Желдей сызгна жумшак машинеде туман каптаган ашууну кантип ашканыбызды, карт күрткүлөрдү салаңдаган жар түбүн бойлоп, капчыгайдан өткөнүбүздү байкабай магдыраган сезимге термелем. Кары кете элек бийик ашуудан түшкөндөн кийин жолдон бурулуп, дарыянын жээгине токтодук. Кууш капчыгайда кысылып, тереңи көрүнбөй, күкүктөп аккан тоо суусу кең жылгага чыкканда өзөнгө кошулуп, мелмилдеп тынчый түшүптүр. Куюлушуп агып бараткан агымы ташка урунуп серпилсе күн нуруна чагылышып, күмүштөй жаркырайт. Өзөндүн кайберен изи түшпөгөн ээн жээгинде чычырканак, ит мурун, долононун сейрек бадалдары өскөн. Тал күчүктөп бөртө баштаган сабактарынан көктөмдүн ууз илеби келет. Өткөн жылдагы күздүн чириндилерин түртө кылтыйып, баш баккан жан серек көк майса жашыл жабыр болуп, жерди каптай баштаган экен. Машине дарыя бойлой барып токтогуча сагынган жаздын ар бир белгиси мага жаңылык көрүнүп көздөрүм тойбой өрөпкүп тиктедим.
– Бутту жазып алалычы, – деди полковник мага бурула карап. Анан колумда уктап калган Мираны көрүп, өңү жылый түштү. – Уктап жатабы? Жылуурак жаап алыңыз, айнектерди ачып койсом шамалдап калбасын.
Машиненин алдыңкы айнектеринен каптап кирген таза жана салкын абадан көкүрөк толо дем алып, узак жолдо талыкшыганым жазыла түштү. Полковник чылымдын бир даанасын кармап сыртка чыкты. Кызымдын уйкусун бузбайын деп ордумдан козголгонум жок. Бизден көп деле узабай айдарым жел аргыга жүзүн ырахаттана тосуп турган сапарлашыма алдыртан көз салдым. Аскердик катаалдыгы менен мээримдүүлүк таң калаарлык айкалышкан сом темирдей келишимдүү турпаты кайра-кайра карагыңды келтирет. Ал жай чылым соргончо жымжырт турган дүйнөгө куштарлангандай бирде аппак түсү көздү уялтып, кар-мөңгү уюп, жаткан тоолордун чокуларына, булутсуз көкмөк асманга чалкалай тиктесе, бирде тоо бооруна жармаша өсүп келаткан арчалардын жаш көчөттөрүнө кумарлуу көз салып, жашылдана баштаган талаалардан алда-нени тыңшагансып мемиреп тунжурайт.
Мындай жайбаракат мүнөттөр анын турмушунда өтө кем болсо керек деп аяй ойлодум. Бул оюмду коштогонсуп, табигат да мээримин чача кеңирсип жан дүйнөнү бөпөлөгөн берешендиги артып, эрээркегендей түрү бар. Сарыташтын бурганактаган жааны ашуудан бери өтпөптүр. Кылайга булут жок тунук көк асмандан жазгы күн таптуу нур төгүп, көөп турган жерден буу көтөрүлүп, аба таптаза. Бажырайып гүлдөгөн чаңкай сары түс каакымдар жерге жылдыздарды чачып таштагандай көздү арбайт. Талаада ойкуп-кайкып учуп, бадалдарга коргологон куштардын сайраган добуштары да көңүлдүү.
“Өлбөгөн жанга жаз ушинтип келет тура” деп улутунуп алдым. Кечээги түнөргөн көңүлүмдөгү сар-санааны жууп-чайган ушул жыргалдуу сезим менин тарамыштай түйүлгөн муун-жүүнүмдү бошотуп ийгенсиди. Ушул саам өзүмдү да аябай аяп турдум. Жетимдик менен жалгыздыктын мусаапыр тагдырына кыңк этпей баш ийип, маңдайымдан сылаар жакын адамым жок, наристемди боорума кысып алып белгисиз сапарга бел байладым. Бираар сааттын ичинле эле ичинде мени айкөлдүгү, ички кудурет-күчү менен багындырып алагн ушул полковниктей эркек эмне үчүн мага буюрбады экен? Же ага окшош агам болсочу, атаганат! Ой тобоо көөдөнүмдө тыпырап туйлаган жүрөгүм кантет! Көп жылдардан бери анын бар-жоктугу билинбей дымып калган эле.
Полковник чылымын чегип болгондон кийин суу жээгине барып, бети-колун чайыды. Ар бир кыймылы аярлуу, калбаат. Табигаттын кереметин сезип-туюп, ырахаттана алар да эркектер да болот экен ээ деп таң калып коем. Бул касиети менен көз алдымда ансайын бийиктеп баратат. Суу жээгинен келгенден кийин ордуна жайланышып олтуруп, жол баштыктын оозун чече:
– Эми кичине өзөк жалгап алып, жолго чыгалы, – деди.
– Багаждагы түйүнчөктө нан-пан бар эле, – деп күймөнө түштүм.
Дагы эле ойгоно элек кызым колумда жаткан.
– Тек эле коюнуз. Мынабу экөөбүзгө түгүл он адамга жетер ...
Ортого салфетка жайып, тандырга бышкан патир нан, боорсок, куурулган эт койду. Минералдык суу менен чөйчөктөрү да даяр экен. Чарабзалы менен этти туурап жатып:
– Карыган апам бар айылда. Кичүү үкөм менен жашайт. Энеге өмүр бою бала бойдон калат экенби. “Коюнуз” десем болбой колунда барын баштык толтуруп салып берет жарыктык.
“Ушундай уулу бар кандай бактылуу эне!” деп чын дилимден суктанып алдым. Сапарлашым апасы жөнүндө сүйлөгөндө өңүндө жылуу жылмаюу турду:
– Атабыз кичине кезибизде өлүп калып, апам беш баланы жалгыз багып чоңойтту. Баарыбызды окутту. Биздин үйдө төрт юрист барбыз.
Полковник сөз арасында “алыңыз, жеңиз” деп тартынганымды билип, улам боорсоктон, эттен колума карматып коет. Минтип эч ким оозума тамак тутуп жедирбеген жаным ансайын эрээркедим. Анын сулуу, шадылуу колдорунан мээримдин илеби кошо келгенсийт. Нан да, эт да өмүрүмдө жеп көрбөгөнүмдөй өтө даамдуу сезилди.
Мен жөнүндө эч нерсе сурабаса да жупуну кебетеме көз кыйыгын салып карашында эле абалымды түшүнүп койгондур. Өзүм болсо эмне дээр элем. Ага жан дилим менен муң-кайгымды айтып, бошонуп алгым келсе да ичимден тындым. Ансыз деле бечара кебетемден корунуп турам. Жакшылыгын аябаган адамдан дагы кайыр тилегенсип даттанар жөнүм барбы…
Жолго кайра чыкканда кийин түш оой Ошко жакындадык. Дарактар жалбырак жайып, өрүктөр гүлүп төгүп калыптыр. Агат салынган тилке-тилке талааларда иш башталган. Бирок жол бою жаздын көркүнө, жаадыраган жылуу нуруна өрөпкүгөн кубанычымдан эч нерсе калган жок. Оштун көгүлтүр туманга оронгон караанынын фонунда көөкөрдөй койкойгон Сулайман тоосу улам дааналап көрүнүп, жол кыскарган сайын аябай тынчым кете баштады. Чөнтөгүмдө аз гана акчамды ичимден кайра-кайра санап, жол киреге канча сом берээримди билбей кыжаалат болдум. Жүк ташуучу машинелерге түшсөм жол акысы мага дайын эле. Бирок, мынабу “Волганын” киреси эки эсе кымбат турса керек. Акчам жетпей калып уят болбосом экен деп коркконум андан бетер. “Бул аз” – деп нааразы болсо жети өмүрүм жерге кирет го. Шаарга киргенибизде адам да, машине да кымгуут кең көчөлөр көңүлүмдү бөлө албады. Уят менен кыжаалатчылыктан кичинекей жүрөгүм тыбырайт.
Автобекетке жакындаганыбызда “Каерге түшөсүз” деди сапарлашым. Мен базардын аялдамасын айттым. Күн мурун түзгөн болжолум боюнча чоң базардын ичиндеги “Кербен сарайга” токтоп, жашай турган жай тапкыча бир-эки күн турайын дегем. Бул арзан мейманкананы күйөөм менен базарлап келгенде көргөм. Аялдамага жеткенибизде эркек жеңилдегендей сүйлөдү:
“Мына эми аман-эсен жетип алдык. Коштошолу... ” Мен баштыгымды чукулап акча издеп жатканымды көрүп, калбаат сүрү менен тыя кетти: “Кой түшө бер! Мен акча албайм!”. Үнү өкүнүчтүү угулду. Машинесин жүргүзгөндө мени кайрылып карабады. Өзүм бул күтүүсүз окуядан эсимди жыя албай, рахмат айтууга да үлгүрбөдүм. Ак “Волга” дароо эле машинелердин агымына кошулуп, бир көрүнүп, бир көрүнбөй алыстап баратканын селейип тиктеп турдум. Ал көрүнбөй калгыча умсуна тиктеп, көз алдымда калган эсеп санын кайра-кайра жаттай бердим. Эмнеге бул санды эстеп калгым келди экен? Же качандыр жакшы күндө жолугушуп калаарбыз деген үмүтүм бүлбүлдөп жандыбы? Машинеде келатканымда бир башкача тынч алып мемирей түшкөн жан дүйнөм полковник менен кошо кеткендей кыйылып турам. Эңсеген шаарымдын уу-дуу шарында эс-учумду жыя албай эндиреп, аялдамада көпкө олтургандан кийин бир колума баламды көтөрүп, бир колум менен жүгүмдү сүйрөп, базарды көздөй бет алдым. ( АЯГЫ )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 22
Авторго терең ыраазычылык, чыгармада ийгиликтерди каалайм! Алайдан болосузбу?