12-БӨЛҮМ.
.... Шагылдуу жээк, туздуу деңиз, шамалдуу аба... Мунун баары мен үчүн чоочун. Атүгүл бул өлкөнүн жүздөрүнө бакыт толтуруп алгандай жылмая караган эли да чоочун. Мен өзүмдүн тагдырымдан, өзүмдүн мендигимден адашып калган сыяктуумун. Чындыгында, адашып калдым. “Киммин мен?”, “кайда баратам?”, “эмне кылып койдум?” деген суроолор... Арийне, бактылуу күндөрдөн да куру эмесмин. Уулумдун көздөрүн тиктеп туруп бакытка батып кетем. Быйтыйган колдорун сербеңдетип мага күлмүңдөй карайт. Кызык, бардык эле ата-энеге өз баласы сулуу көрүнөбү же меники башкачабы? Бирок менин уулум өзгөчө. Атасы... Жок, жок. Мен ал тууралуу эч нерсе деп жазбайм.Түшүмө көп кирет. Кыйналып жүргөнбү деп коём. Аскат болуп башталып эле, Азиретке айланып кеткени жаман. Мен качам. Экөөнүн тең жүзүнөн качам. Кудай тилегимди бердиби, уулум өзүмө окшош. Рахмат, Жаратканга, менин дагы бир күнөөмдү элден жашырганга жардам берди. Ден соолугум да бул жакка келгени өзгөрүлүп кетти. Мурун чүчкүрүп да койбогон Бегимай эми оорудан башы чыкпайт. Балакай уктап жатат, апасынын абалын билбейт көрүнөт, билбегени жакшы. М-м, дагы эмнени жазсам?.. Апам менен атам мага таарынычта. Ал тууралуу да жазгым келбеди. Дагы эмнени жазсам экен?.. Күндөлүгүнө шыпылдата жазып жаткан Бегимай калемин эрдине алып барып ойлоно калды. Уулун таптап койду эле, апасынын колдорун туйгандай кабагы жазыла түшүп, эрдин “бүлк” эттире уктап калды. Күндөлүк бул жакка келгенден бери Бегимайдын жападан жалгыз сырдашы, таежесин эсептебегенде. Мээримин, кеңешин айткан таежеси Айнур Түркияга келип жашап калганына көп болгон...
Кичинекей бөпө кайрадан чукуранып жиберди.
– Аскоо, сага эмне болду? Мен бул жактамын, коркуп кеттиңби? Көздөрүн алаңдата тура калган балакай апасынын үнүн угуп жоошуп калды. Түн узак. Узак түндү ого бетер узак кылган Бегимайдын тынчсыз ойлору. Бир кезде Кыргызстандан кетип калып бардык маселени чечем деп ойлогон эле. Апасынын көз жашына, атасынын кой дегенине болбой келе берген. Жагдайды ошол учурда эле түшүндүрүп айтса, балким, алар мынчалык катуу болушмак эмес. Бардыгын өзү чаташтырып алды. Боюнда бар экенин билип, бул жакка келгенден кийин эч кимге билдирбей жүрүп төрөдү. Бир гана Айнур эжеси билген, “кой, атаң эртең укса экөөбүздүн тең башыбыздан сылап койбойт. Айталы кеч боло электе” деген сайын көгөрүп туруп алган. Уулу төрөлгөндөн кийин айла жок Айнур эжеси ата-энесине айткан экен. Ошондон кийин атасы менен апасы катуу таарынычта. Жок, бул бүгүн таарынып, эртең унутуп кала турган нерсе эмес эле. Бул ата-эненин жүрөгүнөн кеткис так, намысты тебелеген жосунсуз жорук. Анткени экөө тең кызына терең ишенчү, эч качан мындай жорукка барбайт деп ойлошчу. Ийинине түшкөн жүктүн баарынан оору ушул болчудай болуп калды. Ийинин дирилдете улутунуп алды да, кайрадан көз алдынан шурудай чуурган элестер менен алыша баштады. Азирет менен Алинанын тою! Негедир ошол күнү Азиреттин көңүлү куунак сезилди. Бегимайдын биринчи жолу кызганыч жүрөгүн таарып өттү. Аскатты да мынчалык кызганчу эмес. Деми буулуп, карагаттай көздөрүнөн жаш мөлтүлдөп кетти.
