Жолдо катар Эдил жакшы музыка коюп ,балдар менен тамашалашып келе жатты.
Бир гана ойго баткан Керез,сөзгө аралашпай келе берди.
- Керез ,эмнеге эле түпөйүл болуп келе жатасың?
- Билбейм , эмнегедир жүрөгүм бир кызык болуп жатат. Ушул жерден кетсем ,экинчи кайрылбайм деп өзүмө сөз бергем.
- Коркпо ,эч нерседен коркпо , артыңда мен турам. Таенең дагы мага аябай тапшырган.
- Күйөөм аябай кыялы чукул,чоң муштум неме... Эмне деп жиберээр экен?
- Эч нерседен кам санаба ,сен эми жалгыз эмессиң!
Кечке маал айылга кирип келген машина, Урматтын үйүнүн жанына келип токтоду.
Бир жылга жетпеген убакыттын ичинде , Керезге айыл кичирейип кеткендей көрүндү.
Үйүн тааныган балдар дагы ,эки жагын каранып жатышты.
- Апоу,мени атам дагы сабабайбы?
- Жок балам,мен сага тийгизбейм. Анын үстүнө Эдил байкең да бар.
- Апа,мен үйгө кирбей эле коёюнчу? Нурик экөөбүз сизди күтүп ,машинада эле олтуруп турсак болобу?
- Мейли кызым ,мен өзүм кирип көрөйүн...
Жүрөгү дүкүлдөгөн Керез ,акырын басып ,айланасын чөп баскан,сырты акталбай карала- торала болгон үйүнө жакындады.
Ичинен бака- шака угулуп, бир аялдын балдарды урушуп жаткан үнү угулду.
Акырын эшикти тыкылдаткан Керез ,бир топко эшик алдында туруп калды.
- Керез,коркпой эле катуурак тарсылдатчы!
Эшик шарт ачылып ,Керездин маңдайында толук курсагы чандайган ,көздөрү бүтүйгөн,бою жапалдаш кара келин турду.
- Сага ким керек? Ай ,тынч болгулачы ызылдабай! - келин артына бурулуп стол тегерене олтурган үч балага кыйкыра.
- Саламатсызбы!
- Саламат,сага ким керек эле?
- Урмат барбы?
- Өлүгүңдү көрөйүн,бир мүшөк ун алып кел,деп жибердим эле.
Каякта жүрөт ,эбак келе турган убактысы болду. Эмне сага да карыз беле?
- Жок ,карыз эмес. Мен башка жумуш менен келгем. Сиз кимиси болосуз?
- Мен аялымын ,эмне болду?
- Жок,эч нерсе болгон жок.
Аңгыча ары жактан ,тачкага ун сүйрөгөн Урмат көрүндү.
Бети - башынан бери ун болгон Урмат тачканы токтотуп ,Керезди аң - таң кала карап туруп калды.
- Ай , кеткениң качан?
Жүрө бересиңби ,ар кайсы дармоеддер менен сүйлөшүп,алып кир үйгө !
Мен нанга камыр жууруйм. Эй эмне эсиң ооп калды?- деген кара келин кыйкыра сүйлөй.
Керезди эми жакшылап тааныган Урмат,эмне кылаарын билбей,чекесин кашып туруп калды.
- Сенби ...эмне келдиң?
- Ким бул ?- деген кара келиндин кыйкырыгы угулду.
- Эмка...бул ...менин мурунку келинчегим... Керез!
- Сен эмне бир жылдан бери жоголуп жүрүп ,эми кайра келдиңби? Урмат менин күйөөм, уктуңбу? Башымды оорутпай,кайдан келсең ошол жакка кет!
- Жок ,мага Урматтын кереги жок...
- Анан кереги жок болсо , атаңдын башына келдиңби? Билем мен сага окшогон жалаптарды,шаарда оокатың жүрбөй кайра келдиң да?
- Эй,кыйкыра бербечи! Урмат сага буюрсун! Мен балдарыма " отказ" жазып берсин деп келдим.
- " Отказ" ,деген эмне ,ай сайын төлөгөн акчабы? Эч кандай акча төлөй да албайбыз ! Менин боюмда бар ,жакында төрөйм. Майда үч балам ачка олтурат,сенин балдарыңа төлөй турган акчабыз да жок.
Тиги келин кыйкырып жатканда ,Урмат үн дебей ,башын ийнине ката унчукпай турду.
Баягы Керезге тап берип,бир нерсе болсо тепкилеп ,муштап жиберчү күйөөсү ,экинчи аялынын алдында бир сөз айта албай нымтырап турганына таң калды.
- Чоң кыз,бизди угуп туруңуз!- деген Эдилдин сөзүнөн гана ажылдап,сөз бербей жаткан аял бир ирмемге токтоп калды.
- Керезге сенин күйөөңдүн кереги жок, өзүңө, балдарыңа буюрсун!
Керездин уулу менен кызына жардам бере албайм,кийин доом жок деген кат жазып берсин ! Документтерине дагы атасы жок деп жазылат.
- Аа,анан бая эле ошентип айтпайсыңбы! Тур эй , колуңду жууп келип ,айтканындай жазып бер! Же башкача оюң барбы?- деген келин ,эки колун белине ала ,акшыя күйөөсүн карады.
Үйүнүн кире беришиндеги столго олтурган Урмат,Эдилдин айтуусу менен катты жазып ,аягына колун коюп карматты.
- Машинада уулуң менен кызың олтурат. Чакырайынбы?
- Эмнеге чакырасыңар,бар машинага барып учураш! Биздин никеге турган кагазыбыз бар,мен деген мыйзамдуу аялымын !- деген келин Керезди карады.
- Бактылуу болунуздар!- деген бойдон бурула машинага жөнөдү.
Урматты ээрчиткен аял машинага келип, балдарды карап калды.
- Тур учураш !
- Кандай Мээрим , Нуржигит! Чоңоюп жатасыңарбы? Кел учурашалы?
Акырын машинадан түшкөн Мээрим атасына бетин тосту.
Мээримди өөп,уулуна жакындаган Урматка Нуржигит бетин өптүрбөй ,Эдилдин артына жашынды.
- Кел , Нуржигит, бетиңден өбөйүн?
- Жок ,барбайм ,сен мени урасың!
- Келбесе койсун,эмне деген тарбиясы жок бала! - деген кара келин ,күйөөсүнө жан тарта...
- Эртең айыл өкмөтү канчада иштейт?- Эдил нымтырап турган Урматка карады.
- Тогузда болуп калышат.
- Балдардын справкасын алып кетебиз.
- Аа
- Кимдикине жатасыңар? Кайненемдикинеби?
- Жок,тиги райцентрге барып , мейманкана алабыз.
Эмне болуп кетээр экен деп ичинен жаман болуп ,коркуп келе жаткан Керез терең дем ала олтуруп калды.
- Катуу үшкүрдүң го Керез?
- Ызы- чуу чыгарып ,мага кол көтөрөт го деп ойлогом. Бир жылда адам ушунча өзгөрсө болобу?
- Мындай эркектер сага окшогон назик аялзатына гана күчүн көрсөтүп ,сабап- талкалаганга алы келет .
Ал эми мындай тажаал ,долу аялдар Урматка окшогон " үйдө баатыр ,жоодо жок" эркектерди арстандан мышыкка айлантып коёт.
Накта " өмүрлүк жарын" эми тааптыр!
Ноктону катуу салыптыр ,эми ооздугун тартып, үзөңгү менен боорго тээп,айдактап гана жашатат.
Мындай аял ,Урматтай эркекти коё бербейт. Сен артымдан келип ,бир нерсе кылып жибереби деп коркпой эле кой!
- Эмнеге ?
- Сендей татынакай,сулуу келинчеги бар экенин көрүп калды. Сенин атыңды атагыс кылат ,кызганчаак экени да көрүнүп турат.
- Мен дагы " отказ"жазып бербейт го деп түпөйүл болуп жаттым эле. Мынчалык оңой болот деп ойлобоптурмун.
- Мен аябай катуу ызы-чуу болобу деп ,акча да салып алгам. Такыр болбой ызылдаса ,акча берейин деп...
- Эмне болсо да ,кутулганыма ишенбей олтурам.
- Карачы ,кандай кыйын келин ,шак эле мыйзамдуу никеге олтура калыптыр! Эртең бир балдарына таттуулардан таштай кетели?
- Анда бир жакшы жоолук да белек кылалы! Мени ушул кыйынчылыктан оңой кутултканына!
Экөө каткырып күлүп калышты.
- Нуржигит эмнеге атаңа учурашпай койдуң?
- Апам экөөбүздү урчу да ,ошон үчүн...
- Апа,жанагы аял ким ?
- Ал атаңдын аялы !
- Апа,атамдын аялы ,балдары бар бекен ?
