Аллоо-ху – ахба-р-р!.. .” “Алло-оху... ” Күнүгө мени таңзаарда чакырылган азан ойготот. Жер жарый элек болсо да шаарды уйкудан козгоп, биз жашаган
мааладаги бир нече мечиттердин бийик мунараларынан чыккан
коңгуроодой шаңдуу дооштор аба жарып алыска-алыска жаңырыктайт.
Муазиндердин жел аргыдай коңур, же чучуктай сызгырылган ичке
муңайым үндөрү бирин экинчиси улап, же жарышкандай үн алышып,
тирүүлүктүн дагы бир жаңы башталган улуу күнүн ыйман келтирип, намаз окуу менен тосуп алууга чакырат. Бүгүн да ыргагында бир укмуш керемети бар азанды укканда жан дүйнөм
термеле түштү. Бирок, жылуу төшөк менен таңкы ширин уйкуга илинбей
туруп, даарат алып, багымдат намазын окууга бел байлай элекмин. Же
ал үчүн да убакыт-сааты келиш керек окшойт. Коңшунун дарбазасы кыйчылдап ачылды. Үй ээси Улугбек аке азанчынын
үнү басыла электе адатынча шашып-бушуп мечитке жөнөйт. Андан көп
өтпөй эле жаш келини чаканы калдыратып, пешайванына суу чачып
кирди. Өзүнүкүн бүткөндөн кийин көчө-жолдон баштап биздин үйдүн
дарбазасынын алдынан бери мизилдетип шыпырып коюучу бул келинге
жүрөгүм элжиреп, ичимден ага жакшылыктарды тиледим. Эрте менен туруп сыртка чыкканында суу чаң басыларлык болуп себеленген,
күзгүдөй жаркыраган таза жерди көрүүнүн өзү кандай ырахат. Төшөктөн ушундай жагымдуу сезим менен козголдум. Түнү бою жаап
чыккан нөшөр басылып, жымжырт. Терезеге келип, асманды карасам
үзүм булут жок чанкайып ачык. Жамгырга жуулуп, ыраңына чыккан жазгы
жашыл дүйнөгө, жаш жалбырактардын жытына мас болушкандай үрүл-
бүрүл жарыкта эле куштар шаттанып сайрап жатышты. Бирок, жанымда балдарымдын жоктугун туйганымда көңүлүм чөгө түштү.
Үй-жайы бөлөк атасы алып кеткен сайын күн өтпөй эле ушинтип
жалгызсырап каламын. Уул-кызымды оюнчуктары да эстете берет.
Көмкөрөсүнөн түшүп, тоголонуп жаткан түктүү агыш мамалак, жиби
сүйрөлгөн “Камаз”, чачы сеңселген “Барби”,кайсынысына көзүм урунса
эле жүрөгүм “тыз” эте түшүп жатты. Оюнчуктардын ээси бала экен, аларга жан киргизип ойногон эч ким жок, менден бетер томсорушканы
ансайын кусамды арттырды.
Эч нерсеге дитим чаппай, жумшак жана баео мамалакты боорума бекем
кысып алып, балдарымды ойлоп олтурдум. Эртең эле алар “апалап”
булбулдай сайрашып, эшиктен энтелеп кирип келишерин ойлосом
эбеденим эзилип, ансайын сагынычым күчөй түшөт. Ошол учурду
элестетип алып-учкан кусадар оюмду бузуп телефон шыңгырады.
Аялдын үнү: – Эже, кандайсыз? Бүгүн үйдө эле болосузбу? Мен да базарга чыкпадым.
Сиз менен сүйлөшөйүн дедим эле. Бош элесизби? Азыр барсам болобу? “Базар” деген сөздөн улам ким телефон чалганын дароо билдим. Чоң
базарда соода кылчу Гаухар аттуу келин менен көптөн бери көңүлүм
ысык болуп жүрөт. Экөөбүз ойдо жок жерден таанышканбыз. Кайсыл бир
күнү май базарды аралап жүрсөм: “Букен эже, менден май алыңыз”, – деп
калды бейтааныш аял. Мени таанып чакыргандан сөзүн кыя албай
жанына басып бардым. “Комоктун” ээси 35 жаштардагы ак саргыл чырымдуу келин экен. Эски таанышымдай жылуу учурашып: “Кандай май
аласыз, эже?” – деп сурады. Катар-катар секичелерге май куюлган кооз
этикеткалуу идиштер ашемдүү коюлган. Мен сатуучу келиндин жарык
маңдайына, карылардыкындай токтоо, эстүү көздөрүнө ишене сүйлөдүм: – Өзүң тандап берчи, сиңдим? – “Алтынай” берейинби, эже? Холестрини жок, жакшы май. Баш ийкешимди эле күтүп тургансып, илбериңки кыймылдап, мөлтүрөгөн
тунук май куюлган бөтөлкөдөн үчтү жаңы пакетке салып жатканын ичим
жылый тиктедим. Соодада да ызааттуу мамилеге тартылат экенсиң.
