Бир адамдын турмушундагы жакшылык эмне учун кээ бирөөлөрдүн ичин
тызылдатып, көзүнө түшкөн көк таш болорун анда мен түшүнчү эмесмин.
Ушундай жөнү жок сөздөрдү.уккан сайын бул адилетсиздикке жаным
кашайып, мен билген дүйнө эки жээкке бөлүнө түшчү: анын бир жээгинде
чон апам менен кайнагам, ал эми экинчи жээгинде кайненеме окшогон өзү
да бактысыз, башканын да бактысын көрө албаган көр пенделер. Чон апамдын насааты жадымдан чыкпагандыктан, кайненемдин кычык
сөздөрүнө көңүлүм ооруса да каяша кылбастан, айтканын жасашка
аракеттенем. Кышында отунду үнөмдөп, баарыбыз бир бөлмөдө жашап
жаттык. Энем ар кимдин ишин алып, жүн тытып, ийик ийрийт. Эрте менен
бир маал жаккан тезек отундун ылымта табын талаша печкени тегеректеп
олтуруп, ага кошулушуп жүн тытышабыз. Бара-бара ийик ийригенди да үйрөнүп алдым. Ишин кылдыргандардан мынча бер деп соодалашыш
жок. Өздөрү билип эле ийрилген жиптин бир суурумуна 25-30 сом
беришет. Кээде акчанын ордуна бир табак ун, курут, сүзмө алып келишет.
Кайненем ага деле кайыл. «ушул болсо да ырыскы» деп көздөрүнүн
шоросун агызып, үч бүгүлүп, олтуруп жасаган мээнети кайткандан бетер
жарпы жазыла түшөт. Саар-кеч суу алып келгени чакаларды көтөрүп алып, дарыяга
жөнөгөнүмдө гана сыз, караңгы үйдүн демди кыстыктырган абасынан
бошонуп жеңилдене дем алам. Калың түшкөн карга көмүлүп, сүткө
чайыгандай аппак жана таза дүйнө, бубактаган бак-дарактар, тапталган
жолдун бут алдымдан кычыраган тоңгологу, бети-колумду каарыган аяз
ойлорумду жарытып ийгенсийт. Зоока-таштары менен бирин-серин бадалдары гана чыбырала болуп көркүн бузбаса ак мрамордон
тургузулган ак сарайга окшоп Бекзоо тоосу бет алдымдан заңгырайт.
Карга көмүлүп жапыз боло түшкөнсүгөн үйлөрдүн моруларынан
чубалжыган түтүндөр бири-бирине кошулушуп, туманга окшоп каалгып
барып, анан көккө сиңип кетет. Айыл арасында баскан-турган аз. Бул
маалда аяздуу сууктан баары үйгө качышып, кыштын беймарал күнүн очок жанында өткөрүшөт. Эки чаканы дарыянын жээгине коюп, чет жакасын каптаган көк жалтыр
муздун алдынан шулдурап агып жаткан суунун дабышын тыңшаганды
жакшы көрөм. Кышында тоо суусу ансайын көк кашка тунук көрүнүп,
таштан-ташка урунуп, кайнагандай ак көбүктүү шарынан буу көтөрүлөт.
Капаста буулуккан сезимдерим бир аз жаңылана түшкөндөй көңүлүм
сергип, үйгө кайтышка шашпай, чакаларды кайра-кайра чайкап, чөмүч менен бириндетип сузуп толтуруп суу жээгинде көпкө кармалам.
Токтобой агып жаткан дарыянын агымын ээрчий карасам дилимди
дайыма өйүп жүргөн ой келет: «Мени алдыда эмне күтүп турар экен?»
Биротоло ушул турмушка турук алып калышка жүрөгүм ынабайт.
Жетерээме жете электигимди билдирген канаттуу ойлор алда-кайда алып
учат. Өзүм издеген бакытты кайдан издеп, кайсыл жолго түшөөрүмдү билбесем да белгисиз кусалык сүлүк курттай соруп, жанымды жай
алдырбайт.
Жашоомдун жаңы ой-кырына көнгүчөктү кыш да аяктап, калың кар
түбүнөн эрип бөксөрүп, күн жылымтык тартты. Сууктун мизинин кайтканы
дарыядан суу көтөрүп келатканымда жүзүм менен колдорумду
сайгылаштырып тоңдурбай калганынан байкалат. Тоонун кышы биринчи
айыл ичинен чегинип, анан өр таянарын байкадым. Короодо, бактын
ичинде ала чокул болуп эрип бараткан карды сүйүнө карайм. Айылдын топурак жолдору чалчыктап, ылай белчеден чыгат. Баары бир келаткан
жаз мага жакшылык алып келчүдөй купуя үмүткө делөөрүйм. – Эми үзүкчүлүк маал келет, – деп бушаймандана сүйлөнөт кайненем.
