АКТУЯК
2-бөлүм
#аңгеме
Урмат!!! – деп кыйкырды атасы. Урмат аны угуп да койгон жок. Буту-бутуна
тийбей, тоо этектей чуркап отуруп, коктунун ичине кирип кетти.
– Кой бөлүнүп кеткенби?! – деп божомолдогон атасы дүрбүсүн алып, Урмат
кеткен тарапка карады. Бир убакта бала колоттун ичинен сербеңдеп чыга калды да, бат
эле чоочун үйүргө жетип, бейкапар оттогон жылкыларды үркүтүп, бери кайрый
баштады.
– Бу бала эмне кылып жатат өзү?! – деди уулунун жоругуна түшүнбөй аң-таң
болгон атасы, – Эй, тигил бала соо эмес го, ыя?!
– Аа, билдим! – деди Кундуз аңгыча, – Тээтигил кулун ошолордуку турбайбы!
– Эмне болгон кулун ал?!
– Энесинен адашып калыптыр. Биздин желеге келди эле, Сарала аз жерден
чайнап сала таштады.
Кептин чоо жайын түшүнгөн ата:
– Аскат, атты минип, барчы артынан! Айдашып кел! – деди.
Күтүрөгөн чоң үйүр жылкы жакындап келатканда Алтын көкүл айгыр жер
чапчып, үйрүн тегерене чуркап, сапырылган жалы менен көкүлү ого бетер саксайып,
жаалы кайнай, бир топ жерге чейин чоочун үйүрдүн алдын утурлай чуркап барып, үй-
бүлөсүн калтырып кете албай кайра бери кайтып келип жатты. Ошону түшүнгөн ээси
эки айгырды алышып кетпесин деп, чоочун жылкылар жакындаганда утурлай басып,
алдынан тосту.
***
Дагы бир чоң үйүрдүн дүпүрөп келиши, айгырдын азынашы Ак туякты дагы бир
жолу «селт!» эттирди. Оюнда: «Таптым!» – деди да, кубангандан кайра-кайра кишенеп,
ошолорду көздөй чуркады.
– Тапты! – дешти аны көргөндөр да алакандарын чапкылап, – Тапты энесин!
– Урмат азамат экен, ээ?! – деди Кундуз. Атүгүл алардын ата-энеси да уулунун
боорукерлигине, тапкычтыгына кубанып, ыраазы болуп турушкан. Бирок чоочун
үйүрдүн ичинен эч кимиси Ак туякты утурлап чуркабай, баары тең эле «ыйлап»
келаткан кичинекей кулунга таң калгандай, кайдыгер карап туруп калышты. Аларга
тим эле жан алы калбай чуркап бараткан кулун бир убакта салкын мамиледен деми
сууй түшүп, андан ары аралашып, араларына кирип бара албай, жетип-жетпей токтоду
да, томсоруп туруп калды.
– Бас, кеттик! – деди байкеси Урматты эрчитип, – Бир аздан кийин табышып
алышат. Биздин жылкылардын жанында туруп, жыты бузулуп калды да, ошон үчүн
тааныбай жатышат…
Урмат да ошону эп көрүп, агасына учкашып, үйгө келишти. Анткен менен
баарынын эси-дарты кулун жакта болуп, жарданып карап турушту.
Бир убакта үйүрдүн ичинен бир бээ бөлүнүп бери басты да, Ак туякты жыттап
көрдү. «Эмне кылалы?» – деп кеңеш сурагандай анан калгандарына карады эле,
экинчиси келип, ал да Ак туякты жыттагылап көрүп, эмнегедир жактырбагандай
имериле калып тээп жиберди. Дагы Ак туяк шамдагай экен, тээ алда кайда чамгарактай
түшкөн ачуу туяктар тийип-тийбей, кайып өттү. Ошондо гана кулун эсине келе түшүп,
бир топ жерге чейин чымылдап чуркап келип, ошондо да үмүтү үзүлбөй токтой калып,
карап турду. А бирок анын кичинекей болсо да алардын айбаатынан апкаарып качпай,
кайра имерилип карап турганы, баятан бери муну теңсинбей жаткан айгырга да жакпай
калды окшойт, алыстан эле тиштеп ыргытканга комдоно мойнун созуп, жаалы кайнап
үйүрдөн суурула чуркады!