Мүмкүн, мени тааныганы үчүн ушинтип сыйлап жаткандыр деп да
ойлодум да: – Мурдаштык болосуңбу, сиңдим? – деп сурадым. – Айылымдын менден кийинки чоноюшкан жаштарын көп деле тааныбай
калдым. Өздөрү озунуп учурашса ушинтип сурайм. Келин иймене күлө
бакты: – Жок, эже, мурдаштык эмесмин. Сизди сыртыңыздан тааныйм. Майды колума карматып жатып: – Сиз жазуучу Букен Молдоева эже болсоңуз керек. Китебиңизди окугам.
Телевизордон да көрүп жүрөм. Көп өтөсүз буерден. Акча сунсам: “Жок, эже, сизден албайм!” – деди чын дилинен. Экөөбүз
ошондо канча акыйлашсак да майдын акысын алдырта албай бушайман
жегемин. Кийин да ал келинди көрүп жүрдүм. Базардын ичинде үч жерде
“комогу” бар экен. Улам бирөөнө өзү олтуруп соода кылса,
калгандарында да анын таалимин алгандай элпек, жароокер кыздар
иштешет. Кардарды имере тартып, купулуна толо тейлегенге аябай маш болуп бүтүшкөнүн байкайм.
Бирок, Гаухардын мамилесинен да, көздөрүнөн да акчага жутунуу
сезилбейт. Анын “комокторуна” киреше өзү эле байма-бай агып келип
жаткансыйт. Бир жолу менин оюмду туйгансып сөз арасында минтип
айтты: “Мен тыйындын артынан кубалаган жөнүм жок, эже. Тапканым
кызым экөөбүзгө кеңири жетет. Ашыкчанын кереги жок. Эмне үчүндүр
базарда олтурсак эле баары ач көз, дүнүйөкор деп ойлошот экен. Андайлар деле көп. Бирок, ачкачылыкты башынан өткөргөн адам азга эле
топук кылып калат окшойт, эже...» Бул кош маанилүү сөзү өзүнө алда-
нени эстеткендей сурмалуу көздөрү жашылданып, жер тиктеп улутунуп
алган. Ошондон кийин: “Сиз менен жай олтуруп сүйлөшсөм дейм...” – деп
көп жолу айтты. Убакыт-сааты бүгүн жеткен экен. Телефондон Гаухарга “Үйгө келе бер”, –
деп коюп мейман камын көрө баштадым. Дем алыш күнүм конок тосуу
менен өтөрүнө ичим ачыша түшсө да, эже-сиңдидей болуп бараткан
келин менен сүйлөшүүнү өзүм да дилимден каалап турдум. Гаухар көп
күттүргөн жок. Алпейим адамдын жоомарттыгы менен баштык толтура
көрөн-шерен көтөрүп алыптыр. Мен да белендеп койгон тамак-ашымды дастарконго коюп, жай сөзгө кирдик. — Букен эже, сиздин “Мен көргөн жаздар” деген китебиңизди кокусунан
окуп калдым, ошондон бери бир сүйлөшсөм деп эңсеп жүрчү элем. Сизди
мага кудай жеткирди окшойт... Китебиңизде өзүңүз жөнүндө жаздыңыз
беле? Окурмандардын ушундай суроосуна көнүп бүттүм. Каармандарым менен
өзүмдү бир кишидей көрүшүп кызыксына беришет. Аларга түшүндүрөм
деш куру убарагерчилик. Ошондуктан, Гаухардын бул баео түшүнүгүн
жокко чыгарбай, туюк гана жылмайып койдум. Сөзү болсо айтып, ичин
бошотуп алсын деп үнсүз күтүп олтурам. Улам бошогон пиалага чай куюп
кулак салдым. – Сар-санааңды жалгыз көтөрүп жүрө берсең ушунчалык оор жүк болот
экен, эже.... Ишенесизби, элге окшоп каткырып күлө албастыгымды
жакында байкадым. Ошондон бери шаңкылдап ачык күлчү адамдарга
суктанып жүрөмүн. Мен төрөлгөндө эле шорго жаралган жан болупмун. Эки жашымда апам
көчөгө таштап кетиптир. Бечел да окшойм, басалбай ыйлап олтурупмун.
Көргөндөр ата-энеси барбы деп иликтешип, эч ким чыкпаганда милицияга
тапшырышыптыр. Бул жөнүндө өзүм чоңойгон балдар үйүнүн
тарбиячысынан уккам. ( Уландысы бар )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2