● Жашооңузга ыраазы болуп, адамдын жакшы жактарын көрө баштайсыз. Жакшы сөз айткан сайын сиз тааныбаган адамдардан да жакшы сөз уга бересиз. Сиз айткан жакшы сөз, жүз эсе куржунга толгон жакшы сөздү алып келе берет.
● СИЗ ЖАКШЫ СӨЗ АЙТА БАШТАГАНДА...
Жакшы сөз айтуу, адамдардын жүрөгүнө жылуулук тартуулоо, жымаюсууна себепкер болгон кандай сонун экенин сезесиз. Өзүңүздүн жакшы сапаттарыңыз ойгонуп, жакшылык жасоого каалооңуз күч алат. Анткени жакшы сөздүн күчү зор экенине ишене баштайсыз.
● СИЗ ЖАКШЫ СӨЗ АЙТА БАШТАГАНДА...
Жаман сөз сүйлөгүңүз келбей, башкаларды да жакшы сөз айтууга үндөп каласыз. Анткени, башкаларга жакшы сөзүңүздү арноо менен жүрөгүңүз сүйүүгө толуп, жакшы сөз айтып кубаныч алып жатканыңыз үчүн, өзүңүздү кубаттап каласыз. "Жакшы сөз айтуу, жакшы иштерди жасоо менин колумдан да келет турбайбы" деп муздап калган жүрөгүңүз жылый баштайт. Жаман сөз айтуудан качып, баарын жакшы жагына жоруйсуз. Анткени жакшы сөз айтуу адамды жашартып, өзүңүздүн жан дүйнөңүзгө азык болуп атканын сезесиз.
● СИЗ ЖАКШЫ СӨЗ АЙТА БАШТАГАНДА....
Сизди "адамдарга жакшы көрүнүү үчүн жакшы сөз айтып жатат" деп ойлошот. Бирок сиздин жакшы каалооңузду эч ким токтото албайт. Анткени сиз ар бир сөзүңүздү чын-жүрөктөн айтасыз. Жакшы сөзүңүздү адамдарга жакшы көрүнүү үчүн эмес, алардын жан дүйнөсүнө кубаныч тартуулоо үчүн айтасыз. Ар бир адамды өзүнчө баалай билесиз. Сиздин жакшы сөзүңүздөн жамандык издеп турган адамдардын сөзүнө ишенбейсиз. Анткени бул сиздин тандооңуз, сиздин каалооңуз. Ошондуктан сиз өзүңүздүн жакшы каалоолоруңузга каршы чыкпайсыз.
● СИЗ ЖАКШЫ СӨЗ АЙТА БАШТАГАНДА...
Кээ бирлер сиздин жакшы сөзүңүзгө ишенбей "кошомат кылып жатат" деп ойлошот. Алардын мындай оюу сизди иренжитет. Анткени алар, өздөрү жакшы сөздөрүн кошамат кылуу үчүн айтып жүргөнүнөн кабар беришет. Бирок жакшы сөз айтууга сиздин каалооңуз күч болгон үчүн башкалардын терс сөздөрүнөн кыя өтөсүз. "БААРЫНАН АДАМ БААЛУУ" деп, жакшы сөзүңүздү айта бересиз. Бул сиздин тандооңуз болгон үчүн өзүңүздү алдоого жол бербейсиз.
● СИЗ ЖАКШЫ СӨЗ АЙТА БАШТАГАНДА...
Жаратканым сизди, жакшы сөздү сүйгөн адамдарга жолуктура баштайт. Сиздин жакшы каалооңузду көрүп, ар бир аракетиңизге батасын берет. Анткени ниетиңиздин тазалыгы Кудайга жагат. Жакшы сөз уккусу келген адамдарды жиберет. Жакшы иштери үчүн колдонгусу келет. Канча негатив ойлор келип атса да жакшыга жармаша бересиз. Себеби жакшы сөз айтып, адамдардын жүрөгүн жылытуу менен өзүңүздүн жан дүйнөңүз гүлдөп атканына күбө болосуз.
ЖАКШЫ СӨЗ АЙТУУДАН БАШ ТАРТПАҢЫЗ. ЖҮРӨГҮҢҮЗ ЖАКШЫ СӨЗ АЙТУУНУ КААЛАРЫ МЕНЕН ТОКТООСУЗ АЙТЫҢЫЗ. МЫНА ОШОНДО ЖАКШЫ СӨЗ АЙТУУ КАНДАЙ СОНУН РАХАТ ЭКЕНИН СЕЗЕСИЗ.
Игамбердиева. Зарема
#жакшысөз#өмүр#сүйүү#жакшысозайтабаштаганда_элдик
Комментарии 7