13-бөлүм.......
"Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бирпаста"-дейт эмеспи. Өзүмдү жакшы кылып тарбиялоого болгон күчүмдү салдым, колумдан келе турган эмес. Кайненем мени карап жылмайып, сүйүнсө Каникейди карап билдирбей кайгырып алат. Кайненем менен бир үйдө канча жыл чогу түтүн булаттык, кыялын мыкты билип калган болчумун. Мага кээде -"Каникейден акырын сурачы, боюнда жок экенби"- деп калат. Көздөрүнөн төрөбөй турса дегени даана окулуп турат. Бизди жарашсын дейт окшойт, Эрбол экөөбүздү чогу калтырууга жагдай издеп, Каникейди төркүнүнө себептүү, себепсиз дагы жөнөтө берет. Кайненемдин кылыгы жүрөгүмдү оорутат экенин мыкты билсе да токтотпой койду. Эрбол болсо мени уурданып карай берет, бир жолу Эсенди эмизип олтургам. Эрболду жок экен деп эле кенен олтурсам үйдө экен. Өтүп баратып менден көзүн ала-албай бир саамга туруп калды. Ары жактан Каникей тамагын кырганда барып басып кетти, мен эчнерсе дей албайм эркек экен, напсисин тыя албай калышат эмеспи кээде. Олтуруп алып бул үйгө эмне үчүн келип калганымды эстеп кетем. Ошондо атам ооруп калбаганда мен дагы элдердин эрке кыздарындай армансыз өсмөкмүн. Антейин десем бул дагы кудайдын буйругу эмеспи. Акыркы күндөрү Каникей менен Эрболдун урушу кескин көбөйүп кетти, себеби өзүм болсо керек деп ыңгайсыз боло бердим. Кетейин десем жибербейт, жазга чейин кетпейсиң деп талапты катуу койгон. Мен эмне болгонун билбейм, сурайын десем эр меники эмес болгондон кийин менин акым жок сурашка. Айла жок өзүмдү кысып айлам кете берет.
---Ушунуку өттү, тажап кеттим катынын баткырдым, энесин кыңк этпей карайм дагы буга эмне керек?
---Каникей эмне деп жатасың? Эмне болду?
----Клара сөздү өзүңө алба сураныч, тиги Эрбол бир күн үйгө келсе эки күн келбейт. Мындайы жок эле, сенден кызганган жокмун сен үйдө элесиң. Мен муну мурунку жаман иштерине аралашып кетпесин деп жатам. Бул аны түшүнбөй эле ажаансың дейт, канчага чейин чыдайын чарчап кеттим.
---Каникей эми жаңы чыгып келбедиби бир жумуш баштайын деп жатса керек да. Анан Эрболду көндүрчү мени эртелеп жибере берсин, өзүмдү эптей алам.
---Ошону мен да айтып жатам, эркек түшүнбөйт сенин кысылып жатканыңды. Балдарды бизге таштап иштеп кел болбосо.
Бул сөз мага майдай жакты, Пеку быйыл тогузунчу классты бүтүп, окуу жайга тапшырып жаткан. Апамдын колу бошобойт, атам болсо араң басат. Бала багуучу алсак деле болот бирок, акча атамдын даарысынан ашпайт. Эрболго айтсам так эткенден так этип көнбөй койду. Кетем дегенден бери Каникей качан кетейин деп жатасың деп күндө сурайт. Ыңгайсызданып бүттүм, Эрнис Каникейге көнүп калды, жаш баласы болбогондон кийин бага берет дедим. Катып жүргөн акчама кичине кийинип анан кетүүнү көздөп жаттым. Турциянын Анкара шаарында бир таанышым иштейт болчу, ошого байланыштым. Номерин таап байланышканчам бир топ убакыт өтүп кетти. Келе бер дегенинен эртеси билет алдым. Эрболго, кайненеме айткан жокпуз. Каникей экөөбүз өзүбүзчө сүйлөшүп кетип калдым. Кандай кооз шаар, күңүрт тарткан көчөдөн чыкпай жүрүп бул шаар мага башкача көрүндү. Башымды көтөрбөй иштеп жаттым, тил билбегеним бир четинен кыйнап койду. Жарым жыл өтүп кетти арадан билинбей, Каникейге байланышсам баары жакшы эле деп коюп жаткан. Көңүлүм тынч жүрө бердим, тапкан акчамды бекем чогулттум. Тилегеним көбүрөөк акча таап барып Рыспекти таап карызынан кутултуп чогу жашайлы деп ойлогом. Бир күнү Каникейге коңгуроо кылсам балам көтөрдү. Жарым жылдан бери балам менен сүйлөшө элек болчумун. Үнүмдү укса ыйлайбы деп унчукпай жаткам, мен ойлогондой эле балам ыйлап жиберди. Балам быйыл төртүнчү классты бүтүп жатат, кадимкидей ою токтолуп, сөзү тереңдеп калган кези. Мурун баламды кичинекей деп эсептешпей жүрө берген экенмин, азыркы сөзүнөн баламдын чоң кишидей эле болуп калганын байкадым. Жүрөгүм эзилип кетти.
