12-БӨЛҮМ.............
Каргыш аткыр ушул эшик бузулуп, ачылбай калышын тилеп турдум. Бирөөнүн жанын алчудай болуп жулунган бирөөлөр баягы жан алгычтар экени анык. Рыспекти ичимден каргап жаттым, мага күйгөн адам болуп сен да качып кет дегенине өлөйүнбү. Чыныгы эркек болсо мени ушул жырткычтарга жем кылбай, өзү жооп берип баарына качмак эмес. Менго мейли аз болсо да жашадым, баламды ойлоп жаттым байкушум ошончолук оор айыгуу жолунан басып өткөн соң ушулардын колунан өлөбү? Жашоо үчүн ажал менен күрөшүү баламдын колунан келет, тирүү адамдан жаралган жан алгычтар менен күрөшө албайт экен да. Жанымды карасам бир мен теңдүү келин олтуруптур, баламды колуна кармата койдум да даректи айттым, жеткирип берүүсүн суранып. Мен күткөндөй эле ошол акча үчүн жанымды алчу кан ичкичтер экен. Жанымдагы келин баарын түшүндүбү билбейм, баланы бутунун алдында турган капка салууга жетишти. Тиленгеним Эсен ыйлабай туруп берсе экен деп жаттым. Эки жакты карап, эч кимдин колунда ымыркай жок экенин көрүп мени астына салып алып түшүп кетти.
Жанында эле турган машинага түшүп кеттик, эми эмне болоорун бир кудай билет. Чооң товар сактаган кампага келдик, мени ур токмоко алса керек дедим эле антпеди. Көзүн көк өңгө башкача кылып боёгон кыз келип жаагымдан кыса кармап, жүзүмдүн ар бир жерин кылдаттык менен карап чыкты. Анан шалбыраган формасыз узун өзүм эптеп тиккен көйнөгүмдү үстүмдөн сыдырып салды. Ийнимди куушуп колум менен төшүмдү карышкырдай ачка турган эркектерден бекиттим. Алар каткыра күлүп жатышты, аябай басынып кеттим себеби, менин дене түзүлүшүмө күлүп жаткандай сезилди. Ушуларга жалбаргычам өлсөм өлөйүн деп унчуккан жокмун.
----Хааа карасаң уай энееең фигурасы комуз экен.
---Эй гитара десең.
Ошол турган малдай үйүр боорлору эзилгенче каткырды.
----Бүгүн меники бул, жыргайынчы бүгүн каалаганча.
---Андан көрө өлгөнүм артык, жакындасаң сени анан өзүмдү өлтүрөм, жакындабагын.
---Колуңдан эмне келет а?
Кыскасы эч кимиңер тийбегиле азырынча, биринчи сынап көрөлү анан жарабай калса силердики.
----Шеф эмнеге? Эмне болмок эле?
---Менин колумда иштегендердин психикасы жайында болуш керек, сен бүгүн кордосоң өзүнө ишеничин жоготот. Анан ишти ойдогудай кылбай сынактан өтпөй калат, анан муну да сатууга туура келет.
Рыспек демек камаз менен кээде сатылган адамдарды да ташычу турбайбы. Мени товар катары сатабыз деп жатышабы? Булар кулдука сатышабы же бөйрөк, жүрөктү сатышабы? Ал нерсени билбесем да булардан коркуш керегин, өтө кооптуу экенин түшүндүм. Сатылып кетпешим үчүн тапшырган ишин так аткаруум керек. Эмне кылышымды айтышкан жок, бүгүнчө эс алсын дештиби же өздөрү эс алабы билбейм. Өз жаным ийне учунда турса да оюмдан Эсен кетпей койду. Ыйласа көгөрүп өзүнөн кетип калчу эле, жеткенче ыйлап жүрөгүнө зыян бербеди бекен.
