7- БӨЛҮМ
Жаныбектин кырсыкка учурап, ооруканага түшүп калгандыгын Жаннат эртеси күнү укту. “Абалы оор, алигиче эсине келе элек” дегенди эшитип, эсеңгиреп отуруп калды. Кудайга үнү жете “кагылайын Жараткан, Жаныбекти аман коё көр. Алтындай уябызды уратпа. Жок дегенде балдарымдын убалын ойлосоң боло?! Ата-энесиз булар кантет? Ким багат кичинекейлеримди?! Жаныбектин ордуна мени ал. Жашоого болгон кызыгуум менен үмүтүмдү сага эбак бергем, эптеп эле тирүү жүргөн алсыз денем менен араңдан соккон үмүтсүз жүрөгүмдү алып кет. Жаныбекке тийишпечи!” деп жалынып-жалбарып ыйлап жатты. Өзүнүн жаны кыйналып турганына карабастан, балдарын жетелеп, дарыгерлерге “сейилдеп келем” деген бойдон сүйрөлө жолдошунун жанына келди. Эки кабыргасы, оң буту сынып, булчуң эти жанчылган, моюну катуу созулуп, баш мээси чайкалган деген диагноз коюлуптур. Жаныбек ал кезде эсине жаңы эле келген болчу. Барып эле басып жыгылды.
– Кандайсың? Эмне болду?
Эриндери араң кыймылдап:
– Баары жакшы. Балдар кана?
– Балдар сыртта турушат. “Тынчын аласыңар” деп киргизбей коюшту.
– Кечээ канттиңер?
– Самат өзү келип калыптыр, Айжамалды Нурланга алдырттым.
– Тумарга “балдарды өзүм алам” деп коюп, иштер менен Алматыга кеткем, шашылып келатып минтип кырсыктап калдым.
– Аны унут, баары жайында. Өзүңдү жакшы карачы. Күчкө салып араң сүйлөп жатасың. Тынчыраак жат, мен сени кыйнабай кетейин.
– Сен өзүң да кыйналып турасың, ооруканага бар тезирээк.
Тумар менен Улан бул кырсыкты кечке жуук гана угушту. Ооруканага барып Жаныбектин ал-жайын сураган соң балдарды алып кетүү үчүн Жаннатка барышты. Улан менен Тумардын ээрчишип келгенин көргөндө Жаннаттын ансыз да араң турган ачуусу атырылып кетти. Экөөнү тең аяган жок. Айтчу сөзүн айтып алды. Кайда барышмак эле, өзү оорулуу болсо, ага каяша сөз кайтарышпастан балдарды жетелеген бойдон чыгып кетишти.
Тумар курбусунун балдарына өз баласындай эле кам көрө алды. Бирок Жаннаттын айткандарынын баарын орундата албайт эле. Эң башкысын эми аткаралмак эмес. Мунун айынан курбулардын арасы сууп кетти. Кээде гана телефон аркылуу ооздун учу менен ал-жай сурашып калганы болбосо, мурункудай жылуу мамиле кайдан.
Улан менен Тумар ансыз деле баары билген соң жашыруун никесин ачыкка чыгарып, үйлөнүү тоюн өткөзмөк болушту. Тумар алгач тартынып, “Жаннат кандай кабыл алат?” деген ойдо жүрсө, эми баарына кайыл, макулдугун берди. Бул ой-максаттары туурасында апасына айтканда “сен өзү туруксуз кандай немесиң?! Бирде тирүү турган курбуңду өлөт деп анын жолдошуна турмушка чыгам дейсиң, бирде анын иниси менен баш кошом дейсиң” деп бир тийип алды. Анан эне да, кайра “жүрөгүң менен жакшылап кеңеш. Жүрөгүң эмне десе ошону кыл, эми сен жаш кыз эмессиң. Турмуш куруу оңой иш эмес, ойлонуп туруп кадам ташта, балам. Кандай чечим чыгарсаң да, сенин бактылуу өмүр сүргөнүң мага жетиштүү. Бактылуу бол” деп батасын берген. Ошол күндөн бери эле жубайлар тымызын той тууралуу кеп салышат.
Жаныбек ооруканада бир ай чамасында жатып калды. Бул убакыт аралыгында Улан менен Тумар тойго болгон камдын үстүндө жүрүштү. Балдарынан ар түрдүү маалыматтарды угуп, Жаннат ооруканада жатып өзүнчө капа. Бир күнү ыйлайт, бир күнү күлөт, айтор, өзүн-өзү түшүнө албай, кээде “жинди болуп баратамбы...” деген ойго да келет. Ошондой ойлордун курчоосунда “мен бул тойго жол бербейм. Экөөнүн үйлөнбөй калышына себеп табам, карап тур. Тумар, мен сени бул бойдон калтырбайм” деп алчу болду акыркы күндөрү. Тумар болсо мурдагысындай эле Самат менен Айжамалга кам көрүп, алардын түйшүгү мойнунда. Ошондой күндөрдүн биринде Жаннат Тумардын келип кетүүсүн өтүндү. Негедир бул ирет курбусунун күндөгүдөн сылык-сыпаа сүйлөгөнүнө таң кала Тумар ооруканага жетип барды. Жаннат көп күттүрбөй эле сөз баштады:
– Жакында Улан экөөңөрдү үйлөнгөнү жүрөт деп угуп калдым.
– Ооба, ансыз да кечигип баратабыз, убакытты текке кетирбей баш кошуп, чогуу түтүн булатсак деген ниеттерибиз бар.
– Аныңар го жакшы экен. Бирок...
– Эмне бирок? Жаннат, сен өлөм деп куру бекер жан дүйнөңдү жанчый бербечи. Баары жакшы болот. Сен айыкканча балдардын энеси болуп турууга даярмын. Аларды эч кимдин алдында кор кылбайм. Айыккан соң өз үй-бүлөңөр менен күн кече бересиңер.
– Ал жагын түшүндүм. Айтканыма көнбөдүң. Аныңа да макулмун. Экөөбүз курбу болгон соң таарынычтардын баарын унуталы деп чечтим. Ошентсе да сенин Уланга турмушка чыкпай эле койгонуң оң го деп айткым келип турат.
– Эмнеге?
– Айтпай койсом чыккынчылык кылып, курбумду саткан болом. Мурда экөөң жаңы таанышкан кезде жылдызыңар келишпей жаткандыгын угуп, сага Уланды мактаган элем. Балким, сенде сезимдердин пайда болушуна менин да тиешем бардыр. Бирок ал ишиме өкүнөм. Сени Жаныбекке турмушка чыкса деген оюмдан улам эмес, болгону, Улан тууралуу толук биле элексиң. Сага анын жалаң гана жакшы сапаттарын айткам, анын артында эмне жатканын билбейсиң. Билгениңде ага турмушка чыкмак эмессиң.
– Эгерде мен биле турган сөз болсо, Улан өзү деле айтмак. Эгер мага айтпаса, анда ал нерсени менин билбей деле койгонум оң. Чынында, Улан тууралуу терс ой-пикирлерди уккум келбейт.
– Аның ырас дечи. Эми сүйүүгө айла жок. Ошентсе да угуп тур. Уландын баңгизат менен иштээрин, бир күнү болбосо бир күнү камалып кетиши мүмкүн экендигин билесиңби?
– Эм-нее?!
– Ооба. Ал бир ирет баңгизат менен кармалып, Жаныбектер акча берип жатып араң кутултушкан. Анан да Орусияда иштеп жүргөндө бир баланы бычактап салганы бар.
Бул сөздөрдү уккандан кийин Тумар курбусунун айтып жаткан кебин тактап, толугу менен уккан жок. Турду да, чыгып кетти. Жаннаттын “коё тур, дагы айтар сөзүм бар” дегенин укпады. Тезинен Уландын өзүнө жетип, бул кептин чын-төгүнүн аныктагысы келип турду.
Бирок, тилекке каршы, Уланга телефон чалганында ал эки күнгө чейин үйгө келбесин, иштери менен алыс жакка кетип баратканын билдирди. Уландын мындай сөзүнөн кийин Тумар курбусунун айткандарына ынанып бараткандай болду. Ичинен “кеч болуп кете электе Улан менен болгон мамилени токтотуу керектир?” деген ойго курчалды.
Тумар уланды көрбөгөн үч күн үч жылдай туюлду. Жаннаттан уккан сөздөр көкүрөгүн өрттөп жатты. "Чын эле ушундайбы?" Чындыкты бетме-бет отуруп уккусу келгендиктен, Уландын телефон чалууларынын бирине да жооп берген жок. Трубкадан үнүн укса ыйлап иймек. “Деги тынччылыкпы?” деп Улан байкесине улам-улам чалып, сүйүктүүсүнүн жоругуна түшүнө албай бушайман. Жаныбек менен сүйлөшүп гана жооп алып турган. Үйдө Тумардан башка эч ким жоктугун билген Улан кирип кирбей жатып:
– Тумар, ыйык тумарым менин. Кайдасың?
Бул сөздөргө канчалык эрип, чуркап барып мойнуна асылгысы келип турганына карабай өзүн карманып, Тумар бөлмөсүнөн чыкпай отура берди.
– Ой, сен бул жакта белең? Үнүңдү чыгарбаганыңдан үйдө жок окшойт десем. Эмне болгон сага, кабагың да суз?
– Улан, мен сага ишенип, түбөлүккө сендик болууга макулдугумду берип, сени менен жашыруун болсо да баш кошууга бардым. Эми мына ачыкка чыгып, элдин батасын алып той бергени турганда гана сенин эмне иш кыларыңды башка бирөөнүн оозунан угуп жатам. Деги оюң кандай, эмне пландарың бар, айтчы? Келечек туурасында ой жүгүртөсүңбү?
– Токтой турчу. Бирден берсең, суроолордон башым адашып кетти. Эмне иш кылат экенмин?
– Баңгизаттарын сатып жан багат турбайсыңбы?!
– Ха-ха... Муну сага Жаннат жеңем айтып жүрөбү?
– Ооба, мунун эмнеси күлкүлүү?
– Мындай сөздөрдүн айтылышын күтүп эле жүргөм. Келчи, жаныма отурчу, экөөбүз сүйлөшөлү. Эгер бул сөздөр чындык болсо, сага буга чейин эле өзүм айтып бермекмин. Андай эмес болгондугу үчүн айтпагам. Анын үстүнө бул биздин келечекке, экөөбүздүн мамилебизге терс таасирин деле тийгизе турган нерсе эмес. Ошол себептен билбей деле койгонуңду туура көргөм. Эми анча болду айтып берейин. Мен эч кандай баңгизат менен соода кылган эмесмин. Жеңем сага баңгизаттар жөнүндө айткан экен, бир баланы бычактап салган деп да айтса керек?
– Ооба, айтты баарын.
– Орусияда иштеп жүргөндө бир балдар менен уруша кетип, мага бычак көтөрүп жулкуна бергенинен мушташып жатып жыгылып калдым. Ал бала мени өлтүрмөкчү болгондо коргоном деп бычагын тартып алып, ачуум менен сайгылап салыптырмын. Бирок Кудай сактаптыр, тиги бала аман-эсен ооруканадан чыккан. Бул маселеден кутулуу үчүн көп эле каражатка түшкөм. Кийин ал балдар менден өч алуу үчүн байкатпай чөнтөгүмө баңгизатын салып кетишип, атайын карматышты. Бул жолу бир туугандарымдын жардамы менен чоң суммадагы акча берип жатып эркиндикке чыккам. Баңгизатын ошондо бир көргөнүм болбосо, дегеле тааныш эмесмин.
– Чынбы? Кантип эле?
– Ананчы. Кудай сактасын дечи, бирок жеңемдин айткандары чын боло турган болсо, экөөбүз таанышмак да эмеспиз. Мен эбак эле темир тордун ары жагына кетмекмин. Улан менен Тумар жолугушуп, бир бүтүнгө айланбай калмак.
– Жаннаттан бул сөздөрдү уккандан бери жанымды коёрго жер таппай калдым. “Эгер чын болсо эмне кылам? Андай арам ишке барган адамга турмушка чыгып алсам, келечекте кандай өмүр сүрөм?” деген суроолордон арыла албай түн уйкум качты.
– Сен да кызык экенсиң. Жеңем экөөбүздүн үйлөнүшүбүзгө каршы экенин билет элең го? Өзүң айтпадың беле, “караманча каршы болуп жатат” деп. Анын үстүнө өлөм деген жаман ойго чөмүлүп алып, өзүн-өзү кыйнап жатат байкуш жеңем.
Экөө көпкө баарлашты. Тумарга адал иш менен гана оокат табарын, андай жаман иштерге барбасын айтып ишендирди. Экөөнүн андан аркы маеги тойго кам көрүүгө өтүп кетти. Тумар үч күндүк таарынычтын баарын унутуп, Уландын ийинине башын жөлөгөн бойдон жүрөгү жылый отуруп калды. Ичинен курбусунун айткандарынын баары жалган кеп болуп калганына Кудайга ыраазычылыгын билдире, оор үшкүрүнүп койду.
ххх
Күндөр өтө берди. Жаннат бир күнү Уланды Тумарга жамандаса, бир күнү Тумарды Уланга жамандап, экөөнүн ортосун суутууга аракети күч. Сүйүшкөндөр Жаннаттын эмнени көздөп жатканын түшүнүшүп, жөн гана аны угуп койгондору болбосо, сөздөрүнө маани деле бербей калышкан. Акыркы мүнөттөргө чейин “экөөңөрдүн баш кошууңарга баары бир жол бербейм” деген Жаннат үйлөнүү той башталганга чейин күрөштү. Акыры айла жоктон тагдырга моюн сунуп, эки жашка бакыт тилеп отуруп калды. Бирок баары бир балдарын ойлоп жан дүйнөсүн куюн аралап турганы турган.
Көптөн күткөн той күнү да келип жетти. Самат менен Айжамалды татына кийинтип коюшкан. Той өтүп жаткан залда экөө куушуп ойноп жүрүшөт. Кубанычтарында чек жок. Улан менен Тумардын тою болорун уккан күндөн бери эле бул күндү чыдамсыздык менен күтүп жүрүшкөн болчу. Анан да Улан экөөнө “эми мындан ары Тумарды эже эмес, жеңе деп айтасыңар” деп үйрөтүп койгон. Ошондон бери жеңелеп жанынан чыгышпайт. Чакырылган коноктордун баары келишкен. Маараке ойдогудай өтүп жатты. Бир гана Жаннаттын тойго келбегендиги өкүнүчтүү.
Кызынын көздөрүнөн бакыттын нуру чачырап тургандыгын көргөн апасы, бир туугандары бир сыйра жашып алышкан. Анан да апасы кубанганынан улам-улам эки жаштын жанына басып келип, күйөө баласы менен кызынын маңдайынан сүйүп, түгөнбөгөн тилектерин айтып, алкап-жалкап жатты. Улан тараптан келген коноктордун да кубанычында чек жок. Ошентип, той ортодон ооп калган кезде сырттан сылтып басып Жаннат кирип келди. Артынан күлүмсүрөп Жаныбек келатат. “Жаныбектин аялы Жаннаттын оорусу катуу дешет. Эмчек рагына кабылыптыр бечара. Доктурлар “аз эле өмүрү калды” деп ачык эле айтып коюшуптур. Шордуу таптакыр эле төшөктөн турбай калыптыр” деген аңыз кептер туугандар арасында терең тараган эле. Бул сөздөрдү уккан киши Жаннатты бүгүн тойдон көрөм деп ойлогон эмес. Андыктан залдын ичи дуу боло түштү. Кыязы, баары бири-бирине “Жаннат келди. Төшөктөн тура албай калыптыр дебеди беле?..” деп жатышса керек. Бүгүн анын өңү суктанарлык. Жаннат атайын тойго камынып апакай көйнөк кийип, чачын жасалгалап, боёнуп да алыптыр. Оорусуна эрте күндө моюн сунуп алган Жаннат көптөн бери өзүн таптакыр каранбай койгон болчу. Анын ошол “оорукчан” жүзүнө көнүп калган Самат, Айжамал, Улан, Тумар бир чети таң калып, бир чети суктанып, кубанып карап турушту. Балдары апалап алдынан тосо чуркаган бойдон жөнөштү. Ал тургай Улан менен Тумар ордуларынан туруп Жаннат тарапка бет алышты. Тумардын көз жашы тыйылбай, курбусу менен кучакташкан бойдон бир топко турганы көпчүлүктү да жашытып жиберди көрүнөт.
– Келгениң үчүн чоң рахмат сага.
– Эч нерсе эмес, бүгүн кантип келбей коймокмун?!
– Рахмат, рахмат сага. Карачы, канча деген коноктор, бирок ушулардын арасында сенин жоктугуң кадимкидей сезилип турган. Эми менин телегейим тегиз болду.
– Бактылуу болгула.
Той бүткүчө коноктор да, жаңыдан баш кошушкан Улан менен Тумар да кубанычтын шарында көңүлдүү отурушту. Акыры эл тарап, жаш жубайлар үйдү көздөй бет алышты.
– Тумар, эми сен менин жашоомдун маңызысың. Үйүмдүн куту, жанымдын тумарысың. Болочокто балдарымдын энесисиң. Сени тапкан бактыма ыраазы болуп турам бүгүн. Экөөбүз бактылуу болобуз.
– Сөзсүз бактылуу болобуз.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11
Башкача айтканда
Катталыш бекер,уйротуш,жардам бериш бекер+СИЗДЕР окуп уйронгучо 1ветканызды остуруп беремин
ТУУРА келсе,уйронушго даяр болсонуз
Башкача айтканда
Катталыш бекер,уйротуш,жардам бериш бекер+СИЗДЕР окуп уйронгучо 1ветканызды остуруп беремин
ТУУРА келсе,уйронушго даяр болсонуз
Башкача айтканда
Катталыш бекер,уйротуш,жардам бериш бекер+СИЗДЕР окуп уйронгучо 1ветканызды остуруп беремин
ТУУРА келсе,уйронушго даяр болсонуз
Башкача айтканда
Катталыш бекер,уйротуш,жардам бериш бекер+СИЗДЕР окуп уйронгучо 1ветканызды остуруп беремин
ТУУРА келсе,уйронушго даяр болсонуз