– Бактылуу болгула! Кандай жарашкан түгөйлөр!
– Ылайым бактылуу болушсун...- деген туш тараптан айтылган сөздөр. Апакай көйнөк кийген Алина Бегимайдын абалын байкады. Анын жадыраган көздөрү, өзүн аяп караган көз карашы ого бетер кыжырын келтирип, жанынан качып кеткиси келип жатты. Ансайын Алина жабышып... Жашоосундагы эң оор күн ушул болду чамасы. Карама-каршы ойлор, сезимдер чулгап алды. Биринчи жолу көп жылдардан берки жалгыз гана сырын бөлүшүп келген жан аягыс курбусун жек көрдү. Бактылуу жүздөрү менен тиктеген Мариям менен Аскарды жек көрдү. Өзүн, дегеле курчап турган адамдарды, ааламды жек көрдү. Кимдир бирөөнүн каардуу колу өзүн ушунчалык шылдың кылгансып, тагдыр аны менен ойноп жаткансып жаны кашайды. Бирок анын абалын эч ким, жадакалса апасы да байкабады. Муңайым жылмайып турган кыздын ичинде кандай бороон каптап жатканын кайдан байкашсын?! Тойдон эрте кетип калды. Анткени эртеси башка өлкөгө учуп кетиши керек эле. Үйүнө келип, үстүндөгү кийимдерди да чечпей керебетке кулады. Акылдын, күчтүн жардамы менен басылып турган сезимдер жашка айланып жаздыгын суулап жатты.
– Макул, сен кечирим сураганга мүмкүнчүлүк бербедиң, Азирет. Бирок эми сен дагы мендей ыйлайсың. Эч качан, эч убакта балаң бар экенин билбейсиң. Сенин жазаң ушул болот. Эртеси аэропортко узатканы Азирет, Алина, Аскар келишти.
– Сапарың байсалдуу болсун, кызым. Мен сага бакыт гана каалайм,- деди Аскар аны эркелете тиктеп.
– Телефон чалып тур, бизди унутпа...- деди Алина адатынча мойнуна асыла калып өөп жатып. Ал эми Азирет үн катпады. Көздөрүнүн тереңинде күйүп-жанган бир түшүнүксүз учкунду байкады. Ушундай болду... Жаралуу элик жанына даба издегендей Бегимай да алыстан бакыт издегиси келген. Ушинтип чырмалышкан бул түйүндөн кутулуп кетем деп ойлогон. Бирок андай болбоду. Ата-энесине да бала тууралуу эч нерсе деп айткан жок. “Ата, апа, мени кечиргиле. Мен мындай тагдырды каалаган жок элем, бирок ушундай болуп калды. Кечиргиле мени. Баламды өзүм чоңойтом” деди болгону жаш аралаш. Атасы үнсүз укту да, телефонду өчүрүп койду. Апасы гана кабарлашпаса атасы ошол боюнча сүйлөшкөн жок. Апасы деле өзүнүн, баланын ден соолугун супсак сурайт да, телефонду коюп коёт. Ушундай күндөр өтүп жатты.
Сырттан кирип келген Айнур отурган боюнча уктап калган Бегимайды аяй тигилип, чачтарынан акырын сылады.
– Тур, кызым, ушинтип да уктайбы?..
– Бала түнү менен ыйлактап чыкты. Терметип жатып уктап калыпмын...
– Жүрү, ал уктап жатканда тамак ичели. Айнур жалгыз бой аял эле. Акылдуу, сезимтал жан Бегимайдын абалын жакшы түшүнүп турду.
– Бема, апаң “баланы мен багайын, өзү калып иштесин” дегендей кылды өткөндө...
– Апамбы? Ошенттиби?
– Ооба, сен азыр бир нерсеге аралашып иштеп кетпесең өзүңө кыйын болчудай. Санаа деген жаман, ооруп калышың да мүмкүн. Орусча, түркчө, англисче жакшы билесиң, бул жакта сага...
– Жок, баламды эч кимге бере албайм.
– Анда жок дегенде сыртка чыгып, өзүңдү карап, турмуш менен алаксы.
Канчалык аракет кылганы менен таежеси Айнур Бегимайды алаксыта албады. Ошентип күндөр өтүп жатты. Бегимайдын тагдырына жолукчу адам деле көп күттүрбөдү. .. Деңизди жара тилип алдыга умтулуп бара жаткан яхтада эл көңүлдүү. Теңтуштары менен келгендер ортого чыгып көңүлдүү бийлеп, каалагандар күнгө кактанып, кээ бирлери уктап, айтор, эс алууда. Деңизди телмире тиктеп турган узун бойлуу, келбеттүү кыз көп элдин арасынан Мураттын көңүлүн бурду. Ал айланасындагы элге да, будуң-чаң болуп бийлеп жаткандарга да көңүл бурбады. Капкара, узун чачы желге желбирей алыска тигилет. Жүзүн көргөн жок. Бирок турган турушу менен назик, кол менен кармагыс аруу, анан дилин жылыткан бир жакындык сезилди. Жанына жакын баргысы келди. Ордунан туруп, эми жакындай бергенде кыз дагы бери бурулуп калды. “Кыргыз кыз го бул?” деп ойлоно түшүп, алдыга умтулду. Кыз эми гана жүзүн буруп, өзүн тиктеп турган жигитти көрдү. Бирин-бири эбактан таанып жүргөндөй жылмая беришти.
– Кыргызстандын илеби уруп жатканын байкап, сизге бет алдым эле,- деди Мурат күлүмсүрөй.
– Саламатсызбы, мен дагы сиздин биз жактык экениңизди дароо байкадым.
– Анда таанышып алалы. Менин атым Мурат. Нарындан болом.
– Бегимай, достор үчүн жөн гана Бема. Узун бойлуу, жагымдуу сүйлөгөн, кадимки кара тору кыргыздын жигити. Жүрөгүнө тааныш, дилине жакын сезилди. Бегимай ушул учурда эли-жерин сагынганын туйду.
– Кайдан бул жакта жүрөсүз?
– Студентмин. Бул жакта окуп жүргөнүмө көп болду. Эми, буюрса, дипломду быйыл колго алып, мекениме кайтам деп турам. А сизди кайсы шамал айдап? Же эс алып келгенсизби?
– Аа, менби, мен... Мен жөн эле саякаттап жүрөм. Саякатчы бакамын... Бегимай муңайым жылмайып койду. Ушул сөздөн, ушул көз ирмемден Мурат анын жаралуу жан экенин туйду. Андан аркы жагын такып сураган жок.
– Мен да бул жакка келгенде бир топ кыйналгам, кийин көнүп кеттим. Эмнегедир мага азыр бул жер Кыргызстандай эле жакын туюлат.
– А мен баары бир көнө албайм го, канча жыл жашасам да. Өзүм ушундай адаммын. Өткөнүн тез унутуп, жаңы жашоо менен жашап кеткен адамдар болушат эмеспи. А мен, тескерисинче, артка кылчактай берем. Деңиз чалкып жатат. Аалам жапжарык, күн мээримин төгүп турат. Мурат менен Бегимайдын сөздөрү дале бүтпөйт. Бегимайдын тагдырына Мурат ушинтип жолукту. Ал али көп нерсени билбейт эле. Өзүнүн тагдырын бул кыз кандайча өзгөртөрүн, ошол жолдо азабы да, жыргалы да болорун, жашоосундагы эң чоң сыноо – ушул назик жанга тагдырын байлаганы болорун билбеген. Бир билгени, кыздын капкара, табышмактуу каректери гана...
Азирет эртең мененки уйкусунан ойгонуп-ойгоно электе эле Алинанын кубанычтуу үнүн эшитти.
– Ази, Ази, турсаң, сага сүйүнүчтүү кабарым бар. Күчүнүн барынча жулкулдата, чачтарын уйпалай, жүзүнөн өпкүлөгөн колуктусун таң кала карады.
– Ауу, сага эмне болду?
– Турсаң эми, сага сонун жаңылык айтам.
