"Адам жылкы мүнөз" деген сөздү ким айтса да туура айткан экен. Бир үйдө чогуу жашаганда бир ооз жакшы сөзү жок, атүгүл адам катары теңине албаган апамдын кийинки күйөөсү ага кошулган өз апам да мени убагында кор тутушкан. Эми минтип жараткан капыстан байлыкка колумду жеткирген учурда гана башы жерге тийгенче ийилип, кулдук ургандарын кантейин... Бирок, айтылган сөз ок деген ырас белем, көңүл да бир муздаса жылыбайт экен. Азыркы күндө апама болгон сезимим музга айланып тоңуп калды...
Бала бактысы же атанын мээрими...
Алгач биз да бактылуу, бүлөлөрдөн элек. Атам, чоң энем, апам анан мен. Курамыбыз аз болгонубузга карабай үйдүн ар бир бөлмөсүн шаттык аралап турчу. Мүмкүн атамдын шайыр анан мээримдүүлүгүнөнбү, ал үйдө мүнөт жок боло калса бөлмөлөр бош калгансып атамды сагынып кетээр элем. Атамдын ардактаган жалгыз кызы болуп, баары менин көзүмдүн агы менен тең айланып турушчу. Ошондонбу, уктасам да атамдын жаздыгында уктачумун. Ал жок болсо алдымдан бирөө от жаккандай чабалактап ордумдан ыргып турчумун. Мүмкүн, ошондо түшүндүрүп айта албасам керек. Адатынча атам мени уктатып коюп тиричиликке каралап, өзүнүн иштери менен кетип калыптыр. Бирөөлөр улам эле алдыма от жагып, ары жылсам да оттун жалындарын бүркүшүп көйнөгүмдүн этегине жакындатканда ордумдан чаңырып туруп, атамды таппай калдым. Ошол убагымда бештен алтыга кадам койсом керек эле. Уктатып коюп кетип калганына ызаланып энем менен апамдын алдаганына көнбөй сооронбой ыйлай бердим. Акыры апамдын чыдамы кетти окшойт мени катуу чыбык менен коркутуп, буттарымды көгөртө сабады. Мурун соңу келтек жебеген жаным өзүмдү койгулап, ургулап жатам, таң эрте башталган чыр кечке чейин созулган. Балким, атам келбесе дале басылбайт белем... Алаканына салып мени таштабасын айтып кагылып, көтөрүп жүрдү. Жалындан куйкаланган артым акырындап басыла баштаса да апамдан жеген келтектин уусу бутумду тызылдатып турду. Бала болуп ошончо ызакор экениме өзүм да түшүнө берчү эмесмин. Атам апама көп жолу эскертээр эле: "Кызымдын ызакорлугу табиятынан жаралган, муну токмоктоп калтыра албайсың" деп калаар эле.
Капилет кырсык
Ошол күнү энемдин алысыраак туугандарына Куран окутууга чогуу бармай болдук. Колуна түйүнчөгүн кармаган апам менен энем алдыда, атам мени көтөрүп алып экөөнүн соңунда бараттык. Чоң жолго жете берээрде бизди карай берген апамды бир жеңил унаа коюп кетип артка бурула бергенде атам жетип барды. Арты менен бизди да уруп кетти окшойт. Ошондон кийин эсимден танып калыпмын. Эсиме келгенимде баарыбыз машинеде баратыппыз. Атам болсо, "Мына көзүн ачты, кагылайын каралдым" - деп жалбарып ийди. Башымдын зыңылдап ооруганына карбай "Апа, апам барбы?" - дедим тилим оозума батпай. Катуу ылдамдыкта айдап бараткан айдоочу: "Апаң жаныңда олтурбайбы, сен эле жакшы болсоң" - деп күлгөн болду. Ырас атамдын жанында апам да олтурган экен. Алдыда олтурган энем : "Э, алдыңа кетейин акырын айда алып учурбай!" - деп эскертти. Ал кайра, "Эне, бачым жеткирсем болдубу?" - дегенче болбой катуу бирдемени сүзүп алды. Көзүмдөн от чыгып машине жолдон чыгып аңтарылгандай болду...
