9- БӨЛҮМ
Жаштардын чөйрөсүндө Жаныбек өзүн абдан ыңгайсыз сезди. Өзүнөн бир топ жаш кичүү улан-кыздардын сүйлөгөн сөздөрү, тамашалары, оюн-күлкүлөрү Жаныбекке таптакыр кызыксыз туюлду. Чындыкты Алинага айта албай жаткан кезде анын курбуларына да калп айтып, “балдарым жок, үйлөнүп, ажырашканмын” деп айтууга бул жерде да аргасыз эле. Бир гана ойлогону, Алинаны алып, мындай ызы-чуудан тезирээк кетүү. Аялы, балдары бар экенин ага айтып, жүрөктү өйүгөн бул маселе менен биротоло кош айтышуу анын бүгүнкү каалап турган иштеринин бирине айланды. Ичинен “мен бул жерде көңүл ачып отуруунун ордуна Жаннаттын жанына барып жарым саат отуруп, анын ал-абалын сурап кайтсам болмок. Ал менин колдоомо, жардамыма, жөн гана көңүл буруума муктаж болуп турган күндө минтип жаш кыздар менен көңүл ачып жүргөнүм адамгерчиликке жатпас. Жок, мындай ээн баштыктан, жоопкерчиликсиздиктен баш тартуум керек. Так азыр кетишим керек бул жерден” деп өзүн ичинен жемелеп, ордунан турду.
– Камила, дагы бир жолу туулган күнүң менен! Эми силер жакшы отургула, мен барайын. Чукул иштерим бар эле.
– Кеч киргенде чукул иштер күчөйт да, негизи. Ха-ха... Дагы бир аз отурсаңыз болмок. Эмне дейбиз, шашылыш иштериңиз болсо, кыйнай албайбыз,- деп Камила коногун узатууга ордунан турду.
– Токтоңуз. Жаныбек байке, мени таштап кетип калганы турасызбы, мен да кетем. Жолдон мени үйгө таштай кетсеңиз жакшы болмок. Анан да жана сиз мага «маанилүү кебим бар» дедиңиз эле, аны айтып аласыз.
– Сени курбуңдун туулган күнүндө азырынча кетпейт го деп ойлодум.
– Камилага баарын түшүндүрүп койгом.
– Андай болсо кеттик.
Экөө ээрчише кечеден чыгышты. Алина баягысындай эле шакылдап, бирде тамашалап, бирде сынап сүйлөп көңүлү көтөрүңкү. Жаныбек болсо, "ушул жолугушуубуз акыркы болсун, мындан ары экөөбүз бири-бирибизди таптакыр тааныбаган адамдарбыз. Мен үй-бүлөлүү эркекмин" деген сөздү айтууга ичинен камданууда. Улам кепти бурмалап, үй-бүлө, бала, ишеним жөнүндө сөз баштайт. Жаныбектин бул сөздөр менен ичинде эмнени айткысы келип турганын Алина билген жок. Ал баарын өзүнө кабыл алып жатты. “Чынында эле Жаныбектин мага болгон ою түз экен, башкаларчылап “жүрү, бир жерге түнөп келели” дебей, үй-бүлө, бала жөнүндө сүйлөйт. Демек, мага үйлөнгүсү келет. Ажырашса эмне болуптур, өзү татынакай, шыңга бойлуу, жароокер, камкор, эң башкысы, акылдуу адам. Анан да машинасы бар, акчасы көп. Жашына карап өзүм менен тең бирөөгө тийип алганда ал мени бага алабы, бага албайбы, ал суроо. А Жаныбекке тийсем, жыргайм да” деп ойлонду да, Жаныбектин оозун колдору менен акырын жаап:
– Жаныбек байке, мен түшүндүм, баарын түшүндүм.
– Чын элеби?
– Ооба, эки жүрөк бирин-бири сүйүп турганда ал жерге эч кандай сөздүн кереги жок. Мен сиз айта турган сөздөрдү жүрөгүм менен угуп алдым. Жүрөгүңүздү тыңшасам, “Алина, мен сени жакшы көрөм, мага турмушка чыкчы” деп жатат. А менин жүрөгүм болсо, мен эч нерсе деп айта электе эле “ооба, Жаныбек байке, мен түбөлүк сиздики болууга макулмун” деп жообун берип койду,- деп шаңк эте каткырып күлдү да, Жаныбектин көздөрүнө кадалды. Жаныбектин оозунан сөзү түшүп, унчуга албастан бир топко дендароо туруп калды. Акырында кыздын ачык мүнөзүнө таң кала:
– Койчу, ошондой болдубу? Ай, сени, тентек кыз десе.
– Же мен калп айтамбы, айтсаңыз?
– Жок... Ой, ооба. Сен баарын туура түшүндүң, чынында, алтынчы туюмуң укмуш экен. Айттырбай туруп баарын билип алдың. Сендей кыз дүйнө жүзүндө бирөө гана да. Ошондуктан сени жактырдым.
– Коюңузчу. Бирок чындыгында эле дүйнөдө мендейден бирөө эле, калгандары башкача. Алар башка адамдар, башкача ойлонот, башкача жашайт, башкача сүйөт. Бирок бири да сизди мендей сүйө албайт.
Табиятынан мүнөзү ачык, шайыр кыз ушинтип оюндагысынын баарын ачык эле айтып койду. Жаныбек тилинин учунда турган “менин үй-бүлөм бар” деген сөздү айта албай, бул күнү да өзүнө капа болгон бойдон үйүнө кетти.
Ошол күнү Жаныбек өз күнөөсүн сезип, балдарынын жүзүн карай албады. Демейдегидей үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу отуруп тамактанууга да даабады. Самат менен Айжамал уктап калган соң алардын бөлмөсүнө кирип, экөөнү маңдайынан сылап, ичинен кечирим сурап жатты. Ошол түнү балдардын бөлмөсүндө түнөдү.
Күйөөсүнүн мындай кызуу күндөрдү башынан кечирип жүргөнүнөн Жаннат акыркы күндөрү шектене баштаган болчу. Үйдөн ким келбесин “Жаныбек кайда? Качан кетти, качан келди, кечээ үйгө түнөдүбү?” деген суроолорду көп берет. Тумар канчалык көргөн-билгенин Жаннатка айткысы келип турса да, тилин тишине катып унчукпайт. Оюнда билбегени эле оң деп турган. Бирок бул окуяны эчак эле Айжамал апасына айтып келген. Жан дүйнөсүн кыйнаган бул көйгөйдү бүгүн курбусу, бир чети абысыны Тумар менен бөлүшкүсү келди.
– Тумар, байкасам, мага эч нерсени айткың жок. Сен жашырган нерселердин баарын эле билем.
– Эмнени?
– Жаныбектин жүрүм-туруму тууралуу айтып жатам. Албетте, сага сезилбеши деле мүмкүн. Азыр айтсам, машинесинен Айжамал таап алган аялзатынын буюмдары туугандардыкы же кесиптештердики чыгар деп мени жибите баштайсың, аны билип турам. Бирок Жаныбектин өзгөргөнүн менчелик эч ким билбейт. Күн сайын жок дегенде эки ирет келип ал-абалымды сурап турган, мага күйгөн, мени аяган жолдошум азыр кайда? Мына бүгүн мага келбегенине туптуура 8 күн болду. Элестетсең, бир жакка кеткен болсо да жөнү бар, бир шаарда туруп, мага келе элек. Күнүнө бир ирет телефон чалып, оозун араң эле кыймылдатып “кандайсың?” деп коёт, болду. Башка кеби жок. Өзүм чалсам, телефонун албайт. Эки күн мурун акча түгөнгөнүн айттым эле, бүгүн эртең менен Уландан берип жибериптир. Муну мен кандай түшүнүшүм керек? Жаныбектин бирөө менен жакын мамиледе жүргөнүнөн шегим жок. Ал өзүнө болочок жубай тандаган экен. Демек, менден үмүтүн үздү, мени өлөт деди.
– Койчу, Жаннат, өз көзүбүз менен көрбөгөн соң эч нерсе айта албайбыз.
– Көз көрбөгөнү менен, жүрөк сезип турат. Ал соо жүргөн жок. Жаныбек менен таанышкан күндөн бери мага мындай салкын мамиле кылган эмес. Эми минтип күнүм түшүп турганда ал менин дагы бир чоң үмүтүмдү талкалады, уратып түшүрдү, бырчалап салды тирүүлөй.
– Сен мындай күндө, тескерисинче, күчкө толуп, өзүңдү бийик көтөрүшүң керек. Балдарыңдын келечеги үчүн, алдыдагы бактылуу турмуш үчүн күрөшүп, белди бекем буушуң керек.
