Кандай таттуу жолугушуу, кандай кызык баарлашуу болбосун ал сөзсүз аяктайт. Жолугушуу аякташы үчүн болбогон эле шылтоо керек. – Саат 11 болуп калыптыр. Үйгө барышым керек,- кыз кол саатын карап алды. "Кетели" деген ишарат болчу. Жанар айттырбай түшүндү. Экөө сыртка чыгышты. Жамгыр басылып калыптыр. Жигит көктү карап, түнөрүп турган асманды карады.
– Билесиңби, Кыргызстандын асманындай асман бир да жерде жок. Туптунук, көпкөк, таптаза.
– Кыргызстандын асманы дечи. Асман баарына бир эле го?
– Жок, Кыргызстандын, Бишкектин асманы өзгөчө. Чоң шаарлар асманды тоготпой калышкан. Алар мен (!) дей беришет. Адамдары да ошондой. Балким, ошон үчүн алардын асманы биздикине окшошпойт. А биздин Бишкек жөнөкөй, боорукер шаар. Ошон үчүн анын асманы көпкөк.
– Сен философ болуп кеттиң.
– Сагынганда ушинтип калабыз.
– Сагынсаң кетип кал да.
– Кетем, сөзсүз кетем. Бирок сени менен.
Кыз унаасына түшөйүн деп жатып жигитти бир карап алды. Ал аны от жанып турган көздөрү менен карап турган экен.
– Cен эртең телефон чаласыңбы?- кыз сурабай коё албады. Эмнегедир ал Жанарды кайра көргүсү келди.
– Сөзсүз!
ххх
Кыз үйүнө кубанычтуу келди. Маржан кызынын мындай бактылуу жылмаюусун көргөн эмес.
– Менин ханбийкемдин маанайы сонун го. Бирөөнү сүйүп калганбы?
– Балким...
– Ким ал? Тимурбу?- Маржандын чыдамы түтпөй сурап жиберди.
– Жок, а эмнеге Тимур болушу керек?
– Жакшы жигит го.
– Жок, Тимур эмес. Ал жөн эле мага мугалим, дос. Болду.
– Жакшылап көз салып көр. Мыкты жигит. Атаңа да жагат.
– Койчу, апа!- кыз эркелеп жылмайып койду.
– Келгиле, чогуу отуруп чай ичеличи! Жумуштан бошобой жүрүп бири-бирибизди көрбөй да калдык,- ашканадан атасынын үнү чыкты. Аздан соң ашканага кирип келген кызынын маңдайынан өпкөн атасы аны бактылуу көздөрү менен тиктеп алды. Ар кайсыны сүйлөшүп, кыйлага чейин чай ичип отурушту. Капыстан кыздын оюна бир нерсе келди.
– Мен силердин кызыңар болбошум мүмкүнбү?
– Апаңдыкы болбошуң мүмкүн. Бирок менин кызымсың, кепилдик берем,- Мурат кызынын сөзүн тамашага бурду.
– Билесиңерби, силер мага эң сонун ата-энесиңер. Силердин мээримиңердин аркасында адам болдум. Силерди чексиз жакшы көрөм. Бирок мен башкалардын кызы болушум мүмкүн окшойт.
– Бул эмне дегениң?
– Менин башымда толтура табышмактар бар. Биринин да жандырмагы табыла элек. Бирок мен бүгүн бир адамга жолуктум. Ал мени Аруукесиң деп ишендирип жатат. Ата-апа, силерден эч нерсени жашыргым келген жок. Жашырсам силерге чыккынчылык кылган болом. Мен Жаннамын, Джимин деп жатам. Бирок бүгүн мен жолуккан адамды мурда да көрүптүрмүн. Мен эч нерсени эстей алчу эмесмин. Бирок Жанарды мурда көргөнүмдү даана эстедим. Анын жүзү мага абдан тааныш. Айрыкча жамгыр алдында турган элеси мээмде сакталып калыптыр. А Жанар кыргызстандык. Кыргызстандык жигитти мен өмүр бою Москвада өссөм, кантип көрмөк элем?
