20- БӨЛҮМ
Айтылган күнү спрот залда мелдеш башталды. Жыйырма эки мектептен келген спортсмендер күч сынашты. Буга чейин мындай мелдеш район боюнча болгон эмес.
Киши деген неме абдан көп, тренерлерди анан спортсмендерди кошпогондо жүзгө жакын киши сырттан келди. Ал эми айыл эли түп көтөрүлө көчүп келип, айылдын балдарына күйөрман болушту.
Алгач митинг болду. Алтынбек агайды эскерүү болуп, андан соң директорго сөз берилди. Директор бир топко сүйлөп, сөз арасында Шатманды кошуп кетти:
– Биз бул жерден Шатман Орозалиевдин эмгегин айтпай кетпесек болбой калат. Ал жаңы жылдан бери биздин мектепке келип иштеп баштаганы, алгач шаардагы балдарга жолугуп “балдар күрөшө турган “мат” алып келип, окуучуларды спортко тартты. Анан минтип ушул боло турган мелдештин дагы идеясын көтөрүп чыкты. Бул абдан жакшы жөрөлгө болуп, эми спорт залыбыз дагы ремонт болгону калды. Буга Шатмандын эмгеги зор, — деп айтканда эл кол чаап жиберишти.
Директор сүйлөп болгондо баягы өзү алгач иштеген мектептен окуучуларды алып келген завуч менен дене тарбия мугалими бул иш Шатмандын жасаган иши экенин угушуп, алар дагы ыраазы болушту.
Орозалы карыя уулунун дарегине жакшы сөз укканда эрдемсий түштү.
Эх, директордун жана акимдин Шатмандын дарегине карата айткан жакшы сөздөрү карыянын демине — дем, кайратына — кайрат кошту. Баланын дарегине жакшы сөз угуу билинбегени менен ата менен энеге эмне деген дем берип, кандай бакыт туртуулайт.
Мелдеш кеч күүгүмгө чейин уланды. Айылдагы мектептен ар кайсы салмактан күрөшүп үч бала биринчи орунду ээледи. Чындап алганда медалдын көбүн райондун борборунан келген балдар алып кетишти. Биринчи байгени спонсор болгон Алтынбек агайдын балдары тапшырды. Болот инилери менен бул ишке абдан кубанып, мелдештин жакшы өткөнүнө ыраазы болуп, бир жылда бир жолу ушундай мелдеш өткөрүп туруунун милдетин алды.
Качан Болот сүйлөп болгондо директор баш болгон мугалимдер кол чаап жиберишти. Шатман айткандай облонодон жана районодон келген өкүлдөр дагы жетине албай кубанып, эмки боло турган мелдешке республикадан спортсмендерди чакырууну эп көрүп, директорго ыраазычылык билдиришти. Директор түш көрүп жаткандай абалда калды. Анткени мелдеш мынчалык деңгээлде болот деп ойлогон эмес болучу.
***
Убакыт учкан куштай өтүп, жайкы каникул башталган кезде, Шатман арызын жазып директорго кирди да, сүрдөгөнүн билгизип ооз жакта туруп калды. Директор эч жаман ой жок:
– Кел, Шатман, эмне иш менен келдиң?
Шатман колундагы баракты сунду да, үнсүз туруп калды. Директор кагазды окуп чыгып нес болгон адамдай Шатманды тигиле карады. Ооба, директор Шатмандын иштен кетээрин оюна да алган эмес болучу. Ал турсун “жакшы кадрга туш болдук” деп завуч экөө кубанып жатышканы чын эле. Андан дагы Шатмандын арты менен жогору жактан жакшы сөз угуп, алардын көңүлүнө илинген. Эми минтип ойдо жок жерден кетем дегени башка чапкандай эле болду. Колун шилтеп:
– Жок, Шатман сени эч жакка кетирбейбиз, ансыз деле мугалимдер жетишпей турган кез. Алия да тигинтип ичи чедирейип отпускага чыкканы турат. Анан сен дагы кетем десең. Шайыгүл эжең дагы пенсияга чыгам деп коркутуп жатат. Ооба, туура түшүнөм, айлык аз, иш көп. Мугалимдин баары айлыктын аздыгын бетке кармап иштен кетип жатышса, сен дагы кетем десең ошол кантип болсун.
