14-БӨЛҮМ............
Байкемдин айтканына ишенгим жок, толтура элдин арасында өз агам мынтип жатканы мага кандай катуу тийди. Ары жактан жеңелер мени тосуп алууга көк жолугун алып келе жатышты эле астын тосуп алды байкем. Атамдын эркеги жок болсо эки кызы ыйлап олтурбаса ким олтурат. Атам ачууга алдырып айтты бекен же чын эле нараазы кеттиби аны эми кудайдан башка эч ким билбейт. Айылдын аксакалдары байкемди четке жылдырып жолумду ачышты. Алып барган таттууларымды түшүрбөй коюшту, көрсө атамдар келгенде колдорунда бир тыйыны жок болчу экен. Мен түшүнбөйм ошончо жылда акча чогултпагандарына. Кыштын күнү от жага алышпай, бир топ жыл каралбай жаткан муздак үйдө жатышыптыр. Байкемдер алып кетели десе көнбөй коюшкандыктан айласыз күнүнө үч маал ысык тамак алып кирип турушуптур. Муну элдин баары угуп, ушактын башы жыйыла электе мынтип атам көз жумуп, чокко от салгандай эле болуптур. Апам төрдө олтурган экен кошок кошуп, барып учурашпай койдум. Эне деген үйдүн ынтымагын, берекесин сактаган жалгыз жан болот экен. Менин апамчы андай эмес, эки кызынын ынтымагын сактай албаган, акчаны биринчи орунга койгон аял. Атам апамды актап мени күнөөлөгөнү өкүндүрөт. Байкем өлгөнгө кеткен баардык чыгымды көтөрүптүр, жети күндүгү болгуча акчасын алып келип берем деп турсам маселе оңунан чечилип калды. Атамдар көп катташ ашырышкан экен, элдин кошкону эле чыгымды эки эселеп жаап кетти. Баары жаман карай беришкенинен кыркына келмей болуп, кетүүмө туура келди. Алган таттууларымды жеңеме таштадым. Сатып алдым деп, дасторконго коюңуз дедим эле сүйүнүп алып алды. Ошентип кайра эле мамайдын гөрү башталды. Атам деп эле жашап жүргөн экенбиз, атам көз жумгандан кийин жашоону эмне үчүн улантып жатканымды түшүнбөй калдым. Перизат окуусун улантууга келиптир, көнбөй жатып үйүмө алып калдым. Пеку күндө сүйлөнүп жатып апамды алып келүүгө көндүрдү. Антип-мынткичем атамдын кыркы келип калды, чыгынып бардым. Элдердин көз карашы кичине жумшарып калган сыяктуу, апам да мени үмүттүү карады. Атам бизди таштап кетти, эми башыбызды бириктирчү жалгыз апам калыптыр. Апамдын кылгандарына көз жумдум да барып кучактап алып аябай ыйладым. Жек көрүүлөрдөн улам көз жашым катып калган экен, аябай өкүрүп ыйлап алдым жибип кетип. Өлгөндө да мындай ыйлабаган элем, бул деген жашоо мени мерез кылып таштады дегени эмеспи. Кыркашты бүтүрүп, апамды алып шаарга кайтып келдик. Эсенди карап үйдө олтуруңуз десем апам эч көнбөй койду. Анысына да маакул болуп, көнүп калган "Ресторанын" өзүнө тапшырып өзүм дүкөндү иштетип жаттым. Өзүмдү жумушка алаксытып жүрүп арадан эки жыл өтүп кетиптир. Жакшылык ушул жыл аралыгында беш-алты жолу келип кетти, Рыспектен дайын жок. Эрбол мени көрсө жүзүмө түкүрчү акыбалга жетип калган, мурункудай баламды сагынганда каалгандай бара албайм. Жашоом бир нукка түштү, жумуш-үй андан башка эчнерсе көрбөйм. Балким ошол жакшыдыр, башыма балээ үйбөй тынч жашоо улантайын деп чечтим.
