Аккызды көргөнү Нияз больницага келди,майда - чуйдо алам деген шылтоо менен Анаш кошо келди.
Нияз врачка кирип кеткенде,Анаш Аккыздын палатасына медсестрадан суранып кирип кетти.
- Врач көрсө урушат эже ,беш мүнөттө чыгыңыз.
- Макул ,азыр эле чыгам.
Кроватта созулуп , өңүнөн азган супсулуу келин жатты.
- Кандайсың Аккыз , ушунчалык татынакай келин экенсиң,кантип Нияз сага кол көтөрүп жүрдү?
Менин атым Анаш , Нияздын классташы болом.
Азыр кыздарынды багышып,сенин үйүңдө жүрөм.
Сен айыгып чыкканча кыздарынды багыша берем.Анан Россияга деле кетип калам.Кудай мага бала берген жок,балким сенин кыздарың периште болуп мага бала ээрчитип келип берээр.Балалуу болууга убактым азайып бара жатат.Кырктын кырына чыгып калдым- деп Аккыз угуп жаткансып арманын айтып алды.
Аккыздын жаны ошол эле жерде учуп турганын Анаш кантип байкасын.Анын ар бир сөзүн көңүл бөлүп угуп турган Аккыз ,артын караса Умай эненин элеси да жанында калкып туруптур.
- Жүрөгү таза ,ак нурдуу аял экен,ата- бабасынан калган кара жүктү көтөрүп,буга чейин балалуу болбой жүргөн тура.Сенин кыздарынды багайын деп туура чечим чыгарган.
- Баланын периштеси сөзсүз дагы бир баланы ээрчитип келет.Илгерки кыргыздар муну жакшы билишип,баланы аздектеп багышкан. Баласы жок үй бүлөго туугандары бакканга баласын беришип ,жаш баланы астына сийгизип ,ырымдап бала чакырышкан.Азыркылар же ата- бабалардан калган салтынарды кармабай ,ар кайсы динге берилип ,туура эмес жакка кетип жатпайсыңарбы!- Умай эне Аккыздын башынан сылап ,айтып жатты.
- Сиз кимсиз,бул жакка киргенге ким уруксат берди?- эшик ачылып врач кирип келди.
- Ал мени менен келген, Аккыздын абалын билели деп эле...
- Анда эмесе Нияз уктуңуз ,азырынча жылыш жок.
Эмки келгенде балдарын ала келиңиз,балким аларды сезип ойгонуп , өзүнө келиши мүмкүн.
- Азыр болсо кете бергиле!Дары дармекке акча таштадыңыз да!
Нияз Анаш экөө ээрчишип чыгып кетишти.
- Буюрса эмкиде кыздарым келет экен, алдыңа кетейин
периштелерим! Силерди да көрөөр күнүм болот экен го!
Анаш жакшы адам экен , кыздарымды кор кылбай карап берсе экен!
Кечки тамакка жаңыдан отурган кезде ,эшиктен Нияздын достору ышкырып чакырып калышты.
- Мен барып келейин - Нияз курткасын алып эшикти көздөй жөнөдү.
- Токто,куртканы ташта! Мен чыга албайм,бош эмесмин - деп кой.
- Анаш ,уят го ! Мен дайыма чыгып эле жүрчүмүн да- деп чекесин кашып калды.
- Сенин арак ичип жүргөнүң уят болбой,үй бүлөн менен отурганын уят болуп калабы?
- Чык да ,кетирип жибер! Же мен чыгайынбы?
- Жок ,өзүм эле.
Эшикке чыккан Ниязды арак ичкен достору тегеректеп калды.
- Эй доске,бир катынды жайлап больницага жаткызып коюп,экинчисин алды деп угуп жууйлу деп келдик- деп арак - закускаларын көрсөтүштү.
- Жок,кечирип койгула ,мен чыга да албайм ,үйгө чакыра албайм! Кичинекей чыргоолоп турат- кызарбай туруп калп айтты.
- Туй энең бул такыр эле катындын сөзүнөн чыкпаган катын болуп калган тура! Кана, бизге сени түздөп салган айгыр катынды көрсөтчү!
- Кеткиле деп жатам мен силерге- деп Нияздын жини келди.
- Нияз мага 10000 сом берип турчу ,мал өтсө берем деп калды Чоро деген досу.
- Көрөйүн - деген бойдон Нияз үйүнө кирип кетти.
- Эй бул бүгүн малдын акчасын чогултпады беле,мурда айтканда эле берип март жигит эле,болбой калыптыр энеңди!- деп кетип калышты.
Кирип дасторкондун четине отура кетти.Анаш тамагын даярдап, төшөгүн салып,өзү кыздары менен жаткан үйгө кирип кетти.
Назик менен Бурул да акырындап Анашка көнүп, жүздөрүнө чыгып , онуп эле калышты.Каныкей болсо Анаштын колунан түшпөй,көрсө эле талпынып калат.
- Секетин кетейин,садагасы кетейин деп Анаш да өпкүлөп жалынып алат.
Эртеси Нияздын энеси,шаардагы эки кызы менен келип калышты.Анаш колдогусун жайнатып тосуп алды.Бир айылдык болгондон кийин,бири бири менен кенен сүйлөшүп олтурушту.
Кетээрге жакын Сайра сөз баштады
- Нияз кечээ биз доктурга бардык ,келинди көрөлү деп ,врачтар эч өзгөрүүсүз,балким беш ай жатат,балким беш жыл жатат деп жатышат.
Ай сайын эмне деген акча кетип жатат.Андан көрө Бишкекте майыптар үйүндо ушундайлар жаткан бөлүм бар экен.Эмне кылалы эми, Кудайдын кылганы экен.
- Назик да чоңоюп калды Бурул экөөнү эки эжең алып кетсин.Кол арага деги жарап калды.Тиги Жаңылды силер багып алгыла,экөөң нике кыйдырып ачыкка чыккыла - деп бир уялып койбой Сайра сүйлөп жатты.
- Сайра эже ,сиздин пикириңизди уктук ! Биз Нияз экөөбүз Аккызды майыптар үйүнө бербейбиз , кийинки жумада үйгө чыгарып келип багалы деп жатканбыз.Мен көп жыл ооруканада медсестра болуп иштегем.Дарыларын өзүм сайып турам. Назик менен Бурул чогуу эле болушсун,бир туугандарды бөлүп кереги жок! Буюрса Аккыз айыгып кетсе,кыздарын өзүнө тапшырып берем.Менин башка өлкөгө иштеп келсемби деген дагы оюм бар- деп кепке чекит койду.
Нияздын оозу ачылып же бар же жок дей албай Анаш сүйлөгөн сайын баш ийкеп олтура берди.
УЛАНДЫСЫ БАР.....
НУРИДА КАРАБАЛТИНСКАЯ.
Комментарии 20