Шатман кабагын чытып:
– Агай, мен шаарга кетем. Жакшы ишке чакырып жатышат. Азыр ушул жашымда иштеп албасам, деги качан иштейм. Мага туура түшүнүңүз.
Директор кабагын чытып бир топко үнсүз олтуруп:
– Жок, Шатман, сенин бул жоругуңа мен макул эмесмин. Мурда иштеген жериңдеги мектеп директору дагы сени кайра ишке чакыргысы келип жатканын уктум. Мага сендей иштей турган кадр аба менен суудай керек. Окуучулар дагы сага ыктап калышты.
Шатман бир нерсе айтайын дегенче болбой сырттан чоочун кишилер келип калды. Эх, тиги кишилер нак учурунда келди белем, Шатман бул учурдан пайдаланып сыртка чыкты да, үйүнө келип даярдап койгон нерселерин алып дароо шаарга жөнөдү.
Жолдо карата ар нерсени ойлоду. Бирок баары бир акча маселени чечип калганына ичи ачышып, алты айласы кетти.
Эгер мугалимдердин эмгеги бааланса же айлыгы эле дурус болгондо эмне. Анда ишин улантып жүрө бербейт беле. Тээ бала кезинен “мугалим болсом” деп тилек кылган, бирок минтип айлыктын аздыгынан, баарынан четтеп калды. Достору да акыркы кездерде караандарын алыс тутуп калышкан. Анын себеби да акчага барып такалат.
Жунус досу машина алганда келген жок. Башка балдарга майлап бергенин угуп таарынып жүргөндө Жунус жолукканда, таарынынчын айтса “Сени аядым, акчаң болбосо, сенден бир нерсе үмүт кылгансып баргым келген жок” дегенде, жети өмүрү жерге кирди. Ошол бир кезде мектепти эптеп бүткөн Мадилбекче болбой калганына арданды. Мадилбек дагы машина алып ал дагы мурдун көтөрүп калган. Бул демократия деген неме акчалуулардын гана сөзүн сөз деген неме экенин билди. Адамдык сапаттан, акча жогору туруп калганына ичи ачышты.
Жолдо карата баарын ойлоп келе жатты. Ал турсун директорго арызын киргизип коюп качып кеткенинин дагы жөнү бар. Эгер ал улуу башын кичүү кылып суранса, аккөңүл жаны жибип кетип бул иштен кол жууп каларын ойлоду. Ишке Болоттун чакырганы менен келе жатат. Ал айткан, “Убадалашкан күнү келгендей бол, болбосо иштен кол жууйсуң, башкалар бул ишти аңдып араң эле турат” деген. Эгер иши ойдогудай болуп калса анда жакшы.
Кечинде шаарга келгенде Куланбек досу өзү тосуп алды. Эки дос көрүшкөн соң, дароо эле кафеге киришти. Бул убакта күн кечтеп, кечки көрүнүш өзүнүн өкүмүн жүргүзүп калган болучу. Кафенин ичи күңүрт. Эл азыраак. Шатман канча болду кафеге кире элегине. Шаар көзүнө бир башкача көрүндү. Бир жагынан шаардын жашоосуна суктанат. Эгер атасы менен апасы карыбаган болсо шаарда эле жашап калат болучу.
Куланбек сөздү баштады:
– Шатман, сени абдан жакшы ишке чакырыптыр. Эми колуңдан келсе шефиңе жаккандай иштин майын чыгара аткар, качан ишенимге кирген соң анан колуң менен талкан чалсаң да боло берет. Азыр колунан келген киши гана ишти алып кете алат.
Айткандай Шатман мектепте балдарды спорт менен машыктырып жүрүп, өзү да грек рим күрөшүнүн айрым эрежелерин билип, аз да болсо тажырыйба алып калган.