Акыркы күндөрдө өзүмдү жаман сезип баштадым, башым чыдатпай ооруп, анча-мынчада денем бүтүндөй ооруйт. Күндө ооруканага барам, уламдан-улам жаңы анализдерди тапшырып жаттым. Баардыгы эле бир кепти айтат:-жашсың, күйөөгө тий. Ден-соолук керекпи?-деген сөздөр. Андан башка диагноз коё алышпаган соң улам башка ооруканага барып жаттым. Андан пайда чыккан жок, даарыгер айткандай эле этек кирим 32жашымда токтоп, эми төрөбөс болдум. Буга деле кайгырганым жок, себеби Эсеним менен Жакшылыгым турбайбы. Мага ошолордун өмүрүн берсе болду ылайым. Жашоо биз ойлогондой болбойт экен тилеке каршы, ойлогон элем Эсен чоңоюп Жакшылык менен катташып алат. Анан дүкөн,ресторан Эсенге калса жашоосун өзү эптейт деп андай болбой калды. Балдарым чоңойгондон чоңоюп жатышты, Жакшылык болсо чоңойгон сайын мээрими азайып кетти. Мен коңгуроо кылып чакырмайын мени эстебейт. Бул да болсо өгөй эненин таасири деп жаттым. Убакыт өтүп Эсен биринчи класска барчу кез келип калыптыр. Эсен атам кайда, атам ким?-деген суроолорду берип кыйнап салды акыркы жылы. Ата-журтун билсин, кийин катышат деп Эсенди Таласка алып барып чоң-ата, чоң- апасы жана башка туугандары менен тааныштырып келүүнү чечтим. Дайым атасы тууралу сураганда атаң космонавт, ал сени асмандан карап турат, чоңойсоң келет!-деп алдап келчимүн. Балам бирге толуп, толо элегинде кеткен Рыспектин жоголгонуна мына быйыл алты жыл болуп калыптыр. Убакыт учкан куштай ээ, кече эле колумдагы балам менен көчөдө калдым эле. Эми мынтип бүгүн болсо бай аялга айландым. Анча-мынча эркекти астыга салбаган соодагермин. Эсен экөөбүз Таласты көздөй жолго аттандык, жетээрде кандайдыр бир нерсени жүрөгүм сезип турду. Бутум баспаса да балам үчүн токтобой кете бердим, кетип баратып балама өз жерин тааныштырганча кеттим. Мына кечке маал жетип келдик, айыл өзгөрүп кетиптир. Жаңы түшкөн үйлөр толуп кетиптир, мурунку эски үйлөр да жок эмес. Алар кулап, кээбири кумга айланган. Бул үйгө эки эле ирет келген элем, ошого машинаны жаай айдадым өтүп кетпейин деп. Көчөнүн башында мага тааныш сөлөкөт көрүндү, эч нерсе ойдо жок кайнилерим деп ойлодум. Үйдүн дарбазасы ачык экен, түз эле эшиктин алдына кирип токтоттум. Үйгө жакындашып калган баягы сөлөкөт бизди көрүп, артка бурулуп өйдө басып кетип калды. Үйгө баламды жетелеп кирип баары менен тааныштырып жаттым. Баары эле оозуна талкан алгандай араң сүйлөшөт, эмне келди дешкендей түр кылышат. Акыры чыдабай кеттим, ыйлап жибердим.
---Эмне мени жаман карайсыңар? Аш сурап келбедим, балаңардын жалгыз уулун тааныштырганы келдим. Ата-журту менен катыштырганы алып келдим, ооба мен ушундаймын. Менден качып, кутула албай жатсаңар да балаңарды жабыштыра берем. Мен өлсөм туугандары менен катышат, эмне бир келсек жек көрүүңөрдү жашырып тура албайсыңарбы. Бир күндүк сый көрсөтө албай калдыңарбы?
---Апа кайсы уулуңар?
Ары жактан ак жоолукчан жаш келин сүйлөдү. Келип бакылдап жатып жаттарды деле баамдабаптырмын. Кошуналар болсо керек деген элем.
---Зуура бар чайыңды кой, үйгө конок келди кызым!-деди кайненем.
Кайсы кызы деп коём, оюма эчнерсе келбейт дагы эле мен аңкоого.
Бир маалда эле ортодогу тынчтыкты эми араң там-туң баскан ымыркай бузду. Тампаңдап келип Эсенге жабышты. Бетин бетине тийгизип мамак эмгендей Эсендин бетин чопулдатып жиберди. Жүрөгү элжиреп кеткен балам ымыркайды көтөрө койду. Балама оор көтөрүү мүмкүн эмес эле ошого колунан шарт ала койдум. Былтыңдап ыйламсырап калып кетти. Кайнатам оор үшкүрүп сөз баштап калды.
---Клара эмне болуп жатат?
---Ата эмне болуп жатыптыр? Болгону Эсенди сиздер менен тааныштырып, тууган кылып кеткени келдим. Рыспектен алиге чейин дайын болбогон соң айла жок, силерди таанып өссүн жок дегенде.
---Эмне дегениң кызым, Рыспектин келгени качан. Мына баласы басып калды, уккан эмес белең?
Башыма кайнак сууна куюп жибергендей эле болдум. Демек жанакы сөлөкөт Рыспек экен го. Эмне үчүн качып кетти? Шылтоо айтпай эле жашагысы келбесе ачыгын айтып кете берсе мен эмне демек элем. Мына Рыспек да башка аял алып алыптыр.
---Кандайынча? Мага түшүндүрүңүзчү, эмне үчүн ушунча жылдан бери бир кабарын айтпай жүрөт? Мен муну качып жүрөт, дайынсыз деп күтүп жүрсөм, бул бул жакта үйлөнүп жыргап жашап жаткан тура. Кана өзү?
----Клара сени Жакшылыктын атасы менен жарашты!-деп Рыспек канча ыйлап жүрдү. Биз болбой жатып мына эки жыл мурун эле үйлөп койгонбуз. Каап сүйлөшүп алсаңар болмок экен биринчи.
---Мен жарашкан эмесмин, бул шылтоо же жөн эле адашты окшойт.
Үйдөн чууркап чыктым да, машинаны от алдырып жана Рыспек кеткен тарапка айдап бараттым. Ушундай катуу ылдамдыкта бараттым, Рыспек дагы качып таптырбай кетчүдөй. Айылдын башындагы эски камокто ичип олтуруптур. Өңү серт тартып кеткен, өзүнө эки размерге чоң түлөгөн шымды кийип, белин зым менен катырып алыптыр. Кайнатамдар айылдын алдыңкы байы болбосо да экиден бири болчу. Эмнеге бул мынтип алды экен тооба. Машинадан түшсөм Рыспек артын карабай сезди окшойт ордунан туруп кетти.
--Эмнеге келдиң? Унутайын дегенде кайра эмнеге пайда болдуң?
---Рыспек таштаган мен эмес, кеткиң келиптир ачык айтып кете бербейт белең качпай.
---Ошондо кеткеним менен мен кайра кайткан элем. Эрболуңдун жардамы менен карыздан жарым-жартылай кутулуп кайткан элем. Камазды авария кылып, адам өлтүргөнүмдү да башка балага моюндатып менин артымды жапкан эле. Эрбол ушул кылганынын акысына сага кайтпашымды сураган. Мен көнбөй баргамын сага, Эрболдун үйүндө экенсиң. Түбөлүк күтөм деп алып, дароо анын койнуна жыгылган экенсиң. Анан сенден түңүлдүм, каңгып көчөдө эки жыл жүрдүм. Селсаяк кейпин кийип калганымда ата-энем таап келип адам кылды кайра. Мына ушундай сен мага док уруна албайсың, айып өзүңдө. Туруксуз, чыдамсыздыгыңда...
----Андай эмес, анда деген сенин карызыңды доолап мени урдап кетишкенде Эрбол куткарып калган мени. Баары тынчыганча деп жашап тургам үйүндө, ал үйлөнгөн эле ал убакта. Менде күнөө жок..
----Ишенбейм кет, кет бар. Кайтпа эчкачан, эми көзүмө көрүнбөчү.
Актануудан пайда жок, айтышат эмеспи-"сүйгөн адам ажырашууга миң себеп болсо да, чогуу болууга бир себеп таап бир болот"-деп. Ошондой эле Рыспек мени сүйбөйт, ошондуктан жеңил жеңилип берди. Чын эми баары кеч, Рыспектин жаңы үй-бүлөөсү болсо кантип бузмак элем. Үйгө барып эле Эсенди алып кайра борборду көздөй кетип калдым. Ыйлап кете бердим, балам жашымды арчып коёт. Балапаным баардыгын түшүнсө да унчуккан жок, негизи эле акылдуу да.
Ылдамдыкты тездете бердим, үйгө тезирек жетким келди. Калганын билбейм, ойгонсом ооруканада экенмин. Бир колум менен бир бутум гипстелип асылып турат, мойнумда карсет байлануу экен.
Уландысы бар
https://ok.ru/profile/567857887998
https://ok.ru/profile/567857887998
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 126