– Сен Аруукесиң.– Угуп тур. Сөзүмдү бөлбө, келиштикпи? Көп эле кинолордо кездешет го. Өлдү деген адам кандайдыр бир жол менен жарыкты көздөй бараткан болот, капыстан эле артынан үн чыгат. Ал артка кылчайганда кайрадан бул дүйнөгө кайтат.
Менде дал ушундай болду. Эсимде, коридор менен бараткам. Каалга ачылып, андан нур түшүп турат. Кандайдыр бир күч ошол тарапты көздөй жетелеп жатты. Акыры ал нурга жетип бардым. Эч нерсе билинбейт, көзгө ушунчалык жагымдуу нурдун арасында турам. Капыстан алдымдан жетелешкен кыз-жигит чыкты. Мени жылмая карап алышкан. “Сага эрте”,- деп кыз айтты. Жигит башын ийкеп койду. “Силер кимсиңер?”- дедим. Экөө тең сырдуу гана жылмайып коюшту. Анан көзүм умачтай ачылды. Ооруканада экенмин. Чыйпылдаган эле аппараттардын үнү угулат. Дем алууга жардам берүүчү кошумча медициналык каражатка кошуп коюшуптур. “Мен кайдамын?” биринчи келген ой ушул болду. Башым чыңалып ооруйт. Бир убакта врач кирип келди. Ал башкаларды дагы чакырды. Ар нерсени сүйлөшүп жатышат. Бирок үндөрү алыстан угулгандай. Алардын жанымда турганын сезип жатам, бирок кыймылдай да, сүйлөй да албай койдум. 3 күн дегенде сүйлөгөнгө жарадым. Дарыгерлер ушуну эле күтүп жатышкандай.
– Сиздин атыңыз ким?- деди папке көтөргөн ак халатчан айым. Мына ушул жерден башка чапкандай болдум. Эсиме келгениме 3 күн болгону менен, өзүмдүн ким экеним жөнүндө ойлонбоптурмун. Балким, ага алым келген эмес беле, билбейм. Айтор, ушул суроо жаңырары менен туңгуюкка кептелдим. Себеби ысымымды, ким экенимди эстей албай койдум. Көздөрүмдү алайтып эле туруп бердим. Дарыгер айым түшүндү окшойт, мени аяп карап койду да:
– Эс ала бериңиз. Баары жакшы болот,- деп чыгып кетти.
Кыязы, кимдир бирөөнүн менде катуу кеги болгон окшойт. Мени эч аябай сабап салыптыр. Башымдан тамтык жок, мурдум сынган. Бетим чулчуюп, ар кайсы жери шишиген. Өлдү дешсе керек. Шаардын четирээк жагындагы таштанды челекке таштап кетишиптир. Муну мени карап жаткан врач айтып берди. Мен 4 күн эсиме келбей жатыптырмын. Бирок жашоого болгон каалоом күч окшобойбу, акыры ойгонупмун. Бирок ким экенимди билбей турдум. Дагы 3 күн өткөн соң мен жаткан палатага жашы ортолоп калган аял жана эркек кирип келди.
– Кызым,- деди аял колумдан кармап. Чочуп кеттим, себеби тааный алган жокмун. Эркек адам болсо көзүнөн жаш сызылтып мени көпкө тиктеп турду. А мен эмне деп сүйлөөрүмдү билбейм. Ичимден болгон аракетим менен булар кимдер эле деген суроого жан талашып жооп издеп жаттым. Жок, эч нерсе эстей алган жокмун.
– Силер кимсиңер?- мен баары бир сурашым керек болчу. Алар абалымды билишкен окшойт. Аял шашпай түшүндүрүп бере баштады.
– Мен Маржан, сенин апаң, бул болсо Мурат, атаң болот. Сенин атың Жанна. Биздин кызыбызсың.
“Жанна...” Бул ысымды 100 жолу ичимден кайталап жаттым, бирок эстей албадым.
