгып Болот-солоттордун чакчелекейин чыгарбайсыңбы, - деди Мырзабек китепти көрсөтүп тамашалай.
-Бу китепти окуп бүткүчө Болотуң баарыбызды жеп бүтөт го. Айбан!
-Ии, айт эми айтчуңду. -Мырзабек Самат бир маанилүү сөз менен келгенин билип кулак төшөдү.
Самат болгон ишин айтып берди да аягында минтти:
-Бүгүн түнү менен жөнөп, эртең таңэртең менен кирем.
-Ошонуң мага көп жакпай турат, -деди Мырзабек, - бир балээге чалынасыңбы деп корком. Мен үчүн күйүп жатканыңды беш колдой билем, бирок азырынча ошол ит менен кармашпай эле койсок болот эле.
-Сен үчүн да, өзүм үчүн да кармашам, -деди Самат тиштене, ошонун түбүнө жетпесем элеби!
-Баарын колуна алган неме түбүнө жеткирер бекен?
-Жөн жата берсек жеткирбейт дечи, ал эми экөөбүз чогуу киришсек бирдеме чыгып калар, - деди Самат деле өз оюнан кайтпай.
-Самат, сен угуп турсаң, -Мырзабек ини-досун талыдан таптай сөзүн улады, -Болот деген ушул орунга кантип келгенин билесиңби?
-Кошомат менен жетти да.
-Туура, кошомат да бар дечи. Бирок, негизги ролду акча ойнорун билбейсиңби? Биздин системадагы эң бир бай неме ушул эшек. А турсун өмүр бою акча менен ойногон тиги министрликтеги генералдардын эч кимиси Болот менен теңтайлаша албайт акча жагынан.
-Ошондойбу, -деди Самат таңкалып, -акчалуу деп уккам, бирок, анча бай экенин билбепмин.
-Билбесең, билип ал. Анын атасы өмүр бою керек-жарак союзунда иштеп дүнүйөнү аябай баскан экен дешет. Акчанын көбүн алтынга айландырып жүрчү тура. Болотко калган дейт ошондон. Бир иниси бүт облустун бензинин камдагандардын бири. Кайнатасын билесиң го полковник болуп пенсияга чыккан. Азыр улуу уулу негиздеген фирманын ишин сыртынан көзөмөлдөшөт. Россиядан курулуш материалдарын ташып, бу жактан жашылча-жемиш жөнөтүшөт экен. Болоттун биз билгенден эле үч үйү бар, билбегенибиз канча. Баса, ар кай жерде жүз чамалуу жылкысы бар дейт. Азыр жылкы канча экенин билесиңби?
-Семиздери онбеш-жыйырма миңге чамалап барат го.
-Ии, анан эсептеп көрбөйсүңбү. Бу жердеги бизнесмендерден канча алып жатат, а турсун, Болушка чейин ташып атпайбы. Акча менен жеткен бу кызматка түшүндүңбү? -деди Мырзабек Саматтан көп билерин көрсөтүп, -жалгыз кошомат менен азыр иш жүрбөй калган. Кандай абалга кабылбасын акчасынын күчү менен шыдыр турмушун өткөзө берет, ал итиң.
-Ошону тескеп, бетин ачсакчы?#өлүм
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5