Предыдущая публикация
Көгүш түстүү мөлтүр суусу чайпалган,
Көлдү көрдүм тоо койнунда жайкалган.
Жаратканым кооз табият сунуптур,
Арча менен карагайлар балкайган.
Жашыл токой дарактардын түрү бар,
Туулаң чөбү, түркүн түстүү гүлү бар.
Араласаң чоң токойдун арасын,
Сезимдерди дүлүктүргөн сүрү бар.
Көрүп мына Сары -Челек ак таңын,
Табияттын кучагына байландым.
Сайран куштун үнүн угуп ан сайын,
Сыйкырына мен чынында арбалдым.
Таза экен, сыдырым жел абасы,
Ачат көңүл айланасы, карачы.
Бейиш өңдүү кооздугу бар бул чөлкөм,
Окшобогон тазалардын тазасы.
АВТОР: МЫРЗАЛИЕВА РАХАТ
ТЕГЕНЕ АЙЫЛЫ 25.06.2024.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2
Эс алдырат,журогуно дем берет .
Рахатым ырга кошуп жазыпсын,
Журогундо кусалыктар сезилет....