Зам-зам кудугу жердин деңгээлинен болжол менен 13 метр төмөндө жайгашкан.Кызыктуусу - андан секундасына 8000 литр тездикте суу тартып алынганда анын деңгээли дээрлик 50 метр төмөнгө түшүп кетет.Суу алуу токтотулгандан 11 мүнөттөн кийин кайра мурдагы деңгээлине кайта алат.
Эми Исмаил алайхис саламдын доорунан бери канча суу чыкканын элестетип көрүңүз.Канча суу алынбасын ал кайра эле 11 мүнөттө өзүн баштапкы абалына келтире алат.
Окумуштуулардын айтымында Зам-зам кудугу токтобой суу чыгарып жиберсе Жер жүзү суу астында калуусу мүмкүн экен.Зам-зам сөзүнүн өзү да Хажар энебиз айткан "зимам" сөзүнөн келип чыгып,"токто" дегенди билдирет.
1.Лабораторияда өткөрүлгөн изилдөөгө караганда Зам-зам суусунда башка сууларга караганда бир азыраак алтын күкүрт бар экени аныкталган.
2.Зам-зам суусу башка сууларга караганда тоюмдуураак жана минералдарга бай.
3.Бул суунун башаты азыркы күнгө чейин маалым эмес.Каерден келерин заманбап технология да аныктай алган эмес.Айланасында бир да суу бассейни жок, деңизден болсо 80 км. алыста жайгашкан.Мындай шартта суунун деңизден келиши мүмкүн эмес.Кылымдар бою Зам-зам суусу кандайча түгөнбөй турат - муну эч ким билбейт.
4.Зам-зам ачка калганды тоюндурат,чаңкаганды кандырат.
5.Анча терең эмес кичинекей кудуктан чыккан суу ажылык мезгилде миллиондогон ажылардын чаңкоосун басат.
6.Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тастыктоосу боюнча Зам-зам дүйнөдөгү эң жагымдуу жана пайдалуу суулардын бири.
7.Изилдөөлөргө таянсак курамында микроорганизм жана бактериялар болбогон жалгыз суу - Зам-зам.
8.Дагы бир таң калыштуу нерсе - ичилген Зам-зам эч качан белден ылдый түшпөйт.Денеден сийдик жолу аркылуу эмес, тердөө менен чыгып кетет.
Даярдаган Каттабек Шамшиев.
#замзамсуу_элдик
Комментарии 5