16-БӨЛҮМ.
Мурат ошол түнү уктабады. Кайрадан лентаны түрүп, өткөнүн, келечегин миң толгоно ойлонду. Мына, чындыкты билди. Ошондо эле кол шилтеп «сен акмак экенсиң» деп Бегимайдан баш тартып кете алабы? Кулагына Азиреттин сөздөрү жаңырып жатты. «Ал сени сүйөт! Суранам, аны бактылуу кыл! Сенин ордуңда болгонго мендеги ыйык деген нерселердин баарын бермекмин».
Көпкө ойлонуп отурду да, ордунан чечкиндүү турду. Бир жерден уккан беле же окуган беле, бир нерсе эсине түштү. «Сүйүү коргоп, сактап калганга кудурети жеткен адамды гана байырлайт. Сүйүү үчүн күрөш, жаныңды аябай корго. Ошондо гана сен чыныгы сүйүүгө эгедер адам болосуң» деген. Мурат сүйүүсүн кандай баада болсо да сактап калууга белсенди. Атүгүл намысынан, өзүнүн жеке эрежелеринен да баш тартууга даяр.
Үйүнө келсе Бегимай уктап жаткан экен. Өзүн күтүп жатып түнү менен уктабаганын билди. Ичи жылып кетти. Үстүн жылуулап жаап, аны тиктеп отура берди.
– Качан келдиң?- деди бир убакта уйкулуу көзүн ачкан Бегимай.
– Бир аз эле болду. Сен да уктабаган окшойсуң...
– Мурат, бир нерсе болдубу?
– Болду! Бирок силерге залакасын тийгизбей бүтүргөнгө аракет кылам.
Бегимай андан ары такып сураганга эрки жетпеди. Жазасын күткөн айыпкердей шылкыя түштү.
– Макул, мен жумушка кеттим. А сен жакшылап эс ал, баары жакшы болот,- деп Мурат ордунан турду. Бегимай ордунан ыргып туруп, аркасынан чуркады.
– Мурат?!
– Эмне болду?- деди кылчайбай туруп.
– Сен... сен Азирет менен сүйлөштүңбү? Ал сага эмне деди?
– Сүйлөштүм.
– Мурат, мен сага баарын өзүм түшүндүрүп берем. Мен... мен баарын башынан айтып берем. Экөөбүздүн ортобузда сен ойлогондой эч нерсе жок. Мен... мен корктум, сага билгизбей баарын бүтүрөм дегем. Өтмүшүмдүн келечегибизге таасир тийгизбей ошол боюнча калышын кааладым.
– Анан баары бүттүбү?
– Бүттү! Мен сени менен гана бактылуу боло алам.
Дирилдеп жылаңаяк, ич көйнөкчөн турган Бегимай күйөөсүнө жалооруй тигилди. Бул көз карашка ал чыдабайт болчу, аттап жетип бооруна кысты.
– Баары бүттү, баары жайында. Керек болсо мен сени, Аскатты көз көрбөгөн жерге алып кетем. Эч кимге сенин тынчыңды алышына жол бербейм. Болгону, меники болсоң болду. Айтчы, сенин жашооңдо менминби?
– Жалгыз гана сен!
Энтиге ыйлаган Бегимай ушинтип айтты. Мурат ошол күнү жумушка барган жок. Бегимай экөө сейилдеп жүрүштү. Келинчеги тээ мурунтан келе жаткан тагдырдын чырмалышкан түйүнүн айтып бергенге аргасыз болду.
– Мен Азиреттен боюмда бар экенин билген күнү ага жөнөдүм. Бирок ал курбум Алинанын колун сурап, ал макулдугун берген экен. Алардын ортосунда тура албадым. Анткени Алина менин курбум гана эмес, бир тууганымдай болгон жакын адамым болчу. Анын үстүнө мен Азиретти терең ойлонбогондугу, кыздарды мээлейдей алмаштырганы үчүн жазалагым келген. Бирок ошондо жеңил ойлуулук кылыпмын, ачууга алдырыпмын. Ошентип, мен Түркияга кеттим. Аскат төрөлдү. Бала төрөлгөндөн кийин гана ушунчалык оор акыбалда калганымды түшүндүм. Ата-энем мени туура түшүнө алышкан жок. Жанымда кеңеш берген бир гана таежем болду. Ошол күндөрү сени жолуктурдум. Сен мени жашоого кайра алып келдиң. Сендей адамды жолуктурганы үчүн тагдырыма ыраазымын. Жардын кырында турганымда колуңду создуң. Сен өзүң да байкабадың. ..
Аскатка өз атасынан жакшы ата болдуң. Кандай гана жакшы адамсың! Кээде сендей адамга өзүмдү татыксыздай сезем. Бул жакка келгенден кийин Азирет аркамдан түштү. Тагдырдын тамашасы менен сен да анын фирмасында иштеп калдың. Оор акыбалда жүргөнүмдү байкаган жоксуң. Азирет...
Мурат ийиндерин дирт эттире ичиркенип кетти. Шарт бурула аялын ийинден алды да, катуу айтты.
– Экинчи анын атын атаба. Ал биздин жашообузда жок адам. Кичинекей Аскатыбыздын жашоосунда да жок. Экинчи ушул ысымды атаба. Эч качан!
Бегимай Мураттын мындай абалын биринчи жолу көрдү. Көзүнөн заары чачырап, азыр колуна тийсе өлтүрүп салуудан да кайра тартпачудай.
– Макул!- деди айласы кете.
Кийинки күнү Мурат жумушка жөнөдү. Арызын жазып, Азиреттин иш бөлмөсүнө кирди.
– Мен эми бул жумушта иштей албайм.
– Билгем. Арызыңды коюп, кете бер. Анан кол коём.
Мурат чыгып баратып кайра кайрылды да, Азиреттин жүзүнө тике карады.
– Эч качан, эч убакта менин жолумдан чыкпа. Эми жолуксак, бирибиздин өлүмүбүз менен бүтөт бул иш. Бегимайга дагы бир ирет чалсаң же жолуксаң, ажалың менден деп биле бер.
Эшик тарс жабылды. Башын кучактай отурган боюнча Азирет кала берди.
Азирет оор абалда. Күндөн күнгө кубарып, арыктап да кетти. Кээ бир түндөрү таптакыр уйкусу жок. Бакчаны айланып баса берген адат таап алды. Уулунун мындай абалы Мариямдын көз жаздымында калган жок. Атасынын казасынан кийин деп ойлогону менен, андан бери бир топ өттү. Акыры ачык сүйлөшкөнгө бел байлады.
– Ази, мен сени көптөн бери байкап жүрөм. Бир нерсе болдубу, балам?
– Кабатыр болбо, апа, баары жакшы.
Адатынча «баары жакшы» дей салып кутулуп кете турган болду эле, Мариям аркасынан ээрчип алды.
– Ази, менден жашырба. Атаң үчүн болсо, анчалык өзүңдү жоготпо. Баары бир барар жерибиз ошол. Атаң уулунун жанына кеткиси келген. Кетти. Ал эми сенин жашооң жаңыдан башталып келе жатат. Биздин тагдырыбыз сага сабак болчудай эле болгон.
– Апа, эң кымбат адамдарымды бир учурда жоготтум. Атам, Бема... Апа, ал кыз менин мобул жеримде турат. Мен андан баш тартканга аргасызмын, анын бактысы үчүн баш тартканга аргасызмын, бирок мобул жерим өрттөнүп баратат, апа!
Мариям уулунун чарасыз мүңкүрөп турганын биринчи көрүшү. Эч качан оор акыбалда Азирет минтип өзүн таштап көрбөгөн. Кайсы бир жерде катып койгон амалы бардай, дайыма өзүнө ишенимдүү жүрчү.
– Уулум, сен качан тагдырга кол куушуруп берчү элең? Өзүңдү ушунчалык таштап салганың туура эмес. Баары өз ордуна келет.
– Апа, биринчи жолу уулуң жеңилди. Айлам калбады. Эгерде Мураттан башка адам болгондо акырына чейин күрөшөт элем. Бирок ал башкача адам. Мен жеңилдим!
Мариям куду кичинесиндегидей уулунун башын тизесине коюп, сылай берди.
– Баары өтөт, баары бүтөт. Эртең эле жашоого алаксып кетесиң. Жашоо ушунусу менен кызык, балам.
– Апа, ансыз жашоо ушунчалык кунарсыз, бир тыйынга татыбай турганын билсең...
Азирет сезимдерине жол бошотту, биринчи жолу апасынын тизесинде ыйлап жатты. Дал ушул маалда аларды Алина угуп турганын, анын да эрксизден жүрөгү мыкчылып жатканын билишкен жок...
Эшикти ачкан Бегимай алдында турган Алинаны көрүп селт чочуду.
– Салам!
– Салам!
– Кел, үйгө кир.
Курбулар салкын учурашкан соң бирин-бири тиктеп бир топ отурушту. Алина акырын сөз баштады.
– Эсиңдеби, экөөбүз эки күндөн артык көрүшпөй калсак, бири-бирибизди сагынып кетчү элек.
– Же сенин, же менин үйүмө сөзсүз чогуу түнөп, сырдашып чыкчубуз. Менин өмүрүмдөгү жалгыз курбум сен болгонсуң, Алина. Сенчелик мени эч ким түшүнбөйт эле.
– Анан жашообузда Азирет пайда болду. Сен аны Аскаттын экинчи көчүрмөсү катары гана жакшы көрдүң. А мен чыныгы Азиретти сүйдүм. Азирет сени тандады! Ар дайым эркектер сени тандайт. Жүрөгү сени тандаса да, тагдырдын буйругу менен ал менин күйөөм болду. Мен ансыз жашай албайм. Коё бер аны! Кетип кал бул жерден... Күйөөңдү алда, куулук кыл, билбейм, айтор, бул шаардан кет.
– Алина!
– Ал өзүн араң кармап жүрөт. Бирок билем, анын сабыры аз гана убакытка жетет. Сенин уулуң бар, менин кызым бар. Алар атасыз калбасын. Энесиң го акыры, ошол балдардын тагдыры үчүн кет.
– Кайда барам? Эмне, мени алар тууралуу ойлогон жок дейсиңби?- деди шалдыраган Бегимай.
– Күйөөң, угушума караганда, тың жигит көрүнөт. Ааламда силер бата тургандай бурч табылар...
– Алина, эмне деп жатасың? Мен аны ата-энесинен, мекенинен ажыратып, силер үчүн, силердин бактыңар үчүн белгисиздикке жөнөп кетишим керек экен да! Өзүмчүлдүктүн да чеги болор. Силер, сен, күйөөң, деги кимсиңер өзүңөр? Биздин тагдырыбызга киришкендей, кандай өмүр сүрөрүбүздү талап кылгандай кимсиңер?! - деп кыйкырган Бегимай ордунан ыргып турду. Көзүнөн заары төгүлүп, колуна эмне тийсе ыргытып жатты.
– Жетишет! Жетишет мага...
Ушул учурда күйөөсүнүн коңур үнү угулду.
– Бема, болду токтот! Баары жайында...- деди ал токтоо гана. Алина бурулуп, ага тигилди.
– А сиз кабатыр болбоңуз. Бул жерде калбайбыз.
Алина акырын баш ийкеди. Чачылып жаткан буюмдардан акырын аттап өттү да, сыртка чыгып кетти. Ал ошол күнү шаар аралап көпкө басып жүрдү. Өткөнүн, келечегин ойлоду. Өзү Азиретке мындан ары бала тартуулай албасын ойлоп, жүрөгү сыздады. Ошого да кайыл болуп, бир ооз көңүл кирдеткен сөз айтпай жүргөн күйөөсүнө ыраазы болду. «Бир өмүр ажырабайм. Азирет – менин тагдырыма туш келген белек. Мен эч качан ансыз жашай албайм. Баары унутулат. Биз бактылуу болобуз. Бир аз гана чыдап коюшум керек» деп жатты ичинен.
Күндөр өтүп жатты. Мурат кайрадан Түркиядагы тааныштары менен сүйлөшүп, ошол жакта иштемей болду. Бир чети карьерасын ойлосо, экинчиден бул шаардан үй-бүлөсүн алып чыгып кеткиси келди. Караманча каршы болгон ата-энесин араң көндүрүп, Мурат өз чечимине бек турду. Келинин каргап-шилеп баштаган апасын бир көз караш менен токтотту да, атасына кайрылды.
– Ата, мен ал жакта бекер 5 жыл коротуп окуп келген жокмун. Силердин маңдайыңарда отурган менен эмне чыгат? Менин келечегим бар...
– Сени 5 жыл бекер окутуптурбуз, жүрөгүң таш болуп, ата-энеңди ойлобой калган турбайсыңбы? !- деди апасы ары жактан көз жашын аарчып.
– Апа, мен биротоло кетип жатканым жок го...
Айтор, карама-каршылыктар болду. Бирок Мурат артка чегине албайт эле...
Азирет көптөн бери почтасын ача элек болчу. Алыстагы досторунан кат келип калбады бекен деп ачканда эле Бегимайдын каты көзүнө урунду. Жүрөгү дүкүлдөп, тез окуй баштады.
«Ардагым, Азирет! Сени менен коштошууга, акыркы жолу кезигүүгө күчүм жетпей койду. Эртең учабыз, билет алып койдук. Акыры кат жазып коштошуудан башка арга таба албадым. Мен сени мүмкүн болбогон жерден жолуктуруп, кайчылаш жолдон кезиктирдим. Мен биринчи жолу өзүмдү да, сени да алдабай, бардык сезимимди жазып жатам. Сени Аскаттын эгизи үчүн эмес, Аскатка окшоштурганым үчүн да эмес, дал өзүңдү сүйдүм. Ооба, дал сени... Кыялы чорт, өзүмчүл, ишенимдүү, кыз жандуу, өкүм Азиретти! Сүйө ала турган, сүйдүрө ала турган сени... Муну башында түшүнгөн эмесмин. Анткени Аскаттан кийин чоң сүйүүгө жолугушум мүмкүн эмес деп ойлочу элем. Бирок андай эмес экен. Мен сени андан миң бир эсе күчтүү сүйдүм. Сени менен кол кармашып басып кеткенге эрким, күчүм деле жетмек. Болгону, Мураттын адамгерчилигин аттап кете албадым. Аны бактысыз кылып, сындырып кетсем, өзүмдү адам деп эсептей албайт элем. Менин күчтүү сүйүүм да адамгерчиликтин арканын аттап өтө албады.
Эч нерсеге өкүнбөйм, жаным. Болгону, өмүр бою жүрөгүмдүн бир бурчунда сен жашайсың. Сенин эмне кылып жатканыңды, кандай абалда, кантип сүйлөп жатканыңды, кантип тамашалап, башыңды кыйшайта көзүңдү кысып койгондоруңду жүрөгүм элжиреп эстейм. Албетте, бактылуу болом! Мурат менен ар бир аял өзүн бактылуу сезсе керек эле. Бирок аялдык бакыт деген башка, сүйүү деген башка нерсе экен. Арийне, сен дагы бактылуусуң. Алина сени жанын берип сүйөт, татынакай кызыңар бар. Менин элесим эскирип барып, бир күнү эсиңден таптакыр жоголоттур. Ага капа эмесмин. Тек, бактылуу болсоң болду. Кана, убада берчи бактылуу болгонго..
Экөөбүз жолугуп жүргөндө ушунчалык бактылуу да, бактысыз да элем. Сен мени мажбурладым деп капа болот чыгарсың. Бирок мен да ошол күндү саат, мүнөт, секунд санап күтүп, сага шашып барчумун. Бирок сезимдеримди билдире албайт элем. Жүрөгүм өрттөнүп турса да, ошондой болгонго тырыштым. Сен менин бул мамилеме капа элең, ал тургай өзүңдү ушунчалык алсыз сезип кетчүсүң... Ошол күндөрдүн ар бири жүрөгүмдө. Баары бүттү дейбиз, эшиктерди думбалап салып баары бүттү деп басып кетиш жеңил. Бирок мен азыр сага баары бүттү деп айта албайм. Анткени МЕН дагы деле СЕНИН жарымыңды алып баратам. Сен менин ЖАНЫМДАСЫҢ!
Аны эртең менен таттуу уйкудан тургузуп, эркелетип тамак берем, ооруп калса түнү менен жанында болом. Өжөрлөнүп алса, жоругуна мыйыгымдан күлөм.
Менин ааламым сенсиң! Азиретим! Дагы деле сенден жашырып жатам! Дагы деле акмакчылык кылып жатам. Кечир мени! Кош!
Азирет кат келген датаны карады. Бир күн өтүп кеткен экен, демек, жетишпей калды. Ошол күнү, кийинки түнү да ал иш бөлмөсүнөн чыккан жок. Эртеси катчысынан кофе сураганда кирип келген кыз аны таң кала тиктеди. Ар дайым тамашалай күлүп, жылмайып турчу жигиттин көзүнүн нуру өчкөн экен. Жетекчиси токтолуп, кандайдыр бир түпкүрүнө айтылгыс арманды катып алгандай муңдуу отурат. Ушул күндөн тартып эч бир жан Азиреттин көзүндөгү жалындаган отту көрө албады. Жашоо өтүп жатты. Ал демейдегисинен өзгөрбөдү. Мурункудай эле иштеп, жашап, үй-бүлөсүнө камкор адам болду. Анын жашоосундагы отту, ысык сүйүүнү, шаңды Бегимай алып кеткенин өзүнөн башка эч бир адам байкабады.
Мезгил сабалаган куш, ошентип арадан 5 жыл өтүп кетти.
