9-БӨЛҮМ............
Бакыт, сүйүү эмне экенин, атасы менен бирге бакытка балгып бала күтүү кандай керемет экенин сезип жаттым. Эмне үчүн ушул күнгө чейин азаптанып, жашоонун таттуусун билбей жүргөнүмө түшүнбөй, өкүнүп кеттим. Жакшылыка улам барып жүрдүм, мени жамандаганбы же өзү таарынганбы билбейм акыркы барганымда суз мамиле кылып койду. Алып кетейин десем чоң апасын карап кыйбайт эч эле. Кыбырап алып баламдын бардык нерсеге акылы жетип калыптыр. Кайненем менен сүйлөшүп калдым.
---Клара кайтып келсең кантет кеч боло электе, баланы эптейбиз багып алдык десек болот. Жакшылык өз ата-энеси менен чоңойсо жакшыбы дейм да. Байкушум мен уктамыш болсом жатып алып бышактап ыйлайт. Карасам басылып күлүп олтуруп калат, сени сагынат бечарам. Бешке чыкпай ушунча акылдуу болбосо эмне дейм да.
---Апа, апа неме немечи...
---Эмне айта бер гекечтенбей.
'----Жакшылыкты алып кетсемби дейм, Рыспек да каршы эмес. Сагынат экенмин же....
---Же эмне айт эми ушунча болду.
---Сизди кыйбай жатат апа, же сиз дагы биз менен кетесизби?
'--Өлүңгөрөйүн жинди кыз, кайсы бетиме ушундай кылам я? Балам түрмөдө олтурганына сыздап, келээрин күтүп өлүп калбасам экен деп турганда кайдагыны айтасың. Балама сени карай албай бирөөнүн койнуна салып бергенимди кантип айтам деп олтурсам бул жакта. Аялынын саткындыгына кайгырабы же өз апачынын аялынын ойношунукуна барып алганына кайгырабы. Байкуш балам эки метр аркан алып асынып албайбы, ойлонуп сүйлөсөң.
---Мен Жакшылыкты зордукча алып кетсем кыйналып, сыркоолоп калабы дейм да.
---Ким айтты сага Жакшылыкты берет деп. Мен тирүү экенмин Жакшылык босогодон ары аттабайт.
---Сизден сурабайм апа алып кетким келсе, сыйлап жатам коркуп жаткан жокмун.
---Ал менин да балам, атасы эртең эле келет. Өзүң кетсең көтөрөт, баланы кошо алып кетсең Эрбол көтөрө албайт антпечи,антпе кызым.
---Апа Жакшылык Эрболду тааныбайт, сот дагы түрмөдөн чыккан кишиге баланы бере койбос.
---Сен али соттошкуң барбы э? Клара акылыңа кел, сен алыс кетип калдың. Мен ишенбейм бул сен экениңе. Мен тааныган Клара мындай эмес болчу, ал Клара Эрболду сүйүп күткөн, жүрөгү мээрим, сыйга толо болчу. Айтчы ал Клара кайда кетти?
---Ал Клара сүйүүнүн жалынына, жашоонун татаалдыгына, жакындарынын кайдигердигине, курсактуунун зөөкүрдүгүнө туруштук бере албай күйүп кеткен. Анын ордуна ушундай таш-боор, акылы кем, өзүнөн башканы ойлобогон Клара калды. Сырты солкулдап суктандырганы менен ичи бопбош, үшүтөт.
---Көрүп турам, угуп турам өкүнүчтүү, аябай өкүнүчтүү кызым. Менин бул акыбалым сага таасир этпесе анда жолуң ачык. Акыркы коштошконум болсун деп үйдү жыйнап чыктым, бир жумага жетерлик тамак жасап муздаткычка салдым, азык-түлүктү толтуруп анан баламды алып чыгып кеттим. Кайненем бөлмөсүнөн чыкпай койду, түшүнүп турам жакынынан айрылган кандай оор экенин. Бир убакта өз баласы Эрболдун дайынын менден жашырып, канча жыл азапка салды. Балким чындыкты билсем күндө ыйлап жол карабай, өзүмдү колго алып, келер күнүн күтмөкмүн үйдө. Эрболду бизди таштап кетти экен деп өчөшүп клубка барып анан Рыспеке жолугуп отурбаймбы. Мына мен күнөөсүз майып арабада олтурган кайненемден да өзүм билбей өч алып алдым окшойт. Эрбол келе электе Жакшылыкты Рыспеке көндүрүп алайын деген элем. Боюмдагы баланын өсүшү начар болуп бир бутум ооруканада калды. Жакшылыкты апама таштагам, магазинди Рыспек карап жүрдү. Ай күнүм жетип, жарык дүйнөгө дагы бир уул алып келдим. Төрөт аябай оор болуп мен өзүмө келе албай көпкө жаттым. Врач улам кирип чыгып бир нерсе айта албай убара. Оюмда өзүмдүн ден-соолугума байланыштуу болсо керек дедим. Акча сурайт да даарыга деп олтурсам каргыш атып жаман кабар айтты. Жарык дүйнөгө жаңы келген ымыркайдын жүрөгү начар иштейт экен. Ишенгим келбеди, баламды алып башка мен деген күчтүү, атактуу даарыгерлерге бардым. Баардыгы бир эле сөздү айтышат, башка салса айла жок экен баламдын өмүрүн тилеп олтуруп калдым. Операцияга даярдап жатышты, эми эле эттенген бир айлык баламды операция кылышты. Баарыбир толук айыктырышкан жок, үч ай дегенде ооруканадан чыктык. Бир оорунун үстүнө экинчиси кошулуп баланын кулагы укпайт экен. Эхх кудай сенден башка сыйынуучу жан жок, өзүң ырайымдуу калыссың. Кана айтчы мага бул наристеде кандай күнөө? Менин кылган күнөөлөрүмө эмнеге бейкүнөө бала жооп берүү керек? Жазаласаң өзүмдү жазала оо кудай балама ден-соолук бер.
Ушул айда арыктап сөөгүм эле калды, даарылоого болгон акчабызды берип жатып дүкөндү иштете албай калдык. Баламдын кулагы укпаса сүйлөбөйт да кийин. Рыспек мен жөнүндө ата-энесине айтпай жүргөн болчу. Акыры даарыга акча жок айтуусуна туура келди. Баланы көтөрүп алып үчөөбүз Таласка бардык. Башымды жерге салып туруп бердим, Рыспектин апасы унчукпай колумдагы баланы алды. Атасы болсо олтурган жеринен эле артты карап укпаган адамдай артты карап туруп алса эле. Ушул эле жетпей жаткан эле, жок мен билгем кабыл албай ушундай акыбал болоорун. Болгону баланын акыбалын көрүп кабыл албаса да жардам береби деген үмүт эле.
---Ата мейли мени кабыл албагыла, өзүмдү күнөөлү сезип жатам, туура эмес кылдым бардыгын билем. Эмне десеңиз маакулмун, болгону өз небереңизге кайдыгер карабаңызчы куткарып калыңызчы. Жалдырап ыйлап жибердим, биринчи жолу бирөөнүн алдында ылдый кетип жалдырап турдум. Эч качан бирөөнүн алдында байкуш болуп жалдырайм деп ойлогон эмес элем. Айла жок балам үчүн айлам жок. Эмне болсом ыраазымын жардам берсе болду эле. Рыспектин апасы баланы аста карады да, операция болгон жерин ачып көрдү. Аяр сылап чекесинен өптү.
---Ушул күнгө чейин ансыз деле үн катпай келем. Эки кызымды үйүнө жолотпос кылдың, бечаралардын күнөөсү эмне? Баарына сенден корккон үчүн эмес сени сыйлап, ооруп калбасын деп көнүп келгенмин. Эми мындай болбойт, өз канымдан жаралган баланы кечүүгө маакул эмесмин. Кааласаң мына, каалабасаң ана. Өзүңдүкүн бербесең бербе мага, эки кызыңа, Рыспеке тийүүчү бөлүктү бер. Ушул наристени айыктыруу үчүн болгон күчүмдү салам, сен болсо тагдырыңа таарынып жата бер.
---Мен деле балам деп турам, ушуларды деп жашап келем. Мага ыраазы болбосоңор болбогула, эч нерсе дей албайм. Таарынганым мени адам ордуна койбой оюңарга келгенин кылганыңар, кыздарың менин намысым менен каалагандай калчап ойноду. Элдин алдында тик турган башымды жерге сайышты, өмүрүмдү ушуларга арнаганым калппы эмне? Өмүр бою ушул балдарымды деп жашап келе жатам, ошону баалап кичине сый көрсөтсө болобу? Сен ойлогондой эле жаман, дүйнөкор эмесмин бирок, бизде мындай оорукчандар тукумубузда болгон эмес. Бул өзүнүн баласы эмес, башканын баласын эрчитип келди бул.