Тамак ичип жаңы гана сыртка чыгышканда караңгылың пардасы тартылып, түн кирип калган. Экөө ээрчише басып Куланбектин машинасына жакындап калышканда, үч бала алдыларын тосуп чыгып, тийише кетишти. Алар эмне максат менен тийишти экөө аңдабай да калышты. Узун бойлуу, арыгынан келгени эч сөзгө келбей эле Куланбекти бетке уруп жиберди. Денеси бош турган Куланбек мындайды күтпөгөнгө денеси менен жерге кулап түштү да, турганга аракет кылганча болбой толугунан келгени ичке тээп калды. Эмне максат менен сабап жаткандарына түшүнгөн да жок. Шатман, өзүнө катылган алиги узунду жерге көтөрүп урду да, бөйрөккө тээп, экинчиси жаңы гана бутун созуп тээп келе жатканда, буттан алып аны түрткөндө чалкасынан кетти. Башы менен жерге катуу тийсе керек, жаткан бойдон ордунан тура албай калды. Ал эми алиги толугунан келген немени жакадан алып ушундай бир тез ылдамдыкта жамбашка салып көтөрүп чапканда денеси оор неме жерге катуу тийип, турганча болбой Куланбек тура калды да аны ичке тээп калды. Жөн жерден мушташ болуп, үчөө үч жерде кулап жатканда экөө машинага келишти да, ал жерден караандарын үзүштү. Жолдон Куланбек таң калып:
– Шатман, сен катуу мушташат турбайсыңбы? Мен билген эмесмин сенин мушташка жакын экениңди. Баса, сен окуп жүргөндө спорт менен дагы машыга калып жүрчүсүң ээ?
Шатман жолду караган калыбында:
– Мектептен дагы балдарды машыктырып жүрүп, бир нерсе үйрөнүп алгам. Ошол аракетим керекке жарады. Аны коюп сен, булар ким экенин билесиңби деги?
Куланбек машинанын күзгүсүнөн өзүн карап:
– Көз көгөрдү окшойт? Эртең ишке кантип барат болдум экен? Чынын айтсам билбейм, булар кимдер экенин. Балким акча табуунун амалын кылгандар болушса керек.
Машина жол чыракка токтогондо Куланбек:
– Алар кимдер экени эртең эле билинет. Бул райондун начальник милициясы мени жакшы тааныган адам. Ага айтсам ментерге бир ооз сөз айтса болду, калганын анан көрө жатабыз.
Шатман шаарга келип эле чыр ишке кабылганына ичинен жаман болуп кетти. Бирок сыр бербегенге аракет кылды.
***
Куланбек айткандай ишке катуу киришип, өзүн иш менен көргөзгөн Шатман иштегенине экинчи айга караганда эле оңбогондой акчага ээ болду. Беш күнгө урусат алып айылга келди. Келгенде дагы абдан жакшы маанайда келди. Келип эле жакшы жерде иштеп жатканын билгизип атасы, апасы, Бегимай күтпөгөн белектер менен келген болучу. Атасы, уулун көрүп эле ырыскы ооп калганын байкап:
– Балам, деги аман эле бол. Эми мен сенин жашооңо киришип “мындай бол, тигиндей бол” дегенден алысмын. Сен шаарга кеткени директор эмес, райондон дагы кишилер келип сени мектепте иштешиңди суранышты. Турдубек айткандай мугалимдик иш менен сен алыска бара албасыңа азыр сени көрүп ишеним артты. Ай сайын болбосо да эки айда бир келип турсаң болду. Биз өз жашообузду өткөзүп жүрө беребиз.
Шатман сөз кезеги келгенде аста гана:
– Ата, эгер макул болсоңуздар, апам экөөңөргө Ысык-Ата курортуна жолдомо алып койгом, барып эс алып келбейсиздерби?
Бул сөздү укканда Орозаалы карыя азга үнсүз туруп:
– Биз кетсек, келин үйдө жалгыз калса кандай болот?
Шатман күлө карап:
– Ата, ал жагынан кам санабаңыз. Бегимайды мен шаарга жаныма алып алам. Силер курорттон келген кезде Бегимай боюнан бошонуп калат. Бегимайды шаарда төрөсө деп ойлогом. Мен шаарга барам, дагы он күндөн кийин силер барып калгыла.
Канышай шашкалактап:
– Балам, деги сага биз жүк болбойбузбу? Сен минтип жаңы ишке кирип жатсаң, атаң экөөбүздү курортко алып барам деп убара болбой эле койсоңчу? Шатман колун шилтеп:
— Апа, мени силер кандай бактыңар, ошол эмгеңирге эч нерсе татыбайт. Аны коюп ушул айдын он беши күнү шаардан силерди тосуп алам. Калганын да көрө жатабыз.
Бегимай сөзгө кошулду:
– Апа, макул боло бериңиздер. Ар нерсенин өз учуру болот, мындай учур бир келет.
Карыя башын ийкеп, бир топко ойлуу олтуруп:
– Балам, менин бир кездеги тилегим эле, курортко барып эс алуу. Ушул жашка келгени курортко барып көргөн эмес элем. Курдаштардын баары эле барып келдик деп мактанышат, барса барып келели. Кемпир, келин туура айтат. Балам “баргыла” деп жаткан соң барып келели.
Канышай кубанычтуу уулун карап, жетине албаганын билгизип:
– Балам, сага ыракмат. Курорт эмес шаарга анда-санда бир барабыз, сенин бул аракетиңе да шүгүр кылалы балам. Атаң дагы кубанып калбадыбы.
Шатман күлө карап:
– Апа, барып көрүп келгенден кийин айтыңыз ыракматты. Ага чейин даярданыңыздар.
Шатман келгенине эки күн болуп, огородуна карап жаткан кезде, ишинен “тез келип кал” деп чакырык болду. Огороддогу ишин акча жалдап кошунасынын баласына дайындады да, өзү жолго чыкты, эмнеге мындай шашылыш иш чыгып калганына акылы жетпей.
Ооба, Шатман чоң ишкананын уюштуруу тармагына ишке кирип, бир айга жетпеген убакытта ишке аша турган идеаларды ойлоп таап, ишкананын жетекчисинин көзүнө дароо көрүндү. Андан дагы элдер менен тез тил табышып, ишканага кирише алып келе баштаганына кожоюн өзү ыраазы. Бул ишке Болот кадырын салып орноштурган болучу.
Шатман, Болоттун ишеничин актоо үчүн ишке белсинип киришип, аз убакытта эле оозго алынды. Андан дагы эки жолу сыйлык катары жакшы суммадагы акча алды. Эмгек бааланып, айлыкты жакшы суммада алган киши ишке дагы берилип калары анык кеп. Бул ишкана абдан ойлонулуп жана башы иштеген кишилер ачканын, анан акча агылып келип турганын Шатман ишке келген күнү эле байкаган.
Шатман шашып шаарга келип эле ишине кайрылганда, шефтин кабинетинде бирөөлөр бар экен, азга күтүп калды. Баратбек денеси олбурлуу, бирок бою анча узун эмес, толугунан келген, башы чоң болгону менен дайыма чачын суулап тарап, боюн таза алып жүргөнгө көнгөн. Аз сүйлөйт анан тапшырманы так бере билген адаты бар. Шатман кирип келгенде токтоо мүнөзү менен үнүн жай чыгарып, Шатманды тигиле карап, көзүн ирмебей туруп айтты:
– Шатман, сен, мени менен Россияга барганга даярдан. Алгач Москванын өзүнө барабыз, андан соң Иванова деген шаарга барып сүйлөшүү жүргүзүп, иш боюнча келишим түзөбүз. Сен кечке чейин даярданып, эмне кылыш керек, жакшылап ойлонгондой бол. Иш сапарыбыз беш күнгө созулат, самолётко кечки он бирге эки белетти брондотуп койдум. Ушул ишибиз ийгиликтүү аяктаса, сага чоң сыйлык берилет.
Шатман Россияга бара турганын укканда ушундай бир толкунданды. Кабинеттен чыгып эле өзүнүн иш бөлмөсүнө келип, бир саамга ойлонгон болуп, ордунан турду да, анан шашылып даярдануу үчүн жашаган жерине жөнөдү. Шефке билгизбей дүкөндөн үч кыргыз коньягын, эки кыргыз арагын сумкасына салып койду, кереги тийип калышы толук мүмкүн деген ойдо. Эми кечтин кириши бир тең болуп, алыска бара турганына ишене албай шаштысы кетип турду. Качан самолётко олтуруп, асманга көтөрлүгөндө гана ишенди, чындап Москвага бара турганына.
***
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1