- Ооба
- Апа ,эми биздин атабыз жок болобу? Мээрим эжеке жанагы сөздү айталыбы апама?
- Жок ,айтпа !- деген Мээрим , Нуржигитти башка сөзгө алаксытканга аракет кылды.
- Айтам ,айтам ...
Экөө машинанын артынан күрөшүп ,Мээрим Нуржигиттин оозун жаап,улам бир оюнчуктарды көрсөтө баштады.
- Апа,Эдил байкем бизге ата болсо болобу?
- Ий жинди айтпа дебедим беле? Экинчи сени менен ойнобойм!- деген Мээрим ары карап машинанын терезесине карай бурулуп,олтуруп алды.
Ойдо жок жерден айтылган Нуржигиттин сөзүнө экөө тең унчукпай калышты.
Өзүн жаман сезип,кызара түшкөн Керез эмне дээрин билбей ,сумкасын кармалады.
- Нуржигит, Мээрим эгерде силер мени ата болууга татыктуу десеңер,мен дайым даярмын!
- Ураа,эжеке көрдүңүзбү, Эдил байкем эми бизге ата болот!
- Ураа- деп сүйүнгөн эки бала кубанып,кол чаап жиберишти.
- Нурик,Мека бирок апаң макул болчудай эмес! Мына ,биз сүйүнүп жатабыз, апаң болсо жооп берген жок! Унчукпай олтурат ,демек каршы!- деген Эдил жылмая Керезди тиктеди.
- Апа,макул болуп коюңузчу! Мен сиз айткандын баарын кылам, такыр тентек кылбайм.
- Апа ,мен болсо үй тазалап ,тамак жасашам! Макул болуңузчу?
Эки баласынын минтип турганына чыдабай күлүп жиберген Керез Эдилди карады.
- Силер эмне , үчөөңөр биригип алгансыңарбы?
Макул ойлонуп көрөйүн! Анын үстүнө мен чечпейм ,таенеңер бар ,аны менен кеңешүү керек!
Туурабы?
- Туура - деген Эдил дагы унчукпай калды.
Эртеси айыл өкмөтүнөн балдардын справкасын алып ,келе жатып Урматтын үйүнүн жанына токтошту.
Машина токтогонун көргөн кара келин ,сыртка чыгып жактырбай карап турду.
- Биз балдардын справкасын алып,кетип бара жатабыз.
Экинчи жолугушпайбыз деген ойдомун. Бул баштыктагы таттууларды балдарыңызга берип коюңуз!
Аман-- эсен төрөп алыңыз,бул жоолук сизге ! Урмат экөөңөргө бакыт каалайм ! - деген Керез ,колундагы эки баштыкты карматып артка басты .
- Менин атым Эльмира,рахмат!
- Жакшы калыңыздар!- деген Керез машинага олтуруп кеткенден кийин дагы Эльмира көпкө артынан карап турду.
- Кызык,сулуу келин экен,кыялы да жумшак окшойт. Эмнеге муну кетирди экен? Же бул жоош деп ,ойнош таап алганбы? Кой,тигинин өпкөсүн үзүп, дагы катуурак кармайын!
Көк дарбазалуу үйдүн жанына келип токтогон машинаны Каным таң кала карап туруп калды.
- Мындай машине эч кимде жок эле ,кимдикине келди ?
Кичүү уулунун келини , төрт баласын таштап , төркүнүнө кетип калганы көп болгон.
Уулунун соосунан ичкени көп ,күйөөсү Сабыр ооруп , жарым жылдан бери төшөктө ...
Бир үйдүн түйшүгү,оору абышкасын багуу ,балдардын тамагы,кир - когу жашы өтүп калган Канымга кыйынчылык алып келип жатты.
Баягы кекээрлеп турчу Каным, түйшүктөн башы чыкпайт.
- Саламатсызбы апа?
- Саламатчылык,сени тааныбай турам?
- Мен Керезмин ...
- Апей ботом ,такыр таанылбай калыпсың да! Эмне жөн жай элеби?
- Урматтан балдарга " отказ " жазган кагазга келгем. Быйыл Мээрим мектепке барат .
- Ой ,анын да иши жакшы жүрбөй ...сен качып кеткениңден кийин үйлөнгөн...
- Мен баарын билем ,аялы Эльмира менен да тааныштым.
Бактылуу болсун уулуңуз ! Эми накта бактысын тааптыр!
Атам кайда?
Ал кайда болсун үйдө эле. Жарым жылдан ашты ,төшөккө жатып калган.
- Оо жеңе,какие люди! Мына ссен качып кеттиң,анан менин катыным качып кетти...
Бирок сен акылдуу аялсың, балдарыңды таштаган жоксуң!
Ал эми меники төртөөнү тең таштады. Кайненеме жок дегенде экөөнү баккыла десем... "Иди к черту " деп жолго салышты. Ушунун баарына апа сен күнөөлүүсүң! Уктуңбу...сен ...баарына сен күнөөлүүсүң! - деген Турат булдуруктап, темтеңдей басып көчөгө чыгып кетти.
-
- Атама учураша кетейин дегем ! Нуржигит, Мээрим бас түшкүлө !
Каным балдарды кучактап өпкөндө,экөө тең бетин аарчыганын көрүп унчуга албай калды.
Чачылган,кирдеген үйдүн төр жагындагы диванда кайнатасы жатат .
- Саламатсызбы ата!
- Саламат,сен Керезсиң го ?
- Ооба
- Аа балам,канча жамандык көрсөң да ,бизди кечирип ,учурашып койгону келиптирсиң! Аныңа рахмат балам !
Акылдуу жансың,аман бол!
Менин акылы жок уулум ,колундагы бактысынын баркын билбей ,жоготуп алды! Аман бол кызым!
Эми көрүшөбүзбү жокпу, бир Кудай билет.
Мен сага ыраазымын кызым !
Бир гана сени кайын энеңдин алдында ,уулумдун алдында коргогонго алым жетпеди , кечир кызым !
" Жетим жетилет дейт" балдарыңдын урмат- сыйын көр!
- Ата ,мен таенемди таптым,азыр мен жалгыз эмесмин ! Нуржигит, Мээрим кел чоң атаңа учурашкыла!
Экөө тең келип бетинен өптүрүп ,жанына туруп калышты.
- Балдарым апаңарды жакшы карагыла! Колуна кол,бутуна бут болгула! Чоң атабыз Каныбек деп ,мени унутпай эстей жүргүлө !- деген кайнатасынын көзүнө жашы тегерене түштү.
Эдилдин колундагы баштыкты алып , дасторконго нандарды, таттууларды коюп, калпак, көйнөк кийгизди, Канымга жоолук карматты.
- Сиз да мага таарынбаңыз! Ооруңуздан айыгып кетиңиз! Жакшы туруңуздар!- деген Керез балдарын ээрчитип чыгып кетти.
Машина жүрүп кеткенден кийин,оор үшкүрүнө Каныбек ордуна жатты.
- Бул жетим ,байып кеткенби же бай күйөөгө тийип алганбы ? Тиги балдары да бир башкача ,жөн эле өөп койсом ,бетин аарчыйт!
- Эй айбан,кандай түшүнүгү жок немесиң! Сонун жашап жаткан немелерди бүт сен буздуң!
"Жетимди чекесинен сылаган адамга,Кудай жакшылыгын,ырыскысын берет " деген сөздү канча айттым.
Мына ,балаң да жыргаган жок,үч баласы бар катынды алып жашап жатат.
Өз балдарын кубалап салып, өзгөнүн балдарын багып олтурат.
Тебенек короздой койкоктоп,Керезди каалагандай тепкилеп жашачу эле,мына эми кара катындын алдында сууга түшкөн мышыктай болуп жашап жүрөт го ?
Бул байкуш келин " апалап" көзүңдүн агы менен тең айланчу эле,тиги келин сени барсыңбы, жоксуңбу деп ,сага " быш" этип койбойт.
Мына ,кетип калса да балдарымдын чоң эне,чоң атасы деп жайнатып дасторконун ,мага калпагы менен көйнөгүн,сага жоолугун салып кетти.
Мына,акылы бар келиндин кылаары...
Сага мындай келин буюрбайт,алдыгы тилиң, пейилиң менен кантип жакшы келин буюрсун!
Керез кеткени Тураттын катынына асылдың эле,төрт баласын таштап ал дагы кетти. Эми бул балаңдын көргөн күнү арак! Акылыңа кирбеген кандай айбансың!
Күйөөсүнүн сөзүнө унчуга албаган Каным ,башын жерге сала чыгып кетти.
Терең дем алган Керездин көз алдынан кайнене - кайнатасынын кебетелери кетпей ,ойлонуп келе берди.
( Уландысы бар)
Нурида Карабалтинская
#керез_элдик
Комментарии 35