13-БӨЛҮМ.
Чалкыган деңиз. Кол кармаша кетип бара жаткан эки жаш бактылуу. Жакында алар көксөгөн мекенине жол тартканы турушат.
– Тагдырга таң калам, жаным. Мен издеген адам мекенимден алыс жакта капысынан жолукту.
– Биз мүмкүн болбогон жерден табыштык. Өзүмдүн абалымды кандай элестетем билесиңби? Мен сага жолуга электе жардын учунда тургам. Кол создуң.
– Ай, менин сулуумдун көз жашы ушинтип эле даяр. Кел, андан көрө жакшы нерселерден сүйлөшөлү. Апам менен атамдар биздин келишибизди чыдамсыздык менен күтүп жатышат.
Бегимай ойлуу тиктеп турду.
– Эмне тууралуу ойлонуп калдың?
– Аскат... Ал сага аябай көнүп калды. Кээде эшиктин коңгуроосу шыңгыраса менден биринчи эмгектеп жөнөйт.
– Ал жөжөгө мен да көнүп алдым.
– Ата-энең туура түшүнүп, Аскатты кабыл алышар бекен?
Мурат бир саамга токтой калды да, акырын үн катты.
– Бема, мен сенден сурабай бир иш кылып койдум. Балким, капа болот чыгарсың. Бирок муну экөөбүздүн келечегибиз үчүн жасадым.
– Айта бер.
– Аскатты ата-энеме менин уулум деп айттым.
Бегимай көздөрүн алайта туруп калды.
– Кандайча?
– Ошентип эле. “Кечирип койгула, иш ушундай болуп кеткен. Уулум бар, ал тургай чоңоюп калды” дедим. Биринчи шок болушту, анан бул чындыкты кабыл алганга аргасыз болушту. Аскат – менин уулум.
Бегимай аны таң кала тиктеп турду да, башын жерге салды. Кайсы эркек мындай курмандыкка бармак?
– Мен сенин жакшылыгыңа татыктуумунбу?
– Сен менин жакшылыгыма эмес, жашоомо татыктуусуң!
– Рахмат!
– Бегимай, мен сенден бир нерсе сурагым келет. Кылган жакшылыгым сүйүүмдүн ордуна эмес, келечегибиз үчүн...
– Сура, аткарганга аракет кылам.
– Эч ким, эч бир жан бала менден эмес экенин билбесе дейм. Атүгүл өзүнүн атасы дагы...
Куду бирөө камчы менен тартып жибергендей Бегимай селт дей түштү.
– Ал тургай Аскат өзү дагы билбесин. Чоңойгондо мени атасы катары жакшы көрүшүн каалайм. Мен анын түбөлүктүү атасы болгум келет. Ушул сырды экөөбүз тең сактасак дейм.
Турмушта өзүнүн жолун билип, ага акылман көз жүгүрткөн адамдар болот. Мурат ошондой эле. Азыр жоголуп бараткан, өткөн замандын рыцарларындай даанышман, өз максатын билип, ага жетүүнүн жолун да билген чыныгы жигит болчу. Биздин каарман Мурат Бегимайдын тагдырына жолуккан үч жигиттин эң туруктуусу, эң күчтүүсү, эң акылманы, токтоосу эле. Албетте, бул дагы тагдырдын сыйы болду Бегимай үчүн. Анын күчүнө баш ийип, күчтүү ийиндерине жөлөнгөндөн артык бакыт жок эле ошол учурда. Өтмүшүнүн барагын жаап, жаңы турмушка чындап киришкенге бел байлады. Бирок тагдыр эч качан биз каалагандай болбойт.
Ошентип, Мураттын окуусу аяктап, мекенине кайтты. Бегимайдын таарынычта жүргөн ата-энеси небересин көрүп, таарынычтарын тез эле унутушту. Мурат менен Бегимайдын үйлөнүү тою боло турган болду.
Алина бул тууралуу кокусунан угуп калды. Бир чети ушунча жыл чогуу жүргөн, эң жакын адамы болгон курбусунун тоюна баргысы келди. Экинчи чети аялдык кызыгуу күчтүүлүк кылбаспы...