Ысык, думуктурган аба. Мураттын ооруп жатканына көп болгон. Чуркап келген уулу адатынча атасынын керебетине ыргып чыкты да, анын купкуу жүзүн абайлай карады.
– Ата...
– Эмне болду, балам? Коркуп кеттиңби?
– Корккон жокмун. Бирок сен башкача болуп калыпсың.
Мурат оор улутунуп гана тим болду. Сырттан кирип келген Бегимай уулуна акырын дегендей жаңсап койду да, алып келген дарыларын текчеге коё баштады.
– Эмне болду? Сүйлөштүңбү?
– Сүйлөштүм. Германиядагы белгилүү бир дарыгердин дарегин айтты. Ошол жардам берет деди. Бирок...
Мурат кичинекей баланы карап токтоп калгандыктан, Бегимай акырын уулунун башынан сылады.
– Атаң экөөбүз сүйлөшүп алалычы, балам. Сен өз бөлмөңө барып ойноп тур.
Зирек бала апасы менен атасы өздөрүнчө сүйлөшөрүн түшүнүп, акырын чыгып кетти. Мурат ооруп калгандан бери Бегимайдын жашоосу будуң-чаң түштү да калды. Жол кырсыгына кабылгандыктан, жапжаш жигит минтип төшөк тартып баспай калганына көп болгон эле. Үй-бүлө оор абалга түштү. Бегимайдын бир буту жумушта болсо, экинчи буту үйдө. Мураттын жумушунан төлөнүп берилген каражат аны дарылатууга гана жетет.
– Бегимай, жарыгым, сен кыйналып кеттиң. Эс алчы.
– Мен баары бир ошол дарыгерди таап, сүйлөшүшүм керек. Ал «жолугуп, сүйлөшмөйүнчө эч нерсе айта албайм» деди.
– Канча акчаң бар? Барып келгенге жетеби? Аскат эмне болот? Мен төшөктө жатсам, баланы караганга бизге ким жардам берет? Апам менен атам «ошол боюнча көзүмө көрүнбөсүн» дептир. Сен бекер эле...
Бегимай ордунан ыргып турду. Үлбүлдөгөн үмүтү көз көрүнөө өчүп кала тургандай жан далбастады.
– Сен антчү болбо! Сен басасың! Түшүндүңбү? Мен акырына чейин күрөшөм. Мени карачы, экөөбүз үмүт үзгөнгө таптакыр акыбыз жок. Мейли, мен акыркы колумда бар нерсемди сатсам да, сени ошол дарыгерге алып барам. Мага жардам бергениң ушул болсун, үмүтүңдү үзө көрбө. Суранам сенден, Мурат! Калганын мага кой...
Мурат аргасыз башын чайкады. Ал аялынын күчүн, деги эле аялзатынын күчүн билбейт эле. Бирок жанындай сүйгөн адамынын үмүтүнө суу сепкиси келген жок. Аргасыз шыпты тиктей оор улутунду.
Бул кырсык болбогондо, балким, Бегимай өмүр бою көлөкөдө өскөн гүлдөй үлбүрөк, назик боюнча калмак беле, ким билсин... Бирок аны тагдыр дагы башка жагынан сынады. Бегимай аргасыз бул сыноону да кабыл алды. Бешенеге жазды деп кол куушуруп отуруп кала албайт эле. Ошол күнү эле уулун, күйөөсүн уктатып коюп, компьютерин тиктеп отурду. Азиреттин сүрөттөрүн тиктеп, өзүнчө сүйлөндү. «Мени унутуп койгондурсуң. Жашооңо аралашпайм дегем. Бирок баары бир сенден алып кеткен нерсени өзүңө кайтарып беришим керек. Аскатты да, Муратты да жалгыз сүйрөй албасым чын. Эки кымбат адамымдын бирин сактап калуу үчүн экинчисин сага кайтарып берүүгө тийишмин. Кызык, бул окуя кайталанып жаткандай. Сенин апаң да бир уулун сактап калуу үчүн экинчисин курмандыкка чалбады беле? Балким, бул биз үзүп кете албаган тагдырыбыз чыгар». Эки колу менен башын мыкчып отуруп ушинтти. Башка чарасы жок. Карегине имерилген жашты чымыркана токтотту. «Жетет! Эми эч качан ыйлабайм. Мен күчтүү болушум керек! Менин мындан башка чарам жок». Ордунан шарт турду да, чечкиндүү кадам шилтеп күйөөсүнүн бөлмөсүнө жөнөдү.
Азирет бул күнү бейкапар жүргөн. Дем алыш болгондуктан, апасы менен Айданектин кыжы-кужусун тыңшап, кээде жылмайып отурду. Кыздын шоктугу башкача. Бир орунга байлап койсо да турбагандай. Чоң апасынын бар эрмеги ушул кызы.
– Чоң апа, бүгүн сейил бакка алып барам дегенсиз. Атам «сөзүнө турбаса, уят болот» деген. А сиз сөзүңүзгө турбай жатасыз.
– Кызым, апаң келсин, чогуу барабыз дебедим беле. Жалгыз экөөбүз шаардан адашып кетпейбизби. ..
– Ата, анда сен алып бар,- деди мурчуңдаган эрке кыз.
Колунан тартып тургузганга аракет кылып жаткан кызды тиктеп, Азирет аргасыз күлдү.
– Ишим көп менин, бүгүн гана эс алып жатпайымбы. Ошондуктан апаңды күткөнгө туура келет...
Аны менен сүйлөшүп жаткан учурда телефону шыңгырап калды. Башка өлкөдөн чыгып жаткандай. Алгач бир топко тиктеп туруп, тынчтыгын бузгусу келбей албай коймок болду. Бирок коңгуроо өчөшкөнсүп көпкө шыңгыраганынан аргасыз алды.
– Алло...
Кимдир бирөө демин ичине алып тыңшап тура бергендиктен жини келип кетти.
– Алло, эмне унчукпайсыңар? Бул эмне деген оюнуңар?
– Азирет!
Тааныш добуш! Миң жылдан кийин эшитсе да көз ирмемде тааный турган.
– Салам!- деди үнү калтырай. Апасы аны чочуй карап калды эле, алардан оолактай башка жакка басты.
– Азирет, кандайсың, үйдөгүлөр жакшыбы, кызың чоңоюп жатабы?
– Баары жакшы, а сен?..
– Менде анча жакшы эмес. Ошондуктан аргасыз сага чалып жатам.
– Бема! Сагынычым менин...
– Азыр экөөбүз тууралуу боло турган сөз эмес. Мен сага Мурат үчүн чалып жатам. Бир жыл мурун ал жол кырсыгына кабылган. Андан бери төшөктө. Азирет, мага сенин жардамың керек.
Азирет селейип калды.
– Макул. Эмне жардам керек?
– Аны телефон менен айтчу нерсе эмес. Сенин келишиңди күтөм. Даректи почтаңа жазып жибердим.
Трубка коюлду. Азирет өңү же түшү экенин түшүнбөй калды.
– Тынч элеби?- деген апасынын үнүнөн селт этти.
– Ооба, ошондой эле го. Алыстан...
Ушинтип күбүрөнүп алып иш бөлмөсүнө жөнөдү. Дагы эмне деген тагдырдын табышмагы?! Көпкө түйшөлдү. Ал тургай бир топ күн... Бирок ушул боюнча калып кала албасын сезди да, жолго камынды.
– Кайда барасың?- деди жолго кийимдерин салып жаткан келинчеги.
– Анкара...
Бул шаарда Бегимай турарын билген Алинанын өңү дароо өзгөрүлө түштү.
– Мен барышым керек, Алина. Анын күйөөсү кырсыкка кабылыптыр, жардам керек. Баш тарта албайм.
Өңүнөн кетип отуруп калган келинчегин кучактай калып акырын үн катты.
– Мени түшүнөсүң, билем. Бегимай экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болушу мүмкүн эмес. Барбасам мобу жерим тынч албачудай. Андыктан мени чыр-чатаксыз эле коё бер.
Алина үнсүз башын ийкеди. Көзүнүн жашын сүртүп Азиретке суроолуу тигилди.
– Сенин мүнөзүңдү билем. Баары бир айтканыңдан кайтпайсың. Болгону, үй-бүлөң бар экенин, алардын алдында милдетиң бар экенин унутпа...
Учак ордунан көтөрүлүп, абада калкый баштаганда гана Азирет ичинен жеңил дем алды. Бул жолго чыгуу ага оңойго турган жок. Эчен жолу барбай койгусу, жүрөк түпкүрүндө келе жаткан тартылуунун тамырын жулуп салгысы келди. Бирок анте албайт эле. Ар дайым шарт кескен шар мүнөзү менен белгисиздикке багыт алган жаны бул жолу жүрөксүнүп турду. Көзүн жума оюн топтогонго аракет кылат. Оюнда Бегимайдын каты. Андагы саптар...
Түркияда эң ысык жай айынын бири эле. Учактан түшөрү менен Бегимай жазган дарекке жөнөдү. Таң калычтуусу, бул үй эмес, шаардын так ортосунда жайгашкан кафе болуп чыкты. Адашып калган окшойм деп эки жагын карап, кайра таксиге отурганча көзүнө тааныш караан илинди. Башына бир байлам жоолук салынып кардарларды тейлеп жүргөн келин Бегимай эле. Чай ташып, заказ алып жүргөн Бегимайды көрүп Азирет жүрөгү сыйрыла аяп, бир топко тиктеп турду. Бегимай мындай жумушка жаралган жан эмес болчу. Четки столдордун бирине келип отурду. Бегимай аны кадимки кардар экен деп ойлоп, жүзүнө баам салбай, жанына келип эмне ичерин сурады.
– Бема!
Көмөкөйдөн буулугуп чыккан тааныш добуш келинди селт эттирди. Башын көтөрүп, Азиретти бир тиктеп тааный коюп, муңайым жылмайып алды.
– Ой, келдиңби? Мен сени кабарлашпаганыңдан келбейт го дегем.
– Келбейин деп ойлогом...
– Үй-бүлөң кандай? Алина жакшыбы?
– Баары дурус, Алина сага салам айтты.
– Саламатта болсун...
Ыңгайсыз жымжырттыктан кийин Бегимай күнгө тотугуп кеткен жүзүнөн уялгандай акырын үн катты.
– Мен... Мурат кырсыкка кабылгандан кийин...
– Унчукпа, эч нерсе деп актанба, жаным. Бул турмуш эмеспи...
Аңгыча кафе тараптан кимдир бирөө Бегимайды чакырып калды. Ал тез ордунан турду.
– Макул, сен азыр жайгаша бер. Кечинде өзүм чалам.
Азирет күнү кечке анын караанын тиктеп отура бергенге даяр эле. Бирок Бегимайдын өңүнөн кысылып жатканын байкап, ого бетер уялта бербейин деп ордунан турду.
Кечкисин номеринде отурганда Бегимай телефон чалды. Бир аз убакыттан кийин эле ал маңдайында отурду. Бири-бирин тиктеп туруп жылмайып алышты.
– 5 жыл өттү. Сен өзгөрүп кетипсиң, Бема,- деди Азирет ичи ачыша келиндин сулуу жүзүндөгү убайымдын, санаанын белгиси болгон бырыштарды карап.
– Өмүр өтүп бара жатпайбы. Убакытка эч кимибиз каршы тура албасак керек.
– Бирок мезгил өткөн менен, биздин дартты дарылай албады. Ушундай эмеспи? Сен кеткенден кийин тагдырыма баш ийдим. Бирок...
– Чүш-ш! Азирет, эски жараатты козгоюн деп чакырбадым сени. Болгону, кайсы бир убакта сенден уурдап кеткен бактымды кайра өзүңө кайтарып берейин деп чечтим. Жок, мен чечкен жокмун, тагдыр мени өзү ушул жарга такады. Билесиңби, баягы биздин түндү? Экөөбүз чогуу болгон ошол түн!
– Кантип аны унутайын?..
– Ошондо менин боюмда болуп калган экен. Аскат... Аскат Мураттын баласы эмес! Ал – сенин уулуң!
Тоо кулап баратабы же жер жарылып баратабы? Оо, Кудай, бул сөздү чын уктубу же жалганбы? Азиреттин башы дүңгүрөп турду. “Аскат – сенин уулуң!” Оо, Жараткан, ошол баланын тагдырын ойлоп, өз бактысынан баш тартпады беле? Ал атасынан ажырабасын, өзү сыяктуу ата мээримине зар болуп чоңойбосун деп ушул кадамга барбады беле? Көрсө, анын баары жалган тура... Ордунан тура калып Бегимайды ийинден ала жулкулдатып жиберди.
– Калп! Ишенбейм!
– Кечир мени, сенден алгач ушинтип өч алайын дегем. Бир Мураттан, анан сенин атаңдан башка эч ким билген эмес бул сырды. Жалган болсо, сага айтып эмне кылат элем?..
– Атам кайдан билет?
– Ал баланы өзүнүн уулу Аскатка окшоштуруп таанып койгон. Эсиңдеби, бир жолу көрүстөнгө барып атаңдын абалы начарлап кеткени... Ошондо ушул сырды билип абалы начарлаган. Бирок андан сага таптакыр айтпашын суранган элем.
Азирет эми эстеди. Атасынын “Аскат... Бегимайдын уулу сеники! Ушуну унутпа!” деп үзүлгөнүн эстеди. Колдору шалдая түшүп, башын мыкчып отуруп калды. Бир топко ушинтип отуруп башын көтөрсө, Бегимай өзүнөн көзүн албай турган экен.
– Эгерде Мурат кырсыкка кабылбаса, мен өмүр бою балам бар экенин билбей калмак экенмин да, ээ?
– Кайсы бир убакта баары бир айтмакмын.
– Токтот! Сүйлөбө мага, билесиңби, сен менин өмүрүмдөгү эң ыйык адам болчусуң. Сенден муну күткөн эмесмин. Болуптур, мени ушун үчүн эле чакырбасаң керек. Дагы эмне керек сага менден?!
Бегимайга ушул суроо эң оор тийди. Дирт этип алды эрксиз. Бирок бар эркин жыйып Азиреттин көзүнө тике карады.
– Мен Муратты бутуна тургузушум керек. Бул үчүн тагдырга кандай бааны төлөрүмдү да билем. Мен сага уулуңду берем. Бирок Мураттын дарылануусу үчүн чоң суммадагы акча керек болуп жатат. Аны бутуна тургуза алам деп кепилдик берген бир гана врач бар. Ал Германияда жана анда дарылануу бир топ кымбат экен.
– Түшүндүм, канча каражат керек болсо салып жиберем.
– Азирет!
– Эмне?! Эсиңе сен дагы түй! Азыр өзүң каалаган баага мага уулуңду сатып жибердиң. Эми бала меники! Эч убакта кайтарып алам деп ойлобо...
– Жок! Суранам, Азирет, антип мени баламдан биротоло ажыратам дебе. Сен анте албайсың, билем, сенин жүрөгүң назик, мага анчалык кастык кыла албайсың. Мен бул акчаны карызга гана сурап жатам. Бир жылбы, эки жылбы, Муратты бутуна тургузуп алгандан кийин уулумду өзүмө бер. Ал – менин жашоомдогу эң кымбат адамым. Мураттан кийинки эле эң кымбат адамым.
Азирет тамагы буулуп, азыр жеп жиберчүдөй карады. Кызганычтан жүрөгү жарылгансып, кансырап жатты. Башка сөздү укса да, балким, анчалык оор тиймек эмес, бирок Бегимай Мурат үчүн ушул кадамга барып жатканын оор кабыл алды. Бул эмне деген аял? Жүрөгүн, өмүрүн, өзүндө болгон жакшы нерселердин баарын уурдап алып, ал тургай канынан жаралган баланы башканы ата дедиртип... “Ишенбе, аялдарга колдон келсе, эркектен амалдуураак кырк бир эсе” деген чын экен да. Каары, ызасы толуп, өзүнө батпай турду.
Бегимай шалдырай басып киргенде эле Мурат бир нерсе болгонун билди. Суроолуу тиктеген күйөөсүнөн көзүн ала качып, башка нерсеге алаксыганга аракет кылды. Мурат уктап калгандан кийин уулуна тамак берип жатты.
– Атам айыкканда балыкка барабыз, ээ, апа?- деди көздөрүн балбылдаткан уулу. Тамагына тыгылган ыйын акырын жуткан Бегимай баланын башынан сылады.
– Аскоо, сен чоң баласың, ээ?
– Ооба, атамды мен дагы бүгүн караштым. Китептеги сүрөттү карап айтып бердим. Мен чоңмун, апа, мына ишенбесең карап көрчү...
Эки муштумун түйгөн бала энесине мактана карады.
– Мен атаңды башка шаарга доктурга алып барышым керек. А сени... сени... Аскат, сен бир аз убакытка биз менен жашай албайсың, атаң айыкканча...
– А сен көпкө келбейсиңби?
– Таенеңдердикине барганда эсиңдеби, экөөбүз Кыргызстан деген ушул деп көпкө сейилдебедик беле? Эми ошол жакка кетесиң.
– А сен качан келесиң?- деди суроосун кайталаган бала.
– Мен барам. Атаң жакшы болуп калары менен эле барам, балам. Сен Азирет байкеңдин тилин ук, ээ? Анан да эртең атаңа Азирет байкең менен кетип жатканыңды айтпа. Жарайбы? Жөн гана “апам мени сейилдетип келет” дегин. Болбосо сени жибербей коёт.
Уландысы бар
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса комментарий калтырып класс басып колдоп кетиниздер....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12