Апам ушул күндөн тарта жанымдан чыккан жок. Үйдөн сүрөттөрдү, видеотасмаларды алдырды. Менин бала бакчадагы, мектептеги сүрөттөрүм. Бой жеткендеги апамдар менен түшкөн бирин-экин сүрөт жүрөт. Паспортум бар экен. Муратова Жанна Муратовна деп жазылып, анан бадырайган сүрөтүм чапталып турат. Мен дээрлик 1 айдан ашуун убакыт ооруканада жаткан соң мээмде залалдуу шишик бар экенин айтышты. Эми эле мени өлөйүн деп калган жеримден өткөн бир күнүн да эстей албаган абалында таап, тирүү экениме шүгүр кылып отурган ата-энеме катуу тийди окшойт. Апам солкулдап ыйлап, соороно албай жатты. Колдорумду өпкүлөп ыйлап жатканын көрүп, ошондо биринчи ирет мага бейтааныштай эле сезилип келген аялга “Апа, ыйлабачы! Баары жакшы болот”,- дедим. Бир эсе менин аны апа дегеним, бир эсе өзүмдү-өзүм шыктандырып “баары жакшы болот” дегеним апамды чыйралтты окшойт. Ооруканада жарым айча жаткан соң апам, атам, мен болуп Израилге учуп кеттик. Операция ошол жакта болмок. Ата-энемдин улуту казак. Атам ар иштин көзүн билген, өзүнүн жеке ишканасы бар ишкер экен. Акча жагынан маселе жаралган жок, андыктан мага операцияны эң мыкты делген израилдик дарыгерлер жасашты. Биз дээрлик 1 жылга чукул Израилде жашап жүрдүк. Себеби операция оор болгондуктан учакта учууга, унаада жүрүүгө тыюу салышты. Мен жаңы төрөлгөн баладай эле жашоого үйрөнө баштадым. Ата-энемди жакындан тааныдым, алардын төккөн мээрими менен адам катарына кошулдум. Аларды жакшы көрүүнү, жылмайганды үйрөндүм.
Апам ар убак “Жамандыктын артында сөзсүз жакшылык турарына даана ишендим. Сен азыр алда канча жакшысың. Мүнөзүң да, ой-жүгүртүүң да” деп айтып калат. Апам, атам менин мурунку жашоомдун бардык бөлүктөрүн айтып беришкен. Бирок бир нерсени жашырып келишет. Мен мурда баңги болгон экенмин. Муну кошунам Сергей айтып берген. Ал өзү баңги. Анын айтымында, мен ал жана анын достору менен чогуу жүрүп, баңгиге айланыптырмын. Сойку болуп да иштептирмин. Кыскасы, мурда жаман кыз болгон окшойм. Ата-энем ал күндөрдү менден жашырышат. Апамдан сурай баштасам ыйлап жиберет. Алардын жүрөгүн ооруткум келбейт. Ошон үчүн ошол жагымсыз бөлүктү сурабай келем. Бирок ошончо өзүм тууралуу баяндарды угуп жүрүп, бир да нерсени эстей албай койдум.
Анан эле бир күнү метродон сени көрүп калдым. Шаар абдан тыгын болгондуктан унаамды таштап коюп окууга жөнөгөм. Ооба, мен жогорку окуу жайда окуйм. Быйыл биринчи курс. Менин жеке мугалимим бар. Атамдын жардамчысы болчу, кийин мага жардамдашсын деп мугалим кылып жалдады. Ал дайыма мени менен сабактарды талкуулайт, окутат, үйрөтөт.
Ошентип метродо баратсам, сен көзүңдү албай карап туруптурсуң. Кийин “Аруукесиң” деп жабыштың. Адегенде коркуп кеттим. Себеби сен акылынан азган кишидей көрүндүң. Сени полиция алып кеткен соң мени да бөлүмгө алып барышты. Ал арада менин мугалимим Тимур келип калды. Полицияга сени тааныбай тургандыгымды айтып чыктык. Тимур мурда мага айрым бир адамдардын көңүлүн ачуу үчүн жашыруун мушташтар болорун айтып берген эле. А мен кызыгып, мени алып барып кел деп жүргөнмүн. Бир нече күндөн кийин ошол жакка барууну сунуштады. Макул болдум.
Мына ошол жактан сени кайра көрдүм. Сени биринчи көргөндө баягы метродогу жинди неме го дегем. Качан гана оозу-мурдуң канжалап, мени таң калуу менен тиктеп турганыңды көрүп сени бир жерден көргөндөй болуп кеттим. Дал ошондой кейпиңде. Бирок кайдан көрдүм эле? Өтө эле тааныш акыбал, тааныш жүз эле. Мушташтар аяктагандан кийин кете албай койдум. Бул адамды кайдан көргөм, эмнеге мынча тааныш учурап жатат? Балким, ал менин мурунку күндөрүмдү эстешиме жардам берип жүрбөсүн деген ойго кептелдим да, сени күтүп тургам...
– А Тимурчу?- Жанар капыстан суроо узатты. – Ага ар кайсыны айтып кетирип жибергем.
– Ал сага жөн эле мугалимби?
– Айттым го, негизи атамдын жардамчысы. Бирок экономика жана каржы жагын абдан жакшы билгендиктен, атам мага мугалим кылып дайындап койгон. Менин кесибим ошол багытта.
– Болдубу?
– Түшүнбөдүм.
– Ал сенин мугалимиң элеби?
– Бул сурооңо түшүнө албай турам. Сен эмне, мени кызганып жатасыңбы?
– Ооба.
– Эмнеге?
– Себеби мен сени жакшы көрөм.
Кыз жылмайып койду.
– Жанар, мен бул жерде өткөнүмдү эстей албай отурам. Сен болсо капкайдагы бир нерсени айтасың. Мага өткөндү эстөөгө жардам бересиңби?
– Жок, сен адегенде Тимур экөөңөрдүн мамилеңер тууралуу айтып бер.
– Азыр кетип калам.
– Кетпешиң керек. Бардыгын эстегиң келсе, Тимур экөөңөр тууралуу айтып бер. Сен ал жөнүндө сүйлөп жатканда көздөрүң жайнай түшөт экен.
– Ушул жерден сени жаакка чаап туруп кетип кала алам!- кыздын ачуусу келип кетти.
– Демек, ортоңордо мамиле бар экен да?
– Ал сенин ишиң эмес.
– Ал сени ыйлата алабы?
– Эмне?
– Күлдүрө алабы?
– Эмне деп жатасың?
– Анын жанында турганда мына бул жерде боштук жок болуп калабы?- Жанар жүрөк тушун көрсөттү.
– Эмне деп жатасың?
– Аруш, бизде ошондой болчу. Мен сени күлдүрө да, ыйлата да алчумун. Менин жаныма келгенде сенин көкүрөгүңдөгү боштук жоголуп, аалам тегиз болуп калчу. Сен мага муну өзүң айткансың.
Кыз саамга унчукпай калды. Эриндери дирилдеп чыкты. Себеби Жанардын айткандары анын көкүрөгүн кытыгылап, белгисиз, бирок жагымдуу сезимди пайда кылды.
– Жанар, азыр сенин маңдайыңда эч нерсе болбогондой токтоо отурганым менен, башымда ар түркүн ойлор жаралып, жинди болгону турам. А сен кайдагыны айтып жатасың.
– Арууке, балким, кечээ сен мени бир жерден көргөндөй болгон үчүн өткөнүмдү эстеп каламбы деп күткөнсүң. Бирок мен кечээ сенин дагы бир жандырмагыңды таап алгам. Сен үйүңө чуркап кирип сол ийиниңдеги татуну карадың да, туурабы?
– ...?
– Ал тамга тууралуу кайдан билишим мүмкүн? Анткени...- Жанар шарт ордунан турду да, үстүнөн күрмөсүн, футболкасын чечип жиберди. Кафедегилер аң-таң болуп карап туруп калышты. Машыгуулардан кийин анын келбети калыбына келе түшкөн болчу. Андыктан кафеде отургандардын көбү жигит чымыр денесин кызына көрсөтүп, мактанып жатат деп ойлоп кетишти. Арыда отурган кыздардын шыбырашып күлгөндөрү байкалды. Кимдир бирөөнүн "жакшы-жакшы" дегени да угулду. А Жанардын максаты бул эмес болчу.
– Көрдүңбү? Сенин ысымыңдын биринчи тамгасы,- Жанардын ийининде кооздолуп жазылган "А" тамгасы турган. – Бул сенин идеяң болчу. "Денебизге сүрөт чектиребиз" деп сен көндүргөнсүң,- жигит отура кетти. Көздөрүндө дале үмүт жанып турат. Аруукесинин көзүнө тик багып карады.