– Бир чети сенин айткандарың да туура. Жаныбектин менин көзүм тирүү турган күндөгү жүргөн жүрүшү ушул болсо, анда мен жокто кандай болорун алдын ала билдим. Ансыз да кечээ аябай букка толуп ыйлап жатып, Айжамал менен Саматты ойлоп, кантип сыртта эки сааттан ашык басып жүргөнүмдү билбей калыптырмын. Палатага келип, саатты караган соң гана өзүмдүн эрдигимди билдим.
Күн өткөн сайын Жаныбек менен Алинанын мамилеси тереңдей берди. Бирок акыркы күндөрү Жаныбек бул мамиленин аягы жакындап калганын четин чыгара кулак кагыш кылып коёт. Негедир мындай мамилеге өзү да макул болгондой, Алина таптакыр унчукпайт. “Ортобуздагы сүйүү аз күндүк экендигин билген болсоң, эмнеге менин убактымды алып, ишенимиме кирдиң? Өчүп калган үмүтүмдү эмнеге кайра жандырдың?” деген да жок. Баарына кайыл болгондой же эч нерсени түшүнбөгөндөй, билбегендей эле болуп кутулат. Бирок Алинанын бар чындыкты билери анык эле. Себеби ал ортого киши салдырып жүрүп, Жаныбектин үйүндөгү коён жатагына чейин билип алган болчу. Ал тургай Жаннаттын жаткан палатасына чейин билчү. Мунун баары келечекте кереги тиет деген ойдо унчукпай жүргөн.
Бул күнү экөө күндөгүдөй болжошкон жерде, сүйлөшүлгөн убакта жолугушту. Адаттагыдай экөөнүн тең маанайы ачык, күлүп-жайнаган бойдон күндө тамактанчу жайга бет алышты.
– Жаныбек байке, мен мурда сүйүүдөн аябай катуу жапа чеккем. Ошондон кийин эркек аттуунун баарын жек көрүп калган болчумун. Эми, чынын айтсам, ал оюмдан кайттым. Сиздей жакшы адамдардын бар экендигине кубанып турам. Анан да жакшы адамга менин жолугуп калганым – эки эсе чоң бакыт тапканым.
– Койчу, Алина, анчалык ашырып мактаба мени. Мактанып кетишим мүмкүн.
– Сиз мактоо менен жакшы сөздүн гана теңисиз. Аны билип коюңуз.
– Менин оюмча, жакшы адам деген атка татыктуу мына сенсиң.
Мына ушинтип экөө бири-бирине жылуу сөздөрүн арнап, кечти чогуу, кызыктуу, эсте каларлык өткөрүп жатышты. Бирок экөөнүн маанайын Алинага келген телефон чалуу заматта талкалады.
– Алло, кандайсыз, жеңе? Талгат байкемдиби?! Чынын айта бериңиз, аманбы дейм?! Анан эмне болду? Канча керек экен? Мен таап берем, кам санабаңыз, байкемдин жанында болуңуз. Бирөөгө карыздансам да мен таап салып жиберем.Эртең менен акчаны колуңарга аласыңар. Байкем аман калса эле болгону,- деген бойдон телефону колунан түшүп, шалдая отуруп калды.
– Алина, эмне болду, деги тынччылыкпы?
– Москвада иштеген байкемди машина сүзүп кетиптир.
– Аман бекен?
– Аман. Бирок абалы оор экен. “Реанимацияга алып кирип кетишти” деди жеңем.
– Эми эмне кылуу керек? Мен кандай жардам көрсөтө алам?
– Билбейм. Өзүм да билбей турам. Мен азыр акча табышым керек да, эртең менен банктан салып жиберишим керек. Мен байкемден айрылып калгым келбейт.
– Канча керек экен?
– Башынан катуу жаракат алыптыр. Оор операция жасаш керек экен, анысы эле 5-6 миң доллар турат дептир. Анан калган дары-дармеги болуп жатып 10 миңдин тегереги керек окшойт. Жаныбек байке, колуңуздан келсе, мага жардам кылыңызчы? Мен кайтарып берем, бир сомуна чейин санап берем кайра. Байкем өлүп калса, мен күйүткө чыдабайм. Аны аман алып калышым керек,- деп буркурап-боздоп жиберди.
– Албетте, мен таап берем, керек болсо азыр алып келип берем. Байкеңди аман алып калабыз, ыйлаба, өзүңдү кармачы, кел, муздак суудан ууртап алчы.
