Олдо, кагылайын кызым ай! Бул күндү мен эч качан унута албасам керек. Бүгүн сени кайрадан экинчи жолу төрөгөндөй болдум. Жок, бул азабыңды тарткандан көрө төртүнчү жолу кесерово болуп төрөш алда-канча жеңил болгон экен. Операциядан кийинки алгачкы сааттарда жан чыдагыс оорудан ыйлаган эмесмин. Ичимдин кесилген жарааты айыга электе өзүңдү көтөрүп, өйдө-ылдый кылып кыйналганда ыйлабапмын. Кээ бир күндөрү жашашка күчүм калбай калгансып, шайым ооп, көздөрүм тунарып кетчү. Анда да көзүмдөн жаш чыккан эмес. Жанымды уучтап алып тиштене сени багып жаттым. Анткени бошошууга акым жок эле. Жашоого жаңыдан келип, эмчек сурагандан башка камы жок наристемдин ден-соолугу, өмүрү мага байланып турса белимди бекем буугамын.
Ошол азаптуу күндөр эч качан бүтпөстөй сезилсе да күн өткөн сайын сен да чоңое баштагансың. Өзүңдү колумдан түшүрбөй көтөрүп эле жүрүп: “Ой, Мирочкам чоңоюп калыптыр! ” деп таң кала берчүмүн. Сен ыйлаганда жумшак болот деп куш жаздыкка жаткырып алып, алдейлеп сооротчумун. Бара-бара ошол жаздыкка батпай буту-колдоруң суналып чыгып калчу болгон. Мойнуңду токтотуп, башыңды көтөрүп, жалаяктан чыгып, шым кие баштагансың. Мен да кубатыма кирип, өзүңдү кыйналбай бакканга жарап калдым. Үч айлыктан өткөндөн кийин ыйлактыгың азайып, түнкүсүн тынч укташка көндүң. Менин да көп күндөрдөн бери көңүлүм тына баштаганы ушул эле. Бирок уйку көрбөгөн оор түндөрдөн кутулдум деп сүйүнгөнүм эрте болгон экен. Бүгүн сенин периштеникиндей ууз буттарыӊдын гипске кыймылсыз болуп катырылганын көрүү бардык кыйналганымдан ашып түштү.
Бул кайгымы сөз менен жазуу мүмкүн эмес. Үйгө ыйлап-сыктап келгенибизден кийин атаң сени үндөбөй колума карматты да чыгып кетти. Ошол бойдон түнү да келбеди. Сен адегенде буттарыӊды бошотом дегендей булккулап, анан жанын кыйналгандай чыңырып-сыздадың. Көздөрүң менден өтүп, жардам сурагандай жалынычтуу тиктеп, жашың мөндүрдөй төгүлүп турду. Заматта эле бетиң чүңүрөйүп, арыктай түштүң. Күлбөй да калдың. Ошол түнү экөөбүз тең уктаган жокпуз. Тынымсыз кыңкыстаган өзүңдү сыздаган жүрөгүмдүн тушуна бекем кысып көтөрүп жүрүп таң атырдым. Жер жарыганда чарчадыңбы, кирпиктериң катып, уйкуга кирдиң. Түнү бою кирпик какпасам да Мира уктап жатканда сүт алып келип алайын деп шашып калдым.
Көчөнүн башында жашаган аялдан сүт алып турчумун. Жоолугумду чала-була салынып, көлөшчөн эле эшикке чуркап чыктым. Эрте мененки салкын аба кеӊгиреген башымды бир аз сергиткендей болду. Сүт берчү аялдын үйүнө жакындай береримде капыстан Назардын караанын көрүп калдым. Ал жаңы түшкөн бир кабат жатаканадан чыгып келатыптыр. Бул үйдө Чоңалайга эки жактан келип иштеп жаткандар жашашчу. Адегенде күйөөм эмне үчүн жатаканадан чыкканына таң кала түштүм. Кечээ келбей калганда күзөттө турса керек деп ойлогом. Ал мени көрмөксөнгө салып чоң жолго бурулуп кетти. “Назар, Назар!” деп артынан кыйкырып ээрчий бастым. Жүрөгүмдү кайгы алсыраткан оор түндөн кийин карайлап турганымда ал көзүмдөн учканы ай! Назар бурулуп караган жок. Токтобой кеткен анын артынан тиктеген бойдон эмне кыларымды билбей бир пас турдум. Анан ал кимдин үйүнөн чыкканын билгим келди. Көздөрүм гүл өстүргөн терезеге урунду. Менин үйүмдөгүдөй эки карападагы «анютанын көздөрүн» көргөндө көӊүлүмө күдүк ой келди. Назардын мындан бир-эки ай мурун “начальниктин кабинетине гүл алып келгиле деди» деп ушул карапаларды кеткенин эстедим. Гүлдөр турган бөлмөнү тушмалдап барып, эшигин черткиледим. Кыска кыркылган чачтары иретсиз уйпаланган, көкүрөгү ачык кооз халат кийген жаш келиндин магдыраган жүзү мени көргөндө суу сепкендей жазгана түштү. Анан ооз ача электигимде эле:
– Күйөөң жок үйдө! – деп ийди шашып.
– Мен күйөөмө эмес, гүлдөрүмө келдим, – дедим.
– Аларды мага Назар туулган күнүмдө белек кылган.
– Меники ал гүлдөр! Мен өстүргөм! ...
Келин арасат ойдо тиктеп калды. Анан эки карападагы гүлдү көтөрүп чыкты да, колума да бербей жерге тарс коюп, эшигин катуу жаап алды. Гүлдөрдү бекем кучактап алып үйгө жөнөгөнүмдө буттарымдын алы кетип, зорго эле шилтенип жатты. Эримден эч деле жакшылык күтпөй калганыма көп болгон. Бирок, өз канынан жаралган баласынын жаны кыйналып турган бул түнү ушундай караөзгөйлүккө дити барганы жаныма катуу батты. Жүзүмдү күйгүзүп шорголоп аккан көз жашым эриндеримден сарыгып, шор даамданат. Жат терезеде өсүп жүдөй түшкөн гүлдөрүмдү боорума кысып алып, шамалда кайыккан камгактай ыргалып, бул дүйнөдөн безип кетким келип, темселеп келаттым.
Назар ошол боюнча кайрылып үйгө келген жок. Баткенге которулуп кеткенин кийин уктум. Бул жөнүндө кийим-кечегин алып келүүгө жөнөткөн досу айтты. Ал кабарга эми кайгырган деле жокмун. Мен аны менен көңүлүмдө алда-качан эле коштошкон элем. Женя кийин айтат, Михаил менин талабымды талашып, аны менен эркекче сүйлөшкөн имиш.
– Мындай күйөөнүн барынан жогу. Ал сенин теңиң эмес эле. Бирок, бирге жашап турганыңарда унчуккан эмесмин. Баягы келин менен байланышып алганына көп болгон. Миша канча жолу чакырып алып урушту, ажырата албай койдук. Бирок, түшүнбөйм, кетээринде анысын деле таштап кетти дешет.
– Ал эч кимди сүйгөн эмес, сүйө да албаса керек.
Бул ой биринчи жолу дилиме келди. Көп жылдардан бери Назардан издеп, бирок таппай, турмушумдун тузун кемитип келген чындыкка эми көзүм ачыла түштү. Менин канча жылга созулган азабымдын өзөгү ушунда экен. Аялды түгүл өз баласын сүйө албаган эркек эч кимди бактылуу кыла алмак эмес.
– Гуля, сүйүүсүз турмуш бул – чоң бактысыздык. Ага окшогон кемпайга өзүңдү кор кылбай азыртан ажырашып кеткениң бир чети жакшы болду. Али жашсың... Өзүң арзыган жана өзүңдү арзыган адамды сөзсүз изде…
Эми Чоӊалайда жүрө турган илинчэгим деле калган жок. Бирок, кызымдын буттарынан гипс алынганча кетпей турайын деп чечтим. Анын үстүнө башка жакта бизди күтүп, же чакырып жаткан деле ким бар. Ошентип, балам экөөбүз ээн үйдө жат жердин дагы бир кышын кыштоого калдык.
Чоңалайдын октябрь айында башталган каардуу кышы узакка созулат. Быйыл кар жылдагыдан башкача оор түштү дешти.
Эки күндүн биринде зампарлап жаай берип, жапыс үйлөрдүн төбөлөрү гана дөмпөйүп көрүнгөндөй кылып көөмп салды.
Кардын оордугун көтөрө албаган дарактардын шактары жерге тийгиче ийилип, жоон бутактар да айрылып сынып жатат. Күн ачык күндөрү ууздай аппак кардын бети бриллианттын күкүмдөрү чачылып жаткандай жылтылдап көз уялтат. Кир чалбаган ак кардын мындай сулуулугу, абанын тазалыгы бийик тоолордо гана болсо керек. Бирок күн тийип турса деле каарыган аяздын суугу сөөктөн өтөт. Сансыз ийнелер ачык калган бети-колуңду чымылдатып сайгылагандай үшүйсүң. Карды тозоңдото сапырган бороону да бат-бат болуп турат. Алай-дүлөй түшүп, борошологон шамал айрыкча түнкүсүн эшик-тереземди тытмалап, улуп-уңшуп, үрөйдү учурчу болду. Мындай түндөрү жалгыздыктан жана коркунучтан үшүм кетип, Мирочкамды боорума кыскан бойдон уктабай таң атырам. Жашоо да эшиктен бурганактуу караңгылыктай ырайымсыз туюлат.
Шамал учурган кар күрткүсү бир жолу түнкүсүн үйүмдүн дарбазасын тиреп салыптыр. Эртеден-кечке эшикке чыга албай олтурдум. Иштен кийин кабар алайын деп келип калган Женя коңшуларды чакырып, эки кишилеп күрөп жатып зорго ачышты. Ошондон кийин Михаил бурганак болгон күндөрү жоокерлерден жөнөтүп, ал-абалымды суратып турчу болду. Назардын эки айлык эмгек акысын да мага бергизген. Ошону себелеп күн көрүп жаттым. “Кой” десем болбой Женя да тынбай майда-чүйдө ташыйт. “Суукта убара болбо” деп баламдын буттарын да үйгө келип көрөт. “Жакшы бүтүп жатат” деген сөздөрүнө канат байлап калам.
Бул кайрымдуу адамдар мага бир боорумдан бетер жакшылык кылышты, аларга кудайдан кайтсын деп үч маал тилейм.
***
“Декабрь. Жекшемби. Дароот-Коргон.
Мирочкам, күн сайын чоңоюп жатасын. Жөрмөлөй турган, каз-каз тура турган маалың да келди. Ошого аракет жасап, бирок гипске катырылган буттарың кыймылдабаганда, ызаланып ыйлап жиберчү болдуң. Бүгүн экөөбүз ойгонгондон кийин да төшөктөн турбай көпкө жаттык. Жанымда олтургансың. Анан мени таянып, кыйналып жатып, өйдө болдуң. Кайра коркуп кеткенсип отура калдың. Кайра турдуң, кайра жыгылдың. Кантээр экен деп үндөбөй карап жатам. Ушинтип кеминде жыйырмадай жолу туруп, жыгылдың. Каз-каз туруш эмне экенин билип калыпсың. Буга өзүң аябай сүйүндүң. Сенин бул далбасыңды көрүп эзилип кеттим. Буттарыӊда гипс болбосо балалыктын доорун күлүп-жайнап сүрөр элең да. Өзүм өксүк өскөнүмдүн эсесин чыгарып, сени эч нерседен кем кылбай, көз жашыңды көрбөй чоңойтсом дегем…
Гипстин алынышына дагы эки ай убакыт бар дейт Женя. Ага чейин күн өтпөөчүдөй заманам куурулуп жүрөт. Кызым майып болбой, жамбашы ордуна түшө бекен, сөөгү өсүп кетеби, өз убагында басабы? деген кыжаалат ойлордон чарчап бүттүм. Сен жөрмөлөй албасаң да таканчыктап олтуруп-турасың. Ушул да азырынча экөөбүз үчүн чоң жеңиш. Атаң болсо сенин тарткан азабыңды туюп-сезген да жок. Бала багууга каралашпаса анын түйшүгүн билмек беле...
“Март. Ишемби. Дарооткоргон.
