Ушак
- Байлыгың да, бийлигиң да колдун кири... Чыркыраган чындыгыңдын дагы өмүрү кыска... Ал тургай сүйүүнүн бүтөр күнү келет... Өмүрдөн да узак жашаган бир нерсе бар... – деди токсондон ашкан карыя.
- Ал эмне ата?..
- Ал – ушак. Ушактын мүрзөсү болбойт, балам... – деди.
***
Ишенич
Калаадан алгачкылардан болуп жер алган. Беш бөлмөлүү үй тургузган. Акырындык менен кошуналары көчүп келе баштады. Ынтымак эле. Эшигине кулпу салчу эмес. Адамдар так үйүнүн алдынан өтүшчү. Ага деле маани берчү эмес. Ошол учур негедир шаңдуу эле. Адамдар бири-бирине ишенчү.
Бир күнү элди туурап тегерегин коргондоп тосту. Чоң дарбаза, брондолгон эшик койду. Килтейген эки дөбөт багып алды. Коргонунун үстүн тикен зым менен ороп, төрт бурчуна видеокамера орнотту. Дарбазасынан шыкаалап карайт.
Баягыдай ынтымакчылыктан дайын жок. Эми эч ким кире албайт. Өзү дагы чип менен гана кирет. Ансыз көчөдө калат.
Адамдарга болгон ишенич кетти...
Шекербек Калыков, 20.07.2023ж
#минироман_элдик
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1