15-БӨЛҮМ...........
Наркоздун таасириби же чын эле жаракат алган жерлерим оорубай жаттыбы билбейм, эч оору сезгеним жок. Эки жакты бир топко карап анан Таластан кележатканыбыз эсиме түшүп кетти. Дароо турууга аракет кылдым, тилеке каршы ордумдан жылмак түгүл башымды да кыймылдата албадым. Көзүмдү жумуп жата бердим, бакырайын десем тамагым буулуп калган сымал. Медайымдардан балам тууралу сурасам мени ооруканага жалгыз алып келишкенин айтышты. Тилегеним Эсенге эчнерсе болбой эле, үйдө болсо экен деп жаттым. Ишенесизби канчалык аракет кылбайын, ошондо эмне үчүн катуу кележатканымды эстей албай койдум. Демек жашоомдо биринчи орунду Рыспек эмес Эсеним элейт экен. Кудайдан тиленгеним эле баламдын тирүү болушу болуп калды. Апамды күттүм, убакыт мага ушундай жай өткөндөй сезилдиби же чын эле бир-эки күн өтүп кеткенде келдиби апам билбей калдым. Апам эшиктен кирээр замат Эсенди сурадым. Апам башын жерге салып, үшкүрүнүп туруп берди. Тамагыма салган апараты ашказаныма кетип бараткандай окшуп жаттым. Өзүмдүн үнүм өзүмө угулуп турду, үнүм кырылдап эркектикен айрымасы жок болуп калыптыр. Апам ызы-чуу салып жиберди, догдурлар тегеректеп дагы кошумча апараттарын ар кайсы жериме чаптап жатышты. Өзүмдү жоготуп баратып апамдын Эсен тирүү дегенин оозунан окуп калдым. Айтышат эмеспи бомба жарылып, ок атылып жатса да адам уккусу келгенди баарыбит угат деп. Үн укпай калсам да ооздун кыймылынан окуп алдым же ошондой болушун каалап турдум. Эки сааттан соң ойгондум, апам жанымдан кетпей олтуруптур. Кыймылдоого алым жок, апам көзүмдөн суроомду окуп өзү жооп бере баштады.
---Эсен тирүү, врачтар азыр анын жашоосу үчүн күрөшүп жатат. Эч жери эчнерсе болгон эмес, жүрөгү катуу түшкөн. Эсенди өзүнө келтире албай жатышат, сен сөзсүз бутуңа турушуң керек балаң үчүн. Мынтип жатууга акың жок, тур тезден.
Апамдын Эсенди тирүү деген сөздөрү мага жан киргизди, апамды кечирип жибердим, сыртымдан билдирбегеним менен, ичимден азыркыга чейин атамдын өлүмүнө апамды күнөөлөп келгенмин. Азыр болсо апамдын мага болгон мээримин сезип жаттым. Ооба өзүм аркылуу сездим, өзүмдүн өмүрүмдү Эсенге байлаган экенмин апам да мага окшоп кыздары деп жашайт тура. Он күндөн өтүп ордумдан туруп, бир колдоп балдак таянып аздан басымыш этип калдым. Баарыбир мени балама жибербей коюшту, качып чыгып балама жетким келет. Бирок, мага баламды кайсы ооруканада экенин айтышкан эмес. Кайда барам? Ар бир ооруканага баруум үчүн менде ал жок, апамдан көзүмдүн агын агызганча ыйлап, жалдырап жатып баламдын дарегин билдим. Эне экен чыдабай мени өзү алып барды, догдурдун уруксааты жок алып чыгып кетти. Апам деле Эсенге көп деле келген эмес окшойт, акыбалын билбейт экен. Балам комадан чыкканына бир жумадай болуп калыптыр. Азыр барсам апалап кучактайт деп ашыгып бараттым, апама майып арабаны баттан түртчү деп уламдан-улам жалдырап коём. Барган сайын кадамдар жайлап, баламдын палатасына жетүү кечигип жатты. Артты карасам догдур апамды желкесине аста колун коюп токтотконсуду.
