Мындан
бир нече жүз жыл мурда Араб урууларынын башчыларынан бири Авф ибн Милхам аттуу бир киши өзүнүн бойго жеткен кызы Умму Инасты уруунун улууларынын бирине турмушка берүүнү максат кылган эле. Милхамдын аялы Умама, өзгө үй-бүлөөгө узатылып жаткан кызын жанына отургузуп алып ушул кымбат насааттарын айткан экен.
Кагылайын кызым!
-Бир кишини жакшылыкка үндөө үчүн жакшы насааттар айтылат, негизинен насаат унутулгандарды эскертет жана үйрөтөт.
Сүйүктүү кызым!
-Эгер кыз балдар ата-энесинин бай болгондугунан турмушка чыгууга муктаж болушпаганда- сен да муктаж болбойт элен, бирок жашоо сен ойлогондой эмес. Эркектер биз үчүн, ал эми биз алар үчүн жаралганбыз!
Айланайын кызым!
-Өзүң бир улгайган үй-бүлөдөн чыгып, бейтааныш бир үйгө барасын, эч таанышып сүйлөшпөгөн, кулк мүнөзүң билбеген бир кишинин өмүрлүк шеригине айланасын. Өз-ара бири-бириңерге колдоочу-жөлөк болосуңар.
Урматтуу кызым!
-Кел айрым насааттардан айтайын. Аларды жакшылап үйрөнүп, амал кылсаң өмүр бою ырахатта жашайсың.
1. Канааттуу бол! Өмүр жолдошуң алып келген азык-оокат кийим-кечени бардыгын кубануу менен кабыл ал. Анткени канаат жүрөкө бейпилдик жана таттуулук тартуулайт.
2. Айтып жаткан сөздөрүнү дайыма көңүл кою менен ук, жана дайыма өмүрлүк жолдошуңа баш ийгин. Өмүр жолдошуңа кош-көңүл мамиле кылба, аны менен сырдаш бол жана ак дилден жакын болууга аракет кыл. Мындай аракеттериң менен Алла Тааланын ыраазычылыгына да жетесиң.
3. Өмүр жолдошуң көзү түшүүсү мүмкүн болгон бардык жерге көңүл бур, анын көзү ылайыксыз жерге түшүп калбагандай болсун.
4. Жаман жыт чыгышы мүмкүн болгон нерсе жана жерлерге өтө көңүл бур. Аларды таап тазала. Үйүңдөн дайыма жыпар жыт таркап турсун.
5. Ушуну жакшы бил: тазалык жана үйдүн тыкандыгы сууга байланыштуу. Үйдө суулардын таза туруусуна көңүл бур.
6. Жолдошуңдун тамактануу убактысын жана уйку убактысына көңүл бур. Тамакты анын адаты боюнча даярда. Өз убагында уктоосу үчүн жумуштарыңды ага чейин бүтүр. Анткени курсактын ачтыгы адамдын ачуусун келтирсе, ал эми уйкусуздук капалыктын жарчысы болот.
7. Үйдөгү мал-мүлк нерселерди этият кыл, бул нерсе сенин иш билермандыгыңды көрсөтөт.
8. Жолдошуңдун жакындары менен жакшы мамиледе бол, бул нерсе сени жакшы үй бекеси экендигиңди билдирет.
9. Жолдошуңдун сырын эч качан бирөөгө айтпа, эгер айтсаң анда сенден көңүлү калып кетет.
10. Жолдошуңду урмат кыл, буйруктарын так аткар.
Окуп жана бөлүшүңүз..
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1