Кичине кезимден атам өтүп кетип,апам иним экөөбүздү жалгыз тарбиялады.Балдарың жаш мезгилде турмушка чыгып ал деген туугандардын сөзүн укпай,балдарымды өгөй атага кор кылгым келбейт деп биз үчүн турмушка чыкпай,жалгыз өстүргөн апамды кээде аяп кетем.Апам мектепте физика мугалими,мен мектепти бүтүп,жогорку окуу жайда билим алдым,окууну бүтөөр жылы, апам өзү менен чогуу иштеген эжекенин кызына куда түшүп,мени үйлөдү. Аялым өзүнө тың,апам менен бат тил таап кеткени мени кубандырды.Мен өз кесибим менен иштейм,аялым кош бойлуу болуп үйдө.Жыл айланбай уулду болдук,менден кийинки иним бой жетип,аны үйлөп,иним үйлөнгөндөн кийин өзүбүзгө үй алуу максатында,балам эки жашка чыкканда апама таштап,аялым экөөбүз миграция агымы менен Москвага келдик.Аялым келээрибиз менен бат эле магазинге мерчендайзер болуп жумушка кирди.Мен иш таппай бир азга жүрүп,анан таксиге ишке чыкмак болдум.Башында жолдон адашып,түшүнбөй жатсам,бара бара ишке көнүп кеттим.Машинанын арендасына акча чыгаарарым менен,жанталашып үйгө акча топтоп жүргөндө,жашоом түп тамырынан бери өзгөрдү.Адаттагыдай заказ түшкөн адреске барсам,аябай сулуу,духисинин жыты башты айланта турган жагымдуу кыз машинага отураары менен,саламатсызбы дегенин угуп,кыргыз экенин билдим.Жол катар экөөбүз таанышып,телефонунун номерин алганы үлгүрдүм.Көзүмө перидей болгон кызды бир көргөндө жактырып калдым.Башында жөн гана сүйлөшүп жүрсөк, кийин ал кыз экөөбүздүн ортобузда сүйүү оту алоолонуп,бат баттан жолукканыбыз аз келгенсип,кээ күндөрү таң аткыча мейманканада убакыт өткөрө турган адат таптык.Аялымды апам тапкан,анда көңүлүм жок,мен сени сүйөм,аялым менен ажырашам деп тапкан акчамды сүйгөн кызыма коротуп жүрдүм.Аялым кабатыр болуп чалса,клиент бар деп телефонду өчүргөнү шашам.Үйгө келсем телефонума пароль коюп,телефонумду колумдан түшүрбөйм.Башында байкабаган аялым,акыркы убакта өзгөрдүңүз,сизге эмне болуп атат деп сураса,иштен чарчап жүрөм деп корс тийем.Аялыма копол мамиле жасап, көз жашын көп төктүм.Арадан убакыт өтүп,экинчи жолу кош бойлуу болгон аялым, учетко туруп келем деп ооруканага кеткен.Ооруканага анализ тапшыргандан көп өтпөй, аялым мага каргылданып чыккан үн менен телефон чалып,каяктасыз,мен айткан дарекке келе аласызбы дегенин угуп,адатымча бош эмесмин, эмне болду, айта бер десем,колунан телефонду алган аял орус тилинде,тезинен келбесеңиз анда полиция менен алып келебиз дегенин угуп,айла жок аялым жиберген адреске бардым.Ыйлаган аялымдын жүзүн көрүп,эмне болду, тынчылыкпы десем, жүрүңүз врачка киребиз деп экөөбүз ээрчишип врачка кирдик.Врачтын кабинетине кирээрибиз менен,аялым экөөбүзгө стулга отургула деген врач, акырындык менен аялымдын канынан вич чыкканын, ал жыныстык карым катнаштан сырткары тиш доктордон,маникюр кылган салондон кан аркылуу жугаарын айтып, коркуунун кереги жок, дайыма доктордун көзөмөлүндө берген дарыларды ичип турса болоорун айтканда, башым айланып, жер көчүп аткандай болуп атты.Вич бул эмне спид беле,энеңдурайын кайсы ойношуңан жугуздуң,ажырашам деп сөгүнүп кеттим.Акыркы жолу качан тиш докторго бардың, колу бутуңду качан маникюр,педикюр кылдырдың деп сураган врачтан башка,бул оору менен көп жашаса болоорун түшүндүргөн психологдун кабинетинен чыгып, жолдошум да анализ тапшырды.Анализ тапшыраарда мага жукпай калышы мүмкүнбү деген жолдошум,ооруну мен жугузгансып,мени жаман көрүп,эшикке чыгаарыбыз менен өзүң кет деп, машинасын айдап кетип калды.Муундарым титиреп, жол катар ыйлап келдим.Кайын энем менен апама айта албай,үйгө келип соолуп,жатып калдым. Ошол күндөн баштап,күйөөмдүн мага болгон мамилеси биротоло жаман болуп,ажырашам, менден алыс тур,ооруң жугат деп кемсинте турган адат тапты.Мага канчалык мамилеси өзгөрсө да, күйөөм башка бирөөнү таап алат деген ой келген эмес,ооруну маникюр жасаткандан жугуздум деп өзүмдү күнөөлөй бердим. Арадан көп өтпөй,күйөөмдүн анализи чыкты. Акыркы күнгө чейин күйөөмө оору жукпаса керек деп ойлогонмун,тилекке каршы анын канында вич бар экен.Канчык менде эмне өчүң бар эле,эми кантип жашайм, ооруну сен жугуздуң деген күйөөм мени иттей сабап салды.Күйөөмдүн канынан вич чыккандан кийин,аны менен карым катнашта болгон кызды өзү врачка айтып,ал кыздан анализ алмак болушту.Күйөөм мага кыянат кылганын уккандан,аябай жиним келди.
Уландысы бар....
Салтанат Митиева
#вич_элдик
Комментарии 14