Экинчи балам да кесерово менен төрөлүп, жарык дүйнөдө кыркы
чыкканга чейин эле жашады. Бир түн гана ысытмалады. Денеси от менен
жалын болуп күйүп, көздөрү жумулбай чирене чалкалап, чыңырып ыйлап
жатты. Таңга маал дарманы түгөндүбү же бой түзөгөнбү, үнү чыкпай
мемирей баштаганда өзүмдүн да көздөрүм илинип кетиптир. Бирөө безге
сайгандай чочуп ойгонсом кызымдын жылуу деми кайтып, муздап бараткан экен… Эки өлүмдүн тең күйүтүн тарткан жалгыз өзүм болдум. Баарынан да аз
күн жашаса да балапан жытын искеп, эмчегимди эмизип, энелик
мээримим түшүп калган экинчи баламдын кайгысы оор эле. Анын кенедей
денеси көкүрөгүмдү гана жылытпастан, жалгыздыктан муздай тоӊгон
жүрөгүмдү да эритип салган экен. Жанымды коер жер таппай
кыйналганда Назардан жубатуу издедим. Айрыкча кирпигим кагылбаган уйкусуз оор түндөрдө ага ыкталып, эркектин мээримин сезгим келет.
Дээринен тоң эрим менин ага мамилем өзгөргөнүн өзүнчө жоруп:
«Ушундай катын болуп жүрсөң… Эр сыйлаган эшикте калбайт» – деп
пейил күтүп керсейип калат. Көңүлдү гана эмес төшөктү да жылыта
албаган түндөрү аялдык сезимимди басмырлаган таш денеден
бошонорум менен тескери карап жатып: «О кудай, кечир мени?! Мага жубайлык бакыт буюрбасаң да перзент берчи?! Өмүрүн кошо берчи?!
Жалгыз жанымды аячы?», – деп каңырыгым түтөп кетет. Үчүнчү жолу боюма бүткөндөн баштап катуу-ирик ишке жарабай калдым.
Боюмду көтөрө албай араң эле кыбырап жүрөм. Мунум кайненеме да, күйөөмө да жакпады. «Көтү батып калды да, ашка
жүк, башка жүк, сетирейген сетердин», – деп угулар-угулбас күбүрөнүп,
кара жаак кемпир эки көзү менен жеп ийчүдөй акырая тиктейт. Картошка
эгип, чаба келгенде эле жалакайланып үйгө көп токтобой, иштин баарын
мени менен Азимге түртө салган Назар эми өзүнө күч келгенде ырайы
бузулду. Тез-тез жинденип, кайнагамдын балдарын кууруп, сөгүнгөнү күчөп баратат. «Эй ашкебилер, качанга чейин силерди багам!
Жегениңерди актап жегиле! «Нан» дегенди билесиңер, иштегенди
билбейсиңерби! ?» деп бечара балдардын ансайын жылдызын өчүрөт. Бул
сөздүн бир учу мага да ыргытылганын туюп турам. Баламды этияттап,
аны жаныма көп жуутпай калганым ансайын кошул-ташыл болду. Ачуусун
кантип чыгарарын билбей жүргөн экен. Акыры бир күн жарылды. Биринчи чабык башталганда ичим чоноюп, ылдый эңкейип кетмен чапмак
турсун, олтуруп-турушум кыйындап жүргөн. Ошентсе да кечке талаада
баш көтөрүшпөй иштешкен Азим менен Кадырга эш болоюн деп алардын
жанынан кетпейм. Кадыр дагы эле кичинелик кылып отоо чөбүн отоп
бергенден башка колунан иш келе элек. Чоңу жалгыз кетмен чабат.
Алакандары кабаарып, берч болуп катып калыптыр. Балакатка жете элек баланын чоң кетмендин шилтеми менен кошо жыгылчудай болуп
ыргалган кебетесин көрүп аяйм. Көздөрү кусалуу болсо да ушул
тагдырына көнүп үндөбөйт. Турмушта кагылып, согулган чоң адамдан
бетер баары-жокту ичине ката билип, өтө эле токтоо, түнт. Аны аяй карап
туруп: – Ази-им! – деп чакырдым, үнүм жашыңкы чыкканына өзүм кайра уялып
кеттим. Экөө тең мени карап калышканда кол булгап «Бери келгиле!» –
дедим. «Кош бойлуу экенсиң, шимип жүрсөң көңүлүң ачылат», деп Сурма
эне эч кимге көргөзбөй эрте менен алып келип берген курут,
шириндиктерден аларга деп бир уучтан ала чыккам. Экөөнө тең бөлүп
колдоруна карматып, «эс алганча жеп алгыла» деп олтургуздум. Чарчап калышкан бадар баштарын шылкыйтыша үн-сөзсүз адегенде момпосуйду,
анан курутту жеп түгөтүштү. Артынан атала ичишип. кайра ишке
түшүшөрдө жакындап келип калган Назарды көрдүк.
Эй ашкебилер, түшкө чейин кылганыңар ушулбу? Мойнуңарды жулуп
алайынбы! – деп ызырынып Азимге кол шилтээринде мен кармап калдым. – Тур нары! Сен өзүңдү бил! Жалкоо!... Алкаш! Назардын көздөрү чакчая түштү. Ызырынып келип сол бетиме шапалак
урганын бир билем. Жерге учуп түшүпмүн. Буту менен тепкилеп,
муштуму менен башы– көзүмө карабай салып киргенде боюмдагы балага
тийбесе экен деп жандалбастап. ичимди кош колдоп кучактап бүрүшүп
жатып бердим. – Тийбе жеңеме, тийбе! – деп чырылдап үстүмө түшө калган Азимди
ыргыта тепти. Азим кайра тура калып ый аралаш сөгүнүп, Назарга дагы
асылды. Озондоп ыйлаган Кадыр эки колуна таш көтөрүп алыптыр.
Биздин ызы-чуубузду уккан аталаш кайнагам чуркап келип ажыратпаса
эмне болот элек билбейм. Артынан кемпири Сурма эне келди. – Э падариңа наалат! Кош кат аялга кол көтөргөн, айбан! Баланын
кусуруна калып калба ушинтип жүрүп! Э атаңдын көрү! – деп ачуусун
токтото албаган кайнагама кошулуп кемпири бирде мага үйрүлүп
чаңымды күбүп, бирде өпкөлөп ыйлаган балдарды кучактап сооротуп,
ары басып кеткен Назарды жер-жеберине жеткире тилдеп кейинип жаты.
Чаңга аралашып жаткан мени Азим менен Кадыр жөлөмөлөп турузганча: «Ыйлаба, жеңе ыйлабаңызчы…» деп жалоорушса өздөрүнүн жүзүн
жууган жаш токтобой он талаа болуп агат. Дене боюм тепкиден жанчылып калган экен, сынган жерим болбосо да
көп күн төшөктөн тура албай жаттым. Чоң муштумдан запкы көрөр алсыз
аял болуп калганыма өкүнүп-өксүдүм. Же мени коргой турган төркүнүм
жок, кимге датымды айтаар элем. Өзүнө кара күчү жетпей турган
коргоосуз жанды басмырлап, каалашынча кордоодон моокумун кандырган
айбан чалыш эркекти биротоло жек көрүп, дитим карарды. Бирок, чынжырга байлангансып ушул азаптуу гөр турмуштан чыгып кетер жолду
табалбай карайлай бердим. Мен баш көтөргөнчө Назар да коркок-билиш болгонбу, же абийири
ойгондубу камкорсуп калыптыр. Оозунан эч деле жылуу сөз чыкпайт,
бирок, жүзү күнөлүүдөй жазганып, көп сүйлөбөсө да жанымда көбүрөөк
олтурчу болду. Армияда жүргөнүндө телефон кызматын үйрөнгөн экен.
Айылдагы эски-уску радиотелеаппараттарын чогултуп оңдоп, же
кураштырып бир нерсе жасамыш этет. Баары чайга олтурганда өзүнүн оозу ашка тийбей жүрүп «ич» – деп кесесин мага жылдырат. Бир жолу
таң үрүл-бүрүлдө төшөктөн туруп баратып үстүмө өзүнүн тонун жаап,
кумтулап жатканын туйдум. Ошондо жанымды ооруткан кычкачтай катуу
колдору жагымдуу сезиле түштү. Аялдын жүрөгү өтө ийилчек болот экен.
Ачуу ызам таркай элек болсо да кайрадан ага ийигип бараткансыйм. Үчүнчү жолу операцияга кирерде оюма нелер келип, нелер кетпеди. Айы-
күнүм жеткенде төрөт үйүнө алдын ала жаткырып карап турушкан
догдурлар толгоом келе электе эле «кесерово» жасаш керектигин бир күн
мурун айтышкан.
Ошол түндү кирпик ирмебей өткөрүп, таң заардан жүрөктү опкоолжуткан
санаа менен операцияга даярдана баштадым. Буюмдарымды жыйнап
коюп, душка түшүп жуунуп, санитар аял берген ак бөз көйнөктү киеримде
муунум бошоп кетти. «Ыйлаба, күчүңдү кетиресиң», – деп акушер– хирург
эркек улам соороткон сайын көз жашым токтосочу… Эч кимге айтпаган
жүрөк дартым, арман күйүтүм, кабыл болбогон тилектерим, жалгыздыгым, «балам аман бекен» деген коркунучум ыйыма чыгып, нукту
жырып кеткен ташкындай болуп ага берди… Кийин айтышат, операция
убагында да, андан кийин уктап жатканымда да көздөрүмдөн тынымсыз
жаш агып туруптур. Боюмдан алышкан балам уул экен. Ага да Кудай ченелүү эле өмүр
бериптир. Тубаса жүрөк дарты менен төрөлгөн балам көзгө көрүнүп,
талпынып калганда жок болду. «Мени да кошо көмгүлө!» деп ботодой
боздоп сөөгүн бербей талаштым. Колумдан жулуп кетишип, алпарып
көөмп коюшту. Түнү баары укташканда акырын эшикке чыктым да,
темселеп гөрүстөндү көздөй жөнөдүм. Наристе бойдон көз жумушкан үч перзентим жаткан бейиттен башка жакта мага күн жок эле. Ай жарыгында
издеп жүрүп дөмпөйгөн дөбөчөлөрдүн арасынан уулумдун топурагы
кургай элек кол башындай мүрзөсүн таптым. Бакырган бойдон үстүнө
жыгылып, колдорум менен чапчылап ачып кирдим. Канча убакыт өттү
билбейм, акыры кабырдын оозун ачып, баламдын сөөгүн сууруп чыктым.
Анайыным, өзүм чүргөгөндөй болуп ак сурпка оролуп мемиреп жатат. Карын чачы карарып көзүнө түшүп, жүзү сүттөй аппак, сүзүлө жабылган
кирпиктери камыштай болуп тикеленип турат. Уулумдун бешенесинен
өпсөм таштай катуу, муздак экен. Чочуп кетип «чымындай жаны жаннатка
учуп кеткен тура» деген элдир-селдир түшүнүк акыл-эсимди араласа да
ага ынангым келген жок. Баламды алдыма алып алдейлеп олтурам.
Көкүрөгүм сүткө толуп дирилдеп агып, уулума айтып үлүрө албай калган бардык жалынычымды, эркелетип,элжиреген мээримимди, балапан
жытына тойбой калган кусалыгымды төгүп-төгүп жалбарып буркурап
ыйлап да олтурам. Менин бул кайгымдан үшү кеткендей асманда Ай гана калтырап
тикирейип карап турду. Жылдыздар жүзүн жаап-жашырып ала
качышкандай алыстан көрүнүп-көрүнүшпөйт. Ээн, эски мүрзөлөрдү
жаңыртып, кайгымды айтаарга башка эч кимди таппай «Апа-а!» деп
айкырыкты салып, өзүм көрө элек апамды жардамга чакырып, ботодой
боздоп жаттым. Менин кайда кеткенимди туюп калышканбы, аталаш кайнагам аты менен
чаап келиптир. Гөрүстөнгө атчан эле күү менен кирип барып, мени
тебелетчүдөй болуп омуроолоп камчылап ийди. Кайыштан жылан боор кылып өрүлгөн камчынын уусун тоотуп да койгон
жокмун. «Балама тийбесин» деп калкалап ала качтым. Кайнагам анан
аттан ыргып түштү да, маңдайыма чөгөлөп: «Олдо, айланайын, ая! Очор-бачар эле боло турган түрүң бар эле!
Кудайга кай жагыңдан жаздың экен? Ушинтип жалгыз перзентиңди да
атаа кылбай койсо, кантели!.. Мастан кайненеңдин каары тийди го, тийди
го!», – деп муун-жүүнү зыркырап жашыды. Анан колумдагы баламды
тонуна ороп көтөрүп, мени жетелеп, мүдүрүлүп, жыылып-тыгылып
олтуруп айылга жеттик. Уулумду жууп, кепиндеп кайра көмүштү. Бул жолу олтурган ордумдан
козголбой, нес болуп катып турдум. Жүрөгүм какпай токтоп калгансыды. Ошол күнү Назардын кайда жүргөнүн билбейм, кечээги бойдон үйгө
жатаар убак келди. Түз мен жаткан бөлмөгө кирип, чыракты жагып, азга
карап турду. Башымды көтөргөн жокмун. Тирүү менен өлүктүн ортосунда
карайлап, жашоодон аша кечип тургам. Ал менден корккондой, акырын
теңселе басып келип, жүзүмө үңүлүп: «Гаухар, Гаухар».. деп үн салды.
«Бур» эткен арактын ачуу жыты думуктуруп, көздөрүмдү ачышка аргасыз кылды. Ал экөөбүз тиктешип калдык. Менин чын эле тирүү экениме
ишенбегенсип, шишиген кабагы менен сестейе караганы тумандап
көрүндү. Анан өңү– башы бырышып эмшеңдеп мени баса жыгылды. Кечээтен бери көздөрүмдөн жаш чыкпай калган эле. Жүрөгүм гана
ачыштырып күйүп жаткан. Күйөөмдүн ыйы мени бошотту. Кургаган
каректеримден кайрадан көз жаш булак болуп акты. Жарык дүйнөгө
келбей жатышып чарчап калышкан периште балдарыбызды жоктоп,
азабына чыдабаган арман-күйүтүбүздү ыйга чыгардык. Үстүбүзгө жан
адам кирген жок. Анын жүзүнөн салаалап аккан ачуу көз жаштын даамын эриндеримден сезип жатып: «Эми эч качан Назар менен урушпайм,
урушпайм…» – деп ичимден кайталай бердим. ( Уландысы бар )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2