Карасам, жерде жатыптырбыз, жанымда энем, атам анан айдоочу киши да уктап жатыптыр. Ары жакта бир топ кишилердин кажы-кужу болгон үндөрү кулагыма угулду. Өйдө боло берсем апам башын мыкчып, биздин бут жагыбызда ыйлап жатат. Мени көрүп: " Сен тирүүсүңбү?" деп бакырып жиберди. Мен эч нерсени түшүнө бербей атама карап: "Ата" деп кучактасам колума кандайдыр муздактык менен былжыраган суюктук жармаша түштү. Бакырып ордумдан ыргып турдум. Топтолуп турган адамдар, атам менен энемди анан айдоочуну бир машинеге салышты. Апам экөөбүз ыйласак да болбой башка машинеге олтургузуп коюшту...
Апам мага: "Атаң менен энең ооруканада, айыкканда келишет!" деп айтты. Мени таенемдин үйүнө алып барды. Ал жерде энемди, өзгөчө атамды сагынып күндө ыйлайм. Жол караганым караган. Көп күндөр өтсө да атам же энем келбеди. Күндө үч маал боздогон мени көрүп таекем чыдабады окшойт, мага болгон чындыкты айтты. Көрсө, катуу ылдамдыкта келе жаткан машине каршысындагы машинеден четке бура коймок болгондо алдындагы чоң даракты сүзүп алыптыр. Апам олтурган эшик ачылып ыргып кеткенинен аман калды дешти.
Бирөөгө кор, бирөөгө зар бала
Таекем менен таежеңемдин баласы жоктугунанбы, мени "Жанара, жарык кызым" деп эркелетишчү. Бирок көңүлүмө эч нерсе сыйбай башым ооручу болду. Муну апам билсе өзүнүн жумушунан бошочу эмес. Эсимде, алгач мектеп босогосуна да мени таекем алып барган. Бир ирет ыйлай берсем молдо чакырып окутушкан. Бирок, башым муну менен айыга койбоду. Ооруганы ооруган. Бир жолу сабакта олтуруп өзүмдү жоготуп коюпмун. Көздөрү бакыракай урушчаак эжекем да коркуп, эсиме келгенден кийин "Макул мындан кийин урушпайын, өз эркиң менен тапшырма даярдагын" деген. Мунум ушуну менен эле калбады класста окуучулар чуру-чуу салганда же башым ооруганда эле эсимден танып калчу болдум. Ошондой күндөрдүн биринде апам башка күйөөгө тийди. Ичимден "Мээримдүү атамды унуттубуңбу?" деген сөзүм сыртка чыга албай көөдөнүмдө чаңырып кала берди. Көп өтпөй мени да өзүнүн жанына алдырап алды. Таекем мага эле калтыр деген сөзүнө: "өзүм эле багып алам!" деди. Ал жактан жакшы деле күн көргөнүм жок. Оңурая караган апамдын жаңы күйөөсү менен эки баласы мени жеп ийчүдөй жаман көрүшчү. Анан да мени өздөрүнө такыр жолотушчу эмес. Анткени мени катуу жемелеп же чаап жибергенде менин талып калмайым бар эле. Кээде апам да намыстангандай: " Үйгө кир, эсиң ообой!" - деп жекирет. Сабагыма да бир күн барсам, бир күн барбайм. Эсим ооп калбасын деп коркчумун. Бир жолу апама: "Мени дарыгерге көргөзбөйсүзбү?" - десем укмаксан болуп койду. Кийинкисинде: "Эсиң оомойуң сенин тубаса адатың!" деп койду. Айткан сөзүнө ызаланганымдан таекемдикине кетмей болдум. Шишиген көзүмдү көргөн апамдын күйөөсү мыскылдай: "Ушунун чыры бүтпөс болду!" - деди апамды жеп ийчүдөй карап.
Күндөр билинбей айга, ай жылга жылмышып арадан жети жыл өттү. Бирөөгө зар бала, бирөөгө кор бала белем. Энем кийинки күйөөсүнөн бир уулдуу болду. Таекемдер бул аралыкта бала жытына зар болуп жүрүштү. Ата сөрөйүм мени эмес, инимди деле жакшы карабачу. Тапканын ичип, үйгө куру келчү. Үйдө себепсиз чыр көп чыкчу. Бир жолу таекемдикине келе бердим. Келип башымды көтөрө албай жатып калганымда дарыгерге алып барышып сегиз ай бою дарылатышты.
Кайгыдан арылткан көз жаш
Ооруканада алты ай жаткандан кийин эмнегедир башымды жеңил сезип калдым. Дарыгерлердин айтуусунда кичинекей убагымда башымдан катуу запкы алганымдан улам эсимди жоготоорумду, акырындап калыбына келээрин айтышты. Жараткандын кең пейилдүүлүгүн көр, мени бейтапканадан алып чыгып баратканда таажеңем кош бойлуу экенин айтып кубанышты. Ооруканага кадам басып келбеген апам, чыгаарым менен коркутуп атып алып кетти. Анын айтуусуна караганда тууган баласын өлтүрсө койсо, өз иши экен. Мурункудай эсимден танып калбасам да үйдөгүлөр мага оорукчан адамдай мамиле жасачу. Көңүлүм ачылбай жүргөнүмдө таекемдер балалуу болушканын угуп кубандым. Бала көрүү апамдын оюна да келген жок. Барайын десем мага атырылып: "Сени ким кармап туруптур, сени жер албады же эр албады!" - деп айкырып үйдүн ичин үч көтөрдү. Атамдын эки баласы апама такыр тил алчу эмес. Алар апамдын жинденгенин көрүп колдошту окшойт келекелеп боору каткыча күлүштү. Апам мага: "Ушулардын күлкүсү да сага аздык кылат" деди жүзүн үйрүп. Үйгө батпай сыртка чыктым. Сырттагы күндүн да кабагы ачылбай себелеп кирди. Үйгө экинчи келбөөгө өзүмө ант бердим. Көзүмдөн жашым тыйылбай сейил багын аралап баратсам, алдымдан чыккан жигит:
- "Сулуу кыз кайда баратасыз?" - деди алдымдан тосуп. Ыйлагангабы сүйлөй албай койдум. Ал өзүн Адилет, деп тааныштырды. Анын акылдуу сөзү муунумду андан бетер бошотуп, жүзүмдөн кулаган көз жашым токтобой оозума кирип турду. Эзелки эски таанышындай мени бооруна кысты. Анан мени соорото саамайымдан сылаганын, атамдын мээриминдей жылуулукту сезип турдум. Ошондо кайгыдан арылган көз жашпы же бакытпы өзүм да сезбей турдум. Адилет менин арманымды уккандан кийин, өзүнө жар кылууга макулдугумду сурады. Айтканын макул көрдүм. Анткени менин башка аргам жок эле...
Турмуш жолуна мени таекемдер узатышты. Бул жолу өз башыма ээ болуп, эне сүтүнө берилген акчаны таекемдерге бергиздим. Мунум туурабы же жокпу өзүм да билбейм. Чынында апама экинчи жүз карабайм дегем, бирок, жолдошумдун бай экенин билишип мага мамилелери таптакыр өзгөрүлдү...
Учурда мен руханий байлыкка жетпегеним менен материалдык байлыктан кем эмесмин. Бир гана өз апама болгон мээримим жек көрүүгө айланып, дүнүйөнүн кулу экенин билгенден кийин, ага деген сезимим музга айланып тоңуп калды...
Кумар Кыпчак.
#козжаштанкуралганбакыт_элдик
Комментарии 5