Көзүмдөн аргымактай жарышып аккан жаштар агып жаткан кийин уктап кетиптирмин. Темир эшик катуу жабылгандан көзүмдү ачтым, терезеден кирген күндүн нуру көзүмдү уялтып ачтырбай турду. Ошол нурга кошулуп эркектин сөлөкөтү көрүндү. Ошолордун бириси деп кебелбедим ордумдан, колтугумдан аяр кармап тургузду эле маңдайымда турган Эрболду көрдүм. Түрмөгө жашыруун канчалаган бангизат кирээри баарына анык. Көрсө Эрбол түрмөдө жатып ушулар менен иштешиптир. Бетиндеги шрамдар ошол мурунку ушулар менен иштешкен киши менен мушташканда бычак жегенден калган тура. Эрболго биринчи өзү асылып бетин бычак менен тилгенде Эрбол каршы чыгып экөө мушташып кетиптир. Кийин түрмөнүн кароолдору кирип калып ажыратышкан экен. Арадан көп өткөрбөй эле банги колдонгондор карызым ушул өлсө унутулат деп көптөп өлтүрүп салышкан экен. Ошондон кийин Эрбол иштешип жүрүптүр, түрмөдөн чыкканча бекер иштейм бирок, чыккандан кийин тынчым алмай жок деп сүйлөшүшкөн экен. Кайненем Эрболго баардыгын айтканда өздөрүнүн тааныштары аркылуу Рыспектин кимдин колунда иштегенин сураштырып анан ошол аркылуу таап келиптир. Жылдап ушулардын кызматын кылган Эрболдун суранычын жокко чыгара албай мени бошотууга туура келиптир. Мунун баарын мага Эрбол машинада кетип баратып айтты. Эркектерге таланмай кылбай, бирөөгө жүрөгүмдү суурутпай, булардын бангисин ашказанымда ташытпай Эрбол мени куткарып калды. Үйгө барбай туура эле Таласка бардык, кечеги келин Эсенди алып келбептир. Болду Эсенди жоготтум деп ойлодум жок уурдады деп эмес жолдо ыйлап көгөрүп өлүп калдыбы дедим. Автобекетке барып кечеги автобузду издедик, бирөөсү үйүнүн дарегин берди эле таап бардык. Айдоочу уктап жаткан экен аялы ойготуп чыкты. Кечеги окуяны көргөн эле айдоочу мени көрүп чочуп кетти. Жанымда Эрбол болгон үчүн коркту окшойт. Эрбол жакшы учурашып анан келгенибиздин себебин айтса ишенбей улам мени кылчактап карап жатты. Оюнда Эрболду бандит анан менин баламды табууга келди дептир. Экөө сүйлөшүп жатканда сыртка чыктым да шопурдун аялына баарын айттым. Эрбол бандит эмес экенин куйөөсүн чакырып айткандан кийин анан барып шопур өзүнө келди. Бизге дасторкон жайып чай берип анан келинди түшүргөн айылга алып барды. Сураштырып жатып тез эле таап бардык. Үйүнө уруксаатсыз эле уруп кирдим, кирсем Эсен төрдө мемиреп уктап жатыптыр. Көргөн көзүмө ишенбей барып кучактап калдым. Жылмайып жароокер келин артымдан кирди. Келиндин да эмчектеги баласы болгондуктан эмизип өзү караптыр. Мени артынан келсе берем деп айткан дарегиме алып барбаптыр.
---Мен сиздин келериңизди билгем бирок, мынчалык тез эмес. Кечеки сизди алып кеткендер жакында сизди коёбере турган түрү жок эле.
---Ооба ошондой болмок, кудай жалгап маселе оң тарапка чечилди. Сага чооң рахмат, бар бол эми тааныш болуп катташып жүрөлү. Мен сени баламдын куткаруучусу катары өмүрүм өткөнчө сыйлап өтөм, ыраазымын.
---Менин ордумда баардыгы ушундай кылмак, арзыбаган иш анчалык рахматтын кажети жок.