– Ууф, саат канча болду? Көздөрүн ушалай саатты караган Азирет жуурканын кайра чүмкөнө берди.
– Алинка, суранам, жайыма койчу. Саат 6 эми болуптур. Жаңылыгыңды анан деле айтсаң болот. Мен эч кайда качып кетпейм. Алина жаш балача таарына отуруп калды. Бир аздан кийин бактылуу жылмая колундагы кош бойлуулукту далилдөөчү тестти аяр сылап алды.
– Азирет, жаным менин, уйкучум десе. Макул, уккуң келбесе деле баары бир айта берем. Анткени сен дагы бул нерсени күтүп жүргөнсүң. Мен...
– Алина дейм, уктайм!
– Азирет, бир эле сөз айтып коёюнчу. Анан уктайсың... Айласы кеткен Азирет ордунан обдулду.
– Жабышчаак, кана эми айтчы.
– Муну көрдүңбү?- деди колундагы тестти булгалаган Алина.
– Эмне экен ал?
– Макоо, бул деген тест. Эми экөөбүз ата-апа болобуз. Менин боюмда бар! Күлүңдөп колун булгалап жаткан Алинаны тиктеп туруп Азирет оозун ачып калды.
– Кандайча?
– Ушундайча эле.
– Коё турчу, сен чын айтып жатасыңбы? Биз чын эле балалуу болобузбу?
– Балалуу болобуз. Азиреттин оозунан сөзү түшүп калды. “Бала, мен балалуу болом!” Өзүнүн үйлөнгөнүн, эми биротоло Алинага байланганын бүгүн сезди. Кубанып, өзүн жадырай тигилип турган келинчегин бооруна кыса:
– Куттуктайм, Алишка, мен сени жакшы көрөм,- деди күбүрөй.
– Эмнеге “мен сени сүйөм!” деп эч айтпайсың?
– Мен сени жакшы көрөм!
– Болуптур, азырынча жакшы эле көрүп тур. Кийин сүйүп каласың. Көрөсүң го, сүйдүрүп алам,- деди Алина акырын. Азирет үй-бүлөсүнө карамдуу, боорукер чыкты. Келинчегине бир да жолу катуу айтып көңүлүн калтырып же кабак чытып көрө элек. Ар дайым Алинага кубанычтуу жүзү менен карайт. Аялы эмес, секелек кыздай чачтарын уйпалай эркелетип, колуна көтөрүп алат. Эмне кааласа баарын аткарат. Сыртынан караган адамга экөөнүн бактысы ченемсиз эле. Бирок жигиттин жүрөгүндө бир сагыныч турганы турган. Күчтөп басаңдата албаган же колу менен алып сала албаган бир түпөйүл сезим аны кыйнай берет. Ал сезим эмне экенин, кимди сагынып жатканын аягына чейин ойлонгусу жок, анда эле кайрадан капканга түшүп, чабалактап чыга албай каларын билет. Бирок тымызын, көңүлүнүн тээ түпкүрүндө “Бегимай” деген ат жашынып турганын, андан эч качан, эч кайда качып кутула албасын сезет. Сезгенде эмне? Куду кумга сиңип кеткен суудай жоголду. Ата-энесине чалып сурады эле, алар кабактарын салып жакшы жооп беришкен жок. Ушундай абалда жүргөн учурда “балалуу болосуң” деген нерсе жан дүйнөсүн дүрбөлөңгө салбаспы.
– Алиш, а биз ата-эне болгонго даярбызбы?- деди кучагындагы келинчегинин чачынан сылай.
– А эмне болду? Сен баланы каалабай жатасыңбы?
– Би-билбейм.. .
– Азирет, баары жакшы болот. Кандай сонун, биздин балабыз болот. Чоң ата-чоң энеси сүйүнөт. Өткөндө атам “мен неберелеримди өзүм жетелеп бакчага алып барам” десе, апам “эч кандай бакчага бербейм, өзүм эле тарбиялайм” деп талашып жатышкан. Кызык, али эч нерседен кабары жок деп алардын жоругуна күлгөм. Эми тез эле... Алинанын бактылуу жүзүн карап, Азирет да жылмайды. Бул ушундай жан. Жүргөн жери күлкү, шаттык, майрам. Эч кимге кабак салып карабайт, жадырап жүргөнү жүргөн. Кийинки бөлмөдө Аскар менен Мариям таң азан ойгонуп, өз бактыларына мас болуп турушкан эле. Алар 23 жылдан кийин кол кармашып чогуу жашоону чечишкен. Күн өткөн сайын жүрөктөгү таарынычтар унутулуп, бири-бирине сүйөнүп, ал тургай бир аз убакытка көрбөй калышса сагынышып кетчү болушту. Молдого нике кыйдырып, тойчук жасап үйлөнүшкөнүнө аз эле болгон.
– Мариям, жүрөгүмдүн дүкүлдөгөнү сага угулуп жатабы?- деп калды Аскар.
– Ии, аттын дүбүртүндөй дүкүлдөйт.
– Жүрөк карыбайт тура, көрсө, көңүл карыбайт экен да. Мен сени 23 жыл мурункудан да ашыгыраак сүйөт окшойм.
– Анда жаш элек, көп нерсенин баркын билбейт болчубуз. Эми жашоонун чыныгы бакыты эмнеде экенин сездик. Бактыбызга жеттик. Билесиңби, мен өткөн өмүрүмдү эстеп, сенсиз бир дагы мүнөт бактылуу болбогонумду түшүндүм.
– Айтпа, аларды эч эстебе. Мен дагы эстебегенге аракет кылам. Аскат каза болгондо мен өмүрүмдү жоготуп алгам. Азиретти тапканымда өмүрүмдүн жартысын кайрып алгандай сездим. Эми сени менен мен өмүрүм толук, өксүгү жок экенин байкадым. Аскар Мариямдын колдорунан өптү.
– Балдардын үнү чыгып жатабы? Алар кеч турушчу эле го...
– Азирет “бүгүн жумушумда зарыл иштер бар” деп жаткан...
– Кой анда, туруп тамак даярдайын.
Бактылуу үй-бүлө эртең мененки тамакка чогулушту. Жүзүнө кубаныч толкуп турган Алинаны бир тиктеп алып Мариям жылмая берди.
– Сага эмне болду, кызым?
– Силерге жакшы кабарыбыз бар, апа.
– Алина!
– Айтса болбойбу, Азирет?
– Биринчи так билип, анан айтыш керек да.
Жүзү кызара уяла түшкөн Алинаны көрүп Мариям менен Аскар бирин-бири тиктеп жылмайып алышты.
Бегимайдын түшүнө Аскат кирди. Кадимкисиндей эле. Мээримдүү жылмайганы да ошол боюнча. Баш жагына тизе бүгө отуруп, жүзүнөн аяр сылай берди.
– Кыйналдың, ээ, кыйнадым сени... Арты ушундай бүтөрүн билген эмес элем.
– Аскоо...
– Мен сага кайгы гана алып келдим. Кечир...
– Андай эмес, сен мага эч ким бере албаган сүйүү бердиң. Ошондуктан унута албай кыйналып жүрөм. Карачы, жаман кыз болдум. Уулдуу болдум. Туура эмес иш кылдым, Аскат. Бирок боюман алдырганга, бул наристеден кутулганга такыр эрким жетпеди. Алсыздык кылдым. Жаман сөз, жаман көздүн баарын көтөрүп, баламды жарык дүйнөгө алып келгим келди. Сүйүүдөн эмес, каталыктан жаралган болсо да, менин жүрөгүм ушул ишти буюрду. Ушунун баары сен жанымда болгонуңда болбойт эле.
– Жок, бул сүйүүдөн жаралган бала.
– Аскат?!
– Бечарам, сен дагы деле өзүң түшүнө элексиң. Сен Азиретти сүйөрүңдү дагы деле мойнуңа алгың келбейт. Арийне, өлүктүн азабын тарткандан тирүүнүн азабын тарткан оор. Ошондуктан “мен Аскатты сүйөм” деп ойлойсуң. Мен сенин жашооңдон, сенин жүрөгүңдөн Азирет келген күнү эле кеткем. Ошону өзүң түшүнө албадың. Башың айланып, экөөбүздүн ортобузда чайналып калдың. Жаңылыштыктын аркасынан жаңылыштык жибердиң. Эми сага эмне деп кеңеш беришимди билбейм.
– Жок, Аскат, мен сени... мен сени гана сүйөм! Аска-ат!- деп кыйкырып жатып ойгонуп кетти. Өзүнүн кыйкырыгынан жанында жаткан баласы да ойгонуп кетти.
– Чүш, балакай... Мына мен жаныңдамын. ..
Муун-жүүнү калтыраган Бегимай Аскат азыр эле узап кеткенсип терезени жалт карап алды. Бала дагы деле ыйлай берди. Колуна алып, бөпөнү алдейлеген Бегимай акырын шыбырады.
– Акырын, балам. Мен өзүм чочуп кетип, сени коркутуп албадымбы.
Баланы эмизип, кайра керебетине жаткырган соң Бегимай анын жүзүнө көпкө тигилип отура берди. “Сүйүүдөн жаралган! ” Бегимайдын өзүнө да белгисиз болуп мыжыга берген чындык калкып чыга келди. Жок, тагыраагы, ал сезимди өзү мойнуна алгысы келген эмес. Адам сүйүүдөн катуу жабыркаса, кайрадан кимдир бирөөнү сүйүү ал үчүн оор болот. Кайрадан жоготуу азабын тарткысы келбегендиктен, Бегимай Азиретке болгон махабатын учурунда түшүнбөй калган эле. Ал эми түшүнгөндө өтө кеч болуп калды. Эч кимге, ага чейин жолуктурган эч бир жанга окшош эмес эле Азирет. Ошол сапаты менен кыздын жүрөгүнө чок таштаган. Ал чок жалбырттап күйүп, жан дүйнөсүнө тынчтык бербей жүргөнүнө көп болгон. Бегимай азыр гана “эмне кылып койдум? Сени атасыз кылдым, өзүм жакын адамымдан айрылып калдым. Жалгыз калдым. Эмне кылып койдум, балам?!” деп ойлонуп жатты.
Көздөрүнөн жаш куюлат...
Ким билет, балким, ушул өксүк менен канча жыл өмүр сүрөт эле. Бирок кайып каскагынан кезиккен Мурат аттуу жигит анын жашоосуна баш бакты. Баш бакканда да алоолонгон жүрөгү менен, ээ-жаа бербеген энергиясы менен, ченемсиз мээрим менен кирди. Тагдырынын бул сыйынан качканга Бегимайда ал жок болчу.
– Мен дагы келдим,- деди босогодо жылмайып турган Мурат. – Бул жолу да үйүңө киргизбей кубалап жибербейсиң деп үмүт кылам.
Бегимай аргасыз күлдү.
– Жок, бүгүн бошмун. Үйгө кирсең болот.
Бөлмөгө кирип келген Мурат керебетинде кас-кас туруп калган, көздөрү капкара балакайды көрүп “тык” токтоду.
– Бул ким?
– Менин уулум! Аты Аскат!
– Уулуң бар экенин айтпадың эле го...
Бегимай шуу үшкүрүп алды.
– Айткым келген эмес. Деги эле өзүм тууралуу көп нерсе айткым келбейт.
Мурат чындыгында мындай нерсени күткөн эмес эле. Эмне дээрин билбей баланы тиктеп, кайра Бегимайды тиктеп туруп калды.
– А атасы ким? Ал кайда?
– Мурат...
– Макул, макул, сага оор болсо эч нерсени айтпай эле кой. Мен чын эле таң калып калдым. Сени али турмушка чыга элек деп ойлогом.
– Турмушка чын эле чыга элекмин, эми деле чыгам деп ойлобойм. Аскат – менин балам. Меники гана! Өзүм үчүн төрөп алдым.
Мурат башын жерге салган боюнча бир топко ойлонуп отуруп калды.
– Сага эмне болду?
– Эч нерсе...
– Сенин сүйүүң ушунча элеби? Баланы көрөрүң менен өңүң башкача болуп кетти. А мен ойлоптурмун. ..- деди ызалуу күлгөн Бегимай.
– Менин сүйүүм ченемсиз. Мен сени...