---Ало, алооо ким бул?
---Каникей барбы, сен кимсиң?
---Апа сизби, бул мен Жакшылык.
---Ооба балам бул мен, кандайсың садагаң болоюн жаным десе.
---Жаманбыз апа, Каникей эжем эмнеге жашырып жатат билбейм. Сиз качып кеткенде атам аябай жинденди, күндө издеп таппай койгондон кийин мени менен Эсенди таенеме алып барып таштап кетти. Таенем эки күндөн кийин мени эрчитип алып, бир жака бардык. Анан Эсенди догдурларга берип койду, мени да таштаган бирок, догдурларга эмес балдар толтура бар экен ошол жака. Ыйлап качып кеттим, жолду таап үйгө бардым. Атам анан мени кучактап ыйлады, апам болсо ооруп калды. Каникей эжемди атам сабап салды эле кетип калган, баягы күнү кичинекей бөбөк көтөрүп келди. Атам аябай жинденип жүрөт, сүйлөсөк эле бизди урушат.
Баламдын болгонун болгондой айтып салганына таң калып турдум. Мени келсин деп эле айтып жатса керек деп биринчи көңүлгө алган жокмун. Кийин эле Каникей келип колунан алып трубканы коюп койду. Кайра-кайра чалып жаттым, эки күн эчким албай койду. Үйгө коңгуроо кылайын десем эмнегедир эч эле кетпей койду. Тынчым кетип, аргамды таппай калдым. Тажаганымдан дүкөнгө барып кол телефон алып келдим, коңгуроо кылуу үчүн кожоюндарга жаман көрүнүп тажадым. Койбой коңгуроо кыла берип акыры трубканы Каникей алды. Сүйлөй албай эле өпкөм көөп аптыгып жаттым.
---Каникей баары жакшыбы? Жакшылык эмне эле деп жатат я?
---Чындыкты айтып жатат Клара, мен сага жакшылык эле каалагам. Эсенди келип алып алат деген элем, ошондо Эрбол жинденип качып кеткениңе балдарды апаңа алып барып берип койгон кой-айга келбей. Апам бул кылганы үчүн канча ыйлап жүрдү, Эрболдун жүрөгү ошончолук катып калды таакыр көнбөй койду.
Кийин апаң Эсенди майыптар үйүнө, Жакшылыкты балдар үйүнө берип коюптур. Жакшылык качып чыгып эки күн дегенде үйдү зорго таап келиптир, менде күнөө жок.
---Андай болушу мүмкүн эмес, апам андай кылбайт. Жалаа жаап жатасың, силер эле тапшырып салган болуп жүрбөгүлө.
---Кудай сактасын, Клара колумдан келгенин кылдым.
---Колуңдан бок да келбейт керек болсо, колуңдан бок келбегенден кийин атаңдын башына алып каласыңбы. Мени күндө кет эле кет деп жатып ушул ишти тапкан дагы сен. Сени ошол оорукчан баламдын убалы урса экен, сен да балалуу болупсуң. Мен каргабайм болгону бул кайтар дүйнө унутпа.
---Клара мага балдарыңды милдет кылбачы уктуңбу. Мен сага милдеттүү эмесмин, Жакшылык мейли Эрболдун баласы экен Эсен жат эле бирөө.
---Сага жат болсо Жакшылыктын бир тууганы, ошол үйдө жүргөнүңө мага ырахмат айт. Эгер мен кааласам сени эки күндө жок кылып өзүм барып алам.
Бул сөз оозумдан чыгып кеткенин билбей калдым, балдарымдын көргөн күнү элестетип шок болуп турган элем. Ары жакта Эрбол дагы угуп турган экен, мен аны билген эмес элем. Каникейдин колунан телефонду алды да сүйлөп кирди.
---Кайталачы эмне дедиң?
---Эмнени уксаң ошол айбан экенсиң, балада эмне күнөө?
---Керек болсо мен балдарды таштаган жокмун, апаңа бердим. Багууга милдеттүү эмесмин и вообше неге мен актанышым керек. Сен таштап кетсең мен айбан боломбу?
---Мен таштаган жокмун айлам жок болду.
