...............5-БӨЛҮМ...........................
Аттиң тилимди бирөө тырмадыбы,
унчукпай кетсем болбойт беле.? Акыйкатты айтып, баарын ордуна койом деген ойум таакыр мен ойлогондой боло койгон жок. Курсактагы баламды сактаймын:- деп кайра өлүмгө түрткөн турбаймынбы.
Оттой жанган көздөр азыр өлөсүң деп сүйлөп турду. Коркконумдан колум менен башымды бекитип олтура калдым. Калил келип мени ичиме муштай бир сокту. Өзөрүп жерге куладым.
---Ата токто, токто дейм. Ал менин аялым, болочок небереңдин апасы урба. Мен сени кечирбейм, чындык жаныңды ушунча ачытып жатса асынып ал эркек болсоң. Уят өлүмдөн катуу. Кылгылыкты кылып алып кылганың ушулбу? Мага берген насаатың кана? Эр азамат аялга кол көтөрбөйт дегениң кана?
---Жолобо типтике турган башымды жерге сайган бул сойкуну өлтүрөмүн. Баарына кайылмын өлтүрөм..
Чуркап жетишти көрүнөт колундагы бычак мага кележатып ортодон токтоду. Коркуп башымды жаап алдым эле көзүмдү ачсам Эрбол башын мыкчып олтуруптур. Калил болсо канга аста буланып баштаптыр.
---Эмне кылдың? Эрбол эмне кереги бар эле? Бул атаң да, эмнеге эмнеге?
---Ушундай болуш керек.. Атамдын аялымдын намысына тийип, баламдын кошуп жанын алуусуна жол бербейм. Өкүнбөйм, өкүнбөй өтөм эки дүйнө. Бир өтүнүч бар апамды таштаба, апама жоктугумду билдирбе. Небересинин жытын тоюп жыттоосуна жол бер. Мени күтпө, күтпөгүн. Мен кайтпайм, түрмөдө чирип кетсем экен..
---Кечирип койчу, кечирчи эси жокту. Баласын атага кас кылган мени кудай урсун. Алып кел бычакты, сен кет. Күнөө менде жазасын өзүм тартам кет бар кет.........
---Эгер сени түрмөгө ыраа көрөт деп ойлосоң жаңылышасың. Сен мени кечир, атамды кечир, негизи эле ушундай азапка салып бактылуу кыла албаганыма кечир..
---Мен сени сүйөм. Сенсиз жашай албайм Эрбол. Мени таштап кетпечи, ансыз да жаралуу жүрөгүмдү андан бетер жаралабачы. Качып кетеличи, кетеличи алыстарга. Адам жүргүс жай таап кетеличи. Сени менен дүйнөнүн эң четине барсам да маакулмун. Жашоо, сезим, махабат, жакшы көрүү, адамгерчиликти үйрөттүң мага. Менин көз ачып көргөн ардагым сенсиң, эгер азыр качпасак мен өзүмө кол салам. Ошону каалайсыңбы? Кел чогу секирели, бизге баары каршы атаң, бул жарык дүйнө жада калса бул жүрүп турган шамал да бизге каршы жүрүп жатат. Басчы бас....
---Дөөрүбөчү жаным, айым, күнүм антип айтпачы. Мен сени жакшы көрөм, өлүмгө өз колум менен сени берип коймок белем. Антип айтпа, сен өлсөң мага жашоонун кереги жок. Баарын кечтим, качабыз адам баскыс тоого барып жашайбыз. Мага сен болсоң болду, тур чуркай аласыңбы..
Үшүп калган колумду оозу менен үйлөп жылытып улам өөп коюп сүйлөп жатты. Эрболдун сүйүүсүнүн алдында менин сүйүүм кеп эмес экени көрүнүп турду. Байкушум ай атасын өз колу менен өлтүрүп албаганда качпай эле өзүбүз жашамак экенбиз. Эчнерсе боло электе ушул ой келсе эмне эле? Ачуу душман, акыл дос дегени ушул экен го көрсө. Коркуп калганымабы билбейм ордумдан туруп кеттим. Кадамды тез таштап бара жаттык. Эрбол улам мени чурка деп коёт. Буттарым муздап кетти, шарт эле
басуудан баш тартып шылк эте кулап түштү. Өзүм да түшүнбөй калдым.
---Эмне болду Клара? Жакшысыңбы тур турчу жаным коркутпачы.
--Эрбол мен баса албайм кач, качып кет. Аман болсом таап барам кабар берсең. Мени тирүү калсын десең кач, качып кетчи суранам. Эрбол улам мени кылчайып басып кетти. Караңгы көчөнүн аягына жетип-жетпей караңгылыка сиңип кетти.
Кайдан-жайдан тез жардам пайда болду билбейм мени салып кетишти. Калил ичиме урганда кансырап кеткен экенмин бала козголуп калыптыр. Шымым нымыраак болгондо кармап көрсөм кызыл болгон эле мен аны Калилдин канына булганып алыптырмын деген элем. Ооруканага алып баратканын билем калганы эсимде жок. Ойгонсом жанымда эч ким жок, колумда ийне анан бир апаратка улап коюптур. Врач келип өзүмө келгенимди көрүп, учурашып кетти. Көп кан жоготуп араң алып калышыптыр, таңкалыштуусу ичимдеги ымыркай жашоого ушунча умтулган экен сактап калышыптыр. Сүйүндүм, ыйладым бир кезде Эрбол эсиме түштү. Ордуман туруп дароо үйгө жетким келди, алым жетпей койду турууга. Эртеси апам келиптир, көздөрүндөгү сөздөрдү окуй албай койдум. Мен үчүн капалуубу же Эрболго бир нерсе болгонбу? Бул суроону берип жаттым бирок, ичимден. Сүйлөй албай калыптырмын, катуу корккондонбу же оорубу билбейм. Апам башынан эле анча адамдын көзүнөн ичиндеги терең сыр, арманын анча түшүнө бербейт эле. Мунусунда да мени түшүнгөн жок. Билип турдум аныгын бир нерсе болгонун айтышпады да мага. Он күн ошол акыбалда жаттым, андан кийин кичине сүйлөп өз алдынча басып калган соң баарынан эмне болгонун сурап жаттым. Болгону кайнатамды жерге беришкенин айтышты, Эрболдон кабар жок. Мындай окуядан кийин менден милиция сурак алыш керек эле унчугушпады. Өзүм барып кайнатамдын иши боюнча сурап келдим. Мени кабыл алмак түгүл эшиктен киргизбей коюшту. Издендим, ыйладым таппай койдум сүйгөнүмдү. Врач көп баспа деген болсо да уккан жокмун. Ичимдегини жээрип турдум, ушул болбогондо Эрболум менен чогу качып кетпейт белем. Кайненем менен туруп жаттым, апам алып кетем дегенине болбой Эрболду үйдө күттүм. Күндүз көчөдө, түнү үйдө күттүм көз ирмебей жаттым. Акыры бул дагы зыян болду окшойт алсырап ооруканага түшүп калдым. Тамактанууга олтурдум эле мээрман кыз тамактын жанына ак барак кошуп алып келиптир. Ачкым келбеди, ойлодум тапшырган анализдердин жыйынтыгы окшойт деп. Даамсыз шылдыраган оорукананын тамагынан соң андан бетер жинденип кеттим. Ыйлап жата бердим, врач ыйласам айыгуум мүмкүн эместигин айтса да уккан жокмун. Акыры өлүп кетсин дештиби айтпай да калышты.
--- Уфф жашоо эмнеге мынчалык татаал. Эмнеге сүйүшкөндөр бир болбойт? Эмнеге адамдар ташбоор,? Эмнеге жаш кыздар карт бөөрүлөрдүн кордугун көрүш керек? Эмнеге ошол айбандардын азабын тартып, баардыгына өз башы менен жооп бериш керек? Эмнеге? Эмнеге?
Бир сааттан ашуун ыйлаган соң көз жаш дагы чыкпай калды. Ыйлай берип көз жашым соолуду, карегим куурады арманым ичиме толуп жүрөгүмдү жарып салды. Эми мен сүйбөйм, сүйө албайм.
Тамак алып келинген идиштерди алып кетсе да ак барак калыптыр. Ачып карадым күтүп жүргөн инсанымдан кат экен.
"""Салам сүйүктүүм амансыңбы? Мен сени катуу сагынып кеттим, сага ишенип таштаган ичиңдеги периштени абайла. Сүйүктүүм менде баардыгы жакшы, айткандай эле адам баспас жай таптым. Сени сөзсүз алып кетем болгону бир аз күтүү керек. Чыдамсыздык менен күткөн наристебиз жарык дүйнөгө келер замат алып кетем. Суранам өзүңдү кыйнаба бүгүнкүдөй, мени билбейт деп ойлобо мен сенин жаныңдамын"-деп жазылып туруптур. Сүйүнүп кетип тура калып кубанып кеттим. Үзүлгөн үмүтүм жанып, кубанычым чексиз болуп турду. Жээриген баламдан кечирим сурадым, маанайым көтөрүлүп баламды аман-эсен төрөп алууну тилеп калдым. Апама сөз айтпадым, мен дагы Эрболдун дайынын билбегендей жүрө бердим. Арадан алты ай өтүп жарык дүйнөгө балпайган уул алып келдим. Баламдын атын Жакшылык деп койдум. Баламдын артынан жакшылык келсин дедим, балам жакшылыктын жышааны болсун дедим. Кайненемдин сүйүнгөнү ай, баланы карабайм деле. Апам байкуш курсагын тойгузуп берсем эле бешикте терметип олтура берет. Мен Эрболду күтүү менен алекмин, келип эле бол кеттик десе даяр болоюн деп баардык кийимдеримди даярдап койгонмун. Ишенсеңиз ошол акыбалда төрт ай күттүм. Үмүтүм үзүлбөдү, сүйүктүүмдүн акыркы катын улам окуп күчтөнүп алам. Тилеке каршы жол карап жүрүп шаабайым сууду, караан көрсөм аны карай чуркачу болдум. Майнап чыккан жок Эрбол келбеди кат да жазган жок. Ошентип күтүү менен төрт жыл өтүп кетти. Төрт жылды ыйлап өткөрдүм, күтүп өткөрдүм. Кайненем мага үн катпайт, болгон окуяны толук билсе да ооз ачпады. Сагынуум, кусалыгым, махабатым, көз жашым акыры мени жеңди. Жүдөп кеттим, жүрөгүм эчак жарылып кеткен эле таш боорго айландым. Кайненем түгүл баламды да карагым жок. Эркектерге өчөшүүм кайра башталды. Эрбол мени таштап кетти, балким чет өлкөгө кетип жаңы үй-бүлөө тапса керек. Эмнеге мен кыйналышым керек? Мен дагы жаңы жашоо баштайм, убагында максат кылгандай эми ыйлоо кезеги эркектерде. Эртең менен турсам үй жымжырт экен, эч ким тура элек окшойт. Үйдөгү жыйнап жүргөн акчаны алдым да чыгып кеттим. Сулуулук салонуна барып чачымды кырктырып, боётуп өзүмдү жасап чыктым. Мына күзгүдөн караганда башка аял турду, өзүмө өзүм жагып турдум. Бул аялдын эми баардыгы колунан келмек. Денеме чыпыя жабышкан көйнөк кийип алып түнкү клубка бет алдым. Чакырганга курбум да болбогондуктан жалгыз олтурдум. Ичимдик аралашкан таттуу суу ичип олтуруп мас болуп калган экенмин, бир маалда өзүмө келсем ортодо бөтөн эркеке жабышып бийлеп жаткан экенмин.
Уландысы бар.
https://ok.ru/profile/567857887998
https://ok.ru/profile/567857887998
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 105