Сага сабыр тилейм,жашың канчада деген балага жашымды айтсам,карындашым турбайсынбы дегенин угуп,сиздин жашыңыз канчада деп сурасам,менден алты жаш улуу экен.Убактынызды алсам кечиресиз,макул анда жакшы калыңыз деп айтаарым менен,жаткан жерибиз төрт дубал,кылаарга ишибиз жок,бизде убакыт кеңири дегенин угуп,андан ары бир саатка жакын сүйлөшүп кеттик.Урмат менден эркиндикте эмне жанылык,кайсы жерден болосун,эмне иш кыласын деген суроо берип жатты.Жолдошум өтүп кеткенден кийин Айзат досум Москвага алып келгенин,иниси камалып кеткенден кийин досум депортация болуп кеткенин,өзүм повар болуп иштээримди айтып,өзү жөнүндө сурай баштадым.Аялым,үч кызым бар дегенин угуп,эмнегедир бир саат мурда таанышкан, жүзүн көрбөгөн Урматты кызганып кеттим. Аялыңыз менен ажырашкансызбы десем,жок эмнеге ажырашам,аялым кыздарымды карап Кыргызстанда дегенин угуп,макул анда жакшы калыңыз,эртерээк чыгып кетиниз деп жылуу коштошуп,телефонду өчүрдүм.Үнү жагымдуу Урмат кандай адам болду экен деп ойлонуп жатып уктап калыпмын.Эртеси иште жүргөнүм менен оюм Урматта болуп жатты.Эртерээк жумуш бүтсө,үйгө барып Урмат менен сүйлөшөм деп шашып жаттым. Элнура сага эмне болду,үй бүлөөлүү, үч кызы бар,камакта отурган эркек менен сүйлөшкөнү эмнеге шашып жатасың деп өзүмө өзүм суроо берип,тааныш катары сүйлөшсөм эмне болуптур деп өзүмдү өзүм алдап коем. Кечинде үйгө келип,Урматтын ватсабын карасам в сети болуп туруптур.Канчалык өзүмдү карманганыма карабай,эмнегедир жазгым келип, Султанды шылтоо кылып,саламатсызбы Урмат байке,Султандан кабар жокпу деп жаздым.Менин жазганымды окубаганын көрүп, өзүмө өзүм жиним келди. Арадан эки сааттай убакыт өтүп, Урмат мага чалды.Кандайсын Элнура,телефон балдарда болчу, уйкудан эми турдум.Султандан кабар жок,өзүң жакшы жүрөсүңбү дегенин угуп, рахмат байке,сиздин тынчыңызды алдым окшойт,кечириңиз десем,эч нерсе эмес, Султандын кабарын билсем сөсүз айтам деген Урмат,макул жакшы эс ал деп телефонду өчүрүп салды.Канчалык өзүн алып качкан сайын,менде Урматка болгон кызыгуу күчөй берди.Балким сүрөтүмдү көрсө өзү чалаар деп,ватсаптагы фонго сүрөтүмдү койдум.Тилекке каршы Урмат ошол боюнча такыр байланышкан жок.
Уландысы бар....
Салтанат Митиева
#мензектинэкинчиаялымын_элдик
Комментарии 7