---Жок адашасың баардыгы эле өз жанын тобокел кылып бирөөнүн баласын сактап калмак эмес. Эгер балам ошол жерден ыйлаганда сени түрүү койбойт эле.
---Бул кудайдын амири, шүгүр келтирип мен үчүн дубаа кылсаңыз ыраазы болом.
Бул керилген акылдуу келинге ыраазы болдум таанышып, сүйлөшүп курбу болуп калдык. Ошол күнү эле кайра шаарга бет алдык. Бараар жерим жок Рыспектин ата-энеси менен калайын дегем Эрбол болбой койду. Андан уруксат деле сураган жокмун болгону унаасын токтотпой, айтканымды укпай койду. Эрболдон кандайдыр башкача кадамды күткөнүм жок. Туура эмес айттым Эрболдун бул кадамы өзүнө кайтаруу үчүн болсо баардыгы бекерге дейин дегем. Үйгө жетип келдик, эшиктен кире албай турдум. Себеби бул менин үйүм эмес, бул үйдө ак жоолукчан башка кожойке бар. Бул үйгө кирүүгө акым жок, баламды бетке койгонум туура эмес болоор. Эрбол колумдан жетелеп үйгө киргизип койду. Эрболдун аялы мени карап туруп калды, баардыгын туура эмес түшүнгөнү анык эле болуп турбайбы. Эч нерсе дегим келген жок, ушуга актанууга оозум барбай турду. Эрбол экөөбүздүн бөлмөбүзгө кирсем бул жакты ээлеп коюшуптур. Унчукпай чыгып бөлмөлөрдү кыдырып жүрдүм. Бутум тартпаган жалгыз бөлмө калды, ал жер Калил менин намысымды алган бөлмө эле. Ушунчалык киргим келбесе да айласыз ачтым. Бул бөлмө баламдыкы экен, кирип эле дароо жата калдым. Эсенди уктатып коюп чыктым, Эрбол аялы менен урушуп кайненем ортого түшүп жатыптыр. Тез ылдый түшүп сөзгө аралаштым. Жакшылыкты Эсендин жанына чыгарып жибердик. Баардыгын ачык айтып олтуруп урушубуз акырын барып кеңешүүгө айланды. Эрболдун аялы аябай түшүктүү экен, баардыгын туура кабыл алды. Үйдөн кетенчиктеп калдым эле, сүйлөшүүлөрдөн соң баягылардын эсинен чыккычам Эрболдун коргоосунда болгонум туура болоор деп калып калдым. Эрболдун аялынын аты Каникей экен. Мени күндөшү катары эмес үйдөгү квартирант катары кабыл алып жүрдү. Каникейдин ички туйгуларын жашырып, сыртына элге жакшылыгын эле чыгарып турганына таң калып турдум. Чындыгында аябай акылдуу, сабырдуу экен. Каникейдин жакшылыгынан улам Эрбол аны сыйлап турат экен, мен аны туура эмес түшүнүптүрмүн. Канчалык Эрболдон качып бөлмөдөн чыкпай жатсам да Эрбол көрүүнүн айласын таап эки-үч маал кирип турат. Ал кирген сайын өзүмдү ыңгайсыз сезип, Каникейден уялып кетем. Ким ойлоптур бир убакта өзүм кожойкелик кылган үйдү, мени сүйгөн жарымды бирөөгө өз ыктыярым менен берээримди. Ойлоп алып өзүмдү жектеп кетем, Каникейдин Жакшылык бул жакта турсун Эсенди чын дилден эркелетип караганын көрүп чыныгы аял ушундай болуш керек деп коём. Каникейдин жогорку деңгээлдеги аялдык сапатын баалап сабак ала баштадым. Жаштык, аңкоолук менен кылган мурунку каталарымды эстесем уятымдан жерге кирип кете жаздайм. Бирөөдөн, бир нерседен алыска качсаң кутуласың, өзүңдөн жерге кирсең да кутулбайт экенсиң.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев