Айнек кайра уктай албады. Мелис өткөндөгүдөй дагы издеп келип калайманды салбаса экен деп сарсанаа. Эки баласынын ортодо чыркырап турганын ойлогондо заманасы куурулат. Бул санаалар аз келгенсип Тынчтыктын бул үйгө таштап коюп кабарлашпай кеткени бир ачуусун келтирсе, бир ыза кылат.– Апа, тамак жейм, - көзүн ушалап төшөктөн туруп келген Эдил энесине асыла кетти. Айнек унчукпай идиш-аяктарга карай басты. Кечээ жасаган тамактан калганы кыжылдап ачып кетиптир. Шуу үшкүрүп отура кетти.– Балам, нан жейсиңби?– Жо-ок, – уулу кемшеңдеди. Аңгыча кызы да туруп келди. Ал жана эле ойгонуп алып байкеси менен энесин карап жаткан.– Апа, бул жакта айран жок да ээ?– Жок, кызым.– Айылда болгондо Жамиля эженикинен сурап келмекпиз ээ?– Ооба.– Бул жактагы кошуналар да Жамиля эжедей болуп бизге айран берип турушабы?– Бербейт, алардын ую жок болсо эмнени бермек эле, - Эдил карындашына чоңсунду, – айылда эле жашай берсек болмок.– Айтпа антип. Экинчи айылга барбайбыз.– Барабыз, мен кетем, – бала тура калып босогодогу жаман тапичкесин бутуна салды да, кайра энесин жалооруй тиктеп дубалга сүйөнө туруп калды. Айнек «атасын тарткан тежик. Менин азабымды ушул сен бересиң го...» деди ичинен сызып.***Эки сындырым нанды бурдай сугунуп олтуруп калган балдарынын абалына зээни кейип, же кылар айласы жок тизесин кучактап отура берди. Дагы деле «туура кылып атамбы же жокпу?» деген күмөндүү ойлордон арыла албайт. Көп өтпөй дарбаза кагылды. Андан биринчи тура жөнөгөн балдарын тыйган келин үстү-башын оңдонгончо шаша басты. Ойлогонундай эле Тынчтык экен. Кечээтен берки таарынычы заматта тарап жүзү албырып кетти.– Оо, кандайсыңар? Жакшы эс алдыңарбы? – колдору баштыктардан бошобогон Тынчтык жайдары учурашты. Бирок балдар чоочуркап энесинин артына жашынышты.– Бар учурашкыла, а… - келин "атаңар" дегиси келип, бирок аны Тынчтык кандай кабыл алат, балдар «атам эмес» деп чыгып ыңгайсыз кылышат го деп ойлой кебинин аягын жутуп алды.– Келе колду, Эдил, жигиттерче учурашалы, – Тынчтык бала менен кол алышып, анын катарында турган кичинекей кыздын колунан өөп койду. Баштыктардан көзү өткөн балдарга атайын ала келген таттууларына кошуп балага топ, кызга куурчак карматып сыртка ишарат кылды:– Барагойгула, ойноп тургула.Балдар сыртка чуркап чыгышары менен Тынчтык Айнектин жанына жетти. Колундагыларын аяр алып, келинди бооруна бекем кысты. Анын жупуну кийимге катылган жумуру денесин улам сайын сыга кучактап, чачтарынан магдырай жыттап турду. Айнек үчүн бул мүнөттөрдөй бакыт жок эле. Боюн эркин таштап, назик колдору менен ашыгынын далысынан сылагылай тура берди. Көздөрүн ачпады. Кирпигин өйдө көтөрсө эле бул бактылуу турушу урап калчудай көзүн чылк жуумп, анысына өзү купуя жылмайып турду.***Дүр-дүйнөгө толбосо да ысык нан, таттуу, мөмө-жемиштер менен дасторкондун берекеси артып калды. Тынчтык ала келген жашыл көйнөктү кийип, гүлдүү ак жоолукту жараштыра салынган Айнек ички бөлмөдөн ажары ачыла чыга келди. Жаңы кийими өзүнө жарашып турганын билсе да эмнедендир кысынып ыңгайсыздана берди. Тынчтыктын колун сунуп, жанынан орун бергени аны бул абалдан куткарып кетти.– Жылдыздуусуң. Туптунуксуң. Сени жолуктурганыма эки дүйнө ыраазымын.– Мен дагы. Анан сен кабарлашпай кетпечи, – таарынычтуу эркелеген үн жигиттин жүрөгүн элжиретип ийди.– Жок, эми эч качан антпейм. Дайыма сени мененмин.– Мени эми эч кимге бербейсиңби?– Сени ким талашат экен менден, – Тынчтык шердене унчукту да, ошол замат ойлоно калды, - талашмактан согуш ачса да бербейм. Азыр, аз убакыттан кийин биротоло меники болосуң. Ак нике менен меники болосуң.***Бөлмө ичиндегилердин баары тиктеген жеринен көзүн албай молдонун кебине кулак төшөп олтурушту. Тынчтыкка үйүр алышып ойноп калган балдар төрдөгү ак сакалдуу молдо менен анын катарындагы бейтааныш эки эркектен чоочуркашып тынч олтурушат. Молдо бир Тынчтыкка, бир Айнекке бир канча суроолорду берип олтуруп аягында нике дубасын окуду. Алар бул түнү биринчи жолу бир жаздыкка баш коюп, бир жууркан жамынып жатышты. Мындай бактылуу таң мурда качан болгондугун Айнек эстей албады. Уйкудан ойгоно элек жатып жанында ишенген адамы, жактырган жүрөк ээси бар экенин туюп кайра көшүлүп кетти. Бирок уктап калбай, жомоктогудай бул бакытты сезип, туюп жаткысы келип көзүн ачты. Тынчтык эч нерседен бейкапар уктап жатат. Саатты караса болгону беш болуптур. Таң жаңы гана агарып келатат. Мынчалык уйкусу канган учурда дайыма саат 9-10 болуп кетчү, анан башы зыңылдап ооруп калчу. Мынчалык кыска убакытта эле уйкусу абдан канып калганына таң калды. Көңүлү сергек, денеси жеңил. Таңдын нурлуу жарыгы түшүп турганга жупуну болсо дагы бөлмө ичи андан көрктүү. Келин түгөйүнүн каштарын, чачын сылап, жылмайып жата берди. Айнек үчүн азыр ааламда өзүндөй бактылуу аял жок эле.***Күмүшай жазданып жаткан колунун чымыраганынан ойгонду. Башын көтөрө берип күйөөсүнүн дагы деле келбегенин билди да, ачуусу кайнап чыкты. Төшөк салганы менен Тынчтык келип калабы деп ашканадан чыкпай олтурган. Телефонун албаганы аз келгенсип кечиккен сайын кызганычы жүрөгүн өйкөп, тынчы кетип, бет келери менен айта салуучу кептерин кайталап камдап койгон. Анан көзүнө алы келбей уйку баса баштаганда аста кирсе туйбай калбайын деп эшиктин ички бетине ачкычты калтырып коюп кийимчен эле кыйшайган. Таң агарып калыптыр. Күйөөсүнүн келбесинен биротоло түңүлдү көрүнөт, азыр ачууланбай, жай гана чечинип төшөгүнө кирди. Уктап калууга аракет кылып көзүн жумар замат кайдан-жайдан пайда болгон ачуу жаш алкымына кептеле калды. Өзүн кармап, канчалык сабырдуу болгусу келгени менен демине ээ боло албай булкулдап ыйлап кирди. Жаздыкка тумчуга башын катып алып солуктай берди. Бир далайда гана соороно «келбе, жогол ошондон ары» деп койду.***– Кутман таңың менен, - эшиктин алдына туш келди чачылган балдарынын оюнчугун жыйнай баштаган Айнекке Тынчтык шаңдуу үн катты.– Рахмат. Эрте туруп алдың го.– Жумушка барайын, – келин Тынчтыкты жанынан чыгаргысы келбегенгеби же бүгүн да кечээки күн уланат деп ойлоп алганбы, анын ишке барарын эч ойлонбоптур. Кыйыла түштү.– Сен эмне кылайын дейсиң бүгүн?– Сени күтөм да.Тынчтык дароо «келем» деп кубанычтуу жооп кыла албаганына буйдала түштү. Бирок анысын билгизбегенге аракеттене:– Кечке күткөндө убакыт өтпөйт. Андан көрө бир нерсе менен алектениш керек, - деди ойлоно. Анан дароо оюна бир нерсе кылт дей калганына кубанып кетти, – азыр балдарды ойготуп, кийиндир. Өзүң даярдан. Мен силерди сейил бакка жеткирип коём. Күн бою эс аласыңар. Убакыт кызыктуу өтөт.Айнек уулу менен кызын тургузуп бирге тамактанышты. Тынчтык азыр сейил бакка барууга эрте экенин билип турса дагы чын дилинен Айнекке жагымдуу болсо экен, балдар көңүлдүү ойношсо экен деп баратты. Аларды борбордун так ортосундагы бакка таштап, кайда басып, эмне кылуулары керектигин түшүндүрүп, керектүү тыйындарын берди. Айнек үчүн ушундай аракеттерди көрүп жатканына өзүнчө корстон болуп турган Тынчтыкты кичинекей Эдилдин орой мамилеси кыжалат кылып койду. Эдил менен жигиттерче кол алышып, Айназиктин бетинен өөп, анан Айнек менен коштошуп жүзүнөн сүйдү. Ошол замат Эдил энесин коруп «тийбечи» деп Тынчтыкты кичинекей муштуму менен бир соксо болобу. Айнек эмне кыларын билбей кубара түштү. Экөө тең ичтеринен кызыктай абалга туш болуп, бирок аны экөө бирдей билмексен болушту.– Макул, жакшы эс алып тургула. Түштөнүү маалында келгенге аракет кылам. Болбосо жумуштан соң келип алып кетем.***Балдарынын талашып-тартышкан оюну күчөп Күмүштү уйкудан турууга аргасыз кылды. Адатынча көзүн ачып эле телефонду алды да, күйөөсүнүн номерин терди. Бирок бул жолу жашыл баскычты басуудан колун тартып алды. Чалуудан намыстанды. «Эмне келбей калдың?» деп жалынычтуу кайрылгысы да, «кайда жүрдүң?» деп катуу айтып нервин короткусу да келген жок. Күйөөсүнүн бул кылыгын деги эле көрмөксөн, билмексен, байкабаган болуп койгусу келди. Антсе дагы интернетин жандырып социалдык баракчаларына көз салды. Бири күйүп турат, бирине жаңы гана кирип чыккан экен. Демек, жумушуна келиптир деп аз да болсо өз ичинен санаасын басып койду.Үй иштеринин болгонун кылып бүтүп, балдарын жуунтуп, тарантып, ал турсун, эки жолу тамак жасап берди. Демейде көзгө илешпей, уучка турбай зымыраган убакыт мынча иш бүтүрсө да өтпөй атканын. Араң гана түштөн ооду. Андан калса бүгүн аны эч нерсе санаадан арылта алган жок. Канчалык алаксыйын дегени менен күйөөсүнүн өзгөрүп жаткандыгы, азыркы мамилелери тууралуу кимдир бирөө менен бөлүшкүсү келе берди. Алда кимге жарылып сыр ачкысы келген сайын бул теманын ушунчалык сырдуу, баалуу экенин билип атты. Курбу-курдаштарын катары менен тизмектеп ойлоп, бирин дагы өзүнүн аялуу сырын айтууга татыктуу көрбөдү. Телефонунан тизмектелген ысымдарды түрө карай берип акыры Айнектин номерине токтолду. ( Уландысы бар )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2