Кыш жарымынан оогондо Женя келип гипсти алды. Калыңдап кабатталган гипсти чоң аттиш менен экөөлөп зорго кыркып, буттарыңды бошоттук. Ичкерип сөөктөрү буралып, кокочо болгон, сийдик ###### жара болуп кеткен буттарыңды көрүп алып дагы ыйладым. Кантип чыдадың экен бул кыйноого, балам?!
Эртеси рентгенге алпарып түшүрдүк. “Жамбашы жакшы айыгыптыр” дешти. Муну укканда ушунчалык сүйүндүм. Үстүмдөн ныгырып турган оор жүктү алып таштагандай өзүмдү жеп-жеңил сезип, ооруканадан канат бүткөндөй учуп чыктым. Ушул күн Мирочкам жана мен үчүн өзгөчө болушун кааладым эле.. Бир жылдык мээнетимдин, сары оорудай чырмаган сар-санаамдын, кызымдын кыйноо тартканынын акыбети кайткандагы кубанычымды ким менен бөлүшөрүмдү билбедим. Мирочкам түшүнчүдөн бетер аны өпкүлөп, куттуктап, айланып-жалбарып жаттым...»
***
“Март, Жекшемби. Дарооткоргон.
Кызым, күндөлүккө бир гана сен жөнүндө жазып жүрөм. Качандыр бой жеткениңде окусаң энелик ой-сезимимди, бала деген жүрөк талабымды түшүнөр бекенсиң? Мен сага булардын баары жөнүндө айтууга үлгүрөмбү, турмуштун жолун көрсөтөр акыл-сөзүмдү айта аламбы – бир Кудай билет. Ошон үчүн бардык ой-тилегимди азырынча күндөлүккө түшүрүп жүрөм. Чын эле ушунун баары кызым экөөбүздүн башыбыздан өттүбү? деп таӊ калам кээде өзүмдүн жазгандарымды окусам. Адам баласы кыйынчылыкты да, жакшы жаманды да өтүп кеткенден кийин тез эле унутуп коет экенбиз. Ылайым, эми жалаң гана сүйүнүчтүү нерселерди жазсам экен”.
***
Ошентип Мирадан көңүлүм тынчыгандан кийин мындан ары кантип жашоо керектигин ойлоно баштадым. Чоңалайдын мен үчүн түйшүктүү өткөн узак жана каардуу кышы көңүлүмө көк таштай тийиптир. Жаз келишине дагы бир топ убакыт бар. Бул жерде апрель аяктатып, анан кар эрий баштайт. Ош жактагы жаадырап ысык тийген күнөстүү күндүн нурларын, жашыл жазын эңсеп, көзүмдөн учат. Канатым болсо учуп жеткидей болом.
Акыры кыштын да каары кайтып, күн жылымтык тартты. Ноябрдан бери сулк жаткан улуу кар да жаратылыштын өкүмүнө баш ийип, дал-далынан жыртылып, эриген кардын киргилт суулары көлчүктөп, сансыз майда арыкчалар болуп агып, тоонун ала-шалбырт жазы башталды. Бул маалда Ошто өрүктөр гүлдөп, көк чыгып, кыштын изи да калбаса керек. Ушинтип ойлогондо көктөмдүн жылуу мекенине делгирүүм ансайын күчөйт. Көңүлүмдө Чоңалайдан кетүүгө эчак даяр элем, жолго чыгаар гана бир буйрукту күтүп жаткансыдым.
Бул ниетимди Женяга айтпадым. Ал: “Жаш балаң менен кайда барасыӊ? Үй-жайыӊ, ишиң жок, кантип жашайсың?” – деп ынанбасын билип турам. Анын үстүнө күйөөсү экөө “Балаңды кичине торолтуп алсаң, бала бакчага берип коюп иштей бересиң. Өзүбүз иш таап беребиз” деп жүрүшкөн. Жалгыздыктын дүпөйүл санаасы менен өткөргөн оор кыштан кийин бул жерде бир күн да тургум жок. Балалыгым өткөн Ош шаарынын кучагы кайра мага жылуудай, берешендей боор тартып тургансыйт. Интернатта жүргөнүмдө мени өз кызындай көргөн тарбиячы эжем Зинаида Алексеевнаны ойлоп, эш тутам. Такыр айлам түгөнсө ага барам. Талаада калбасмын деген үмүткө жубанам. Текстиль, жибек комбинат деген ишканалар турбайбы, пол жуугуч болуп иштесем да жанымды багып кетермин деп, толгон-токой ой-кыял жолго чакырат.
Акыры бир күн бар болгон көрөн-шеренимди таӊдым да алдыда мени күтүп турган белгисиз тагдырыма тобокел деп бел байлап, сапарга чыктым. Кетээримден алдын жашаган үйүмдүн тышын аппак кылып актап кирдим. Дарооткоргонго келгенден бери каалап жүргөн ишти акыры аткардым. Көңүлүм кыйла тына түштү. Менин эки жылдык өмүрүм, кайгы-кубанычым калган үйдү агартып койгонума сүйүнүч менен коштоштум. Өстүргөн гүлдөрүмдү бала бакчага алып барып бердим. Дарооткоргондон жүк ташыган айылдык шоопурлардын бири менен сүйлөшүп койдум эле. Таңга жуук үйдөн келип алып кетти. Женяга коштошо албай кат жазып калтырдым. Ага ыраазычылыгымды эч бир сөзгө сыйбаса дагы жаздым. “Силердей адамдар бар үчүн бул жашоодон көңүл калбай, жакшылыктан үмүт үзбөй өмүр кечирип, өз бактымды издөө үчүн жөнөдүм.”.
Сарыташка жетерин жетип алып, Ошко кетүүчү машина күтүп көпкө зарыгып калдым. Бул жерден Ош-Эркечтам трассасы өтөт. Кан жол эмеспи. Бирар жарым бош машине келип калса, кабинесине олтуруп алармын деп ойлогом. Ал убакта такси дегендер каттабайт эле. Далдоодо турсам көрбөй өткөрүп жибербейин деп баламды көтөрүп жол боюнда тикемден турам. Жүгүм да жанымда. Сарыташтын айтылуу ызгаар шамалы этек-жеңимди жулмалап, сөөктөн өтүп баратат. Кызыма суук тийгизип албайын деп кабат-кабат орогом. Ал да жол азабын туйгансып, жүзүн көкүрөгүмө катып былк этпей калды.
Эркечтам чек ара порту тараптан кытай товарларын дөбөлөнтө үймө жүктөп, ташбакадай кыбырап жүргөн жк ташуучу машинелер бирин-сериндеп болсо да өтүп жатты. Бирок, баарынын кабинеси бош эмес. Эки– үчтөн жайланышып олтурушкан жүргүнчүлөр“Суукта жаш баласы менен жолго чыгып эмне күч келди экен?” дегенсишип кылчактап тиктеп өтүшөт. Кемпирлердей болуп тумчулана оронгон чоң жоолугум, эски пальтомдон корунуп, жүзүмдү ала качып, бечара абалыма маанайым пас болуп турам. Эртеңки күнүмдүн белгисиздиги желкемден зылдай болуп басканычы. Кара бороон эми кар аралаш жамгырдын майда тамчыларын учуруп борошолой баштады. Мени жалпайта салчудай болуп күү менен ышкырып келип, каршы-терши согуп өтөт. Заманам куурула түштү. Кызымды курутуп албайын деп корктум. Эки көзүм тешилгиче жолдон өтүп, ичимден кудайдан тиленип, бар күчүм менен тиштенип тура бердим.
Жайдак өрөөндү кашкайта бөлгөн таш жолдо жылаандай сойлоп зыпылдап келаткан агыш боз “Волганы” алыстан эле көрдүм. Бирок анын көз уялткан жаңылыгы үмүтүмдү үздү. Мындай кымбат баалуу, аппак машиненин ээси эски кийимчен жаш балалуу жүдөгөн аялды кайдан түшүргүсү келсин деп ойлодум. Же бир чоңдун, же текеберлүү байдын унаасы болсо керек. Караламан элде мындай “Волга” жок эле. Ушундай ойдо кол да көтөргөн жокмун. “ГАЗ – 24” жакындап келгенде рулда олтурган аскер кийимчен салабаттуу эркектен башка эч ким жок экендигин көрсөм да жүзүмдү буруп, тескери карап калдым. Машине менден өтө берип, сүрдүгүп токтоду. Жерге түшүп, арт жакка карай баскан аскер адамы:
– Каякка барасыз? – деп сурады. Мен ал кимге сүйлөп жатат экен деп жан жагымды карадым. Эч ким көрүнбөйт.
