Эркек баланын төрөлүшү көп энергияны талап кылат. Эгерде ата-энелер толук комфортто жашашса, аларда кыз көп төрөлөт. Тескеринче кыйналып, жетишпеген шартта жашашса, ал үй-бүлөдө уулдар төрөлөт.
Илимпоздор согуш алдында эркектер көп төрөлөөрүн байкашкан . Жарык дүйнөгө келе электе эле эркектер келечекти мыкты сезип, кыйынчылыктарга даяр болушат экен.
Эгерде үй-бүлөдө аял лидер болсо уул көп төрөлөт, эркек лидер болсо кыз көп төрөлөт дейт изилдөөчүлөр. Аялдарды басынткан үйдө кыздар көп төрөлсө, эркекти сыйлабаган үйдө эркектер көп төрөлөт.
Профессор, илимдин докторлорунун үй-бүлөсүндө кыздар көп жарыкка келет.
Эгерде эркек уулду болгусу келсе аялын лидер кылып, анын күчтүү болуусуна уруксат бериш керек. Анткени уулдар энергиясы күчтүү аялдан кана жаралат.
Ошондо сиздин уулдарыңыз көппү же кыздарыңызбы? Жогорудагы ойго кошуласызбы?
Даярдаган Чолпон Өмүрбай кызы.
Чолпон Омурбаевна.
#эркекжекыз_элдик.
Сиздерде кандай ойлор бар?
Лидер болбой эле журоюн.... Тооба кылдым, куйоомо бердим, ошонун колокосундо эле журоюн.... Кимди торосом дагы бут маселени куйоом чече берсин..... Мага озумдун лидердин айтканин кылган жагат....
Комментарии 14