Илгери жайдын толук кезинде биздин колхоздун чабандары Кызыл-Үнкурдүн Кең Кол жайлоосуна көчүп , колхоздун коюн багып, ага кошуп өзүнүн бирин серин мал коюн багып келишет.
Колхоздун райиси, бухгалтери, завхоз ж.б жайлоого чабандардан кабар алганы барып калышат.
Жайлоодо биздин айылдан "баланча маңка " деген чабан да бар эле. Анын бала чагынан мурду отуруп калган, мурду менен сүйлөп кээ бир сөздөрү түшүнүксүз болчу.
Раис командасы менен барып УАЗ машинесин токтотуп ахыбалын сурап калат. Маңка акебиз бөйпөңдөп , түшкүлө боз үйгө киргиле, кой соём, шорпо ичип кеткиле деп таклипти катуу кылат. Раис болсо:
- Рахмат, жогорудагы чабандардан койлордон кабар алалы , сага аяктан кайтканда кирип чайыңды сөзсүз ичип кетебиз! - деп жогору жөнөйт.
Акебиз жеңебизди шаштырып " Бол ңатын, ирайишти шыйлап коёлу, даярдан уят болбогудай болуп..." деп койун жыгып союп даярдана баштайт.
Аялы да бекиткен таттууларын белендеп, дасторконду кенен жайып, боорсогун жайнатып, кымыз айранын даярдап баштайт.
Баарын даярдап алып раисти күтүп отурушат.
Бир кезде куткөн УАЗ көрүнөт, акебиз пайпаңдап чуркап утурлайт.
Раис машинасын токтотуп,
- Ака, жогору жактагы малчылар да сыйлады, сиздикине киргени убакыт да калбады, курсак да өлө токпуз - деп колун көкүрөгүнө алып кечирим сурагандай болуп.
- Эй раис!!! Мен "хамданып" алдым эле , кой түшкүлө, шорпо бышты, чайлар кайнап турат, жарым саат болсо да түшкүлө ! деп жалынып мурду менен сүйлөп...
Раис болбой коштошуп машинага отуруп чу коёт.
Акебиз үйүнө чуркап кирип, мынтыгын алып чыгып, атка шамдагай отуруп УАЗ ды кууп жетип, жолун торойт.
Мынтыгын октоп туруп, асманга атып
- Үйгө жүргүлө, бовошо баайиңди ( баарыңды) ит аткандай атып салам!!! дейт.
Баары шымын булгагыдай болуп, эси кетип койчунун алдына пленге түшкөн фашисттей болуп тизилип жөнөйт.
Боз үйүнүн жанына келип туруп калышат, мынтыгын кезеп туруп:
- Кийгиле ( киргиле) неңдуйайыедай!!!- дейт. Туткундар баары ичкери киришет.
Артынан кирип :
- Отуйгула !!! деп мынтыгын кезеп.
Баары дасторкондун четинен орун алышат.
Аялына, балдарына кыйкырат, чайыңды апкел деп. Чайын ташып, шорпосун тартып
- Ичкиле!!! - деп мынтыгын кезеп: кимиң ичпегениң атып салам!
Баары шашылып ысык бойдон ууртап шашып ичип жатат дейт.
Койдун жиликтерин тарттырып "жегиле" деп мынтыгын кезеп. Жан ширин экен, алты күн ачка калгандай жешиптир.
Чаначын апкелдирип , кымыздан чыныларга куйдурууга буйрук кылып:
- Ичкиле, азыр өлөсүңөр!!! десе кымызды тартып ийишиптир....
- Эми баайиңай ( бардыгыңар) тургула!!Чыккыла эшике!!!
Туткундар жол талашып удаа чыгып жөнөшүптүр...
-Кете бергиле!- деп өзү үйүнө кирип кеткен экен.
( Болгон окуя)
#Жамалбек Ырсалиев
Комментарии 15