Эң башкысы, Жанар мага куюп койгондой окшош кызды Кыргызстанда жерге берип келгенин айтып жатат. Балким...
– Токтот!- Маржан кыйкырып жиберди. Мууну калчылдап чыкты.
– Менин кызымсың. Түшүндүңбү, менин кызымсың! Бир жолу өлгөнсүң! Баңги болуп, тирүүнүн өлүгүнө айлангансың. Дагы бир өлдүң, ажал менен жетелешип баратып эле кайра кайттың. Атаң экөөбүз Кудайга жалынып-жалбарып жүрүп тирилтип алганбыз. Сени дагы бир жолу жоготкум келбейт. Түшүндүңбү?! Биз жок болуп кетебиз!
– Бирок, апа...
– Жанночка, алтыным! Сени азгырып баңги кылышкан. Эми капкайдагы Кыргызстандан келген бирөө башка кызсың деп ишендирип жатат. Ал калпычы! Сен бизди ойло. Баягыдай дагы баңги кылып салышса, же сенин эч нерсени эстей албаган абалыңды пайдаланып жаткан бирөө болсочу? Суранам, Джи, анте көрбө?! Атаң экөөбүз далай эле азап тарттык. Бизди да ая!- Маржан ыйлап жиберди.
Мурат үн каткан жок. Ал өзү сөзгө сараң болчу. Качан башындагы ою бышып жетилгенде гана тилине эркиндик берчү. Бул анын эң мыкты сапаты эле. Бул ирет да кызын угуп отуруп ашыкча сөз чыгарган жок.
– Кандай болсо да мен силерди чексиз жакшы көрөм. Кечирип койчу, апа! Бирок биз акыры чындык менен бет келип калышыбыз толук мүмкүн го.
– Кызым, сен өз бөлмөңө бара бер,- Мурат кызына сүйлөдү. Жанна ата-энесин бетинен сүйүп бөлмөсүнө кирип кетти.
– Мурат, бир нерсе кылышың керек. Ал кыргызстандык баланы жогот!
ххх
– Жанар, кандайсың?
– Жакшы. Сизди өзү биринчи чалат деп күтпөптүрмүн.
– Маанайым жок. Жолуккум келип жатат. Кайдасың?
– Машыгуучу залдамын.
– Сен дарегиңди айт, унаам менен бара калам.
Жанар дарегин айтты. Кыз зуулдата унаасын айдап барып, спорттук сумкасын көтөргөн Жанарды тосуп алды.
– Бирөө таарынттыбы?
– Бирөө таарынтса эмне кыласың?
– Көрсөтчү, ким?- жигит кабак бүркөдү.
– Балким, тагдыр, жазмыш... Же Кудай?
– Аа, алардын алдында мен алсызмын. Балким, мага бир хулиганды же сага тийишкен бир адамды айтсаң, мен анын тишин күбүп коё алмакмын. А Кудайдын, тагдырдын, жазмыштын алдында эч нерсе кыла албайм. Тагдырды кабыл алыш гана керек.
– Жок, күрөшүш керек! Өзгөртүш керек! Майнап чыкпай калышы мүмкүн. Бирок күрөшкөн, кызыкчылыкты коргогон ушундай ырахаттуу нерсе. Күрөштө, аракетте гана жашап жатканыңды сезесиң!
Экөө бири-бирин жылмая карап алышты. Алардын баарлашуусу ушунчалык жеңил жүрүп кетип жатканына ичтеринен экөө тең таң калып бүтө элек.
ххх
– Демек, ушул жигит экен да? Болбогон бир спортчу. Ой, кызда-ар, мынча жиндисиңер?!- чачын сылай тарап, тыкан кийинген Тимур алыста Джинин унаасына түшүп бараткан жигитти көрүп сүйлөндү да, телефонун алып чыкты... – Шеф, ал жигитти көрдүм. Джинин унаасына чогуу түшүп кетти. Эмне кылайын?
– Эч нерсе, артынан жүрө бер.
Тимур ал күнү кечке Джи менен тиги бейтааныш жигиттин артынан калбай аңдып жүрдү. Кыз менен жигит адегенде кафеге барып кофе ичип отурушту. Бир нерсени кызуу талкуулап, улам күлүп калып жатышты. Тимур менен жүргөндө Джи өзүн минтип алып жүрбөйт. Болор-болбос жылмайып коёт. А тиги бейтааныш жигит менен көздөрүнөн от жана сүйлөшүп жатты. Маанайы да жакшы. Эркелеп жаткандай. Алардын үнүн укпай, сырттан өз унаасына отуруп алып карап жаткан Тимур кыздын кылыктарын карап отуруп ушундай ойго жетеленди.
xxx
– Сен маанайымды көтөрүп койдуң. Сонун сүйлөйт экенсиң,- кыз Жанар айтып берген окуядан кийин күлкүсүн тыя албай жатты.
– Баса,- деди анан олуттуу түрдө. – Кечээ ата-энеме сен жөнүндө айттым. Алар мени сага жакындаба дешти. "Башыңды айлантып жатат" деп урушушту.
– Сенчи? Сен кандай ойлойсуң? Башыңды айлантып жатамбы?
– Жок, сенин жүзүңдү эстеп жатам. Сага ишенем, бирок өткөнүмдүн баарын эстесем жакшы болмок.
– Мен ал боюнча аракет кылуудамын. Кыргызстандан Мадина менен сүйлөшүп жатам.
– Ким ал?
– Сенин эң жакын курбуң болчу. Ага сен тууралуу эч нерсе айткан жокмун. Бирок сен Кыргызстандан келгенде Москвага кимдикине келгениңди сураштырдым. Айгерим деген классташ курбуңдукуна келген экенсиң. Мадина ал Айгеримдин номурун таап бермекчи болду. Балким, сен аны көрсөң эстейттирсиң? Себеби эсиңди жоготкондо акыркы ирет ошолорду көрсөң керек деп ойлоп жатам.
– Азыр үйгө барсам Джи экениме, сенин жаныңа келсем Арууке экениме ишенип кетип жатам. Жакында жиндиканага түшүп калбасам болду.
– Сен Аруукесиң. Бирок Арууке экениңди билип эле коюу бардыгын орду-ордуна коюп койсо кана?! Сенин абалыңды түшүнүүгө аракет кылып жатам. Сен азыр чоочун эле бирөөнүн жашоосу менен жашап жаткандайсың да, туурабы? Бүдөмүк ойлоруң толтура. Бирок кам санаба, баары жакшы болот. Мен дайыма сенин жаныңда болом, убада берем.
– Али сенин ким экениңди биле элекмин. Менин жанымда болууга убада берүү эртерээк го дейм.
– Аруш, мен сени эч кимге бербейм. Сен мени өткөндү эстетүүчү бир адам, же сүйлөшкөнгө ылайыктуу кишидей көрүп жатсаң керек? Бирок мен сенин келечектеги жолдошуңмун. Буга ишенип кой!
– О-ой, бир киши өзүнө абдан ишенип алган го.
– Бир ирет сени жоготком. Экинчи ирет андайга жол бербейм.
– Менин көңүлүм жок болсочу?
– Анда көңүлүңө жакканга аракет кылам.
– Кантип?
– Минтип,- Жанар Аруукесин өзүнө тартып, эриндеринен өөп койду. Кыз тек гана жылмайып койду.
– Сени дагы бир жолу жаакка чаап жиберишим мүмкүн.
– Эмнеге чаппадың?
– Дагы бир жолу ушинтсең, чабам.
Жанар кайрадан Аруукесин өөп жиберди. Бирок кыз кол көтөрө алган жок. Бул үчүн өзүн ыңгайсыз сезип, бети кызарып чыкты.
xxx
Тимур шыпылдай басып Москванын чок ортосундагы бизнес борборлордун бирине келип кирди. Лифт менен 18-кабатка көтөрүлүп, түз эле шефинин кабинетине баш бакты.
– Кире берсем болобу?
– Кир. Сени күтүп жаткам.
– Бүгүн алардын артынан кечке жүрдүм.
– Кандай неме экен?
– Кадимкидей эле гастарбайтер. Кыязы, спортчу окшойт, машыгуучу залдан чыкты. Анан Джи экөө унаасына түшүп барып кечке чейин кафеде отурушту.
– Анан?
– Ошол. Таң калганым, Джи аны жактырат окшойт.
– Кайдан билдиң?
– Тиги жигит Джини өпкөнүн көрдүм. А кызыңыз болсо абдан бактылуу болуп жүрдү.
– Жинди экениңди түшүндүңбү?
– Эмне?!
– Жиндисиң. Мээң иштебейт. Эртели-кеч Джинин жанында жүрөсүң, ага жага албай койдуң. А тээтиги Кыргызстандан келген бирөө кызымдын башын айлантып алыптыр. Эмне, ошол гастарбайтерче жоксуңбу?
Тимур үндөбөй калды. Мурат колун жаңсап чыгып кет дегендей ишарат кылды. Анан кимдир бирөөгө телефон чалды.
– Келип кете аласызбы? Сүйлөшүшүбүз керек.
xxx
1 сааттан кийин Мураттын иш бөлмөсүнө чачын ак баскан көз айнекчен орус улутундагы адам кирип келди.
– Саламатсызбы, Мурат Адамбаевич?
– Саламатчылык. Келиңиз, Андрей Николаевич!
– Чакыртыпсыз.
– Ооба. Менин кызым боюнча. Бир маселе жаралып калды.
– Эмне маселе?
– Сиз аны эч нерсе эстебейт деген элеңиз. Бирок ал аз-аздап өткөнүн эстей баштаптыр. Мен сизге жакшы сумма төлөп бердим эле го?
– Андай болушу мүмкүн эмес. Ал эстебейт болчу. Анын баш мээси абдан жабыркаган, анын үстүнө мен кайра сиздин суранычыңыз менен аны оор баңгизатына сугарган болчумун. Демек, ал эч нерсе эстебейт болчу.
– Бирок ал эстеп жатпайбы?
– Мен колумдан келгенин жасагам. Сиз өзүңүз аны сиздин кызыңыз экенине ишендире албагандан, жоопсуз суроолордон эле кызда ушундай божомол болуп жаткан болуп жүрбөсүн?
– Бир жигитти көргөм деп жатат. Таптакыр антчү эмес.
– Мурат Адамбаевич, ал мурдагы жашоосундагы жакын адамын көргөнү үчүн ошондой болуп жатса керек. Мен ал кызды жакын тааныш адамдарына кайра жолугуп каларын билген эмесмин да. Анын үстүнө эч нерсеге кепилдик берген эмесмин, эсиңизде болсо...
– Түшүнүктүү. Бара берсеңиз болот.
Андрей Николаевич чыгып кеткенден кийин Мурат ойлуу отуруп калды. Бир убакта телефонун алды да, катчысына:
– Циклопту чакырткылачы!- деп өктөм сүйлөдү.
Бир аздан кийин бөлмөсүнө эңгезердей кара жигит баш бакты. Бир көзү жок ал жигиттин сырткы көрүнүшү эле жүрөктү түшүрчүдөй. Дал ошол бир көзү жоктугунан ал Циклоп деген атка ээ болгон окшобойбу.
– Кел, отур!
– Чакыртыпсыз.
– Иштериң жакшыбы?
– Жакшы эле.
– Калыс, билесиң го, мен эң ишенген адамсың. Жакшы иштешип келе жатабыз. Тапшырманы так аткарасың, сатпайсың. Бул сапаттарың абдан жагат. Башкысы, сен мага нааразы болбо. Нааразы эмессиңби?
– Жок, шеф!
– Дагы бир жумуш чыгып калды. Сен аткар, мен нааразы кылбайм, макулбу?
– Макул!..
Жанар таң эрте туруп алып жумушуна барды. Жолду катар Аруукесин эстеп, бактылуу болуп жүрдү. Колу бошору менен кыздын номерин терди. – Кандайсың, уйкучу?
Уйкудан жаңы гана ойгонгон кыз эркелеп күлүп койду. Жанар муну телефондон тыңшап сезип жатты.
– Сен эмне торгойсуңбу? Саат эми 8 болуптур го?..
– Мен жумушка 8ге келем.
– Анда иште, уйкучулардын убалына калбай.
– Анда телефонуңду өчүрүп сал!
– Эмнеге?
– Мен баары бир чала берем да.
– Ооба, өчүрүп коём. Мейли!- кыз телефонун өчүрүп койду. Жанардын деми сууй түштү. Ыңгайсыз болуп кетти. Ал сагынып кеткен болчу. Кызды минтет деп ойлогон эмес. Бирок ушул маалда телефонуна чалуу келди. Аруукеси экен...
– Хе-хе, көтөр мурдуңду! Эмне бултуюп калдың?
– Шагым сынып калды. Минтпей жүр да, атайын сагынып чалсам...
– Эмне таарынып калдыңбы?
– Жок, бирок ыңгайсыз болуп кеттим.
– Аа, анда анан чалып кой!
– Эмне-е?
– Тамаша. Эмнени айтайын дедиң эле?
– Жөн эле, сагындым! Мейли, ээ?- Жанар кыздын жообун укпастан телефонун коюп салды. Кайра аз өтпөй чалды да:
– Көтөр мурдуңду! Эмне бултуюп калдың?- деп кызды туурады.
– Бултуйган жокмун! Бактылуу болуп жатам. Бүгүн жолугабызбы?
– Сөзсүз! Жумуштун акырына чейин чыдай алчудай эмесмин. Түштөн кийин бир шылтоо таап чыгам. Анан сага байланышам.
– А сен кайда иштейсиң?
– Ашпозчумун да.
– Жумушуң каякта?
– Покровка көчөсүндөгү ресторанда,- Жанар ресторандын аталышын айтты.
– Мм, түшүнүктүү. Сен көп деле шашылбай эле кой. Мен күткөндү билем. Жумуштан суранбай койсоң деле болот,- кыз телефонун койду да, шашылыш кийине баштады. Өзүнчө кудуңдап сүйүнүп да жатты.
ххх
Жанар Нурлан экөө күндөгүдөй эле иштеп жатышкан. Капыстан ресторандын ашканасына официант кыз кирип келди да:
– Жанар,- деди чочуган үн менен.
– Эмне болду?
– Кардар келди. Супсулуу кыз. Жол тандабас унаа менен! Анан эмне дейт дебейсиңби? “Ашпозчу Жанар жасаган гана сушини жейм” деп жатат!
Нурландын оозу ачылып калды.
– Койчу,- деди Жанар ишенбей.
– Тиги жакты карасаң.
Жанар кыз кол жаңсаган жакка чыгып, кардарлар отуруучу залда жалгыз отурган Аруукесин көрдү.
– Ой, тентек!- деди күлүп. Ашканага учуп барды, даярдалып бүтүп калган сушини кооз жайгаштыра койду да, аны көтөрүп чыга келди. Кыз аны күлүп тосуп алды.
– Дүйнөдөгү эң сулуу кыздын буйрутмасы даяр болду. Урматым менен ашпозчу Жанар!- жигит өтө ийкемдүүлүк менен колундагы сушини столдун үстүнө койду да, – биздин ханыша дагы бир нерсе каалайбы?- деди жылмайганынан жазбай.
– Жок. Бара берсеңиз болот. Бир аздан соң десерт алып келесиз... Аны өзүнчө айтам!- деди тамашалай. Чын эле отуруп тамактанып алсын деген ой менен Жанар ашканага кирип кетти.
Аздан соң официант кыз Жанарды кайра чакырып келди. Жигит залга чыгып бирин-экин кардарлар отурганын көрдү. Аруукеси болсо жылмайып ордунда отурат.
– Ханышага бардыгы жактыбы?
– Абдан сонун! Сизге рахмат! Десерт боюнча?
– Айта бериңиз! Эмне жейсиз?
Кыз унчукпай ордунан турду да, жигиттин моюнуна асылып, эриндеринен өтө назиктик менен өөп алды.
– Десерт үчүн да рахмат!
– Демек, мен десерт экенмин да.
– Бара берсеңиз болот,- кыз күлүп койду. Жанар канчалык билдирбегенге аракет кылганы менен, кызарып-татарып уялып кетти. Ананчы, официант кыздар, администратор, ашпозчулар "Жанарды чакырган бул сулуу, бай, эрке кыз ким болуп кетти? Эмнеге Жанарды чакырды?" деп жарданып карап турушкан. Жерде басып баратканын сезбеген абалда жигит ашканага күлүп-жайнап кирип келди. Анан туш тараптан суроолор жаады. "Бул ким? Муну кайдан таап алдың? Койчу, ушу кыз сени карадыбы?" Жанар болсо жооп берүүнүн ордуна тиштерин кашкайта жылмайып гана тим болду.
ххх
Жанар жумушунун аягына чейин чыдай алган жок. Ар нерсени шылтоолоп, эртерээк чыгып кетти. Аруукеси менен болжошкон жерде жолугушмак. Жолдон гүл алып алайын деп чечти.
– Мен мурда сага таптакыр гүл берген эмесмин. Эми андай катачылык кылбайм!- деди Жанар Аруукесинин жүзүнөн сүйүп жатып.
– Чынында мен гүл алганды анча жактыра бербейм...
– Эмнеге?
– Алар тирүү болуп өсүп турганы жакшы го... Эми булар кесилгенден кийин ашып кетсе бир жума жашайт да.
– Аның туура...- жигит макул болбой коё алган жок.
– Бирок рахмат деш керек. Антпесе тарбиясыз кыздай көрүнүп калам.
– Эч нерсе эмес.
ххх
Шефтин кызынын унаасынын жанында турган жигитти карап Циклоп кытмыр күлүп жатты.
– Ушуну көрө салганын?! Эмне тапты ушундан?- өзүнчө сүйлөнүп койду. Ал Мураттын тапшырмасын аткармакчы болуп кыздын артынан аңдып жүргөн болчу. Кыз-жигит бир аз сүйлөшкөн соң кыздын унаасына түшүп жөнөп калышты. Циклоп өз унаасы менен артынан айдады.
ххх
Жанар менен Арууке баягы кичине кафенин ичинде ар кайсыны сүйлөшүп отурушту.
– Ушунча саат эмнени сүйлөшүшөт? Кызык эле...- Циклоп аларды карап түшүнбөй жатты. А кыз-жигит абдан бактылуудай көрүнөт. Улам күлүп, улам бир нерсени кызуу талкуулап жатышты. Анан бир убакта кыз эркелей жигитке башын жөлөдү. Жигит болсо кыздын маңдайынан өөп, бооруна кысты.
– Көгүчкөн боло калышат бир паста,- деди Циклоп жинденген түр менен.
Кеч киргенде гана экөө жетелеше чыгышты. Кыз унаасына түшүп жалгыз жөнөп кетти. Жигит көпкө артынан карап турду да, батышты карай басты.
– Метро менен жөнөйт экенсиң да, ээ?- Циклоп унаасын бекитип, жигиттин артынан ээрчиди. Айткандай эле жигит аз өтпөй метрого бет алды. Көпчүлүк элдин арасынан Циклоп аны жоготуп албайын деп жан далбастап баратты. ( Уландысы бар )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1