– Чүш, антип сүйлөбө.
– Мен баарына даярмын. Мага чейинки жашооңдо оор нерселер көп болгонун байкадым. Аны сурагым келбейт, сураган менен деле сен айтпайсың. Бирок мындан кийинки жашооңду бейишке айланткым келет. Мындан ары эч ким, эч качан сени кыйнабайт.
– Эх, Мурат, менин жашоомду билсең...
– Эгерде сен каалабасаң, ал жашооңду билүүгө кызыкпайм. Экөөбүз тааныш болгонубузга 2 ай гана болду. Ошол убакыттын ичинде мен сени билдим. Балким, байкабагандырсың, бирок экөөбүздө өтө көп окшоштук бар. Мен сен үчүн баарына даярмын. Ал тургай бул балакайдын атасы болгонго да даярмын.
Мураттын жалындаган көздөрүнө карап туруп ага ишенбей коюу мүмкүн эмес эле. Алсыраган, өзү менен өзү күрөшүүдөн чарчаган Бегимай анын төшүнө башын коюп ыктай берди.
– Чарчадым...- деди акырын күбүрөй.
– Билем, эс ал, жаным. Баары бүттү, баары артта калды.
Оо, көптөн бери, Аскат каза болгондон бери Бегимай мынчалык бейпилдикти сезе элек эле. Өзүн, тагдырын кимдир бирөөнүн колуна салып бергендей жеңилдей дем алды. Ал эми керебеттеги наристе болуп жаткан көрүнүшкө көз сала өз тилинде бир нерселерди айтып кубанычтуу чулдурап жатты.
Азирет жумуштан келери менен ыргып туруп мойнуна жабышуу – Алинанын адаты.
– Ураа, биздин папабыз келди...
– Алиш, өзүңдү кичине карасаң боло. Ичиңди абайла!- деди анын жоругуна күлгөн Мариям.
– Апа, келиниңизди кичине тарбияласаңыз боло, бул кантет?- деп апасына тамаша ыргыта сүйлөдү Азирет.
– Сагынып кетсем не кылайын?..
– Азыр эми, колумду жуюн...
Колуктусунун саамайынан сылаган Азирет бөлмөгө баш бакты. Эки кишилик керебетте өздөрүнүн тоюндагы сүрөттөрү чачылып жаткан экен. Кызыгып бирден карап жаткан Азирет бойлуу, муңайым жылмайган, узун чачтуу бийкечти көргөндө жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй булкуп алды. “Бема!” деди өзүнө биринчи жүрөгү онтоп. Куду өзүн сынагандай, эми кандай айла табасың дегендей тигилип турган экен. “Кайдасың, кайдасың, кайдасың?” деп жатты күбүрөй. “Болуптур, алыстан эле бир жолу карааныңды көрүп алсам”. Азирет ушинтип эле анын жашоосунан алыстап кеткенге таптакыр макул эмес эле. Азыр туруп барып жердин жети катмарына түшүп кетсе да таап, бир аз бооруна кысып тургусу келип кетти. Ушул каалоо баарынан күчтүүлүк кылып жатты.
– Азирет!- деп кирип келе жаткан Алина сүрөттү тиктеп бир нерселерди шыбырап жаткан күйөөсүн көрүп “тык” токтоду.
– Бул эмне, Азирет?
– Булбу? Бул...
Азиреттин колунан шыпырылып жерге түшкөн сүрөттү тиктеп калды. Бул курбусу Бегимайдын сүрөтү эле.
– Бема?! Беманын бул сүрөтү мага да жаккан,- деди ал кадимкисиндей шаңдуу.
– Ии, сүрөттөрдү карап жатып...
– Ази, апам сени чакырып жатат “тамак ичсин” деп. Сенин сүйүктүү тамактарыңды жасадык.