Жыртылган маасысын жамап, көрөңдөнүп олтуруп да ою ордунда эмес.
Шоона сапталган жообалдызды өчөшкөндөй булкуп тартам деп бармагын
тепчип алып кокуйлап берди. Жарыктык, ал да качандыр жазды өрөпкүп
тоскон учуру болду бекен?! Жамаачы салынган көйнөгүнөн бетер өңү
тозуп бараткан кемпирди тиктесем мен да жашоодон түңүлө түшөм. Балпайып балдарынын доорун сүрөр чагында көроокаттын убайымын
тартып, карып болгон ушундай карылыктан кудай сактасын. Күн өткөн
сайын 3-4 кап буудай турган бөлмөгө кирип-чыгып, бир кулагы Россияда
жүрүшкөн уул-келинине түрүлсө, экинчи кулагы Ошто картошканын баасы
канча экендигин тыңшап тынчы кетүүдө. Амал айы аяктап, күн узарып, эрте жаздын сары чубагынын ууз жыты
каптады. Кышы бою ным топтоп, балкылдап көөп турган жерди тээп
кылтыйып баш баккан көктөмдүн көгү тез эле өйдөлөнүп баратат. Оор
кыштан арык-торук чыккан маал талаадан көк кубалап оттоп, ирденип
калды. Бирок, жаз менен кошо айылды аралаган «имиш. имиш» кутубузду
учурат. «Элдин бары ороосун ачаар маал болуп, картошка кыштагыдан
да арзандап кетиптир. Чоңалай менен Ноокаттан жүктөп келишип,
базарды толтуруп салышыптыр», деп келип жатышты Ош, Карасуу жакка
баргандар Ага чейин чөл жактан камАЗ, «ЗИЛ» автоунаалар менен убай-
чубай келишкен алып сатарлар: «Дүңүнөн бизге саткыла кеч боло электе. Быйыл картошка көп, арзанчылык болот. Дагы түшөт баасы», – дешип үй
кыдырышып жүрүштү. Бул сөзгө ишенер-ишенбесин билишпесе да
айылдагылар шашылып калышты. Кээ бири кызыл кулактардын айткан
баасында өткөрүүгө аргасыз болушса, «Булар алдап жатышат» деп моюн
бербей, базарга өздөрү аттанышкандары да жок эмес. Назар да ороону
ачып, урукка делген майда картошкадан башкасын каптарга салып, таң заардан Карасууга жол тартты. Үч күндөн бери көзүбүз жол тарапта болуп Назарды күтөбүз. Ал кечиккен
сайын оюбуз ардемеге кетет. «Пул колго тийгенде ичип алды бекен…»
деп кайненем бир орунга олтура албайт. Бүгүн эрте менен таң жарып
келаткан үрүл-бүрүлдө намазын күндөгүдөн узакка окуганын байкадым.
Жайнамаздын чекесинде бутун куушуруп олтурган тепкедей кемпир
алакан жая күбүрөп-шыбырап, Алладан бала-чакасынын эсендигин, өмүрүнүн узундугун, жамандыктан калкалап, жакшылыктарга туш
кылышын, ырыскыдан өксүтпөсүн, азгырган жин шайтандын жолун
бөгөшүн кайра-кайра тиленип муңканып жатты. Өмүр бою жесирликтин таш-пишин тартып, эки уулун чоңойтом деп жанын
сабаса да мээнети кайтпай, карыган чагында да чекеси жылыбаган куу
турмушка кор болгон карып жаны дагы эле Кудайдын кайрымдуулугуна,
башына тартса этегине жетпеген бейоопа турмушта жетим-жесир, мискин-
карыпка мээр төгөр ырайымына ишенип, бар үмүтүн жеткирем деп алакан
жайып олтурат.
Өмүр бою жесирликтин таш-пишин тартып, эки уулун чоңойтом деп жанын
сабаса да мээнети кайтпай, карыган чагында да чекеси жылыбаган куу
турмушка кор болгон карып жаны дагы эле Кудайдын кайрымдуулугуна,
башына тартса этегине жетпеген бейоопа турмушта жетим-жесир, мискин-
карыпка мээр төгөр ырайымына ишенип, бар үмүтүн жеткирем деп алакан
жайып олтурат. Мен билген демейдеги тажаал, көржемечил кайненем жок. Момун
пендеге айланып, ичине батпаган арман-күйүтү көз жашына чыгып,
сүйөнөрү бир Жараткан болуп, чын ыкластан табынган үнүндөгү жумшак
кыраат, муңдуулук жанды көшүлтүп алдейлейт. Энемдин узакка созулган
дубасын жууркандын алдынан тыңшап жатып, өзүм жөнүндө ойлодум.