---Апа мени балама киргизип коюп анан сүйлөшкүлөчү, баламды сагындым. Өзүм бир колдоп деле жүргүзүп жетип алам, койо берчи.
Догдурдун көзүнө жаш айланып кетти, ооба майып арабасына түбөлүк байланбасам да баарыбир аянычтуу көрүнөт окшобойбу, ошого ушундай жаш айланган көз караштарга акыркы күндөрү көп кабылчу болдум. Балээнин баары мага жабышсын, ала жипти бир жолу аттап кеткениме кесири балдарыма эмес өзүмө тийсин. Баардыгына ыраазымын, мага азыр Эсенди көрсөм болду. Апалаган үнүнө, бейиш жыттанган жытына, ажарлуу жүзүнө тойсом болду. Врач аста апама башын ийкеди эле апам мени коё берди. Аста бир колум менен дөңгөлөгүн башкарып палатага жеттим. Эки керебет бар экен, бирөөсү бош турат, бирөөсүндө бирөө жатат. Ошол бирөө жаткан керебеттин ылдыйында шаабайы сууп, маанайы пас адам мага желкесин салып, башын мыкчып алып олтурат. Мен биринчи адаштым деп ойлодум, жок адашпаптырмын. Олтурган Рыспек экен, биздин кырсыка кабылганыбызды угуп келиптир. Баламдын алдынан ошондон бери карыш жылбай олтурган имиш. Ордунан шарт туруп, мага бурулду. Жек көргөн көздөрүм уулу болгондо, Рыспекти жыга чапмак. Мага тез жеткен Рыспек мени эшике чыгарууга аракет кылып жатты. Мен азыр Рыспек менен сүйлөшмөк түгүл көргүм келбей жаткан.
----Жибер мени, тийбе мага сага эмне керек? Чык эшике, эмне эми сага бала керек болуп калдыбы? Биз сенин очойто калган карызың менен ачка көчөдө калганда кайда элең? Жаңы аял алып жатканда балаңды эстеген жоксуңбу? Баардыгы сен үчүн, көргүм келбейт кет бар.
---Билем, мени кечирбейсиң. Күнөө бир гана менде, кызганычтын артынан сенден бир ооз сурабай таарыныптырмын. Ойлонбоптурмун. Бас эшикте сүйлөшүп алалычы.
---Баламды көрүп алайынчы, сүйлөшкүм жок көрүнбөчү мага.
Бетим жарылып, колу-бутум сынган. Бул байкуш акыбалда көрүп калганы кандай өкүнүчтүү. Ичинде мен ушул акыбалга алып келдим деп өзүнө өзү сыймыктанып жатса керек. Мага баарыбир эми, баарыбир.
""Сабыр кылчы"-деген түр көрсөттүбү мага? Мен эмнеге сабыр кылышым керек? Андай эркеке кайгырбайм эми. Же мен туура эмес түшүндүмбү? Башка нерсе айткысы келдиби? Ушул ойлор менен балама дагы, дагы жакындап жыла бердим, алдымды Рыспек торогон жок.
---Жок, жок, жоок........
Мындай болушу мүмкүн эмес. Врач айтыңызчы балам мурунку акыбалына келет э? Качан келет? Бул убакытынча эле э, суранам айтыңызчы. Ошондой деңизчи..
---Жок, тилеке каршы баланын запкы жеп калган нервин ордуна келтире албайбыз. Кудайдан калганы, үмүт дайыма бар....:-деп башын жерге салган врач чыгып кетти.
Баламдын өңү адамдын жүрөгү түшчүдөй болуп калыптыр. Оо кудай ошол күндү эстесем ушул күнгө чейин колдорум титиреп, өлгүм келип кетет. Баламдын бир колу кайрылып, бир көзү артка кетип, оозу кыйшайып ачылып жабылбай калыптыр. Сол буту да кызыкча эле кайрылып калган. Бул параличпи же башка оорубу билбей турдум.
Бир колдоп баламды кучактап алып тургузууга аракет кылып жаттым. Баламдын кулагы укпай калган окшой, бир көзүн эптеп мага каратып, жабылбай тили да баш бербей калган акыбалы менен акырын :-"АПА"-деди. Менин алтыным апа деди. Апа деген бир сөзү менен мени сагынганын, күткөнүн, жанынын канчалык ооруганын айтты. Жүрөгүм менен уктум эле, апа деген сөз менен мага ушунча кепти жеткирди. Бутумдун сынык экенине карабай туруп керебетке жылып кеттим. Баламды кучактап алып өксүп жаттым. Айнек эшиктин ары жагында бизди карап тургандар да ыйлап жиберишти. Кош көңүл малдар телефонго тартып жатышты, уятсыздар.
Өксүгөндөн пайда жок экен, өксүк менен жоготкон нерсеңди кайтарып ала алсаң, анда адамдардын үйүнөн өксүк кетмек эмес. Өксүп эле жоготуп алган жакындарын кайтарып алышмак. Эхх аттиң ай, ошол мүмкүн болгондо баламды мурунку акыбалына кайтаруу үчүн көзүмө ак түшкөнчө өксүгөнгө да ыраазы элем.
Баардыгына өзүм күнөөлүмүн. Ушул баламды оорукчан кылган мен. Бечарам туулгандан оорудан башы чыкпады, өз жанымды кыйууга аракет кылганда балам жабыркап жүрөгү оорукчан, кулагы укпай турган болуп төрөлгөн. Эми баардык башка балдардай өмүр сүрүүгө кез келгенде кайдагы бир арзыбаган коркок үчүн, авария болуп баламды айыкпас майыпка айланттым. Мени кудай урсун. Илгери болсо башка элди койоюн, биздин Кыргызда эле күйөөсүнүн көзүнө чөп салган аялды ойношуна кошуп өрттөп салушчу экен же болбосо таш баранга алышчу тура. Азыр эмнеге андай эмес? Ошондой болгондо мендей намыссыз ошондо эле ташбаранда өлмөк. Бейкүнөө Эсен жарык дүйнөгө келип азап көрмөк эмес. Жашоо эмнеге мындай? Мага каарын төгүп туруп алды го.
Күндөп-түндөп ыйласам деле пайда болбоду. Өз колум менен "Арыз" жазып ооруканага кайтуудан баш тарттым. Баламдын жанынан жарым карыш чыга албадым. Эсендин акыбалы жүрөгүмдөн кан агызса, жанымдын сыздатып чыдаткыс ооруганы ошол канды көлдөтүп салды. Ооруну басуучу даарыны нандай жеп калдым окшойт акыркы күндөрү. Баламды чыгаруучу күн келди, бутумдагы гипсти чечишти. Эмнегедир колумду чечүүгө эрте деп коюшту. Ушунусуна деле шүгүр бутум басат жок дегенде. Андан көрө мына мен баспай баламдын акыбалына түшсөм болмок. Чүкөдөй баламдын он гүлүнүн бири ачыла элек мынтип төшөкө байланып калды. Күтүүсүздөн үйгө мейман келип калды. Мейман дейм да. Мейман эмес тагыраак айтканда балээнин баарын чакырган Рыспек экен, бизди мындай акыбалда таштай албайт имиш. Дөөрүгөн жинди десе, бул акмакты көрсөм каным кайнап кетээрин билип эмне келди дейм да. Ооба бул жолу да өзүмдү башка бирөөнү күнөөлө аркылуу актадым. Баардык жерде ушундай кылам, өз күнөөмдү мойнума ала албайм. Мунусунда Рыспекти күнөөлү кылып койдум. Рыспекти жок адамга чыгарып, байкабай жүрө бердим. Качан колум айыкканда Рыспекти ири суммадагы акча кридитке алып берүүсүн талап кылдым. Баламды даарылатууга болгон күчүмдү салайын дедим. Үйдү, дүкөндү, Ресторанды саттым, Рыспектин банктан алып берген акчасын кошуп алып качып кеттим. Апам мени менен кетүүгө макул болду, Пеку болсо Москвага которулуп кеткен. Мына өзү да билсин, очойто карызын мойнуна илип жалгыз таштап кеткен кандай болоорун.
Уландысы бар
https://ok.ru/profile/567857887998
https://ok.ru/profile/567857887998
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 163