---Ата эмне деп жатасыз, өз баламды билбей мен жинди болуптурмунбу? Мейли ата баарына ыраазымын болгону ушул болчу операцияны төлөп бериңизчи, ушул баланы сактап калалычы. Рыспектин дудугу атка конбосунчу суранам.
----Маакул балам жардам берем, атын ким койдуңар.?
---Ат коюу ойго келбептир, бала беш айлык болду ийй.
---Эмне деп чакырып эркелетесиңер?
---Эркелете элекпиз ата, ооруканада жаттык баланы колубузга эки күн мурун эле берди, өзүңүз коюп бериңизчи ата.
---Маакул балам сак болсун деп атын Эсен койолу маакулбу?
---Рахмат ата рахмат. Балама ысым ыйгарган үчүн ушунчалык ыраазы болуп турдум. Жакшылыкты төрөгөндө кайненемден ким деп койолу деп да сураган эмес экенмин.
Эсендин оорукчан болуп калганы баягы өз жанымды кыйууга аракет кылып сактап калышканда күчтүү даарыларды ичип, даарыланган элем. Ошол даарылардын таасири тийген тура, эми айла жок.
Апам болсо баласын атасына берип, өзүмдү Эрболго кайт деп башыма куйат. Эрбол эмне жинди беле бирөө менен жүрүп, оорукчан бала төрөп баланы таштап барсам эчнерсе болбогондой кабыл ала бергендей. Жакшылыкты апасына кайра берип койдум, Эсен менен жүрүп чач тараганга да убакыт жок. Апам болсо балаңды алып кет дей берди анан өз апасына берип салайын кор кылбай дедим. Кайненем оорукчан бала төрөгөнүмдү угуптур. Апамдан оорукананын дарегин сурап Жакшылыкты алып кабар алганы келиптир байкушум. Өзү араң жүрсө да мени кыя албай кылган жакшылыгын карап кой. Ушундай асыл адамдын кадырына жете албай кесир кылганым үчүн да кудай мени жазалады окшойт же каргыш тийдиби билбейм. Жок кайненем каргабайт мени, болушу мүмкүн эмес. Рыспек кайненемдин келгенин көрүп аябай кыжырданды. Мени кайненеме кошулуп бир күнү басып кетет деп аябай коркот окшойт. Башымдан өткөндүн баардыгын билет да Рыспек ошол үчүн мени коруй берет. Эрбол түрмөдөн чыгып келсе эмне болуп кетет экенин элестетким да келбейт. Ошентип Эсен операция болду Кытайга барып кылдырып келдик. Врачтардын айтуусу боюнча биз жакшы болуп бараттык. Балам байкуш бирге чыкпай эки жолу бычак алдына жатканы үчүн аябай алсыз. Күндөр өтө берди, жашоо уланып жатты. Рыспек арендага камаз алып иштеп баштады, баламды эчкимге ишенбегендикден иштебей олтурууга туура келди. Жакшылыкты кээде алып келип турдум, сиңдим Перизат быйыл жетинчи класс болуп калыптыр. Өзүм менен болуп жүрүп жалгыз бир тууганымды унутуп коюптурмун. Пекуну жанымдай көрчү эмес белем. Жайкы эс алууда менин жаныма келип турду эле кадимкидей чоңойгонун байкадым. Перизат менен сырдашууга да болуп калыптыр, ошондон кийин өзүмдү жалгыз сезбей калдым. Таянаар тоом бар экенин сезинип бактылуу болуп жаттым. Арадан жыл алмашып бир жыл өтүп кетти. Мына Эрболдун да түрмөдөн чыгуу күнү келип калыптыр. Кайненем баягы күнү айтып кеткен, эч болбосо тосуп ал деген эле. Эртең чыгат деген күнү даярданып жаттым, сүйлөй турган сөзүмдү унутуп койбоюн деп жазып алып жаттадым. Тилеке каршы мунун мага кереги тийген жок. Рыспектин да кабары бар эле мындан, мейли барып баардыгын ордуна коюп сүйлөшүп кел деп жиберди. Рыспек көлгө жүк таштайм таң атканканча келип калам деп кеткен болчу. Эрбол айтканынан эки күн мурун чыгып үйгө өзү келиптир. Кайненем баардыгын өзү айтып берүүсүнө туура келиптир. Биринчи жинденгени менен кийин өзүн басып, мени менен сүйлөшүп, коштошуп кетүүгө келиптир. Рыспек эшикти жаппай кеткен экен, бир маалда эле Эрбол кирип келди.
Уландысы бар.
https://ok.ru/profile/567857887998
https://ok.ru/profile/567857887998
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 99