— Ата, балмуздак жейм, акча бериңиз?
— Макул балам, ме, алып жей кой.
— Атаке, оюнчук машина сатып бериңизчи, балдар менен ойнойм.
— Макул балам, сатып берем.
— Ата, бүгүн балдар менен чогулмакпыз, ошого акча керек.
— Макул балам, бирок этият бол!
— Ата, мугалим «ремонтко акча алып келгиле» деди.
— Ата, жаңы бут кийим алам, акча керек.
— Ата, бүгүн досудун туулган күнү, белекке акча керек.
— Ата, бүтүрүү кечебизге акча керек.
— Ата, жол киреге акча керек.
— Ата, кийим алышым керек.
— Ата, сессияга акча керек, салып жибериңизчи.
— Ата, акча керек... Ата, акча...
Арадан жылдар өткөн соң...
— Уулум, үйгө тамчы өтүп жатат, ошону оңдоп берсең дейин дегем...
— Ата, азыр мүмкүнчүлүгүм жок, ишим көп.
— Уулум, үйдө ун-майдын түбү көрүнүп калыптыр, эгер жолуң түшсө...
— Ой ата, кечээ эле тамак-аш алып барбадым беле? Түгөнүп калдыбы?
— Балам, апаңдын жүзүм жегиси келиптир. Билесиң, бир аз сыркоолоп жатат, алып келип берсең жакшы
болмок.
— Ата! Кыштын күнү жүзүм канча турат билесиңерби? Өзүм араң жүрсөм...
— Уулум, врачтар даары жазып берип кетишти. Ошол даарыларды алып келип берсең... Апаң...
— Ата, уксаңыз, эмне менден башка балаңыз жокбу? Тиги, эжем, байкемдерге да айтсаңыз боло.
— Уулум, бир келип кет?....
—Неге ата? Дагы акча керекпи?
— Апаңдан ажырап калдык. Акыркы ирет көрүп кал...
Атадан жакшы туулса, эшиктен төргө сүйрөөр, Жаман туулса, төрдөн көргө сүйрөөр.
Баланды Кудайындай асырасан, өзүңдү курмандыка чалат!
Интернеттен.
#атаданжакшытуулса_элдик
Нет комментариев