---Эки күндө Каникейди кантип кетиресиң? Эмне мени оюнчук башкара алам деп жатасыңбы? Мен сени жек көрөм сен арамсың. Бул жакта жүрүп эле канчасынын алдында калдың, эми түрктөрдөн эчким калбаса керек. Оозумдан чыккан какырыкты кайра озума албайм. Эми менин тынчымды алба.
Бул сөздөрдөн соң менде башка сөз жок эле, чыккан зарымды, ыйымды ичке жуттум. Ыйлаган бойдон барып мекенге кайтууга билет алдым. Акыркы иштеген айымдын акчасын артымдан жөнөтмөй болуп, мен жөнөп кеттим. Дароо эле өз апамдын үйүнө жөнөдүм. Самалёттон түшүп алып кымбатына карабай такси айдатып үйгө бир саатта жетип бардым. Үйгө кирсем апам жумуштан жаңы келиптир, атам болсо чай коюп жатыптыр. Перизат үйдө жок окшойт, ушунчалык жиним келип чыдабай калдым. Атамдын оорусу да эстен чыгып кетиптир бакырып кирдим. Бакырган менен кошо үйдөгү буюмдардын баардыгын талкалап жаттым. Атам кой десе болбой жулунам, апам унчукпай туруп берди.
---Апа мен сени адам экен дептирмин, эмнеге эле аягым суюк туруксузмун десе сиздин тукум тура. Кантип менин балдарымды жетимдер үйүнө бердиңиз? Кантип дитиңиз барды, алардан башка неберең деле жокко. Эртең өлсөң ошол эки эркек башыңда ыйлап турмак, эркегиң болбогон соң ошолорго күнүң калат эртең. Балдарымды өз үйүнө баткырган жоксуңбу э? Бул менин үйүм, кафе, магазиндин баардыгы меники. Силерди аяп, акчага көмүп айласыз иштегени кетсем кылганың ушулбу апа. Менден кеч, мени өлдү деп бил эми кызым жок дей бер. Менин балдарымдан кечкен кызыңдан да кечкен болосуң. Бар кет, айылыңа кет атамды өзүм багып алам.
Озумдан ушундай ыплас сөздөр ылганбай агып жатты, кийин өкүнөөрүмдү билсем да ушул кылганымды туура деп жаттым. Атам көзүнө жаш алып менден нараазы болуп карап калды, апамдан биринчи кийимин жыйнап кирсе болобу.
---Ата сиз каяка? Сизди жибербейм.
---Кызым сен апаңдан кечсең менден кечкениң, балдарың энеңден артыкпы? Эсиңде болсун мен апаңды актабайм, болгону билсин дейм баланы таап аласың канча болсо да, энени дүйнөнү миң кыдырсаң да таппайсың, ал жалгыз. Мени жибербегендей мен сендик эмесмин, үйүңдү, магазин, кафеңди башкар сеники экен. Мени менен ишиң болбосун.
---Ата, ата эми апамдыкы туурабы а? Сиз кой десеңиз болбойбу?
---Баардыгын сурап анан айгайласаң болбойбу кызым. Биз күнөөлүбүз маакул кетебиз.
Ошол күнү кеч болгонуна карабай кетип калышты, арттарынан чыкканым жок. Ошончо жылдан бери жыйгандары жетээрлик деп ойлодум. Эки күндөн кийин эле баламды майыптар үйүнөн алып кеттим, магазиндин, кафенин иштери өзүмө артылды. Үйгө бала багууга жаш кызды алдым да иштеп баштадым. Бир жума өтүп өтпөй айылдан кабар келди. Атам барган күндөн баштап төшөктөн турбаптыр, анан бүгүн түнү үзүлүп кете бериптир. Мерез жүрөгүм ээрибей койду, базарга барып кант-сунтту толтуруп алдым, дагы билгендеримдин баарын алып айылга жөнөдүм. Ишенсеңер үйгө баргычам бир тамчы көз жаш чыкпай койду, качан барып боз үйдүн сыртындагы атамдын сүрөтүн көргөндө ыйлап жибердим. Апамды көргүм келбей турду, атамдын өлүмүнө да апамды күнөөлөп турдум. Атамдын бир тууган иниси алдымдан чыкты. Атам үзүлүп жатып мени чакырбашын айтыптыр, келсе топурагымды түйүп бер деген имиш. Атам мындай сөз айтуусуна ишенбей турдум себеби атам мени жанындай көрөт болчу.
Уландысы бар.
https://ok.ru/profile/567857887998
https://ok.ru/profile/567857887998
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 174
Соонун чыгарма, ушундай соонун чыгармаларды дагы да коп коптон жарата бер, калемин мокобосун.