– Кийинип алчы!- кыз тайсалдап кетти. Жанар жерге түшүп калган футболкасын алып кийди. Ал жооп күтүп жатты. Жигиттин көзүнөн көз албай турган кыз алда бир нерсени эстегенге чын дилинен аракет кылып отурду.
– Жок. Эсимде эч нерсе жок. Ооба, менин сол ийинимде "J" деген тамга бар. Болду. Бирок мына бул жерде эч нерсе жок,- кыз сөөмөйүн башына такады. – Эч нерсе! Мен туңгуюктамын. Билесиңби бул кандай оор? Менин Джи экенимди далилдеген фактылар толтура. Эми Аруукесиң деп сен ишендире баштадың. Албетте, сенин да темирдей бекем фактың бар экен. Тамгалар. Бирок менде эч нерсе жок болуп жатпайбы?! Билесиңби эң жакшы жол кандай болот? Чет өлкөгө биротоло кетип калышым керек. Паспортумду бөлөк алып, атымды өзгөртүп. Ал жакта мени тааныган эч ким болбойт. А мен өз фантазиямдан өзүмө биография ойлоп таап алам. Бара-бара ошол өзүм тапкан нерсеге биротоло өзүм да ишенип калам,- кыздын жинденип чыкканы көрүнүп турду.
Экөө тең унчукпай отуруп калышты. Кыз терезе тарапты тиктеп, эрдин кымтып алган. Мына-мына көзүнөн жаш тамып кетчүдөй.
Жанар акырын колун сунуп, өзгөчө бир аярлык менен Аруукесинин колун кармады. Кыздын манжалары узун, абдан көрктүү болчу. Ал таарына түшкөндөй колун аста тартып алды. Ортодогу ыңгайсыз жымжырттык жигитти бушайман кылып жиберди.
– Кечирип кой! Бир эле нерсе суранайын, аткара аласыңбы?- жигит жалооруй карады.– Айтып көр,- кыз көңүлсүз гана жооп берип койду.
– Сага бир күнү чалам. Балким, эртең, балким, 1 жумадан кийин, балким, 1-2 айдан соң. Бир эле жолу чалам. Сен ошондо мага 1 саат убактыңды бөлүп койчу. Суранам, 1 эле саат.
– Келиштик, макулмун.
– Рахмат. Жакшы кал!- Жанар күрмөсүн алды да, сыртка чыгып кетти.
ххх
Жанар кыздын телефон номурун Арууке деп сактап алган. Күнүнө 100 жолу ошол номурга тигилет. Жанында турган кишиге бул нерсе өөн көрүнүшү мүмкүн. Бир эле номурду улам карай берүү жиндичиликке да окшош. Бирок Жанар үчүн бул кадимкидей эле сандар эмес, кадимкидей эле тамгалар эмес. Себеби ал сандарда, Арууке деп жазылган тамгаларда анын эң эле таза, эң эле аруу, эң эле ыйык тун сүйүүсү, көкүрөгүн өрттөгөн арманы, канча жылдардан берки сагынганда жетип барып сагынычты жазып жиберүүгө мүмкүн болбогон айласыз, түпөйүл кусалыгы жана жашоосундагы эң башкы ар дайым эле кездеше бербеген керемети, үмүтү чагылып турат. Күнүгө 100 ирет тигилип, 100 ирет чалып жибергиси келет. Үнүн угуп алсам деген каалоосу аны жинди кылып жиберейин дейт. Бирок... Бирок ал жамгырды күтүп жүрөт. Ал жамгыр гана кайрадан баарына себепкер болот деп өзүн ишендирип алган.
ххх
Жанар уктап жаткан. Бир убакта катуу дүңгүрөгөн үндү угуп калды. Көздөрүн дароо ачып жиберип, демин ичине ката тыңшады. Дүңгүрөгөн үн бул ирет узагыраак созулгандай. "Күн күркүрөп жатат",- деди ал кубанып.– Күн күркүрөп жатат,- ордунан тура калып терезеге жакындады. Деми кысылып, тамагы буулуп чыкты. "Тып" терезеге алгачкы тамчы урунду. Жанар өзүн кармана албай кетти. Көзүнөн жаш сызылды. Бирок ал жылмайып жатты. Ал өмүрүндө жамгырды мынчалык чыдамсыздык менен күткөн эмес... – Угуп жатам, ким бул?
– Бул Жанар. Эсиңдеби, мен сага чалам дедим эле. 1 саат убакыт бөлө аласыңбы?
– Мм... Мейли, кайсы жерден жолугабыз?
– Баягы эле жерден. Горький сейил багынан. Мен ошол жерде болом, саат 1ге келе бер.
– Келиштик.
ххх
Жанар Горький сейил багындагы баягы кафенин жанында кол чатыр кармап туруптур. Кыз унаасын токтотуп жатып аны бир карап алды. Жамгыр дыбырап төгүп жатат. Унаасын токтотуп, эшикти ачайын дегенде жигит жетип келди.
– Кам санаба, менин өзүмдүн кол чатырым бар,- кыз жамгырдан коргомокчу болуп даярданып калган Жанарга сүйлөдү.
– Бизге эки кол чатырдын кереги жок. Аны жөн эле кой.
Кыз жылмайып койду. Жанар аябай жасанган экен. Апапак көйнөк, кара шым кийип алган. Үстүндө кыска плащ. Кыз кол чатырын калтырды да, Жанарга жанаша түшүп, анын кол чатырына жашынды. Аруукесинин тааныш, сагындырган, жигитке гана белгилүү болгон жагымдуу жыты Жанардын жан дүйнөсүн аңтар-теңтер кылып жиберди.
– Бир аз сейилдейли,- жигит үн катты. Алар аллея менен бак аралай жөнөштү.
Бир аз баскандан кийин эле Жанар кол чатырды бүктөп койду. Кыз түшүнбөй калды. Жамгыр дале төгүп жаткан болчу.
– А эмнеге кол чатырыңды бүктөп алдың?- кыз ичиркенип токтоду. Жигит унчукпастан анын маңдайына келип жылмайып туруп алды. Нөшөрлөп жааган жамгыр заматта экөөнүн чачтарын суулантып жиберди. Кыз жигиттен көзүн ала албай жатты. Жанар "үн-сөзсүз эле жамгыр алдында тура берүү керек, ал эстейт" деп ойлогон болчу.
Майда тамчылар кыздын узун кирпиктерин суу кылып, ал Жанардын көзүнө өзгөчө сулуу көрүнүп жатты. Эң биринчи ирет Жанар Аруукесин ушундай абалда көргөн. Анда кыз көзүнө периштедей эле көрүнгөн болчу.
Кыз үндөбөдү. Ал жигиттин оюн түшүндү. Жанар менен көпкө тиктешип турду да:
– Ооба, мен сени көргөм. Ушундай абалыңда. Суу болуп, ак көйнөкчөн тургансың,- төбөсү көккө жете түшкөн Жанар кубанычынан кыйкырып жиберейин деп, бирок кыз болгону бир гана элести эстегенин түшүндү. Кыздын жүрөгү тез-тезден согуп жатты. Ал чын эле маңдайында турган бул сымбаттуу жигитти дал ушундай абалында көргөн экен. Үзүл-кесил элес анын аң-сезиминде улам пайда боло калып жатты.
– Менин атым Жанар.
Кыз кыйлага чейин аны карап турду да, анан жылмайган түр менен:
– Мейли, бүгүнчө менин атым Арууке болуп турсун.
– Абдан жакшы.
– Эми кол чатырыңды жазасыңбы?
Кол чатыр жазылды. Экөө тең жылмая бир кол чатырдын алдында жанаша басып жөнөштү.
– Арууке деген ысым эмнени түшүндүрөт?
– Арууке – ыйык, таза жан деген мааниде,- жигит кыздын ысымын орусча которуп түшүндүрдү.
– Мм, сонун ысым экен. А Жанарчы?
– Ал ар кандай мааниде колдонула берет.
– Мисалы?
– Мисалы... Мисалы, вулкан деген маанини берет.
– Хе-хе, вулкан?!- кыз күлүп жатты. – Менин оюма койсо, сени козу карын деп эле коймокмун,- деди кыз күлгөнүнөн жазбай. Жанар тык токтоду.
– Сен эмне, баарын эстедиңби?
– Жок. А эмне болду?
– Мени козу карын деп жатасың го?
– Жок, мен оюма келген нерсени эле айттым. Сен мени чочутуп жибердиң. Болгону кол чатырыңды кармап ак көйнөк кийип турсаң, козу карынга окшошуп калат экенсиң,- көзүн Жанардын үмүттөнгөн көздөрүнөн ала качкан кыз ыңгайсыз болуп кетти.
– Аа, кечир,- ортодо ыңгайсыз жымжырттык пайда болду.
– Мен кетейинчи,- кыз артына бурулуп басып жөнөдү.
– Сенин келгениңе болгону 40 мүнөттөй эле болду. 1 саат убакытка келишкенбиз,- Жанар арттан үн катты.
– Уф-ф!- кыз токтоду. Белгисиз күч аны токтотту. – Биз кайра башынан менин ким экенимди териштиргени жатабызбы? Чын, каалаган жокмун. Болду, жетишет! Мен Джимин. Джи бойдон эле калайынчы.
– Бүгүнчө Аруукесиң, жана өзүң айтпадыңбы?
– Сен ар бир сөзгө жабышат экенсиң.
– Кел, урушпайбыз,- Жанар жакын басып келип кызды тиктеди. Аруукеси сулуу эриндерин кымтып алып жинденип турган. Мына ушул жерден жигит өзүнө ээ боло албай калды. Кызды өзүнө тартты да, эриндеринен катуу өөп туруп алды. Чочуп кеткен кыз адегенде бошонууга аракет кылды, бирок Жанар абдан эле күчтүү экен. Тоготуп да койгон жок. Муну көрүп кыз жигитти чапкылаганга өттү. Бирок мунусунан да майнап чыкпады.
– Жинди!- Жанар бошотору менен кыз аны жаактан ары чаап жиберди да, басып кетти. Жигит ээрчиген жок.
ххх
Унаасын зуулдата айдап бара жатып кыз ачууланганын токтото албай баратты.
– Акмак десе!- Жанардын кылыгын эстеп улам ачууланат. Бир убакта ал эмнегедир жылмайып жиберди. "Жинди" деди ал ошол жылмайган калыбында. Маңдайдагы күзгүдөн өзүн бир карап алды да, күлүп койду. Ооба, канчалык ачууланганы менен, ага Жанардын өпкөнү жакты. Көрктүү узун манжаларын эриндерине тийгизип, рулда баратып жылмайып жатты. "Бирок сымбаттуу жигит экен" деди оюнда.
Ушул учурда телефонуна чалуу келди. Жанардын номуру экен. Албай коё албады.
– Сен эмне, эч нерсе эстеген жоксуңбу?
– Өпсөм эле баарын эстейт дейсиңби?
– Эстешиң керек.
– Эстеген жокмун.
– Анда дагы бир жолу өбүшүм керек.
– Жинди,- кыз жылмайып койду.
– Негизи рулда баратып телефон менен сүйлөшкөн кооптуу,- Жанардын бул сөзүнөн кийин кыз эки тарабын карады. Анын оң капталында Жанар таксиге отуруп алып аны карап сүйлөшүп келе жаткан экен.
– Болду эми токтоңуз. Кофе ичебиз,- Жанар күлүп койду.
– Жинди,- деди кыз жылмая. Анан жол жээгине барып токтоду.
– Сен менин өпкөнүм буга жаккан тура деп ойлоп алба. Болгону кофе ичким келип жатат,- кыз унаасынан түшүп-түшпөй актана кетти.
– А мага жакты өпкөнүм,- Жанар жылмайып койду.
– Мактанчаак!
Эмнегедир алар ушул болуп өткөн окуялардан кийин бири-бири менен ээн-эркин тамашалашып, эски тааныштардай сүйлөшө башташты.
– Бетим ысып жатат,- кофе ичип отуруп Жанар үн катты.
– Эмнеге?
– Эмнеге дейт. Катуу чаптың го.
– Аа... Дагы жакшы тепкен жокмун.
Экөө күлүп калышты. Кыйлага чейин кофе ичип отуруп кеч кандай киргенин да байкашкан жок... ( Уландысы бар )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1