Менин таянар-жөлөнөрүм ким? Капкараңгы туңгуюктан кантип чыгуунун жолун таппай карайлап келатканымда кандайдыр бир улуу күч ушул
жарыгы жок жашоодон, чала тоют кунарсыз турмуштан куткарып
кетишине ишенгим келет. Кайненеме окшоп намазга жыгылып, дуба
кылганды билбесем да менин да Кудайдан башка ишенээрим жок.
Канткенде Көкө Теңирге жол табам? Эгер Ал бар болсо жетимсиреген
үнүмдү угуп, мээримин төгүп аяй бекен?! Терезе туштагы өрүктүн бутактарына түнөгөн парандалар таң менен кошо чукуранышып,
ойгонушуп, адегенде бириндеп, доош салышып, анан жапырт үн алыша
баштаганда төшөктөн суурулуп, сыртка чыктым. Кайненем дарыя жактан
келатыптыр. Мени көрүп: – Бетиңди тез жууп, камыр ачыт. Жети нан берип коелу, – деди. Анын бул
ырымын базарга кеткен баласынан көңүлү тынчыбай санаасы санга
бөлүнүп турганына жорудум. Май токоч бышырып, жакын арада
жашашкан коӊшуларды чакырдык. Алар чай ичишкенче базар жайын сөз
талаша сүйлөп жатышты. Аталаш кайнагамдын кемпири Сурма эненин
уккан кабары бардыгынан жаңы экен. – Бүгүн Табып акемдин уулу келиптир Оштон. Картошка өтпөй жатыптыр.
Чайкоочулар Чоңалайдан машине-машине кылып жүктөп келишип,
базарды толтуруп салышыптыр дейт. Дагы бир алыс жактан поюз менен
да келген имиш. – Быйыл сабиз менен пияз пул экен. Алды 20 сом. Начары 7-10 сомго
чыгыптыр. Өткөн жылы алар арзан болуп, эч ким албай, кабы менен
чиритип төгүшкөн. Ошого быйыл аз эгишип, баасы көтөрүлгөн тура. – Биз болсо картошка эгип көнүп калган экенбиз, Арзан-кымбат болгонуна
карабай жылда эгип жатабыз. – Деги буудай кымбаттай элек бекен? – Кайненем чочулай сурады. Ага
аялдардын ичинен бирөо жооп берди. – Жети сомго чыгыптыр. Дагы кымбаттайт. Буудай бышкыча дагы көп бар. Эми сөз буудайга өттү. – Күзүндө алган буудайыбызды кышы бою эле жеп койдук. Эми чалым
экөөбүздүн пенсиябыз унга зорго жетип жатат. – Каримдин баласы кечээ Оштон апа-атасына эки чыпта ун алып келип
берди. – И-и, оңуп калышкан турбайбы нанды кеңири жешип. Алар да көп
бүлөлүү. Ошол баласы карамдуу чыкты, бечара. Баары ундуу болгон үй-бүлөгө суктанышкандай чайды үндөбөй ууртап
калышты. Аларга чай куйганча эки кап уну бар үй-бүлө бир айга болсо да
бактылуу экенин ойлодум. Кара курсактын камы, ачкадан өлбөгөндөй
тиричилик... Бул араңжан күн өткөрүүдөн башка да жашоонун бөлөк
кыйыры, жыргалы барбы? Назар бир аптадан кийин келди. Зым менен чырмап алган каптарды кире
беришке ыргытып коюп, бутун чечип үйгө киргиче баарыбыз жетине албай
шынаарлап жүрдүк. – Ии, белиң бош окшойт, – деди кайненем ындыны өчүп. Назар түнөргөнү жазылбай, колундагы баштыкты апасына карматты. Аны
шашыла оодарган кайненем балдарга бир уучтан момпосуй, пряник
бергенден кийин: – Калганы күрүч, туз, чай экен, – деп оозун бууп сандыгына салганы
алып жөнөдү. Күйөөм алдына нан менен ысык чай койгондон кийин гана маанайы пас
чолуп-чолуп күңкүлдөп сүйлөп базар жайын айтты. Карасуунун дүн
базарында картошка жыйылып кеткенин, мурда машинеден түшүрө электе
колдон талашчу алып сатарлар эми четинен тандашып, ит арзанга
баалашканына чыдабай өзү олтуруп бир аптада зорго сатып түгөткөнүн
түшүндүк. ( Уландысы бар )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2