Предыдущая публикация
Билесизби бул дүйнөдө кимим бар?
Эң кымбатым өрнөк алган адам бар.
Сүйүктүү бир, каарманым, периштем,
Жалгыз гана аруу затым апам бар.
Билесизби дагы жакын кимим бар?
Хан Манастай үйүбүздө караан бар.
Башкаларга жөнөкөйдүр чынында,
Сыймыктанган аска-зоодой атам бар.
Ата-энем көзү барда, тактым бар,
Бата берген кучак толо бактым бар.
Роль жараткан өмүр жолдо каарман,
Мен аларга ыр жазууга акым бар.
АВТОР: МЫРЗАЛИЕВА РАХАТ
"ПОЭЗИЯ-ОРДОСУ" көркөм-адабий
коомдук биркмесинин мүчөсү.
23.06.2020.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 98
Кудайым омур берсин,
Коколотуп конул берсин!!!...