Азиретти колдон сүйрөп тамашалай сыртка чыгарып жиберип, эшик жабылары менен оор үшкүрүп алды. Жерде жаткан Бегимайдын сүрөтүн алып, аны көпкө карап турду. “Кыздардын ортосунда достук болбойт” дешет адатта. Бирок Бегимай менен Алинанын мамилеси бул сөздү төгүнгө чыгарды. Экөө өзгөчө ынак болчу, бири-бирине эже-сиңдидей ишеним, колдоо көрсөтүшчү. Керек болсо ата-апасына айтпаган сырларын бири-бирине айтышар эле. Аскат каза болгондо Бегимайдын жанынан жумалап чыккан эмес. Бирок Азиреттин келиши менен баары өзгөрдү. Экөө бири-биринен көздөрүн ала качып, коомайланып турушчу болду. Алина Азиреттин Бегимайга болгон сүйүүсүн таптакыр билбегендей, андан да бир окуя болуп Азирет Бегимайдан баш тартканын сезбегендей акылсыз эмес эле. Ал бардыгын билчү. Ал тургай өзүнө эч кандай мүмкүнчүлүк жок экенин да сезчү. Бирок күндөрдүн бир күнүндө көктөн тилегени жерден табылып, Азирет ага үйлөнөм деди. Андан башка нерсеге баш ооруткусу келген жок. “Мен бактылуумун. Мен аны сүйдүрүп алам, мага көнүп кетет. Эгерде бала төрөлсө, биротоло мага байланып калат” деди ичинен күбүрөй. А сүрөттө сынаңкы тигилген Бегимай. Сулуу, табышмактуу, муңдуу Бегимай. Колундагы сүрөттү эки бөлө айрып салды да, бөлмөдөн чыгып кетти.
Алинанын ичи чоңоюп, ичиндеги бала тыбырчылай баштагандан бери Азиреттин кубанычы чексиз. Атайылап жумушунан эрте келет да, колуктусунун ичиндеги бала менен ойноп, ага жомок айтып бергенди адат кылып алды.
– Сен тез эле чоңоёсуң. Уулум экөөбүз кайда гана саякаттабайбыз. Мен көргөн өлкөнүн баарын сага көргөзгөнгө аракет кылам. Уулум экөөбүз учакка түшүп алып...
– А менчи? Мени албайсыңарбы? - деди Алина таарына.
– Айтчы, уулум, апаңды алабызбы? Мына тепти, демек, бул макул болгону...
– УЗИге түшүп келгенге чейин уул экенине ишенген эмес болчусуң, ээ?
– Ооба, чындыгында мага баары бир, биринчиси ким болот. Бирок уул экенин укканда кубанганымды жашыра албайм.
– Баса, атын ким коёбуз?
– Атамдар менен кеңешебиз да. Алар эмне десе, ошону коёбуз.
Ошол күнү кечки тамакты ичип отурушканда Азирет менен Алина бул теманы кайрадан көтөрүп чыгышты.
– Апа, небереңдин атын ким коёсуңар? Уул экени деги билинди,- деди Азирет тамашалай көзүн кыса.
– Билбейм, балам, мага аман-эсен төрөлсө болду.
– Сизчи, ата, идеялар барбы?
Бардыгын таң калтырып Аскар оор үшкүрүп алды. Бир топтон кийин гана салмактуу сүйлөдү.
– Балдар, балким, менин оюм туура эмес чыгар. Бирок мен Азирет уулдуу болсо атын Аскат коём деп ойлоп жүрөм.
Чындыгында үй-бүлө үчүн Аскаттын өлүмү, анын ысымы, деги эле ошол окуя тууралуу сөз кылуу оор эле. Бардыгы селдейип калышты.
– Ата...
– Аскатымдын аркасынан эч ким калбады. Жок дегенде өзүнөн бир бала калса эмне?! Аскат бул жарык дүйнөгө сейрек келе турган, өзгөчө уул болчу. Неберем агасынын атын алып жүрүшү ага сыймык болор. Мен атын Аскат койгум келет.
– Макул, ата, мен таптакыр бул тууралуу ойлобопмун. Аскат, албетте, сонун ат. Кандай дейсиңер?
Азирет аялы менен апасын алмак-салмак карады. Алар үнсүз макул болушту. Ошентип, Азиреттин төрөлө элек баласынын аты Аскат боло турганы чечилди. Алар дагы бир Аскат мындан бир топ убакыт мурун төрөлгөнүн али билише элек эле.
Уландысы бар....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев