Жанар кимдир бирөө анын артынан ээрчип келе жатканын сезди. «Балким, мен жашаган үйдө жашаган немедир» деп ойлоду. Аңгыча арттагы келе жаткан неме үн катты. – Жанар, токтосоң.
– Ким бул? Максат, сенби?
– Жок. Токтосоң, сенде бир сөз бар.
Эмнегедир Жанар бир нерсе болуп кетпегей эле деп чабуулга жооп берчүдөй чыңалып даярданып калды.
– Кимсиң?
– Жанар, кандайсың?- бейтааныш колун сунду.
– Жакшы,- Жанар тиги бейтааныш анын колун өтө катуу кармаганынан чочуп кетти. Машыгуулар аны байкагыч болгонго үйрөтүп коюптур.
– Мурат агадан салам!- бейтааныш киши Жанарды өзүнө силкип тартып бычак шилтеди. Бекер чочулабаган экен. Бирок бычакты колу менен түртүүгө үлгүрбөй калды. Жука күрмөсүн шылып өткөн курч темир этине келип сайылганын даана сезди. Болушунча артка кетенчиктегенгеби, бычак үстүртөн гана сайылды. Колун силкип тартып алып качып жөнөдү. Тиги бейтааныш андан мындай чечкиндүүлүктү күтпөсө керек, кууп жөнөдү. Жанар жашаган короо дубал менен курчалган болчу. Ал үйгө кирип кетүүнү ойлоду. Бирок ачып киргиче тиги жетип келип калчудай. Дубал түбүндөгү таштанды челекти көрүп түз эле ошол жакка бет алды. Бейтааныш берилип чуркап алыптыр. Жанар бир аз жайлап, ортодогу аралыкты жакындатканга аракеттенди. Мына эми жете келди дегенде таштанды челекти тээп секирген Жанар бурула түшүп артындагы бейтаанышты бет талаштыра катуу тепти. Тиги кулап түштү. Бирок эсин жоготпогон экен. Жанар анын колундагы бычакты тартып алганга аракет кылды. Тигинин коё берер түрү жок. «Ме сага!» ачуусу менен тигинин бошой түшкөн бир манжасын артка кайрып сындырып салды. «Карс» этип сынган сөөктүн добушунан кийин тиги неме бакырып жатып калды.
– Кимсиң?- Жанар бейтааныштын кекиртегине бычак такады.
– Билгениңди кыл!- деди бир көзү сокур жигит. Жанар эми гана анын жүзүн көрдү.
– Өлгүң келеби?
Жанар бычакты салмак менен тигинин кекиртегине кан чыккыча такап турду. Бир убакта бир көздүү жигит: «Апа-а!» деп бакырып жиберди.
– Кимсиң?
– Мен эмес, Мурат ага.
– Мурат агаң ким эле?
– Сен ээрчип жүргөн кыздын атасы.
– Эмнеге? Айт, эмнеге?!
– Билбейм. «Жок кылып кой» деди. Мен айтканын аткардым.
– Ага эмне кылыптырмын?
– Билбейм. Мен тапшырманы эле аткардым. Өлтүрбө!
– Тур ордуңдан! Кың десең, союп таштайм!- Жанар бейтааныш адамдын кекиртегинен бычакты албай тургузуп жатты. Бирок дал ушул учурда тиги неме Жанардын бычак кармаган колун түртүп жиберип качып жөнөдү. Анын моюнун бычак кести, муну Жанар даана сезди.
ххх
Кыз үйүн көздөй бет алган болчу. Бирок капысынан апасы телефон чалып, соода борборунда экенин, аны ала кетүүсүн айтты. Унаасы менен соода борборуна жөнөдү.
Колуна ар түркүн баштыктарды кармаган Маржан кызынын бет маңдайынан сүйүп учурашты.
– Жүрү, атаңа бир жакшы пиджак алалычы. Ал өзү жакшы тандай албайт. Экөөбүз жакшысын алып берели. Сюрприз кылалы, жүрсөң.
Анан алар бир топко чейин пиджак тандап убара болушту.
– Жакшысын эле алдык окшойт, ээ? Жүрү, атаңа бара кетебиз. Муну берип кубантып коёлу да,- Маржан кызынын унаасына отуруп жатып сүйлөндү.
ххх
Маржан түз эле күйөөсүнүн иш бөлмөсүнө бет алды. Эмнегедир ал бүгүн кубанычтуу. Оюнда азыр күйөөсүнүн иш бөлмөсүндө бүгүн ага арнап алган кийимди кийгизип, кубантмакчы болуп турат. Анан кызынын унаасы менен чогуу үйгө жөнөшөт. Бирок эшиктин алдынан Тимур тосуп чыкты.
– Шеф азыр бир маанилүү маселени талкуулап жатты эле. Маржан эже, бул жакта бир аз күтө турасызбы?- деп жумшак отургучтарды көрсөттү. Кызы менен ал отургучтарга барып жайгашкан Маржан кызынын телефон чукулап калганына кейиди.
– Эртеден кечке ушул телефон менен алексиң. Коюп койчу ары. Кел, атаң чыкканча сүйлөшөлү.
– Келиңиз, андан көрө сүрөткө түшөбүз,- деди Джи апасын кучактап. Дал ушул учурда Мураттын иш бөлмөсүнүн эшиги ачылып, ал жактан моюну таңылган бир көздүү жигит маанайы суз чыга келди. Кыз аны көрүп чочуп кетти. «Кайдан? Муну кайдан көргөм?» өтө эле тааныш учурап кеткен ал жигитти карап көздөрү тостоё түштү.
Бир көздүү жигит Маржан менен кызынын жанынан өтүп баратып аларды бурулуп бир карап алды. Кыз кыйкырып жиберейин деди. Денесин майда калтырак басып, оозу кургап чыкты. «Калыс! Сөзсүз, макулбу?» анын артынан чыккан Мурат бир көздүү жигитке өктөм сүйлөдү.
– Калыс!- кыз кайталады. Көз алдында олбурлуу жигит бирде муштуму менен, бирде отургуч менен аны башка-көзгө койгулап жатканы тартылып кетти. Денеси кыймылга келбей калды.
Ал бир көздүү бул кара жигитти дапдаана эстеп жатты. Ооба, ал ага адам чыдагыс азапты көрсөткөн. Бирок бул кайдан атасынын жанында жүрөт? Жооп жок болчу.
«Мен Джи эмесмин» деди ал дилинде. Биринчи жолу ошентти. «Арууке деген сенсиңби?» деп ызырынган кара жигиттин элеси кайра-кайра элес болуп жатканда «сага эмне болду?» деп атасы маңдайынан өптү. Джинин көздөрү коркунучка толуп калыптыр. Ыйлап жиберейин деп турат. Телефонунан кат келгенин билдирген үн чыкты. Жанардын «Кетишибиз керек. Үйүңдүн жанындамын. Суранам, чык. Кетип калалы. Баарын түшүндүрүп берем» деген катын окуду. Бир эле учурда мындай оор эскерүүлөргө, мындай каттарга даяр эмес турган экен. Дендароо болуп туруп калды. Бир көздүү кара жигиттин сөгүнүп, отургуч менен чаап жаткан элестен арыла албай турган эле.
– Сага эмне болду?- атасы кайра кайталады. Кыз үндөбөстөн ордунан турду да, чуркап жөнөдү. Ата-энеси түшүнбөй эле туруп калышты.
Шаша-буша унаасына отурду да, үйүн көздөй зуу койду. Жол ушунчалык узак сезилди. Жетчүдөй эмес.
Короодо Жанар турган экен. Өңү купкуу. Кыз унаасын токтотуп эле чуркап барып жигиттин моюнуна асылды.
– Жанар! Жанар...- кыз сүйлөй албай, бышактап ыйлап жиберди. Жигитти бекем кучактап, анын моюнунан шуу эттире жыттап жатты. Ал баарын эстеген болчу. Ашып-ташып көкүрөгүнө батпай жаткан сезимдерге кыз ээ боло албай койду...
– Жанар! Жанар,- кыз жумшак колдору менен жигиттин жүзүнөн сылап, анын бетинен туш келди өпкүлөп жатты. Ыйлап да алган. – Аруш?- жигит суроолуу тиктеди. Кыз унчукпастан көз жашын токтото албаган абалында "ооба" дегендей башын ийкеди. Жигитти сагынычка толгон көздөрү менен тиктеп алган. Жанардын көздөрү жашка толуп чыкты.
Алар бир топ убакытка чейин үнсүз эле көздөрүнөн жаш сызылта кучакташып турушту.
– Сени канчалык сагынганымды билесиңби?!- кыз ый аралаш сүйлөдү. Оюна койсо, Жанарды кучагынан чыгарчудай эмес. Убакыт токтоп калгандай болду. Дүйнөдө экөө гана ушул кучакташкан абалында калышкандай. Канчадан берки сагыныч, кусалык көкүрөктөрүн өрттөп, көз жаш болуп чыгып жатты.
– Кетишибиз керек!- жигит үн чыгарды.
– Сөзсүз кетебиз! Жытыңа тойбой турам. Тынч туруп турчу,- Арууке бекем кучактап, коё бербей турду. Жанардын бычактан алган жарааты сыздатып жаткан.Жигит бир кол менен ичин басып, тиштенип алды.
– Эмне болду?!- чочугандан кыздын көздөрү тостоё түштү.
– Белгисиз бирөө бычак сайып кетти. Сенин атаң буйрук берген деди. Биз кетип калышыбыз керек. Бардыгын жолдон сүйлөшөбүз,- экөө шаша унаага бет алышты.
– Сен ооруканага барышың керек го?
– Жок, бычак үстүртөн гана тилип кетти. Эч нерсе болбойт. Ачкычты берчи, рулга мен отурайын,- Жанар унааны от алдырып, тездик менен короодон чыгып кетти.
Алар ошол замат Кыргызстанды көздөй бет алышты.
xxx
Экөө тең кыйлага чейин үн чыгарышкан жок. Унаа зуулдап бара жатты. Арууке Жанардын колун бекем кармап алган.
– Аны көргөндө жан дүйнөм алай-дүлөй болуп кетти. Анын жырткычтыкындай көз карашын унутуу мүмкүн эмес экен. Ал мага тозокту көрсөткөн болчу,- кыздын үнү дирилдеп чыкты.
– Ким?
– Тиги бир көздүү адам. Акыркы ирет мен аны көргөм. Сейил бакта жүргөнүмдө сүйрөп кетишкен. Эмнелерди айтканы даана эсимде жок. Бирок мен анын көзүн калем сап менен чукуп алгам. Бакырып-өкүрүп жатканы эсимде. Андан кийинкилери үзүл-кесил, бирок отургуч менен, муштуму менен башка-көзгө койгулап жатканын билем. Улам эсимди жоготпогонго аракет кылып, жан талашкам... Аны көргөндө эле тааныдым. Мээмде кайсы бир кнопка басылбай тургандай. Негизги бир элес жетишпей турган экен. Ажал менен беттешкен күнүмдү эстегеним эсиме келбей жаткан маалыматтын баарын жандантышына шарт түздү окшойт.
– Ал бир көздүү адам сен ата деп жүргөн кишинин жеке жасоолу экен да. Мага да бир көздүү жигит кол салды.
– Мен түшүнө албай турам.
– Мен дагы.
– А сен Кыргызстанда көмүп келген кыз менин эгизимби? Мага бул тууралуу эч ким айткан эмес.
– Анын жообу Кыргызстандан табылат. Башкысы, баары артта калды. Эми сени жанымдан чыгарбайм.
– Элестете албай турам. Ата-энем байкуш кандай абалда калган? Сен канткенсиң?
– Тарткан азаптарды сөз менен жеткире албайм. Акыркы ирет апаң мүрзөдө ыйлап отурганын көргөм. Биз бат-баттан ал мүрзөгө каттап турчубуз...
– Байкуштарым,- кыз ыйлап жиберип Жанарга башын жөлөдү.
– Сен эмнеге айтпай-дебей кеттиң?
– Жанар, жинди болгон экенмин. "Айыкпас дарт" дешти, "бир күнү өлөт" дешти... А мен сөздөргө эле жеңилип бердим. Жакындарымды азапка салгым келген эмес. Билбейм, азыр ойлосом акылсыздык кылыптырмын. Мээме эч нерсе келбептир. Силерди азапка салгым келбей эле өзүм менен өзүм болуп жок болуп кетейин дегем. Көрсө, силерди эки эсе азапка салып, өзүмчүлдүк кылыптырмын.
xxx
Маржан менен Мурат таң атканча кирпик какпай чыгышты. Джиден "Кам санабагыла! Мен эртең менен келем. Силерди жакшы көрөм" деген СМС-кат келген. (Жанар аны атайын жаздыртып, жөнөттүрүп койгон). Бирок телефону өчүрүлгөн. Джиде үйгө түнөбөй калуу деген баңгиликке азгырылып жүргөндө болчу. Акыркы жылдарда андай адаты түп тамыры менен калган эле.
– Баягыларына дагы кошулуп алганбы?- Маржандын үнү титиреп чыкты.
– Кам санаба! Келем деген турбайбы, келип калар.
– Билбейм. Түпөйүл эле болуп жатам. Деги аман болсо экен. Түшүнбөй эле калдым. Ал эмне качып чыгып кетти?
– Билбейм. Мен да түшүнгөн жокмун,- Мурат ийинин куушурду. Бирок ал калп айтты. Ал "кыз баарын эстеп шермендем чыкпаса болду" деп санааркап жаткан. Түнү менен өз адамдарына "Джини тапкыла!" деп буйрук берген. Азырынча кабар жок.
xxx
Арууке жүзүнө тийген күн нурунан ойгонуп кетти. Унаада жалгыз экен.
– Жанар!- ал чочуп жигитти издей баштады. Жанар сыртта турган. Унаанын эшигин ачып чыгып эле жигитин карай басып аны кучактап калды.
– Сен эмне кылып турасың? Мени жалгыз таштап коюптурсуң.
– Денем талып чыкты. Бир аз эс алайын дегем. Уктап калганыңдан ойготкум келбеди.
Жигит Аруукесинин маңдайынан өптү.
– Мм, сени менен таң кандай жагымдуу! Жаным десе,- кыз эркелей Жанардын бетинен сүйдү.
– Саат 12 болду. Сен уйкучу болуп калыптырсың.
– Мен айдайынбы? Сен бир аз эс алып ал.
– Мейли.
Экөө барып унаага отурушту. Жол тандабас ордунан жеңил козголуп жөнөдү.
Аз өтпөй жигит уйкуга кетти. Арууке рулда баратып, улам кылчактап Жанарды карап бараткан. Бир убакта чыдамы түгөндү окшойт. Машинаны жолдун жээгине токтотуп, бышылдап уктап жаткан жигитин жакшы көрө көпкө эзилип карап жатты.
– Жаным! Жамгыр кишим!- кыз Жанарды өпкүлөп жиберди.
– Эмнеге токтодуң?- Жанар көзүн ушалай.
– Жөн эле, уктаганыңды карап отургум келип жатат.
– Анда жол арбыбайт, берекем.
– 5 мүнөт. Анан айдайм,- кыз жигитинин мурдунан өөп койду.
– Уктай бер.
xxx
– Жанар! Ойгончу, Жанар! Артта Тимурдун унаасы келе жатат!- кыздын үнүнөн жигит чочуп ойгонду. Алардын унаасынын артында эле кара түстөгү жол тандабас жарыктарын өчүрүп-күйгүзүп токто дегендей белги берип келе жатыптыр...
– Токтобо! Болушунча катуу айда!- Жанар шашкалактап калды. Унаа зуулдап жөнөдү. Бирок тигилердин калып калчудай ою жок. Кыздын денесин калтырак басты. – Жанар, мен катуу ылдамдыкта айдай албай жатам. Жанар!
– Азыр катуу айдап барып дароо токто да, арткы орундукка тездик менен өтүп кет!
Кыз унааны ылдамдатты да, кийин дароо токтоду. Тимурдун унаасы алдыга озуп кетти. Ушул учурда Арууке арткы орундукка өтүп, Жанар рулга отура калды.
Жигит унааны тездик менен айдап жөнөдү. Алдыга өтө түшкөн Тимур күзгүсүнөн рулга Жанар отурганын көрдү да, аны алдыга өткөрбөө үчүн жолун тосуп айдай баштады. Кандай болсо да эптеп алдыга өтүш керек деген Жанар Тимур анын жолун тороп алганына карабай жөөлөп өткөнгө аракет кылды. Темирлердин кагылышканы угулду. Аруукенин унаасынын маңдайы майышып калды. Бирок ал алдыга озуп өттү. Дал ушул учурда тарс эткен үн чыкты. Унаа жолдо ары-бери чайпалып барып токтоду. Тимурдун унаасында келе жаткан Циклоп Жанарлар капталдап өтө бергенде дөңгөлөккө аткан болчу. Унаа жолдун четине барып токтоп калды. Тапанчасын көтөрө чуркаган Циклоп унаанын капталына келип Жанарды каратып 2-3 ирет ок чыгарып жиберди. Куралын аны каратканда эле Жанар башын ылдый кыла койгон, айнектер талкаланып, жүргүнчү отуруучу тараптагы отургучка эки ок кадалды. Жанар кайрадан газ басты. Ордунан жулкуна түшкөн жол тандабастын бир дөңгөлөгү майышып, кыйратып деле күүлөнө алган жок.
– Жанар, кач! Алар мага тийишпейт,- деп кыз безилдеди.
Кайрадан тарсылдаган эки үн чыгып, унаа таптакыр ылдамдыгын жоготуп токтоп калды.
– Жинди болдуңбу? Эмне чак түштө тарсылдатып аткылап жатасың?! Азыр заматта полиция келет,- Тимур Циклопко кыйкырды.
– Мен аны өлтүрөм.
– Өлтүрсөң, көздөн далдоо жерге барып өлтүр! Азыр кызды алышыбыз керек да, кетишибиз керек.
Чаңга чулганып алыс кетпей токтогон жол тандабаска жакындап барып унаанын арткы орундугунун эшигин ачкан Циклоп көздөрү алайып калган кызды колунан тартты. Көздөрү коркунучка толуп калган кыз эсине келе түштү окшойт.
– Акмак! Сен аны өлтүрдүң, акмак!- деп чаңырып жиберди. Рулга башы менен тийип турган жигитти көргөн Циклоп ага ок жаңылган окшойт деп ойлоп жиберди.
– Ме, карма!- Циклоп кызды Тимурга түрттү. Тимур кызды бекем кармап, өз унаасы тарапка сүйрөдү.
– Тимур, жардам бер! Тимур, сен адамсың. Ал сыяктуу айбан эмессиң, Тимур!- кыз чебелектеп жатты.
– Энеңди урайын, акмак!- Циклоп бычакка шилинген моюнун бир кармап алып Жанар отурган эшикти ачмакчы болду. Кыздын чырылдаганы, тигинин жансыз руль сүзүп жатканы "өлтүрдүм окшойт" деген оюн бекемдеп жатты. Ылдый түшүрүп чекесине бир ок кадап туруп жөнөп кетмекчи болду. Бул анын шилинген моюну үчүн ала турган өчү эле. Каалганы барып ишенимдүү ачып жатканда капыстан эле оор эшик күү менен келип бир тийди. Жанар жанатан бери демин ичине катып кыймылсыз ушуну күтүп жаткан болчу. Каалга кандай ылдамдык менен тийсе, Жанар ошондой тездик менен Циклопко асылды. Жыгылып баратып тапанчасын басканга үлгүрдү. Тарс эткен үн чыкты. Бирок Жанар Циклоптун тапанча кармаган колун басып калды. Жанар көпкө аракет кылбай эле тапанча кармаган колдун бир манжасын тескери кайрып сындырып салды. Анын оң колунун сөөмөйү гипске оролуп турган, аны да Жанар сындырган. Эми минтип сол колунун сөөмөйү жарактан чыгып, Циклоп өкүрүп жатты. Жанар тапанчаны алып эле Тимурду көздөй жөнөдү.
– Коё бер! Мээңди чачырата атам!- Тимурга курал кезеди.
– Мына! Атпа!- Тимур колун көтөрүп, кызды бошотуп тизелей отура калды. Ал дендароо абалда болчу.
– Карма, Аруш! Алысыраак тур! Кыймылдаса эле атып сал!- Жанар Аруукеге тапанчаны оңтойлотуп карматып койду да, лепилдеп качып жөнөгөн Циклоптун артынан кууп жөнөдү. Ал эки колун тең бооруна алып качып бараткан. Жаралуу колу менен эч нерсе кыла алмак эмес. Бирок качып кете албады. Артынан жете келген Жанар бутка тепкенде эле көмөлөнүп түштү. Жанардын жырткычтык сезими ойгонгондой. Баса калып эле тапыратып муштум артынан муштум жаадырды. Өйдө тура калып бет талаштыра тепкилеп жатты.
– Токтот!- оозуна кан толуп калганына карабай кыйкырып, жерде оонап жатып колун көтөрдү Циклоп.
– Эркексиңби, токтот! Эки колумду тең сындырдың. Эми каалаганча тепкилеген болбойт. Эркекчилик эмес,- деди.
– А колунан эч нерсе келбеген кызды сабаган эркекчиликпи?!- Жанар тиштенип тигинин чачынан өйдө тартып тургузду да. – Мен сага тозокту көрсөтөм,- деп шыбырады.
Анан туш келди тепкилей берди. Циклоп бирде ооналактап, бирде тура калайын деп бирок анысынан майнап чыкпай, жанынын ооруганына түтпөй өкүрүп жатты.
– Ме сага! Ме сага!- Жанар кыймылга алы келбей жатып калган Циклопту башка тепкилеп жатты. Анын бетинен мурду кайсы, көзү кайсы билинбей калды.
– Жанар!- кыздын ачуу үнү жигитти соолуктурду.
– Токтот, Жанар! Өлтүрүп аласың! Ал андай нерсеге татыксыз неме.
– Ооба, бирок ушул боюнча жашаганга да татыксыз,- деген Жанар көмкөрөсүнөн жаткан тигини колунан тартты да, чыканак тушуна карс эттире тээп салды. Циклоп улуп-уңшуп жатып калды. Тимурдун үрөйү учту. Жанына жакындап келген Жанарды жашка толгон көздөрү менен карап алып:
– Суранам, тийбе! Менин тиешем жок!
– Сен мага баарын айтып бересиң. Өлгүң келбейби?- Жанар Тимурду сүйрөп барып унаага отургузуп, өзү рулга отурду. Арууке өз унаасындагы сумкаларды алып келип арткы орундуктан орун алды.
– Келе ачкычты!- Тимур шашкалактап чөнтөгүнөн ачкычын алып чыкты. Унаа ордунан козголду.
– Эмнеге кууп келдиңер?
– Билбейм. Шеф Циклопко кошуп жөнөткөн.
– Эмнеге кезинде Аруукеге, мага кол салган киши шефиңе кызмат кылат?
– Арууке деген ким? Эч нерсени билбейт экенмин.
– Менмин Арууке!- кыз арттан үн катты. Тимур түшүнбөй эле делдейип туруп берди.
– Чын, мага эч нерсе айтышкан жок. Эч нерсе билбейм. Шефтин кызын алып келебиз дешкен болчу. Бирөө уурдап баратат дешти. Мен полицияга кайрылалы десем тыйып коюшкан.
– Биздин жолдо экенибизди кайдан билдиңер?
– Аэропортторго адамдар коюлган. Силерди ошол жактардан күтүшкөн болчу. А силер болсо унаа менен жөнөпсүңөр. Бирок Джинин унаасына унаа уурдалганда кайсы жерде экенин көрсөтүүчү навигатордук систем орнотулган. Силерди ошону менен таптык. Силер баары бир кутула албайсыңар го. Мурат Адамбаевич жөн киши эмес... ( Уландысы бар )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5