– Андай болсо жүрүңүз, кеттик, эртерээк барып акчаны даярдап туралы, таң атары менен акчаны которуп жиберели. Азыр мен жеңеме айтып коюшум керек,- деп жеңесине чалып, акчаны камдап койгондугун айтып, байкесинин ал-абалын сурады.
Жаныбек Алинаны салып алып тезинен үйүнө барып акчасын алып чыкты да, толугу менен ага карматып, үйүнө жеткирип койду.
– Эртең менен мен сага телефон чалам, банкка да өзүм жеткирип коём. Азырынча тынч жата бер. Байкең жакшы болуп кетет,- деген Жаныбек кайра жолуна түштү. Алина болсо муңайыңкы жүз көрсөтүп, башын жерге салган бойдон кала берди.
Жаныбекке өзүнүн бул жүрүшү кадимки эле көрүнүш болуп калгандай. Мурдагыдай өзүн күнөөлүү сезип, үйүндөгүлөрдөн уялуу дегени калды. Күн сайын таң эрте үйдөн чыгып кетет. Кечкисин болсо түн жарымынан ооп калганда гана үйгө келет. Ошентип жүрүп жумалап балдарын көрбөй калган учурлары да болот. Бирок Жаныбектин буга капаланганы деле байкалбайт. Абалдын минтип курчуп баратканына Тумар ичинен тымызын кабатыр болуп жүрөт. Кээде туруп “мен мурункудай Жаннаттын курбусу гана болгонумда, Жаныбектин минтип жүрүшүнө жол бермек эмесмин. Баарын бетине айтып, май баскан көзүн тазалап, ачып бермекмин. Азыр кайнагам болуп калгандыгы үчүн гана унчукпай чыдап жүрөм” деп ичинен ачууланып алат.
Бүгүн да Жаныбек адатынча таң эрте туруп, кетүүгө камынып жаткан эле. Муну байкаган Тумар Жаннаттын сөзүн жеткирүү үчүн атайын туруп келип, алдыңкы кабатта күтүп турду.
– Жаннат бүгүн ооруканадан чыгат экен. Мага кечинде чалып айтты. Сизди телефонун алган жок деди. Балким, чогуу барып чыгарып келербиз?
– Жарайт, жарайт. Бирок менин иштерим кандай болор экен? Бүгүн Алматыга кетишим керек эле. Макул, чалышабыз го. Эгер мен бошобой калсам, күтпөгүлө. Улан экөөң чыгарып келе бергиле.
Тумар Жаныбектин бул сөздөрүнө таң кала делдейип туруп калды. Кабагы түшүп, ал тургай денеси дүрт эте муздап да кетти. “Эмне болуптур, ооруканадан эмнеге чыгарып жатышат, айыгып кетиптирби, оорусу катуулап баратыптырбы?” деп сурап да койгон жок. Ооруканага болсо бара элегине көп болду. Жели толуп, көзүн чындап май баскан экен да. Кудай бар, өзү таразалайт. Эмне демекмин, Самат менен Айжамалдын бактысына Жаннат аман болсун. Айыгып кетсе экен...” деген ойлор заматта мээсин аралап өттү. Аңгыча артынан Самат келип:
– Жеңе, атам кетип калдыбы?
– Ооба, кетти.
– Апамдын бүгүн үйгө чыгып келерин айттыңызбы?
– Айттым, берекеси, айттым. “Келип калам, кечиксем күтпөгүлө, кечке үйгө эрте келем”,- деди.
Жаныбек шашылган бойдон Алинасынын үйүнө жетип келди. Бирок аны батиринен таппады. Телефону да өчүрүлгөн. "Байкесин ойлоп уктай да албаса керек, бечара. Таң агарары менен көчөгө чыгып кеткен экен. Болсо-болбосо жакынкы банктардын тегерегинен табам" деп ойлоп, Жаныбек да жөө шаар аралап жөнөдү. Көпкө басты, күн көтөрүлүп, шаар күнүмкү бака-шака турмушуна өттү. Бирок бир да жерден Алинаны кезиктире алган жок. Акыры кайра шалдая Алинанын батирине келди. Дагы деле эшик бек тургандыктан, кошуналарына баш багып сурап:
"Алина курбусу менен кечээ түнү көчүп кетти. Кайда кеткенин айткан жок. "Кожоюнга берип койгула" деп батирдин ачкычын мага калтырды" деген жооп укту.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1