– Ошко кетесизби? – деп экинчи жолу үн катканда гана мени тиктеп турганын байкадым.
– Ооба, – дедим таң калып.
– Олтуруңуз, – деп өзү арткы эшикти ачып, орун бошото баштады.
Илгичке илинген бырышы жок аппак көйнөгүн, погону, полковниктик даражанын жылдызчалары басылган аскер кителин ары жылдырып, машиненин бооруна илди да, бут кийим салынган кутучаны, жылуу одеялды бүктөп бир четине койду.
Ушул убакта анын келбети келишкен узун бою, чыкыйында ак аралай баштаган күмүш түстүү кыска чачы көздөрүмө урунду. Эркектин бакубат турпатынан ички кубаттын сүрү чачырап турат экен. Кызматы улук адам экенин көргөнүмдө ансайын жазгана түштүм. Ал буюмдарын жайгаштыргандан кийин боюн түзөп жатып:
– Мына эми кеңири олтуруп алыңыз, – деди жылуу үн менен.
Анан жүгүмдү жерден алып багажына салып койду. Машиненин арткы орундугуна коомай олтурдум. Сырты кандай аппак болсо ичи андан бетер ууз сүткө чайкагандай кооз экен. Агыш манат капталган жумшак орундугуна суу болгон кийимдерим менен булгайм го деп тартынып, корунганымдан бүрүшүп алдым. Мен антип-минтип эсимди жыйгыча машине ордунан жылды.
Сарыташтын ызгаардуу шамалынан, чучукка жеткен кара суугунан кийин “Волганын ичи” уядай жылуу, бейиштин төрүндөй керемет сезилди. Таш жол менен кетпаратпай эле учуп жөнөгөнсүйт. Орундуктары да мамыктай жумшак экен, манат капталган жөлөнгүчүнө башымды койсом куш жаздыкка жаткандай мемиреп баратам. Машиненин алдыңкы айнегине чаба жааган майда тамчылардын шыргалаң муздактыгы сезилбей, туман түшкөн ээн талаалардын, чокуларын булут чүмкөгөн улуу тоолордун каардуу кышы да унутулуп, денеме жан киргендей жылуулук жайылып, бир башкача мээримге балкый түштүм. Кызым да жаны жай алып, эмчегимди эмгендей көшүлүп уйкуга кирди.
Жолду бир топ арыткандан кийин машиненин ээсине көз салдым. Жүзүн бая сүрдөгөнүмдөн тике карай алган эмесмин., азыр кыйгачынан көрүнүп турду. Ак саргыл, каш кирпиги суйдаң. Рулду кармаган колдору аппак, манжалары узун сыйда экен. Эркектин да ушундай сулуу, жумшак колдору болот экен деп таң калып коем. Мындай колдордун ээсинин да жүрөгү өзгөчө жумшак, мээрбан болсо керек.
Эркек мага кайрылып тиктей албаса да кез-кез үн катып сөзгө тартат. Менин ким экендигимди, кайда барарымды бир да жолу сураган жок. Өзүм да кыябы келбегендиктен айтпадым. Чоңалайдын эл-жери жөнүндө уккан-билгенибизди сүйлөп коебуз. Көбүнчө ал кеп салды. Өзү чоңалайлык болорун, айылда жашаган апасынан кабар алып келатканын, бала-чакасы Ошто турарын билдим. “Машине кызматтыкы. Жүргүнчү алышка болбойт. Бирок, балалуу аялды көргөнүмдө таштап өтө албайм”, – деди. Эмне үчүн мен кол көтөрбөсөм деле токтотуп салып алганын эми түшүндүм. Бул адамгерчилигине ыраазычылыгым менен кошо аярлуу бир сезим капыстан ойгонду. Эркек адамга көз салып, анын ар бир кыймылына назарым түшүп, доошунун жагымдуулугу, орундуу сөздөрү жүрөгүмдү сары майдай жымыратып жылыткан сезимге биринчи жолу туш болдум. ( Уландысы бар )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1