Телефонду тез терип Бегимайдын үйүнө чала баштады.
– Алло,- деди тааныш үн.
– Бема, бул сенсиңби? Кандайсың, качан келдиң? Эмне үчүн бизге кабарлабадың?
Алина адатынча кубанычтуу быдылдап сөз бербей жатты.
– Жакшы, баары жакшы...
– Тоюң болот экенин Сабинадан уктум. Эмнеге мага айтпадың?
– Кечирип кой, азырынча сүйлөшүүлөр гана жүрүп жатат. Так датасын белгилегенден кийин сага кабарлайын дегем. Өзүң кандайсың? Азирет кандай, Аскар Токтосуновичтин ден соолугу жакшыбы?
– Баары жакшы, биз өтө бактылуубуз. Жакында неберелүү болобуз деп кубанып жатышат. Баса, УЗИге түшсөм уул экен. Атын Аскат коёбуз деп жатышат үйдөгүлөр.
Бегимайдын жүзү кубара, өзүнө карай талпынып келе жаткан кичинекей Аскатты тиктеп жүрөгү тилине түштү.
– Бем, кечирип кой, сага катуу тиерин билген эмесмин. Эмне, ыйлап жатасыңбы?
– Эч нерсе эмес,- деди Бегимай төгүлүп кеткен көз жашын сүртүп. – Мен уулдуу болгом. Анын аты да Аскат!
Телефонду ордуна койгон Алина ойго чөгүп калды. Жүрөгүндө бир түшүнүксүз санааркоо пайда болду. Бөлмөгө кирип келген Азирет колуктусунун өңү өзгөрө түшкөнүн байкады.
– Бир нерсе болдубу?
– Жок!
– Аа, анда апам чакырып жатат сени...- деди кайра чыга бермекчи болуп.
– Ази...
– Ов.
– Бема келгенин уктуң беле?
Тутканы кармай берген Азиреттин далысы дирт эте түштү.
– Ии, келиптир дечи.
– Бизди тоюна чакырды. Өткөндө Сабинадан уккан элем, азыр өзүм чалдым.
– Болуптур, Алишка, мен жумушка шашып жаттым эле.
Азирет үн катпастан сыртка жөнөдү. Машинасына отуруп, айдап жөнөдү. Бул кабарды уккандан кийин кайдагы жумуш... Багытын билбей ойду-келди жүрө берди. Жинди болгон адамдай айдап, аркасында чуулдаган МАИчинин ышкырыгын, башкалардын сөккөнүн да кулагына илбеди. Бир кезде демиге токтоду. Баары бир... Жинигип, чуркап, оонап жиберсе да балээ болгон бул сезимден кутула албайт. Же жок болуп кетпей, биротоло жанын жеген курттай турганы турган. Ушундай болорун, бир күнү турмушуна ошол адам кирип келерин билген эле. Ошол учурдан жүрөксүп, коркуп да жүргөн. «Үйлөнүү тою. Демек, башканы тааптыр да. Кызык, менден эмне артыкчылыгы болду экен? Менчелик сүйүп, менчелик кыйналбагандыр ошол адам. Демек, ушундай де... Эх, Бема, Бема. Жаным, жарыгым, жалгызым Бегимай! Кайда жүрдүң, кандай күндү башыңдан өткөрдүң? Сүйөт болдуң бекен ал адамды?» Көпкө отурду. Кечинде үйгө кеч барды. Көзүн жалдыратып күтүп отурган келинчегин көрүп аяп кетти. Бооруна кыса кучактап, чекесинен сүйдү.
– Кайда жүрдүң мынча кеч?
– Жумуштар. А сен эмне уктабай отурасың?
– Сени күттүк. Аскат экөөбүз сени күттүк,- деди ичин сылай берип. – Баса, тойго барабызбы?
– Барабыз. Сенин эң жакын курбуң болсо, кантип барбай коёбуз?! Сөзсүз барабыз.
– Бема катуу өзгөрүлүп кеткендей сезилди мага. Кызык, алар бизден да биринчи балалуу болуп калышкан экен.
Азирет таң кала кашын серпип алды. «Чынбы?» деди жүрөгү мыжыла.
– Кайдан билдиң?
– Мен боюмда бар экенин, атам баланын атын Аскат коём деп жатканын айттым. Бегимай ыйлап алды. Билесиң го, Аскат деген атты укканда эле ыйлап кирет эмеспи... Анан бир аздан кийин «менин уулумдун аты да Аскат» деди. Билбейм, жүрөгүм ооруп кетти. Аскатты эстедим. Менимче, Бегимай да Аскатты эстеди.
– Алиш, мен чарчадым. Эртең сүйлөшөлүчү. ..
Терс бурулган Азирет жаздыкты буулуга мыжыга берди. Кызганыч көөдөнүн өрттөп жатты. Ал Бегимай кимдир бирөөнүн аялы деген ойго таптакыр көнө албай, ошол ой менен келише албайт эле.
Той көйнөгүн кийген Бегимай өзүн күзгүдөн көпкө тиктеди. Секелек кезинен баштап ушул апакай көйнөктү кийүүнү кандай гана эңсебеди дейсиң. Кыялында өзүнүн тоюн элестеткенден тажачу эмес. Ар дайым ар башка сценарий ойлоп тапчу. Мына ошол күн келди. Келгенде да жүрөгүн жаралап, эчен сыноодон өтүп келди. Мына, бактылуу бол, бактыңды сез. Бирок дагы да тагдыры алакчылап, колуна кармата салып, кайра жулуп алчудай бүдөмүк сезим боло берди. Ал эми Мурат Бегимайдан алда канча бактылуу эле, ишенимдүү болчу. Колуктусунун жанына келип, башын башына тийгизе тиктеп турду.
– Кызык, негедир коркуп жатам,- деди Бегимай.
– Коркпо, баары жакшы болот. Мен жаныңдамын.
Муратка муңайым жылмайганы менен, анын сөздөрү адатынча жардам бере албады. Тойго Азирет келерин сезип турду.
Айткандай эле той залына кол кармаша кирип келе жаткан Бегимайга кол чаап күтүп жаткандардын ичинен Азирет биринчи урунду. Жүзүнө көз токтотуп карай албаганы менен, өзүнөн көзүн албай тиктеп жатканын сезди. Жанына жеткенде буту чалыштап, чалынып кете турган болгондо Мурат жөлөй калды.
– Акырын...
– Толкунданып кеттим.
Азирет дагы Бегимайдагы өзгөрүүнү байкады. Кусалуу каректердеги жылт эткен учкунду сезе койду. Мына, куса кылган адамы... Өзүн токтотуп, башка нерсеге алаксыйын деген менен Азирет төрдө отурган кыз-күйөөдөн көзүн албай жатты. Жанына барып, жок дегенде бир ооз сөз менен сүйлөшкүсү, көздөрүнө тигиле карагысы келди. Бир кезде маңдайында отурган апасы менен тиктеше түштү. Кыжалат боло караган апасынын көздөрүнөн ал баарын эле эбак билип отурганын байкады. Ай, ушу апасы кыбыр эткендин баарын байкайт. Аргасыз жылмайып алды.
Бирок ал күнү Бегимай менен жолугууга, көзмө-көз сүйлөшкөнгө жагдай болбоду. Өз бөлмөсүнө кирген Алинанын көздөрүнөн эми жаш кулайын деп турганын байкады.
– Э-эй, сага эмне болду?
– Эч нерсе...- дегени менен ушуну эле күтүп тургансып көздөрүнөн тамчы жаштар тоголонуп кетти.
– Алиш, баары эле жакшы го. Эмнеге капа болдуң?
– Жок, баары жакшы эмес, тескерисинче, баары жаман. Сен өзгөрүп кеттиң. Мага чоочун болуп калдың тез эле. Бүгүн Беманы караганда...
– Чүшш, сен ал жараны козгобо, Алиш. Мен сенин жаныңдамын. Мен сенден, балабыздан эч кайда кетпейм. Экөөңдү эч качан, эч кайда таштабайм. А башкасы... башка нерсеге киришкенге мен уруксат бербейм. Сага да, ата-энеме да... Азыртадан ушуну жакшылап түшүнүп ал.
– Азирет!
– Мен сени жакшы көрөм. Башка нерсеге башыңды оорутпа. Баланы ойло.
Ушуларды айткан Азирет сыртка бет алды. Алина кичине муштумдары түйүлө, өңү кубарган боюнча кала берди. Түн бир оокумда Азирет кимдир бирөөнүн онтоп жатканын байкады. Жакшылап тыңшаса, Алина экен. Ордунан шарт тура калды да, жуурканын серпип жиберди.
– Ичим, ичим ооруп жатат...
– Ой, эмне болуп кетти? Кийин деп айттың эле го...
– Дагы бир ай бар болчу. Билбейм, эмне болуп кетти...
– Азыр, Алишка, бир аз чыда. Азыр ооруканага алып барабыз.
Төрөтү эрте башталып калган Алина чый-пыйы чыгып, өңү кубарып, кайненесинин колдорун мыжыга кармап жатты.
– Апа, өлүп калам го...
– Кой, антип айтпа, балам. Азыр ооруканага тез эле жетебиз...
Мариям келининин чыпылдап тердеген маңдайын аарчып жатып коркуп кетти. Негедир кадимки толгоого окшобой, эрди канталай кыйналып турганын байкады.
– Азирет, бол тез айда.
Тез алып барып, палатага алып кетишкен врачтар топтолуп калышты. Бир нерсени билгендей Азирет апасына суроолуу карай берди.
– Апа, деги эмне болуп жатат? Ушундай болчу беле?
– Врачтар төрөтү оор деп жатышат. Консилиум кылып жатышат окшойт. «Азыр баарын текшерип туруп, силерди чакырабыз» дешти.
– Эмнеге андай болушу мүмкүн? Ден соолугу деле жакшы. Текшерүүдөн өтүп жатпады беле?
– Билбейм, балам. Бир аздан кийин баары чечилет. Кудай деп тура туралы.
Мариям уулунун тынчы кетип турганын көздөрүнөн көрүп, көзүн ала качып кетти. «Ай, эмне болуп калды? Жакшы эле жүргөндөй көрүндү эле. Аман-эсен көз жарып алса экен. Азиреттин да өңү кубарып... Кудай тилегибизди берип, неберебиз колубузга тийсе экен» деп жатты чебелектеп. Бирок атын эбак Аскат коюп алган, үй-бүлө чыдамсыздык менен күтүп жаткан бала жарыкка келе албады. Чоң ата-чоң энесинин тилеги өтүп кеттиби, төрөтү оор болгон Алинанын баласы төрөлгөндөн 10 мүнөткө жетпей чарчап калды. Ал эми келин өмүр менен өлүмдүн ортосунда эле.
Узак болду ошол түн. Азиреттин биринчи жоготуусу, биринчи кайгысы эле. Врач чарчаңкы чыгып, «баланы сактай албай калдык. Келинчегиң оор абалда» дегенде кимдир бирөө жүрөгүн кош колдоп мыкчып жаткандай сезилди. Төрөлө элек наристеге байланып калган экен.
– Сиз кайненеси болосузбу? Келсеңиз, сөзүм бар эле...- деп врач Мариямды ээрчитип кетти. Алардын аркасынан тиктеген Азирет башын мыкчый отуруп калды. Эркектер мындай күтүлбөстүктөрдүн алдында алсыз келишет эмеспи. Азирет кимдир бирөөгө кайгысын айтып же кимдир бирөөдөн чара издегиси келдиби, телефонун колуна алды. Атасына чалгысы келбеди. Оорулуу жүрөгүн аяды. Андан жакын адамы ким? Кимге чалышы керек? Оюна ушул учурда Бегимай келди. Ага чалып, өзүн кыйнаган нерселерди айтып жеңилдегиси келди. Мурунку номерине чалды эле гудок кетип жатканына сүйүнүп, бир эсе алдастап да кетти.
– Алло.
– Бема, мен... бул мен Азирет... Суранам, трубканы таштаба...- дегиче болбой ал коюп салды. «Бир гана ооз сөзүң керек болчу. Башка эч нерсе керек эмес эле. Бүгүн керек болчусуң мага...» деп шалдырап күбүрөп алды. Телефонун күч менен ыргытып жиберди, анысы ар кай жерде чачырап жатып калды. Ушул учурда Мариям врачтардын кабинетинен келе жаткан. Уулунун жерде чачылып калган телефонун жыйнап колуна карматты да, бир эсе капа болуп катуу айтты.
– Ази, сени эркек дейт. Башыңа түшкөн нерсени татыктуу көтөргөнгө аракет кыл деп айтып жүрбөдүм беле. Эгерде сен ушунчалык өзүңдү таштап жиберсең, Алина эмне болот? Анын абалы сен ойлогондон беш эсе оор. Анын үстүнө...- деп келе жатып бир нерсе айта албай токтоду.
– Эмне болду, апа?
– Врачтар азыр айтышты. Оор жүк көтөргөндөн же башкадан уламбы, жатында шишик пайда болуптур. Мага көрсөтүштү. Курган балам эми кантет?- деп ыйлап жиберди Мариям.
– Апа, ал эмнеси?
– Эми Алина эне боло албайт, балам. Эч качан балалуу болбойт. Өмүрүн сактап калуу үчүн жатынды биротоло алып салганга, операция жасоого мажбур болушуптур.
Азирет дубалды муштуму менен муштап алды. Деги эмне деген кырсык эле бул? Жаңы баракты ачып, жаңы турмушту баштап келе жатышпады беле? Мурунку көргөнү аз беле?
– Баланы ушунчалык күткөн байкушум кантип көтөрөр экен? Ажалынан мурун эле өлүп алат го...- деп ыйлап жатты Мариям.
Экөө эмне кыларын билбей көпкө отурушту. Жымжырттыкты акыры Мариям бузду.
– Азирет, ойлонуп көргүлө деп врач келин бир сунуш айтты.
– Эмнени ойлонобуз анча?!
– Алинадан бир саат мурун бир кыз төрөптүр. Бирок «ал баласынан баш тартып жатат. Ошол баланы багып чыгарып кетсеңер болот. Ойлонуп көргүлө, келинге берер жардамым ушул» деди врач. Эми жок дегенде...
– Койчу, апа, башка бирөөнүн баласын кантип алабыз?
Азирет алгач бул кепти боюна жуутпай так секирди. Өзүнүн уулун колума алам деп турган ага бул сөздөр өтө оор тийди. Бирок тагдырдын жазмышына баш ийбей кайда барабыз?!
Наркоздон жаңы ойгонгон Алина көзүн ачты. Маңдайында турган кайненесин, андан кийин Азиретти көрдү.
– Апа, балам аманбы?- деди алгач эле.
Жооп ордуна кайненесинин көзүндөгү жашты көрүп, ордунан обдула берди.
– Балам, Аскатым, ал?!
– Бала чарчап калды, Алина...- деди Азирет жакын келип. Кыйкырып, жулунуп жаткан келинчегин кучагына бекем кысып алды.
– Алишка, суранам, өзүңдү токтот.
Аргасы куруп, соолуп ыйлап жаткан келинчегине жүрөгү туз куйгандай ачышты.
Эртеси күнү гүл көтөрүп палатага кирип келген Азиретти көрүп Алина жылмайып алды.
– Эгерде балабыз болсо гүл алып келсең жарашмак. Эми эмнени куттуктап алып келдиң?
– Өзүңдүн аман калганың деле мен үчүн майрам. Баары жакшы болот.
– Азирет, эми эмне кылабыз?- деп күйөөсүн жабыша кучактаган ал дирилдеп жооп күтүп турду.
– Эй, Алиш, эмне кылат элек? Баары жакшы болот, мурункудай жашай беребиз.
– Сага врачтар баарын айтыштыбы? Биз балалуу боло албайбыз.
– Алар сүйлөй беришет. Мен сени башка өлкөгө алып кетем. Дарылатам. Баары жакшы болот.
– Ази, эгерде болбосочу...
Азирет оор улутунуп алды. Келинчегин өзүнө каратып, көздөрүнө ишенимдүү тигилди.
– Мен сени таштабайм. Кандай жагдай, кандай учур болбосун, өзүң каалабасаң, мени бошот деп айтпасаң, эч качан сени таштап кетпейм. Мен ошончолук эле акмак эмесмин, Алина. Сага үйлөнүп жатканда эле жоопкерчиликти мойнума алгам. Азыр эч нерсени ойлобо...
Алина күйөөсүнүн мойнуна асыла кетти, кубанды, Азирети менен сыймыктанды.
– Ази, мен апамдын оюна кошулам. Мен биздин балабызды жарык дүйнөгө алып келгим келген. Ушунчалык күткөм. Болбоду. Эми ошондой эле бул наристе үй-бүлөгө муктаж. Мен аны бактылуу кылгым келет. Кечээ силер кеткенде өзүм сурап алып эмиздим. Татынакай, башкача кыз экен.
– Алина...
– Мен баласыз калгым келбейт. Үйгө ошол чүрпө менен баргым келет. Сен, мен, апам үчөөбүздөн башка эч ким билбейт. Атүгүл атама да айтпайбыз.
– Атаң баарын билет.
– Азирет!
– Ууф, апам экөөң мени туюкка кептедиңер го. Болуптур, эгерде ушунчалык каалап жатсаң, багып алалы.
Ошондой болду. Алина бир бактысыз наристеге өз мээримин берип, бактылуу кылгысы келди. А балким, көкүрөгүнүн түпкүрүндө ошол наристенин жардамы менен үй-бүлөсүн да сактап калгысы келгендир. Азирет бул күндөрү эмнени ойлонуп жүрдү ким билсин, кара түндөй кабагы ачылбай, бир нерсеге тынчсызданып жүрдү. Бирок Алина көтөрүп чыккан наристеге негедир имериле албай, жүрөгүнүн чети да жылыбай турду.
Жашоо өз нугу менен өтүп жатты.
Мурат колундагы гүл менен колуктусунун чекесине, эрдине тийгизип:
– Уйкудагы сулуу, мен кетип баратам...
Уйкусураган Бегимай көзүн ачып, гүл сунуп турган Муратты көрдү. Бактылуу жылмайып алды.
– Кайда барасың бүгүн?
– Бир фирманын кожоюну менен сүйлөшүп берем деген Касым. Айтымына караганда, чоң, эл аралык фирмалар менен иштешкен фирма экен. Кожоюнунун бир маселелери болуп, 2-3 күн ишинде болбоптур. Бүгүн сөзсүз келет дегенинен улам баратам. Сен бүгүн эмне кыласың?
– Сени күтөм.
– Рахмат, мени дайыма күт, ээ?
Келинчегинин мурдунан чымчып алып Мурат сыртка бет алды. Намыскөй жигит. Кайнатасы канча жолу жогорку кызматтарды сунуш кылса, ар нерсени шылтоолоп барбай койду. Бардыгын өз күчү менен кылгысы келет.
Бегимай бактылуу эле. Ал Мураттын күн сайын кулк-мүнөзүн билип, жакшы сапаттарын таап, анын чексиз адамгерчилигине баа берет. Бирок жүрөгүндө Мурат каалагандай сезим жашабайт эле. Кайсы бир күнү жолунан Азирет чыга каларын сезип, ошол нерседен качып жүрдү. А балким, жүрөк тереңинде ошол кезигүүнү да самап жүрдүбү...
Кезигүү көпкө күттүргөн жок. Экөө таптакыр күтпөгөн жерден бетме-бет жолугушуп калышты. Мурат айтылуу фирмага жумушка кирген. Ошондон аз өтпөй эле кесиптештери бир жерге чакырганын айтып келди.
– Бема, эртең даярданып тур. Кечинде алып кетем.
– А мен барбай койсом болобу?
– Сени дагы чакырышты. Барбасак болбойт го, баса белгилеп «келинчегиң менен кел» дешти.
– Ал эмне болгон чакырык экен?
– «Шеф кайсы бир жеңиши үчүн чакырып жатат ресторанга» дешти. Фирманын бардык кызматкерлери эмес, чакан гана чөйрө. Андыктан...
– Болуптур, бирок мен үйдөн чыккым келген эмес. Сен үчүн гана бара жатам,- деди Бегимай ордунан ыкшоо козголуп.
Ошентип, Мурат менен Бегимай бул кечеге даярдана башташты. Ал эми Азирет ошол салтанаттын кожоюну эле. Ал кол алдындагы адам менен сүйлөшүп жатты.
– Чындыгы ушул...
– Дагы бир жолу текшерип көргүлө, фирманын атын мындай нерсе менен булгагым келбейт. Болуптур, азыр иш тууралуу сүйлөшпөй эле коёлу. Анын үстүнө эл да чогулуп калды.
– Макул, Азирет Аскарович,- деп сылык сүйлөп басып кетти жардамчысы.
Азирет атасы Аскардын жардамы менен бул фирманы ачкан. Ишкер катары бизнес чөйрөсүнө тез эле тааныла алды. “Алма сабагынан алыс түшпөйт” деген чын белем, мурун атасынын ысымы эл оозуна кандай бат илинсе, Азирет дагы оозго тез эле алынып кетти. Бүгүн кезектеги кирешелүү келишимге кол коюп, ошол себептүү кол алдындагылар менен майрамдаганы жаткан. Тагдырдын тамашасы менен Мурат Азиреттин фирмасына жумушка алынып калган. Кадрлар бөлүмүн башка адам тейлегендиктен, Азирет Мурат өзүнүн кол алдына жумушка киргенин билбейт эле.
Ресторанга эл келип жатты. Четте турган Азирет кирип келе жаткан тааныш караанды көргөндө обдулуп алды.
– Кандайча?
Бегимай эч нерседен капары жок Муратты колтуктап, бактылуу жылмая айланага серп сала тиктеп, анын тамаша сөздөрүнө күлүп келе жаткан. Азирет кусалуу тиктеп турду. Кыйла өзгөрүп калыптыр. Бир чети көзүнө тааныш да, тааныш эмес да көрүндү. Узун боюна, сымбатына куп жарашкан, белине жеткен капкара чачтарын кыпкыска кылып кыркып салган экен. Бир кезде сулуунун көркү болгон чачтарына ичи ачышып турду. Бирок мурункусундай эле сулуу, азгырыктуу! Азиреттин көз алдынан кете албаган бир элес боло турган. Ал – өзү Кыргызстанга келип, учактан түшкөндө “Аскат!” деп кыйкырып мойнуна асылган Бегимайдын карагаттай көздөрү эле. Башка экенин түшүнгөн соң көзүнүн нуру өчүп, жүзүндөгү шамы күүлүп...
Ошол элес жүрөгүнө тамга болуп басылып калгандай. Андан кийин бир да жолу Бегимайдын жүзү жаркып антип кубанганын да, томсоро шалдайганын да көрбөдү. “Эх, Аскат, бир боорум, сен кандай адам элең? Ушундай жандын жүрөгүн багындырып алган экенсиң. Биздин, экөөбүздүн Бегимайыбыз азыр деле бактылуу эмес. Билип турам, бактылуу эмес!” деп алды ичинен. “Токтот өзүңдү...” деп жүрөгүнө буйрук бергени менен, көптөн бери издеп таппай жүргөн адамын жолуктурганга дүрбөлөң түшүп жатты.
Бегимай менен Мурат орундуктарга отуруп, эки жагын карап калышты.
– Көп эле адам келген окшойт.
– Мен деле мынча адам болорун билген эмесмин.
Өздөрүнчө сүйлөшүп жаткан жубайлар ким сүйлөп жатканын деле элес албай жатышкан. Бегимай сөздүн акырын эле кулагы чалып, төр жакты тиктеп калды. “Эмесе, сөз биздин жетекчибиз, жаш, жигердүү башкаруучубуз Азирет Аскаровичте. .. Келиңиз!” Уккан кулагына ишенбей калды. Өңү кубарып, тиктеген боюнча катты да калды. Микрофонго жакындап келген Азирет элди бир тиктеп алып, жай сөзүн баштады. Алгач баарын жеңиши менен куттуктап, иштерине ийгилик каалап, токтоо, олуттуу сүйлөдү. Өзүнө тигилип турган көздөрдөн да бир адамдын көз карашын өзгөчө сезди. Шатырата чабылган кол чабуулар... Сөзүн бүтүп өз ордуна өтүп бараткан Азирет аны бир тиктеп алды. Көздөрү чагылыша түштү. Бир ирмемде Бегимай үчүн жер астын-үстүн болуп кеткендей туюлду. Ооба, Азирет өзгөргөн экен. Өзү билген шайыр-шатман, эч кимди уруп ойнобогон, өз каалаганын гана кылган боз баш жигит эмес, таасирдүү адамга айланганын байкады. Калтырап жаткан колдорун кармалаган Мурат келинчегине таң кала тигилди.
– Сага эмне болду? Үшүп кеттиңби?
– Жок, баары жайында.
– Анда неге колдоруң мупмуздак? Калтырап жатканын...
Келинчегинин ичке манжаларын бириктире өөп койду.
– Эч нерсе эмес, көпчүлүккө көнбөй калсам керек. Мен бир аз дем алып келейинчи,- деген Бегимай сыртка бет алды.
Балконго чыгып, терең дем алып алды. Жан дүйнөсү бир аз эс ала түштү.
– Салам!
Тез бурулган Бегимай колуна бокал кармап, өзүнө күлүмсүрөй тигилип турган Азиретти көрдү. Ууртунда баягы эле тааныш жылмаюусу.
– Салам!
– Ушинтип жолугуштук кайра...
– Да, жер тоголок, баары бир жолуктук.
Бегимайдын доошу титиреп кетти. Жылмайганы менен, көздөрүнө жаш толуп баратты.
– Өзгөрүпсүң, бирок мен сени кирип келериң менен тааныдым. Чачың сонун болчу, кырктырбай эле койсоң болмок...
Кадимки тааныштардай эле сүйлөшүп жатышты. Тиричилик, ал-бул сыяктуу сөздөрдөн...
– Мурат мени издеп калат, мен кайтайын,- деди Бегимай ордунан козголуп. Азирет алдын торой калды. Бири-бирине жүздөрү тиер-тиймексен. ..
– А мен сени канчадан бери издеп жүрөм?!
– Азирет...
– Мен сени унутам дегем, унута албадым. Өтүп кетет дегем, өтүп кетпей жанымды кыйнады. Азыр мен каалаган нерсенин баары бар, бирок бактылуу эмесмин.
– Токтот...
– Турмушка чыгып, балалуу болгонуңду укканда жинди болуп кете жаздадым.
Бегимай Азиреттен коркуп кетти. Мындай көжөлүп алганда бир нерсенин ичинен чыкчу эле. Көзүн жума терең дем алып алды да, чечкиндүү үн катты.
– Макул, мен бардыгын угам. Бирок азыр эмес.
– Качан анан?
– Башка жерден, башка жолу...
Эмнеге ушинтип айтты? Кийин ушул сөздөрү үчүн канча жолу өзүн урушуп, бармагын тиштеди Бегимай. Бирок айтылган сөз – атылган ок. Чыкты да кетти. Азирет жол бошото берди.
– Мен күтөм.
– Чалба мага.
– Анда өзүң кабарлаш, мен сени чыдамсыздык менен күтөм...
Бошонгон Бегимай тез адымдады. Чындыгында эле келинчеги көрүнбөй калганына кабатырланган Мурат эми издеп чыккан экен. Аны колдон кармаган Бегимай тез сүйлөдү.
– Ооруп калдым, Мурат, тез үйгө кетели...
– Кандайча? Кайсы жериң?
Кабатырланган Мурат келинчегинин чекесине колун коюп, чын эле чыбырчыктап тердеп турганын сезди.
– Кеттик...
Бооруна кыса сүйөй кармап машинасына отургузду. Бегимай машинанын терезесинен Азирет сыртка чыгып, өзүн карап турганын байкады.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2