Анын кебетесинен кулун түгүл адамдардын үрөйү учуп, келмелери ооздорунан
ыргып, саамга дел боло түштү да, баарынан озунуп Урмат, анын артынан Нурэл,
Нурсултандар кыйкырып чуркап калыштыКепкенедей кулунду килейген айгырдын кубалап келатканы ушунчалык
коркунучтуу эле! Урмат коркконунан бакырып-өкүрүп ыйлап жиберди. Дагы жакшы,
аралык жакын болчу, кулун бат эле балдарды аралап кирип келди. Үй тараптагылар да
кыйкырып, айгай салышып, балдар да кош канаттарын далбактата жайып жиберип,
айгырдан алдынан тосушту. Кичинекей болсо да алар – адамдар да! Канталаган көздөрү
чанагынан чыгып кетүүчүдөй чакчаңдап, жаалданган айгыр алардан сестене түшүп,
токтоп калды. Ошондо да: «Сениби, жубарымбек! Колума гана тийбей калдың, болбосо
эки чайнап, бир жутат элем! Дагы бир көзүмө чалдыгаарсың, шашпа!» – дегендей улам
кайра кылчактап жатып кетти.
– Сени коркуттубу? Коркпо! – дешти балдар кадимкидей күйүгүп, денеси
«солкулдап» турган кулунга.
– Биз деле жакындабай эле коёлучу, – деди анан Нурэл, – Коркуп жатпайбы,
алыс тургулачы?..
Ушул убакта кайра да катуу күн күркүрөп, башка-көзгө койгулап, мөндүр жаай
баштады.
– Балдар! Баскыла үйгө! Ылдам?! – дешти үйдөгүлөр. Канчалык кеткилери
келбесе да колдору менен бети-башын калкалаган балдар тызылдаган боюнча үйлөрүн
көздөй чуркашты.
***
Чоң-чоң мөндүрлөр Актуяктын кулактарын да тызылдатып жиберди. А бирок
Актуяк ага деле кайыл болчу. Илкий басып, желени көздөй келатты. Анткени ага
чоочун үйүрдүн таш боор жылкыларына караганда булар алда канча жакын сыяктанып
калган. А бирок аларга да жакындап бара албай, бир нече кадам четте, анткен менен
ошолорду эш тутуп, бүрүшүп туруп калды. Бир топко чейин аны байкабагандай, эч
кимиси көңүл бурбай, унчукпай турушту да, жанагы Сарала бээ бир убакта көптүн
ичинен кайра да бөлүнө калып, бери басты. Сыр билги курбусунун оюн биле
койгондой, карагер бээ эмнегедир аны акмалай басып, Актуяк тарапка озунуп жетти да,
Сараланын жолун тосуп, капталынан тура калды. Анын эмнеге анткенин жылкылар
түгүл, боз үйдүн босогосунан баш багып карап турушкан балдар да түшүнүп:
– Аз-замат, Карагер! – дешти бир ооздон.
Сарала ансайын алчаңдап, тигинден тегеренип өтүп келейин деди эле, Карагер
ансайын анын жолун тороп, бура бастырбай туруп алды. Атүгүл экөө бир убакта
тиреше кетишип, анан тиштешип, тебише баштады эле, ортого түшө калган айгыр
экөөнү эки жакка бөлүп жиберди. Ошондон кийин деле Сарала менен Карагердин эки
көзү Актуяк жакта боло берди.
Эмнегедир ушул убакта кулундун башына кадыресе ойлор келди. Кудум
өзүндөй балдары бар, энесиндей эле болгон жылкылардын бейжай мамилесине,
кызыктай кылык-жоруктарына таң калды. «Эмне үчүн алар мени жек көрүп жатышат?»
– деди оюнда. Бирок жообун такыр таба алган жок. Анткени ал жашоого жаңы эле
келген да, ошондуктан бул жарык дүйнө менен турмуштун мыйзам ченемдерин, ата-
бабаларынын каны-жаны менен тең бүткөн каада-салтын али түшүнө элек болчу.
***
Добул токтоору менен күндүн жүзү «жарк!» этип көрүнө калды. Эч нерсе
болбогондой – көктө торгой безенеп, ар кай-ар кай жерден сороктоп суур, кашкулак
чуркап, дүйнө ажайып боло түштү. Ушуну гана күтүп тургандай боз үйдөн жанагы
балдар-кыздар дабырап чуркап чыгышты да, айрымдары ойноп, эки-үчөө Актуякты
көздөй: «Эмне үчүн андай? Эмне үчүн мындай?» – деген суроолору менен Урматты
тажатып келатышты.Урмат байке, эмне үчүн бээлер менен айгырлар Актуякты жаман көрүп
жатышат? – бул Нурэлдин суроосу.
– Анткени ал башка үйүрдүн кулуну да! – шаардан келген, өзүнүн эки-үч жаш
кичүү конок балдардын жанында өзүн чоң сезе, компоё жооп берет Урмат.
– Башка үйүрдүкү болсо эмне болот эле, кошуп ала беришпейби.
– Болбойт да!
– Эмне үчүн болбойт?
– Анткени ал деген… – буга Урматтын өзүнүн деле жообу жок болчу,
ошондуктан эмне деп жооп айтарын билбей ойлоно калды эле:
– Айтпайсызбы! – деп Нурэл ого бетер шаштысын кетирип жиберди.
– Анткени ал деген… эркек да! – деп жиберди Урмат оюна келе калган жоопко
кубанып кетип.
– Эркек болсо эмне болот эле? – Нурсултан кайра эле жарга такап салды. Ушул
азыр Урмат жабалактаган суроолордон кайдадыр-кайдадыр качып кеткиси келип кетти
эле:
– Аа, билдим! – деп ыңгайсыз абалдан Нурэл алып чыгып кетти, – Анткени ал
чоңойсо айгыр болот да?!
«Чын эле, – деп ойлоду ичинде Урмат, – Жанагы айгыр аны ошон үчүн
кубалаптыр да?..»
Кичинекей жүрөктөрүндө дагы толгон-токой суроолор калган менен, балдар
маектерин андан ары улоого жетише албай калышты. Анткени алар желеге жетип
калышкан болчу. Анын үстүнө карагер бээ ушул тапта Актуяктын жанына келип, аны
жыттагылап туруптур. «Эми эмне болор экен?» – дегендей балдар турган-турган
жерлеринде аңкайып катып калышты. Атүгүл коркконунан жүрөктөрү ушунчалык бат-
баттан дикилдеп, денелерин кара тер басып кетти. Таң калыштуусу так ушул маалда Ак
туяк да так ушундай абалда, коркконунан төрт аягы билинер-билинбес диртилдеп
турган. Бирок алар күткөндөй Карагер бээ чакчырылып кетпей, байкуш кулунду
аягандай, эркелеткендей тумшугу менен жонунан кайра-кайра кашыгылап койду да,
бүжүрөгөн бечараны жылкылардын көзүнөн калкалап, денеси менен тосуп туруп алды.
Ошондо гана балдарга да, Актуякка да жан киргендей боло түштү.
– Оме-ей, мобу Актуякты бала кылып алды, эй! – деп Нурсултан кубанганын да,
таң калганын да жашырбай кыйкырып жиберди.
– Ий, байкушум! – Нурэлдин да ага ичи элжиреп, ого бетер жакшы көрүп кетти.
Анткени быйтыйган алаканына туз салып алып, кээде ага жалата койчу. Анан калса,
эмнегедир Карагер балдарга жакын эле. Баятан бери ушуну эле күтүп тургансып
Кундуз менен Элмира да чуркап келишти. Балдар түгүл үйүрдүн жылкылары да
Карагердин «жосунсуз» жоругуна таң калып, айгырдын гана чечимин күткөндөй
демдерин ичине катып, мелтиреп турушту. А бирок, эмнегедир бу саам айгыр жаз алды
менен эле кулун салып койгон бечара бээни аядыбы, же анын боорукерлигине
ынандыбы, айтор унчукпай койду. Балдар үчүн да, жылкылар үчүн да бул өтө таң
калыштуу эле. Ал эми кулун болсо жанагыдай коркок-билиш болбой таяна турган,
ишене турган бирөө-жарымдын табылганына көңүлү өсүп, ары-бери тойполоңдоп,
жандана түштү.
***
Кечки саандан кийин кулундарды желеден чечип, энелери менен түнкү жайытка
коё беришти да, балдар эле эмес чоң кишилер да кулундун жалгыз калаарын ойлоп,
сарсанаа болуп, кобурашып жатышты:
– Түндө эми бечара кантээр экен?..
– Үйгө жакын жүрсө эч нерсе эмес дечи, алыстаса эле «кашабалар» «илип» кетет
го!Эптеп кармап, үйгө киргизип койсокчу?
– Карматпай жатпайбы.
Бирок мындай санаркоолорго чекитти Карагер койду. Чечилген кулундарын
эрчитип, бээлер чубашып тоо тарапка беттене баштатшты эле, алардын артынан жөнөй
турган болуп обдулган Карагер кайра артына кылчайып, кулунду карап туруп калды.
Алар менен жайытка барууга акысы жок экенин билгендей, Ак туяк болсо турган
ордунда мелтиреп турган. Бир нерсе деп жаткандай, Карагер ага акырын окуранып
койду. Эмнегедир анысы: «Жүрү биз менен, жүрө гой!» – дегенге окшошуп кетти. Ак
туяк унчуккан жок. Ошондо Карагер кайра кайтып келди да, тумшугу менен кулунду
артынан түртүп: «Бас!» – дегендей ишарат кылды. Кулун саал кыйылгансып турду да,
акыры Карагердин алдына түшүп, бойтоңдоп кетип баратты.
Карап тургандардын каректерине жаш тегеренип кетти!
– Азаматсың, Карагер! – дешти балдар дагы бир ирээт чурулдашып.
– Карагер, Ак туякты жакшылап кара! Карышкыр жеп кетпесин! – деди Урмат
артынан кыйкырып.
– Эртең менен аман-эсен алып кел! – деди Нурэл.
Алар узап кеткиче артынан карап турушту да:
– Эртең менен кайра эрчитип келсе, Карагерге туз, конфет беребиз, ээ? – дешти
кыздар.
Ошол таңдын атышы кыйын болду. Тээ көздөрү илинип кеткичекти балдар
кобурашып, Ак туяк менен Карагер тууралуу сүйлөшүп жатып укташты. Атүгүл
Нурэлдин түшүнө Ак туяк кириптир. Эртең менен ойгоно калып эле:
– Мен Ак туякты түш көрдүм, түшүмдө ал өзүнүн энеси экөө алыс-алыс чуркап
баратышыптыр, – деди эле:
– Андай болсо айтчы, энеси кандай экен? – деди Нурсултан ишенбегендей.
– Байкабай калдым…
– Аха-ха-ха!.. – балдар күлүп жиберишти.
Айткандай эле ошол көнө бир керемет окуя болду.
Үрөң-бараңда эле жылкыларды айдап келгени аттанып кеткен Турат бир убакта
баягысындай эле:
– Желеге-е!!! – деп айгай салып, жылкыларды күтүрөтүп айдап кирип келди.
Ушуну эле күтүп тургандай, балдардын баары ичип жаткан чыны-аяктарын таштай
коюп, сыртка атып чыгышты да, топураган туяктардын арасынан Актуякты издешти.
– Ура-а!!! – деди аңгыча Урмат биринчи көрө коюп, – Тигине Актуяк!!
– Кана?! – балдар ал көрсөткөн тарапка тегеренип өтүп, алар да анан:
– Ура-а!!! Актуяк келиптир! Ура-а!!!
– Азамат, Карагер!!! – деп так секирип кубанып жатышты.
Кечээки убадалары боюнча кыздар-балдар колдоруна кочуштап туз, конфет ала
чуркашып, Карагерди «сыйлап» жатышты. Бирок эле Актуяктын көңүлү ачылбай, кечээ
кандай болсо, дале ошондой – токтоо, муңайым тартып туруп алды.
***
Бардыгы түштөнүүгө – үйгө киришкен.
Бир убакта жакын эле жерден аттардын дүбүртү чыгып, ага удаа эле иттер
ажылдап, чоочун айгырдын азынаганы угулду. Үйдөгүлөр бири-бирин карап, сыртка
кулак түрө тунжурай калышты да, чуркап чыгышты!
Кызык, кандайдыр белгисиз экөө – чоочун айгыр менен чоочун бээ куйрук-
жалдарын сапырылтып, тоо ылдый чуркап түшүштү да, аласасы бардай качырып, түз
эле желеге кирип келишти! Суу кечип келгендей моюндарына чейин суу болгон экөөнү
бу желенин бээлери чоочуркай карашты. Бирок, ушул тапта Алтын көкүл жакын арада
жок болчу. Тосуп чыккан айгырдын жоктугунан пайдаландыбы, алчаңдаган азоо, ананкалса Актуякка куюп койгондой окшош айгыр менен көк бээ жок издегендей, желедеги
кулун-бээлерди ээн-эркин аралап жүрүштү. Желеден саал алысыраак, Карагер менен
жүргөн Актуяк да алда нени сезгендей, алар тарапка элейип карап калды да, адатынча
ый аралаш кишенеп жиберди. Ошондо гана уулунун добушун тааныган көк бээ
кубангандан ыйлап жибергендей болду! Кудум кулачын жайып чуркаган энеге окшоп,
Актуяк тарапка арыштай, бой таштады!
Күйүккөндөн таноолору дердеңдеген экөө анан кулунчасын ортого алып, кудум
адамдардай улам бири кошкуруп жыттагылап, кичинекейи эмчек ээмп болгуча тыным
алып турушту да, келген жактарын көздөй эрчишип, кетип баратышты…
Кубангандан бекен, же кулундун кетип баратканына ичтери оорудубу,
эмнегедир балдар-кыздар узап бараткандарды унчукпай, узата карап турушту. Азыр
бирөөсү эле бышактай баштаса, бакырып ыйлап жиберүүгө ким-кимиси даяр эле!
Атүгүл Карагер да Актуяктар кырды ашып кеткиче капкара каректерин
жайнатып, көз ирмебей катып турду да, качан алар көрүнбөй калганда гана, экинчи
жолу баласын жоготкондой жер чапчып, катуу бир окуранып алды…
Аягы...