11-БӨЛҮМ.
Эшикти ачкан Бегимай биринчи эле гүлдү көрдү. Чоң гүлдестенин аркасында Азирет адатынча шайыр жылмайып турган экен.
– Оо, магабы? Рахмат!
– Албетте, сага. Эмне, бул жерде сенден башка да кыз барбы?
– Жок, мен жалгыз элемин! Бегимай каткырып күлүп жиберди. Азирет таң кала тиктеп калды.
– Биринчи жолу сенин чындап каткырып, чын дилиңден кубанганыңды көрдүм. Дайым эле гүл алып келип турсамбы, бул күлкүнү угуш үчүн...
– Сага айла жок. Жылмайган Бегимай вазага суу куюп, гүлдү бирден этияттап салып жатты.
– Эмне босогодо туруп калдың? Кирбейсиңби?
– Иш көп деп жаттың эле го. Баарын бүтүрүп койдуңбу?
– Сага терезе жуушту калтырдым. Бирок сен жумуш кылганы келбей эле, ресторанга баруу үчүн келген окшойсуң,- деди Бегимай Азиреттин кийимдерин тиктеп.
– Аа, булбу? Чечип коюп эле иштей берем. Азирет терезенин айнектерин жууп жатты. Канчалык карабай коёюн десе да болбой жигиттин белинен өйдө кең далылуу жылаңач денеси кыздын көзүнө түшөт. Түшүнүксүз кысынуу жүрөгүн дүкүлдөтүп, жүзү кызара, көзүн ала качып жатты Бегимай. Жигиттин кыймылын тиктеп, терезенин кырына отуруп калды.
– Бема...
– Ов...
– Жыгылып кетпе, терезенин кырына отурбачы. Ушунчалык жылуу, камкор үн.
– Макул. Эми түшөйүн деп умтулган кызды жигит сүйөй калды. Демдерин ичине алып, ушул абалда бир топко туруп калышты. Магниттей тартылган бир күч экөөнү тең апкаарытып, калтыратып жиберди. “Ары тур” деп түртө албай же сезимге баш ийе кучагына жыгыла албай, башын эңги-деңги кылган эки анжы ойдон арыла электе эле Азиреттин эриндерин сезди. Жыпжылуу, таптаттуу эриндер... Өрттөп жибере тургандай жигиттин деми ого бетер күчүн алып койду. “Болду, жеңилдим мен. Өзүмдөн өзүм качкандан, эч кимди жүрөгүмө жуутпай, сезимден баш тарткандан тажадым. Эми баш тартканга аргам жок. Баш тарта да албайм”. Бегимай көзүн чылк жумуп, кооз дүйнөгө өзүн коё берди. Экөөнүн ортосундагы дубал өзүнөн өзү жоголуп, ысык сезим алдында кыйрап калды. Азиреттин күчтүү колдору кыздын ийкемдүү денесин балкыта кысып жатты. Бегимай башка бөлмөгө киришкенин, эки кишилик керебетке суналганын, көйнөгүнүн топчулары чечилгенин элес-булас гана аңдап жатты.
– Бема?!- деди жигиттин өтүнгөн, суранган үнү.
– Мен макулмун. Мен баарына макулмун бүгүн, Азирет. Баарын унуткум келет. Жок дегенде бир күн...- деди кыздын дирилдеген добушу.
Катуу уйкуда жаткан Азирет күндөн көзү чагылышып ойгонуп кетти. Алгач кайда жатканын түшүнө албай турду да түнкү окуяны эстеп, мыйыгынан жылмайып, одарылып алды. Көзүн жарым жартылай ачып, бактылуу жымыйып көпкө жатты да акырын үн катты.
– Бема!
– ...
– Бүгүн мен эң бактылуу адам экенимди билген болсоң. А балким, билесиң, аа?.. Бем, не унчукпайсың? Уялып жатасыңбы? Мен сени күтүп жатам. Жооп уга албагандыктан көзүн ачты.Өзүнө муңайым тигилип, чыканактай жаагын таянып отурган кызды көрүп, кайра көзүн ала качты. Анткени ал күткөндөй бактылуу жүз, нур чачкан каректер эмес эле.
– Келчи мага...- деди кучагын жая.
– Эмне кылып койдук экөөбүз, ыя? Не кылдык?! Кыздын үнүнөн жан ачыта турган арман, эч качан бүтпөй тургансыган күйүт, жан кейиткен өкүнүч угулуп кетти Азиретке. Башын жаздыктан көтөрүп, таң кала тиктеп калды. Бегимайдын каректерине жаш толуп мелт-калт болуп туруптур. Шашып кетти. Эмнеге? Эмне деп ойлонуп турат бул кыз? Кечээ эле баары башкача эле го...
– Кечээ түнү...- деп баштап келе жаткан жигиттин сөзүн кыз кескин бурду.
– Кечээ жаңылыштык болду. Мен токтотушум керек эле, токтото албадым.
– Бема, токтой турчу. Мен сага баарын мурун эле айтышым керек болчу. Бирок мен корктум, батына албадым.Адамдар өмүр бою өзүнө тиешелүү болгон адамды издейт экен. Мен дагы сени издегем. Мен азыр бул нерсени сөз менен айтып түшүндүрө албайм, бирок сен меники экениңди сезип турам. Жан дүйнөм, жүрөгүм, денем менен сезип турам. Сен дагы сездиң ошол нерсени. Болбосо кечээки түн болбойт эле. Биринчи жолу жолукканда эле, жо-ок, атүгүл интернет аркылуу сүйлөшүп жатканда сен меники экениңди сезгем. Анан жолуктук! Жүрөгүңдөгү так өтө терең экенин, мага азырынча орун жок экенин билдим. Бирок үмүтүмдү үзө албай жүрдүм. Аскатты ким өлтүргөнүн билгенде, балким, өзүнө келет деп ойлодум. Аны таап чыгам деп максат кылдым. Эми баары бүттү. Биз үчүн эми тагдырдын жаңы барагы ачылышы керек. Эми сени коё бербейм. Ортобузда дубал эмес,, бүтүндөй тоо турсун. Экөөбүз жеңебиз! Балким, азыр сени шаштырып жаткандырмын, өзүң билесиң го, мен аябай шашмамын. Баарын ойлонуп көр, а мен сени күтөм. Мүмкүнчүлүк гана берип кой, мен күтөм. Билесиң го, мен көпкө күтө алам. Азирет мындан артык сөз таба албады. Сезимин, ойлорун ачык айтты. Андан ары кантип түшүндүрүштү билбей жаагын сүрткүлөп отуруп калды. А кыздын көздөрүнөн мөлтүрөгөн жаштар тынбай агып жатты.
– Сен ошон үчүн Азиретсиң да. Турган турушуң менен... Каалаган нерсеңе жетпей тынчыбайсың. Баары сен каалагандай болушу керек. Бул жолу да кайданжайдан пайда болуп, акыл токтотконго алымды келтирбей койдуң. Бирок...
– Сен мени сүйөсүң, өзүң да билбей жатасың азыр...
– Айтчы, сүйүү деген не? Эгерде мен Аскатты унутуп ушул жорукка барсам, анда сүйүү деген нерсенин өзү жомок экен да. Жаныңдан артык адамыңды унутуп туруп, анын арбагынын алдында көз жумуп туруп ушу жорукка барсам... Андан да жаманы, анын бир тууганы менен! Ушинтип эле жоголуп кете турган болсо, анда сүйүү деген нерсе жөн эле сөз тура. Кимдир бирөө жогортон бизди кыйноо үчүн гана ушу түшүнүктү жаратып койгондой...
– Бемааа, алтышка, сага кантип түшүндүрөм? Аскат жок, кандай кылсаң да, эмне кылсаң да ал кайтып келбейт. А мен тирүүмүн го. Ал бере албаган, ал бере албай кеткен нерсени бере алам. Экөөбүз үйлөнөбүз, бактылуу болобуз. Ишенесиңби? .. Бегимай башын жай чайкап алды. Азирет эми чындап чыдамы кете тыбырчылап, жүрөгү булкуна согуп алдастайт.
– Билесиңби, кечээки түн керемет эле. Көптөн бери мындай сезим болгон эмес. А бирок билесиңби, ойгонорум менен мен ким тууралуу ойлодум? Мен ойгонорум менен “Аскат менен болсо, бултүн кандай болот эле?” деп ойлодум. Биринчи жолу эркек менен ойгонуп жатып да оюм ал тууралуу эмес, Аскат тууралуу болду. Азирет, түшүнчү, мен өмүр бою ушинтип салыштыруу менен жашагым келбейт. Өңү тамчы суудай окшош адам менен жашап, бирок ал Аскат эмес экенин ойлоо мага оор. Сенден башка адам менен аны батыраак унутушум мүмкүн. А сен менен аны унута албайм. Экөөң ушунчалык окшошсуң, бирок ушунчалык башка адамсыңар. Сенин жаныңда күнөөм эки эсе оор сезилет. Мен антип жашай албайм. Мен Аскатты сенин жаныңда унута албайм. Азирет башын мыкчый отуруп калды. Ачуу, ыза, өкүнүч чогулуп келип башына тээп жиберди. Алдастаткан ачуудан улам менменсинген текеберлиги, намысы ойгонуп, тез чыйрала өзүн колго алды. Ордунан ыкчам туруп кийинип болду да, Бегимайга адатынча мыскыл тиктеп калды.
– Бемуль, сен өтө эле ашыкча ойлонуп кеттиң. Эс ал, бул жерде эч кандай драма жок. Мен сени жөн гана пайдалангым келген. Мени билесиң го, ушундаймын. Бүгүн сен, эртең Алина, бүрсүгүнү дагы бирөө... Бул нерсеге анчалык маани бериштин, атүгүл көз жаш төгүштүн кереги жок. Мындай түндөр акыркы эмес, мен үчүн. Баса, сен үчүн да акыркысы эмес. “Мына эми, Азирет, өзүңө келдиң” деп ойлоду ичинен өкүнүч аралаш. А көздөрү эч нерсе болбогондой, кадимкисиндей күлүңдөп, мыскыл жылмайып турду.
– Туура айтасың, балким, Аскат менен болгон түн өтө башкача болмоктур. Ким билет?- деп ийинин куушуруп койду.
– Азирет, жетишет, суранам сенден, эч нерсе дебе...- деди Бегимай жаш аралаш. Азирет ишенимдүү арыштап чыгып кетти. Эшиктин шарт жабылганын угуп, кыз елейип туруп калды. Жүрөгүндө бир коркуу сезими пайа болду.
Ушул окуядан кийин Азирет өзгөрүп кетти. Болгон күчүн, ызасын кыздар менен көңүл ачкандан, түнкү клубдардан чыгарчу болду. Мурун эле урушка жакын жаны эми күн сайын мушташмай, көзү көгөрүп келмей. Атасынын сөзү да, апасынын ыйлаганы да таасир эткен жок. Мариям гана энелик жүрөгү менен бул эркелик же көпкөндүк эмес, түпкү маселе башкада экенин сезип жатты. Азирет эртең менен ойгонсо, башы жарылып кетчүдөй болуп калган экен.
– Эй, бул үйдө жан адам барбы?- деди бийик үн сала. Эч ким жок экенин байкап сыртка чыкса, атасынын айдоочусу бир нерселерди кылып жүргөн экен.
– Азирет, Мариям эже Аскаттын мүрзөсүнө кетти. Ар бейшемби сайын эле барат го. Сени ойгонсо айтып кой деген эле. Ошондо гана апасынын “эртең куран окутуп келеличи, балам, Аскаттын күмбөзүнө” дегенин эстеди. Кийинип, жуунуп алып бейит башына жөнөдү. Келсе, апасы убараланып көчөт отургузуп жаткан экен.
– Бул эмне, апа?
– Ак кайың өстүрүп коёюн дедим. Көлөкө береби деп ойлоп...
– Уфф, апа, жердин алдында жаткан адамга көлөкөбү, көлөкө эмеспи, баары бир эмеспи.
– Мен уулум үчүн тирүүсүндө эч нерсе кыла албадым. Жок дегенде арбагы үчүн эми бир нерсе кылганга акым бар го дейм. А сен... Сага эмне болду? Сенин күйүтүңдүн себепчиси да Аскат болуп жүрбөсүн...
– Апа?!
– Эгерде баары мен ойлогондой болсо, сеники туура эмес, балам. Ал кыздын жүрөгү Аскат деп соксо, эгизи болгон үчүн эле сен деп согуп калбайт.
– Апа, мен сүйүүгө татыктуу эмесминби? Бул туура эмес, апа. Менин абалымды эч ким ойлогусу жок. Мен... Апа, ал “сени менен жашап, Аскатты ойлобой коюу мүмкүн эмес” деди. Мен ансыз жашай албайм. Ал болсо мени көргүсү жок. Билбейм, түшүнбөй калдым ал кызга. Эмне кыларымды билбейм. Айтчы, апа, кандай кылам? Ким күнөөлүү буга? Мариям унчукпай уулунун чачтарынан сылай берди.
Мариям уулунун чачтарынан сылай берди.
– Мен күнөөлүүмүн, балам. Аскат экөөңдүн эки жакта өскөнүңөргө мен күнөөлүүмүн. Уулдарымдын тагдыры мындай болуп калат деп ойлогон эмес элем. Бегимай тууралуу атаңдан көп уктум. Атаңдын айтымында, ал кыздын жүрөгүнө терең тамырлаган сезим экен. Көп жолу көрүстөнүнө келип, ыйлап отурганын көрүп, “жаңы жашоо башта” деп урушуптур. Мезгил баарын дарылайт, бир аз сабырдуу бол, балам. Мен сабырсыздыктын айынан үчөөңдүн тең убалыңарга калдым. Кимдир бирөөнүн жакындап басып келе жаткан кадамынан Мариям менен Азирет кылчайып калышты. Колуна гүлдесте кармаган Бегимай келе жаткан экен. Үчөөнүн тең оозунан сөзү түшүп, бирин-бири тиктеп туруп калышты.
– Саламатсыздарбы?
– Кандайсың, кызым?
– Мен силердин да бул жакка келгениңерди билген эмесмин. Болбосо башка күнү келет элем,- деди Бегимай кысыла эки жагын каранып. Азиреттин өрттөнүп тиктеп турган көздөрүнөн каректерин ала качты.
– Эмнесине кысыласың? Бизге караганда сага жакын адам. Туурабы, апа, анын үстүнө биз кеткени жатканбыз,- деди кыжырланганын жашыра албаган Азирет.
– Балам, сен бизди жалгыз калтырчы. Биздин сөзүбүз бар эле,- деди Мариям аста гана. Аргасыз басып кеткен Азиреттин аркасынан тиктеп туруп, Бегимай акырын улутунуп койду. Колундагы гүлдестесин коюп, Аскаттын сүрөтүн алакандары менен сылап, бир нерселерди айтып жатты. Муну көрүп турган Мариямдын каңырыгы түтөсө, обочого барып аларды тиктеп турган Азиреттин айласы биротоло кетти. Мариям менен Бегимай бир топко үнсүз отуруп калышты.
– Кызым, Аскар силер тууралуу мага көп нерсе айтты. Мен сенин абалыңды жакшы түшүнүп турам. Бирок сага бир нерсе айткым келет. Азиреттин сага болгон сезими таза... Бир дагы кызга уулум ушунчалык күйүп-жанган эмес эле. Ал сыртынан гана ушундай көрүнгөнү менен, ички дүйнөсү өтө назик. Бегимай Мариямды кыжалаттана тиктеп алды.
– Сиз тууралуу Аскат мага эч нерсе деп айткан эмес. Бирок ал энелик мээримге зар болуп жүргөнүн мен сезер элем. Кээде гитараны ушунчалык муңдуу чертип, апалар тууралуу ырдап калчу.
– Мен өз күнөөмдүн жазасын жетишинче тарттым. Меникиндей тагдырды эч кимдин башына салбасын. Андыктан күнөөмдү эске салып, мага оор кылыштын кажети жок.
– Туура, меникиндейди да эч кимдин башына салбасын. Менин жарамды сыйрыштын да кереги жок. Мени жалгыз калтырыңызчы, суранам. Жакында алыс жакка кеткени жатам. Бүгүн атайын Аскат менен коштошуп алганы келгем. Суранам сизден, жалгыз калтырыңыз бизди. Мариям ордунан туруп кеткенге аргасыз болду. Машинада отурган Азирет апасынын кубарган жүзүн байкады.
– Эмне деди, апа?
– “Кеткени жатам, коштошуп алайын деп келгем” дейт. Азирет жиндене рулду колу менен уруп-уруп алды.
Ушул окуядан кийин бир топ күн өттү. Күзгү жалбырактар сапырылып, суук катуулап келе жатты. Чарбактагы бир аз жемишти үзүп, үйгө киргизип коёюн деген Мариям короодо убараланып жүргөн. Жанына келген Аскарды эми байкап, жылмайып койду.
– Сени байкабай калыпмын...
– Убакыттын өткөнүн кара, кечээ эле жай эле,- деди Аскар кайгылуу.
– Ушинтип өмүр өтө берет. Күз келет, анан кыш... Кечээ эле экөөбүз тең жаш элек. Жээкке урулган чамындыдай эки жакка бөлүнүп калабыз деп ойлободук эле. Көрсө, ушунун баары турмуш экен. Бирок мен тагдырыма ыраазымын, Аскар. Ачуусу, таттуусу болду. Азирет бар, Аскатыбыз бар эле.
– А биз, биз ушул бойдон эле кала беребизби? Аскар келгенден бери биринчи жолу Мариямдын жүзүнө тике карап, саамайынан аста сылады.
– Жакын болуп туруп алыс, өз болуп туруп жатка айланып кала беребизби? Мен буга макул эмесмин. Биз үчүн деле Жараткандын бир аз мээрими калгандыр. Көп жылдан кийин экөөбүз бекер жолугушпагандырбыз. Ыя, кандай дейсиң? Мариям саамайын, жүзүн сылап жаткан Аскардын колдорун алып өөп, энтиге ыйлап жиберди.
– Неге ыйлайсың?
– Сени кайра тапканыма. Бөксөсү толбой келген жан дүйнөмдүн толгонуна ыйладым. Аскар Мариямды бооруна кыса кучактады. Алып учурган күзгү жалбырактын арасында бири-бирин тапкан эки адамдын жүрөгү кайрадан биригип, бирдей ыргакта согуп баштады. Бул жаңылык Азиретти да кубантпай койгон жок. Атасы менен апасын алмак-салмак тиктеп туруп, адатынча тамашалай берди.
– Уфф, мен силерди дагы далай аңдышып жүрө береби деп корктум эле. Куттуктайм, баса, мени да куттуктасаңар болот,- деди шоктоно көзүн кысып.
– Эмне менен?- деди атасы чочуй. Мариямдын жүрөгү бир нерсени сезгендей нес боло тиктеп калды. Дагы эмнени баштаганы турат дегендей сактануу менен карады. Азирет ичинен кыйналып турса да, апасына жадырап күлүп турду.
– Кийин айтам, апа. Жөн эле куттуктай бергиле.
– Дагы эмнени баштаганы турасың?
– Ой, апа, мен жөн эле айтып койдум. Баары жакшы, балким, жакын арада келиндүү болуп калышыңар да мүмкүн деп ойлоп жатам.
– Уулум, бул маселе оюнчук эмес. Жакшылап ойлонуп иш кылышың керек. Куру намыс жигиттерде күчтүү өнүккөн эмеспи. Азиретти сүйүү азабынан да, Бегимайдын баш тартып кетиши оор абалга таштады. Бир аз эле убакытка ойлонуп туруп кадам жасаса, балким, Бегимай да өзүнө келип калар беле?.. Аялдык ийкемдүүлүк басымдуулук кылып, балким, жакшы да көрүп кетмектир. Бирок Азирет ага убакыт бере койбоду. Мурункудай эле Алина болуп чогуу жүрүшүп, сүйлөшүп жатышты. Азирет Бегимайдын жаралуу жүрөгүн оорутуп, жети атасынан берки өчү бардай кереги жок жерден кекээр сүйлөп, ого бетер жанын кыйноого салып жатканын билген жок. Ошентип өч алам деп ойлоду. Бирок бул анын тагдырындагы эң чоң жаңылыштык болгонун кечигип билди.
– Бема, Бема, сени кандай гана сагынам болду экен?- деди Алина Бегимайдын чемоданга иреттүү салынып жаткан кийимдерин карап.
– Эй-й, мен эмне, биротоло кетип жаттым беле? Көпкө апамдарсыз мен деле чыдай албайт болушум керек. Келем бат эле.
– Бема, чынын айтсаң, эмнеге Америкага кетип жатасың?
– Бир аз атмосфераны өзгөртүп, өзүмө келейин деп ойлодум. Мен катуу кыйналдым, көп ыйладым, Алинка. Эми бактылуу болгум келет, баарын унутуп. Жашоомду башкача баштагым келет. А бул жерде баары мага Аскатты эске салат. Экөөбүз жүргөн көчөлөр, экөөбүз барган жерлер... Алина Бегимайды кучактап калды. Чын эле, жакын курбусу гана эмес, бир тууган эжесиндей эле жакын болчу.
– Макул, сенин айтканың да туурадыр. Чын эле, кыйналып жүрөсүң. Бирок мен сенсиз кантер экем?
– Эч нерсе эмес, көнүп кетесиң. Жаныңда Азирет бар эмеспи. Ал сага мени эстете койбостур. Мага таарынып жүрөт...
– Мен дагы байкадым. Сен жокто жакшынакай эле жүрөт да, сени көрсө эле атырылып жиндеп чыга келет. "Жакында бир сюрприз кылам" деп жүргөн ал. Билбейм, эмне камдап жатканын.
– А мен анын апасын көрдүм...- деп бараткан Бегимай токтой калды. Мариямдын "Азирет бир да кызды сенчелик жакшы көргөн эмес. Сыртынан мындай көрүнгөнү менен, ички дүйнөсү өтө назик" дегенин эстеди. Негедир ушул сөздү көп эстечү болду...
Врачтын жыйынтыгы чыккан жука барак Бегимайдын колунда дирилдеп, ансыз да чоң көздөрү чанагынан чыга жаздайын деп отуруп калды. “Кош бойлуу!” Врачтын сөздөрү кулагына жаңырып жатканы менен, бул түшүнүктү акылы, сезими таптакыр кабыл ала албай турду. Кызыгы, ушул абалында да биринчи оюна келген адам Аскат болду. “Аскат, не кылып койдум? Кантем?” деп жатты чырылдап көмөк издей. Өңүнөн кетип, тизелей отуруп калган жаш кызды кимдир бирөө аяй карап, экинчиси кызыга тиктеп өтүп жатышты. Бегимай эптеп машинасына жетти да, башын рулга жөлөй отуруп калды. Дагы деле аң-таң... “Ушундай да болушу мүмкүнбү? Бир гана түн! Мен тагдырдан качканым менен, баары бир Азиретке тартылып жатам. Азирет муну билиш керек!” Оюна ошол нерсе келгенде сүйүнүп кетти. Дароо телефонун тере баштады.
– Азирет, мен сага тез жолугушум керек. Бир жагдай болуп калды.
– Аа, жакында учат деп уктум эле сени. Не болду анчалык шашылыш?
– Бул... бул телефондон айтыла турган сөз эмес.
– Алина экөөбүз кафеде отурган элек. Бизде да бир чоң жаңылык бар. Бирок аны Алина өзү айтсын. Кезикчү жерди болжошкон соң телефон коюлду. Бегимай машинасын айдап жөнөдү. Дал ушул күндөгүдөй, ушундай эч качан ашыкпаса керек. Ичиндеги бир күч аны алып учуп, жүрөгү бир нерсени сезгендей аптыгып шашып баратты. Машинадан чыгары менен өзүнө кучак жая чуркаган Алина көзүнө урунду.
– Ураа-а! Бема, Бемуль, мен кандай бактылуумун! Мен... Азирет экөөбүз ушул айда үйлөнө турган болдук...- деп келип кучактап калды.
– Ыя? Алишка, не дедиң?
– Бизди куттуктасаң болот, мына, Азирет мага шакек салды... “Булар не деп турат?! Чынбы?” Бегимай эңги-деңги болуп эч нерсе айта албай, буттарынан ал кетип теңселе түштү.
– Бема, сага эмне болду?- деп чебелектеген Алина сууга чуркап кетти. Өзүн тынчсыздана тиктеп турган Азиретке Бегимайдын көздөрү туташа түштү.
– Ушундай дечи,- деди эриндери араң кыбырап.
– Сенин сүйүүң ушунчалык эле беле? Ушунчалык туруксуз, кыска беле?
– Ооба, дал ошондой болчу.
– Мен... мен дагы кечигип калдым.
– Эмнеден? Эрдин кесе тиштеген кыз муңайым жылмайганы менен, көздөрүндө жаш мөлтүлдөп баратты.
– Мен дагы кечиктим. Мен дайым эле кечигип басып жүрөм. Апам, атам, досторум, баары “кечигип эле жүрөсүң, Бема” дешип ушул сапатымды жактырышчу эмес. Аскат гана канча кечиксем да күтүп, кышында тоңуп, жайында акактап, токтоо жылмаюусунан жазбай тура берчү. Ал жок эми... Андыктан бир жолу кечикпейин деп катуу ашыккам, бирок болбоду. Кыз өксүп ыйлап жатты. Азирет да ыйлады. Кучакташып ыйлашты. Бири оозунун учунда турган “сен экөөбүз балалуу болобуз” деген сөздү айта албай, бири “мен сени чексиз сүйөм” дегенди айта албай ыйдан күчүн чыгарып жатышты. А сыр ошол боюнча айтылбай калды. Азирет менен Алинанын тою болду. Колуктунун курбусу болгон Бегимай ошол күнү көркөм да, ары муңайым да болчу. Эртеси эле күнү аны жакындары, Азирет, Алина болуп аэропорттон узатып кала беришти. Чет өлкөдөгү Бегимайдан каттар келип жатты. Жакшы иштеп жатканы, ден соолугу, окуусу тууралуу кенен жазчу. Азирет өзү да байкабай андан кабар күтөр эле. Күндөрдүн бир күнүндө Бегимайдан таптакыр кабар болбой кетти. Анткени ай-күнү жакындап калган эле.
– Уул!- деп кубанычтуу үн каткан акушер айым бети тамылжыган Бегимайдын көкүрөгүнө баланы жаткыра берди. Уулун абай караган Бегимай аргасыз жылмая берди. “Аскат!” деди ичинен. “Атын Аскат коём!”
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев