Буйруса Урмат экөөбүз балалуу болобуз деген кубанычыбыз көпкө уланган жок.Врачтын көзөмөлүнө болгонума карабай,ичимдеги балама эки ай болгондо,балам ичимде өспөй, алдырууга туура келди.Бул кабарды уккан Урмат алгач эмнеге этият кылбадын деп жинденсе,кийин кабатыр болбо,Аллахтын буйругу экен,буйруса көп балалуу болобуз деп соорото баштады.Баламды жоготкондон кийин,Урмат менен мамилени токтотоюн дегеним менен токтото албадым.Биздин сүйүүбүз мурдагыдан күчөп,көзүмө Урматтан башка эч ким көрүнбөй калды.Арадан үч ай өтүп,май айынын башында экинчи жолу Урматка жолугушууга жөнөдүм.Төрт саат самолет, андан кийин эки саат такси менен жүрүп, абакка келдим.Экинчи жолу баргандыктан бат эле текшерүүдөн өтүп, жолугушуу боло турган бөлмөгө кирдим.Алып келген тамак аштарымды жайгаштырып, Урмат келгиче диванга жатып көзүм илинип кетиптир.Жаным деп бетимден өпкөндө,Урмат келгенин билдим.Катуу сагынып калыпмын, көпкө чейин кучактап,кое бергим келбей турду.Жакында Кыргызстанга которулуп кетесиз, мен эмне кылам деген суроомо,сен да кетесиң,мен түрмөдөн чыксам квартира ижарага алып жашайбыз,өз үйүмдө аялым кыздарым менен болот. Мен сени сүйөм, бирок кыздарымдын апасы катары аялымды сыйлайм.Экөөң менен тең жашайм, мен кайсы жерде болсом жанымда болосуң деген Урматты аялынан кызганып,жанымды коерго жай таппай калдым.Экинчи аял болуп жашаган кандай оор экенин мурда билсем, Урмат менен мамиле кылбайт элем.Экинчи жолу жолугушууга барып келгенден кииин,капыстан инстаграмдан Урматтын карындашынын аккаунтун таап,сүрөттөрүн карап чыктым.Сүрөттөрдүн арасында Урматтын, аялынын, кыздарынын сүрөтүн көрдүм.Аялы келбеттүү,менден да жаш,сулуу экен.Ушундай жакшы үй бүлөөнүн ортосуна түшкүм келбей,Урматтан өзүмдү алып кача баштадым.Өмүрүмдө жалгыз сени сүйдүм,сенден өлүп ажырабасам,тирүү ажырабайм.Тагдырыңды мага,мени Кудайга тапшыр,сени эч кимге капа кылдырбайм деген Урматка ишенгеним менен,келечекте мени таштап кетсе эмне кылам деп ойлойм.Урмат менен мамилени токтотуп, жашоосунан кетейин деим,бирок колумдан келбейт. Кунумдук бакытка башым айланып жүрөт.Келечегим кандай болот ойлонгум келбеит.Урматтын ыйлатпайм деген сөзүнө ишенем,бирок корком.
Уландысы бар....
Салтанат Митиева
#мензектинэкинчиаялымын_элдик
Комментарии 8